Орунбековдун орунсуз билдирүүсү

Орунбековдун орунсуз билдирүүсү
Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков фейсбуктагы баракчасында, “Кытай” маселеси боюнча социалдык тармактарда активдүү пикирлери менен бөлүшкөн жарандарды коркуткан билдирүүсүн жарыялады. Анын айтымында, бийликти жамандап, «кытай басып кетти”, “жерлер сатылып жатат”, “тышкы карыз көбөйүп кетти» деген пикирлерди Адахан Мадумаров, Алмазбек Атамбаев жана НПОчулардын фейктери жана башкалар таратып жаткан имиш.
“Эми эртең ушуларды аныктап, кармап барып камап коюшса, эне аталары жана бир туугандары «балабызды жөн эле камап коюшту, кызыбызды жөн эле суракка чакырды»,-деп наалып чыгасыңар. Жалган маалыматтарды таратып, улут аралык кастыкты козуткандыгыңар үчүн мыйзам алдында жооп берип, камаласыңар”,-деп билдирди Орунбеков.
Комментарий:
Орунбековдун билдирүүсү фейсбук колдонуучулардын өздүк маалыматтарынан турган тизме менен коштолгон. Активисттердин айтымында, аталган сүрөт жана маалыматтар мамлекеттик “Түндүк” тиркемесинен алынган. Өлкө мыйзамына ылайык, жарандардын өздүк маалыматы купуя сакталышы керек. А бирок, бийлик бутагындагы адамдар мыйзамды одоно бузуу менен мындай маалыматтарды өз кызыкчылыктарына колдонушууда. Бул болсо калктын бийликке болгон ишенимин дагы да жоготушу талашсыз.
Буга кошумча, калктын Кытайдын баскынчылыгына каршы реакциясы президенттин мааалымат кызматы тарабынан айрым оппозициялык саясатчылардын көз карашы катары чагылдырылууда. Акыйкатта болсо, бул жарандар жон териси менен сезип, күнүгө туш болуп жаткан реалдуулук. Маселен, өлкөдөгү кен-байлыктар баштаган ири долбоорлордун кытай “инвесторлоруна” берилип жатышы, аларга эң ыңгайлуу аймактардан 50 жылга чейин жерлердин бөлүнүп берилиши, мамлекеттин Кытайга карата карызынын өсүшү калкты кооптондурууда. Буга кошумча, кытай жарандарынын мыйзамды тебелеп-тепсеген кыймыл-аракети, көчөлөрдөгү адепсиз жоруктары, кыргыз кыздарын уруп-сабоосу калктын кыжырын дагы да кайнатууда.
Жыйынтыктап айтканда, бийлик калктын нааразылыгын туура кадамдар менен басуунун ордуна диктаторлук коркутуп-үркүтүүлөр менен күчөтүп жатат. Башкача айтканда, Кыргызстандагы мурунку бийликтер баскач тырмоочтун башын кайрадан басышууда. Ал эми, кыргыз коому үчүн бүгүнкү көйгөйдөн чыгуунун жолу адамдарды алмаштыруу менен чектелбеши керек. Анткени, капиталисттик башкарууда пайда негизги өлчөө болгон соң, келе турган бийлик да ушул эле жолду карманышы талашсыз. Чыныгы кутулуу Кытайды он кылым бою өз аймагына камаган улуу Ислам мамлекетин тикелөө аркылуу гана болот. Ислам Кыргызстанды эле эмес, Борбор Азияны Кытайдын баскынчылыгынан коргоп, дүйнөдө зулумдук чегип жаткан бүткүл мусулмандарды коргой турган мабдаий күчкө ээ. Андыктан, биз мусулмандар аракетти мына ушул туура чечимге жумшообуз шарт!
Нурдин Асаналиев




