Блог
Садыр Жапаров шайлоого саясий жактан алсыз абалда кирип баратат

Садыр Жапаров шайлоого саясий жактан алсыз абалда кирип баратат
Садыр Жапаров Ташиев даярдаган УКМК башында турган топту дээрлик жок кылды. Бирок ар кандай диктатор лидер саясий топко таянат. Жапаров шайлоого чейин күчтүү лидер топту түзүшү өтө оор. Анткени ал да Ташиев сыяктуу күч кызматкерлери аркылуу жарым-жартылай авторитардык диктатордук кырдаалды пайда кылууга аракет кылды. Бирок күч кызматкерлерине жетиштүү басым көрсөтө ала турган УКМК механизми жок кылынгандан кийин, анын максаты ишке ашышы кыйын болуп калды. Режим да алсырап бара жатат. Ал эми Жапаров болсо, өз бутуна өзү балта чаап жаткан адам сыяктуу, кесепетин ойлобостон, жарандарга каршы мурдагыдай тынымсыз айып пулдарды салып, Кытайдын кызыкчылыктарына негизделген мыйзамдарды кабыл алууну улантууда. Натыйжада, нааразылык күчөшүнө шарттар пайда болуп, азырынча чет өлкөдөгү блогерлер бийликке каршы тайманбай чыгып жатышат.
Жапаров учурдагы абалга туура баа бере албай жатат. Анын айланасында Дайыр Орунбеков сыяктуу өтө алсыз аткаминерлер гана калды. Күчтүү, таанымал жана тажрыйбалуу саясатчылар андан алыстап жатат. Ташиев сыяктуу анын диктаторлугун коргоочу адам да жок. Демек, анын эл менен мурдагыдай авторитардык маанайда сүйлөшүүсү туура эмес.
Учурдагы бийлик Ташиевден кооптонуп жатат. Бирок Ташиев дээрлик өлүк саясатчыга айланды. Ал чектен чыгып, саясий чөйрөнүн бардык өкүлдөрү менен байланыштарын үздү же алардын көбүн түрмөгө салып, жүз көрүшпөс душманга айлантты. Ошентсе да анын тарапташтары жок деп айтууга болбойт.
Ислам жана мусулмандардын бул кырдаалдарга карата кандай позициясы кандай болушу керек?
Исламий чөйрө жана мусулмандар кыргыз коомунда өзгөчө орунду ээлейт. Ошондуктан бийлик же оппозициялык күчтөр мусулмандарды ар кандай жолдор менен пайдаланууга аракет кылышат.
Биз куфр системасы үчүн талашып жаткан ар кандай күчтөрдү четке кагабыз. Алардын арам максаттарына жардам берүүдөн сактанабыз. Ошондой эле коомубуздагы саясий кырдаалды алардын бузукулукка багытталган пландарына таштап коюп, четте туруп калуубуз да туура эмес. Ошондуктан, биз бийлик үчүн ар тараптан күрөшүп жаткан светтик күчтөрдүн бирин да тандабай, исламий саясий, шариятка туура келген жолду издеп табууга жана ошол шарий арканды бекем кармоого буйрулганбыз.
Биз бийлик жана оппозициялык күчтөрдүн баары колдонуп жаткан арам, туура эмес жана зомбулукка негизделген пландарын жана аракеттерин үммөткө ачык көрсөтүүгө, аларды булардан коргоого, ошол эле учурда аларга шариятка ылайык туура саясий жолдорду көрсөтүп турууга жооптуубуз. Кандайдыр бир светтик кыймылды колдообуз же аларга кызмат кылышыбыз туура эмес жана мындай учурда акыретте алар менен бирге тирилүү коркунучу бар.
Ошондуктан даъватта ар бир саясий жана башка бардык иштерге карата исламий саясий, шаръий позицияларды так тандай билүүбүз жана үммөттө да ушул сапаттарды калыптандыруубуз абдан маанилүү. Ошондо үммөт ичинде исламга негизделген, туура ыйманий чөйрө пайда болот. Мына ошол чөйрө куфр чөйрөлөрүнө каршы күрөшөт, инша Аллах!
Башкача айтканда, бизге экинчи жолу Аллахтын нусраты (жардамы) дал ушул жол менен келет. Ал аракетке келгенде аны эч кандай күч токтото албайт!
Абу Али




