МакалаСакофат

“Шарият максаттарына” чакырык жаңы шариятты түзүү манхажыбы?

Шарият максаттарына чакырык жаңы шариятты түзүү манхажыбы?

Ахмад Аль-Касас

Бардык мактоолор Аллахка болсун. Пайгамбарыбызга ﷺ, анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана аны ээрчигендерге салават жана салам болсун.

Бүгүнкү күндө Аллах Тааланын Китебинде жана Анын Элчисинин ﷺ сүннөтүндө келген, ошондой эле алар көрсөткөн ижма жана кыяс сыяктуу шарияттын тафсилий далилдеринен качууну каалаган көптөгөн адамдар жаңы мыйзамдарды ойлоп табууга аракет кылууда. Ал тургай мыйзам чыгаруучу адамдардан, айрыкча Батыштын мыйзамдарын алууну, андан соң аларга Исламдын кийимин кийгизип көрсөтүүнү каалап жатышат. Ошондуктан алар жалган жана жалаа жолу менен «шарияттын максаттары» деген аталышка жабышып, өз өкүмдөрүн шарияттын максаттарына ылайык чыгарып жатышканын, бул өкүмдөр шаръий өкүмдөр экенин айтып келишет. Ким байкап, көз салып турса, ушул заманда адашкан фатвалары аркылуу Аллахтын шариятын бурмалаган жана ойлоп табылган өкүмдөр менен мыйзамдарды кабыл алуу менен белгилүү болгон адамдардын көпчүлүгү «шарияттын максаттары» деген желекти көтөрүп, аны өздөрүнө “эшик” кылып алышканын көрөт. Бул болсо шарияттын максаттарына карата ачык жалаа болуп саналат. Ошондуктан «шарияттын максаттары» маселесине анын мазмуну, келип чыгышы жана аткарган кызматы жагынан токтолуу маанилүү.

Шарият пенделердин кызыкчылыгы үчүн түшүрүлгөнү тууралуу үммөт аалымдарынын ижмасы

Аалымдар Ислам шарияты пенделердин кызыкчылыгын ишке ашыруу үчүн түшүрүлгөнүнө бир добуштан келишишкен. Калк арасында исламий шарият туура түшүнүлүп, бекем кармалып жана туура колдонулса, анда ал бул дүйнөдө пенделердин кызыкчылыгында болушу, ошондой эле Аллахтын шариятына ээрчигендер үчүн акыретте да ийгиликке жеткириши жөнүндө эч кандай талаш жок.

Аллах Таала мындай деди:

﴿وَمَا أَرْسَلْنَاكَ إِلَّا رَحْمَةً لِّلْعَالَمِينَ﴾

«(Эй Мухаммад), чындыгында Биз сени бардык ааламдарга ыракым (Алланын ыракымы-бейишке жетектөөчү) кылып гана жибердик». (Анбия: 107).

Шарият бул дүйнөдө пенделердин кызыкчылыгы үчүн болушу менен гана ыракымдын мааниси толук болот.

Ошондой эле Аллах Таала мындай деди:

﴿وَنُنَزِّلُ مِنَ الْقُرْآنِ مَا هُوَ شِفَاءٌ وَرَحْمَةٌ لِّلْمُؤْمِنِينَ وَلَا يَزِيدُ الظَّالِمِينَ إِلَّا خَسَارًا﴾

«Биз момундар үчүн шыпаа жана мээрим болгон Куран аяттарын түшүрөбүз. (Бирок бул аяттар) заалим – каапыр адамдарга зыянды гана арттырат». (Исра: 82).

Ушул сыяктуу дагы башка аяттар жана Расулуллахтан ﷺ келген көптөгөн хадистер Аллахтын шариятын кармануу жана аны турмушта колдонуу пенделердин бул дүйнөдөгү жана акыреттеги пайдасы үчүн экенин баса белгилейт. Ал эми мунун тескерисинде, ким Аллахтын шариятынан жүз буруп, анын ордуна башка нерсеге таянса, анын акыбети бактысыздык жана азап болот. Аллах Таала мындай деди:

﴿وَمَنْ أَعْرَضَ عَن ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنكًا وَنَحْشُرُهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ أَعْمَى﴾

«Ким Менин эскертмемден баш тартса, анда албетте, ал үчүн тар-бактысыз турмуш болот жана Биз аны Кыямат Күнүндө көр (сокур) абалда тирилтебиз». (Та-Ха: 124).

Салафсолихиндердин өкүмдөрдү истинбат кылуудагы манхажы

Мусулмандардын алгачкы мууну т.а. сахабалар, андан кийин табииндер жана табаъ табииндер Аллах Тааланын шариятын карманса, ал бул дүйнөдө алар үчүн рахмат болоруна, ошондой эле акыретте да жеңишке жеткире турганына бекем ишенишкен. Ошого карабастан, Исламдын алгачкы доорундагы салафтарга, башкача айтканда биринчи, экинчи, үчүнчү, ал тургай төртүнчү жана бешинчи кылымдардагы аалымдарга кайрылсак, айрыкча мужтахид факихтер т.а. адамдар ага амал кылып, жашоосунда колдонушу үчүн шарият өкүмдөрүн баяндап берген аалымдар шарият пенделердин кызыкчылыгы үчүн келгенине ишенишкен. Ушуга карабастан, бул пайдаларды өзүнчө изилдөөгө, санап чыгууга, териштирүүгө, талдоого, ирээттөөгө же бөлүмдөргө ажыратууга көңүл бурган эмес.

Алардын негизги көңүлү ташриъ булактарын аныктоого бурулган эле. Алар Китеп менен Сүннөт мыйзамчылыктын эки булагы экенинде бир пикирге келишкен. Ошондой эле аалымдардын көпчүлүгү сахабалардын ижмасын шаръий өкүмдөрдүн далили катары кабыл алышкан. Сахабалар رضي الله عنهم мыйзам чыгаруучулар болгондугу үчүн эмес, тескерисинче, алардын ижмасы Расулуллахтын ﷺ сүннөтүндөгү бизге жашыруун калган шаръий далилди ачып бергендиги үчүн шарияттагы далил болду.

Ошондой эле аалымдардын көпчүлүгү кыясты далил катары кабыл алышкан. Бирок бул кыяс Китеп менен Сүннөткө тең келе турган өз алдынча далил эмес. Тескерисинче, ал дагы Аллахтын Китеби жана Пайгамбарынын ﷺ Сүннөтү камтыган вахийди туюнтат. Демек, кыяс аклий кыяс эмес, тескерисинче, ал шаръий кыяс болуп, Китепте, Сүннөттө жана сахабалардын ижмасында келген шаръий иллаттын (өкүмдүн бар болуусуна же жок болуусуна таасир этүүчү сыпат) негизинде жүргүзүлөт. Ошондуктан сахабалардын ижмасы жана кыяс менен далил келтирүү жыйынтыгында Китеп жана Сүннөт менен далил келтирүү болуп эсептелет. Натыйжада Китеп менен Сүннөт мыйзамчылыктын негизги жана жалгыз булактары болуп калат.

Ал тургай, ташриънин далилдери Китеп, Сүннөт, сахабалардын ижмасы жана кыяс десек да, ошондой эле аалымдар талашкан башка ташриъ далилдерин да кошсок, анда бул кошумча далилдерди кабыл алган бардык аалымдар аларды Аллахтын Китебине жана Пайгамбарынын ﷺ Сүннөтүнө кайтарышат. Мисалы, истислахты, истихсанды, шариятыбызда аны жокко чыгаруучу насс келбеген мурунку үммөттөрдүн шариятын, Мадина элинин ижмасын же истисхабды далил деп кабыл алгандар жана башкалардын баары ушундай кылышат.

Эгер бул аалымдардын ар түрдүү көз караштагы ушул далилдерине кылдат назар салсак, алардын бардыгы тигил же бул түрдө Китеп жана Сүннөт менен далил келтирүүгө барып такаларын көрөбүз. Ошондуктан алардын негизги көңүлү шаръий далилдерди изилдөөгө жана Аллахтын Китебинен, Пайгамбарынын ﷺ Сүннөтүнөн жана алар көрсөткөн нерселерден шаръий өкүмдөрдү истинбат кылууга мүмкүнчүлүк берген эрежелерди аныктоого бурулган. Демек, алар үчүн эң маанилүүсү бул өкүмдөрдү аларга амал кылуу жана алардын негизинде исламий жашоо түзүлүшү үчүн истинбат кылуу эле.

Шарият максаттары алдын ала максат кылуу аркылуу эмес, ээрчүү иретинде ишке ашат

Хижрий экинчи жана үчүнчү кылымдардын аралыгында пайда болгон жана бүгүнкү күнгө чейин эң белгилүүлөрү колдонулуп келе жаткан Исламдагы ири мазхабдарды карасак, алардын алгачкы калыптануу мезгилинде жана андан кийинки дээрлик үч кылым бою «шарият максаттары» деген түшүнүккө таптакыр көңүл бурушпаганын, аны бөлүштүрүп талдабаганын жана ага өзүнчө маани беришпегенин көрөбүз. Бирок иш жүзүндө алар Китеп менен Сүннөттөн шаръий өкүмдөрдү туура истинбат кылышканда жана мусулмандар ал өкүмдөрдү өз жашоосунда жана мамилелеринде карманганда, алардын бул улуу аракети исламий жашоонун жаралышына алып келди. Натыйжада Ислам коомунда шарияттын максаттары алар билсе да билбесе да, алар атайын ушул максатты көздөп же көздөбөсө да, алар байкап же байкабаса да ишке ашты. Анткени алар жөн гана Аллах Тааланын шарият өкүмдөрүн колдонуп, иштерин ошол өкүмдөр менен жүргүзүп, жашоосун ошолордун негизинде кургандыгы үчүн өздөрүндө исламий шарияттын максаттарын ишке ашырышты. Себеби бул максаттар Аллах Субханаху ва Тааланын шариятын кармануудан келип чыгат.

Бул жерде келтирген сөздөрүбүз шарияттын максаттары шаръий өкүмдөрдүн булагы эмес экенине, ошондой эле алар өкүмдөрдүн негизи да, далили да эмес экенине далил болуп турат. Тескерисинче, шаръий өкүмдөрдүн далилдери – Аллах Тааланын Китебиндеги жана Анын Элчисинин ﷺ Сүннөтүндөгү тафсилий далилдер болуп саналат. Ал өкүмдөр келип чыккан тунук булак – Китеп менен Сүннөт. Ошондуктан Аллах ﷻ исламий шариятты «шарият» деп атаган:

﴿ثُمَّ جَعَلْنَاكَ عَلَىٰ شَرِيعَةٍ مِّنَ الْأَمْرِ فَاتَّبِعْهَا وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَاءَ الَّذِينَ لَا يَعْلَمُونَ﴾

«Андан соң, (эй Мухаммад), Биз сени (дин) ишинен бир шарият (анык-айкын жол) үстүндө (бекем) кылдык. Ошондуктан, сен (бир гана мына ушул жолго) жанашкын жана билбей турган кишилердин көңүл каалоолоруна жанашпагын!» (Жасия: 18).

Тил жагынан алганда «шарият» сөзүнүн түпкү мааниси “ачык жана уланып турган нерсени” билдирет. Бул сөз адамдар ичүү үчүн келе турган суу булагына карата да колдонулат. Диндеги «ширъа» жана «шарият» деген сөздөр да ушундан келип чыккан. Арабдарда суу «шарият» деп аталышы үчүн ал үзгүлтүксүз агып турушу шарт болгон.

Ошондой эле «шарият» түз жол деген мааниде да колдонулат. Демек, шарияттын негизги мааниси – ичүүгө жана пайдаланууга ылайыктуу суу булагы, ал эми шаръ – ошол булакка жеткирүүчү жол.

Ибн Аль-Арабий жана Аль-Азхарий: «Шараъа – ачыктады, түшүндүрдү жана баян кылды», – дешкен. Ал эми Ат-Табарий, Аль-Куртубий жана Ибн Касир: «Тилде шарият – эң кең жана негизги жол. Ким бир ишти белгилеп, аны түшүндүрүп, ачык көрсөтсө, аны шаръ кылган болот», – дешкен.

Бул жерде дагы бир нерсеге көңүл буруу зарыл. Исламий фикхтин эң жогорку деңгээлдеги эмгеги, башкача айтканда исламий мыйзамчылыктын ошол кереметтүү түзүлүшү, негизинен хижрий экинчи жана үчүнчү кылымдардын аралыгында калыптанган. Андан кийин да убакыт өткөн сайын өсүп-өнүгүүсүн уланткан. Себеби жаңы маселелер жана жаңы окуялар пайда болуп тургандыктан, мужтахид факихтер алар үчүн жаңы өкүмдөрдү истинбат кылышкан же мурда истинбат кылынган өкүмдөрдү, эгер алардын манаты туура келсе, ошол маселелерге колдонушкан. Демек, исламий фикх жаңы маселелердин жана окуялардын пайда болушуна жараша кеңейип турушу табигый көрүнүш. Бирок исламий фикхтин кеңдиги башка, ал эми «фикхтин өнүгүшү», «ийкемдүүлүгү» же «өзгөрүшү» деп аталган нерсе башка. Исламий фикх өз табияты боюнча кеңири, бирок бүгүнкү күндө фикхке тиешеси жок көптөгөн адамдар айтып жүргөндөй, ал адам ойлоп чыгарган мыйзамдар сыяктуу өзгөрүп же өнүгүп турбайт. Ошондуктан исламий фикхтин эң алгачкы, эң улуу, эң көркөм жана эң үлгүлүү түзүлүшү – Имам Шафиий, Имам Малик, Имам Абу Ханифа мазхабдары жана бизге толук жетпей калган Имам Авзаий, Имам Саврий сыяктуу аалымдар, ошондой эле ошол доордогу башка көптөгөн аалымдар негиздеп кеткен фикх болуп саналат. Кийинки кылымдарда фикхти жана анын усулдарын кеңейткен аалымдар да алардын жолун улантышкан.

Дал ушул аалымдардын доорунда исламий фикхтин жана анын усулдарынын ошол улуу жана кереметтүү пайдубалы түптөлгөн. Ал пайдубалда болсо «шарияттын максаттары» деген өзүнчө бөлүм таптакыр болгон эмес. Бирок бул сөзүмдөн кимдир бирөө мен кийинчерээк көптөгөн мазхаб факихтери кабыл алган ижтихад эшигин жабуу деген жаңылыштыкты колдойт деп түшүнбөсүн.

Максаттар бөлүмүнүн пайда болушу жана анын баскычтары

«Шарияттын максаттары» деген термин усулул-фикх китептеринде пайда болгонго чейин бир нече кылым өткөн. Ал хижрий бешинчи кылымда Имамул-Харамайн Абу Аль-Маалий Аль-Жувайний رحمه الله тарабынан биринчи жолу колдонулган. Бул жааттагы анын эң көрүнүктүү эмгеги «Аль-Бурхан фи Усул аль-Фикх» аттуу китеби болгон. Ошентип, Аль-Жувайний бул бөлүмдүн негиздөөчүсү болуп эсептелет.

Андан кийин анын шакирти Абу Хамид Аль-Газалий رحمه الله бул теманы дагы кеңири баяндап, тартипке салган. Алардан кийин усул тармагында ошол эле мектепке таандык болгон аалымдар, башкача айтканда усулда мутакаллимдердин манхажына киргендер ушул жолду улантышкан. Бирок бул жаңы бөлүмдүн кошулушу Имам Шафиий رحمه الله негиздеп кеткен усулул-фикх манхажына олуттуу таасир тийгизген эмес. Имамул-Харамайн Аль-Жувайний, Абу Хамид Аль-Газалий жана алардын жолун жолдогондор тарабынан «шарияттын максаттары» бөлүмүнүн киргизилиши усулул-фикхтин манхажын эч кандай өзгөрткөн эмес. Ошондой эле макосиддер темасынын киргизилиши менен бул манхажга олуттуу өзгөртүү да киргизилген эмес.

Шарият максаттарын түшүндүрүү, алардын бөлүнүшү жана беш зарылдык (зарурат)

«Шарияттын максаттары» деген аталыш алдында эмне изилденген?

Алар: “шарият бул дүйнөдө жана акыретте пенделердин кызыкчылыгын ишке ашыруу үчүн келген”, – дешкен. Ал эми бул дүйнөдө ишке ашырыла турган кызыкчылыктар маанилүүлүгүнө жараша үч даражага бөлүнөт:

Зарурий кызыкчылыктар (المصالح الضرورية) – эң жогорку даража;

Хажий кызыкчылыктар (المصالح الحاجية) – андан кийинки даража;

Тахсиний кызыкчылыктар (المصالح التحسينية) – үчүнчү даража.

Ушундай бөлүштүрүүдөн кийин алар зарурий пайдаларды аныктоого киришип: шарият өкүмдөрүн толук изилдеп чыкканда, бардык өкүмдөр биригип төмөнкү беш негизги кызыкчылыкты ишке ашырууга алып барары көрүнөт, – дешкен. Алар:

динди сактоо;

жанды сактоо;

насилди сактоо;

мал-мүлктү сактоо;

акылды сактоо.

Ошондуктан алар: шарият өкүмдөрүнүн баары ушул беш зарыл нерсени сактоого алып барат, – дешкен.

Шарият өкүмдөрүнүн айрымдары ушул максаттарды зарурий даражада ишке ашыруу үчүн келет. Айрымдары хажий даражада, дагы бир бөлүгү тахсиний даражада орун алат. Бирок алардын бардыгы, зарурий деңгээлде болбосо да, ушул беш максатты ишке ашырууга алып барат.

Албетте, алар жеткен бул жыйынтык шариятты жалпы изилдеп чыгуунун негизинде алынган. Бул белгилүү бир шаръий далилдер менен, башкача айтканда Аллах Тааланын Китебиндеги жана Пайгамбарынын ﷺ Сүннөтүндөгү түздөн-түз далилдер менен чыгарылган эмес. Анткени Китеп менен Сүннөт бул беш максатты түздөн-түз айтып, аларга ачык көрсөтмө берген эмес. Тескерисинче, шариятты жалпы бойдон изилдеп чыгышканда, анын ушул максаттарды ишке ашырууга алып барары аныкталган.

Көңүл бурууга арзый турган нерсе – ушул беш зарурий максатты коргоо үчүн шариятта хад же кысас түрүндөгү жазалар белгиленген. Бул алардын өтө чоң мааниге жана олуттуулукка ээ экенин көрсөтөт. Акылды сактоо үчүн – арак ичкенге камчы уруу жазасы белгиленген. Динди сактоо үчүн – ридда (муртадды өлтүрүү) жазасы белгиленген. Тукумду сактоо үчүн – зынакердин жазасы белгиленген. Мал-мүлктү сактоо үчүн – уурулук жазасы белгиленген. Жанды сактоо үчүн – кысас белгиленген. Ошондуктан алар: булар да ушул бешөөнүн шарияттын зарурий максаттары экенине далил болгон белгилер, – дешкен.

Зарурий максаттардын саны боюнча ихтилаф

Зарурий максаттарды бешөө менен гана чектөө бардык аалымдардын арасында акыркы жана талашсыз пикир болгон эмес. Айрым аалымдар жогорудагы бешөөгө алтынчы зарурий максатты кошушкан. Ал – ъирд (العِرض), башкача айтканда адамдын ар-намысы жана кадыр-баркы. Мындай көз карашты Имам Ибн Ас-Субкий карманып, «Жам аль-Жавамиъ» китебинде мындай деген: «Зарурий максаттар: динди сактоо, андан кийин жанды сактоо, андан кийин акылды сактоо, андан кийин насилди сактоо, андан кийин мал-мүлктү сактоо жана ар-намысты сактоо». Ал эми Имам Аш-Шавканий бул кошумчаны «Иршад аль-Фухул» китебинде коргоп, мындай деген: «Зарурий – бул бардык өкүмдөрдө талашсыз сакталган беш максаттын бирин сактоону өз ичине алган нерсе. Алар: биринчиси – жанды сактоо, экинчиси – мал-мүлктү сактоо, үчүнчүсү – насилди сактоо, төртүнчүсү – динди сактоо, бешинчиси – акылды сактоо… Кийинки аалымдардын айрымдары алтынчысын – ар-намысты сактоону – кошушкан. Себеби акыл-эстүү адамдар адатта ар-намысын коргоо үчүн жанын жана мал-мүлкүн курман кылууга даяр болушат. Зарурий нерсе үчүн курмандыкка чалынган нерсе өзү андан да көбүрөөк зарурий болууга тийиш. Мындан тышкары, ар-намыска шек келтирүү (казф) үчүн хад белгиленген. Демек, ар-намыс сакталууга башкалардан да көбүрөөк татыктуу. Анткени адам өзүнүн жанына же мал-мүлкүнө зыян келтирген адамды кечириши мүмкүн. Бирок анын ар-намысына шек келтирген адамды кечиргендер дээрлик болбойт. Ошондуктан акындардын бири мындай деп айтат:

يَهُونُ عَلَيْنَا أَنْ تُصَابَ جُسُومُنَا     وَتَسْلَمَ أَعْرَاضٌ لَنَا وَعُقُولُ”.

«Биз үчүн денелерибиздин жабыркашы жеңил,
эгер ар-намысыбыз жана акылдарыбыз саламат болсо».

Ошондой эле айрым аалымдар Ислам коомун сактоонун эң жогорку максаттары болгон бул максаттарга дагы бир максат – коопсуздукту сактоону – кошууга болот деп эсептешкен. Себеби Аллах Субханаху ва Таала ал үчүн хадды – жол тоскон каракчыларга карата берилүүчү жазанын – өкүмүн белгилеген. Бул тууралуу Аллах Таала мындай дейт:

﴿إِنَّمَا جَزَاءُ الَّذِينَ يُحَارِبُونَ اللَّهَ وَرَسُولَهُ وَيَسْعَوْنَ فِي الْأَرْضِ فَسَادًا أَن يُقَتَّلُوا أَوْ يُصَلَّبُوا أَوْ تُقَطَّعَ أَيْدِيهِمْ وَأَرْجُلُهُم مِّنْ خِلَافٍ أَوْ يُنفَوْا مِنَ الْأَرْضِ﴾

«Албетте, Алла менен Анын элчисине каршы согуша турган жана жерде бузукулук кылуу аракетинде жүрө турган адамдардын жазасы-өлтүрүлүү же дарга асылуу, же кол-буттары кайчылаш (тагыраак айтканда оң кол жана сол бут, же болбосо сол кол менен оң бут) кесилүүсү, же өз жерлеринен сүргүн кылынуу». (Маида: 33).

Ошондой эле мамлекетти сактоо да Исламда өзүнчө максат болуп эсептелет. Аны сактоо жана анын биримдигин коргоо үчүн өмүр менен өлүмгө байланышкан өкүмдөр да шариятта белгиленген.

Расулуллах ﷺ мындай деген:

(إذا بويِعَ لخَليفَتَينِ فاقتُلوا الآخِرَ منهما.

«Эгер эки халифага байъат кылынса, анда алардын акыркысын өлтүргүлө».

Дагы мындай деген:

(مَن أتاكُم وأمرُكُم جَميعٌ على رَجُلٍ واحِدٍ، يُريدُ أن يَشُقَّ عَصاكُم أو يُفَرِّقَ جَماعَتَكُم، فاقتُلوه).

«Эгер силер бир адамдын айланасына биригип турганыңарда кимдир бирөө келип, биримдигиңерди бузууга же жамаатыңарды бөлүүгө аракет кылса, аны өлтүргүлө».

Дагы мындай деген:

(مَن بايَعَ إمامًا فأعطاهُ صَفقةَ يَدِهِ وثَمَرةَ قَلبِه، فليُطِعْه ما استَطاعَ، فإنْ جاءَ آخَرُ يُنازِعُه فاضرِبوا عُنُقَ الآخَرِ).

«Ким имамга байъат берип, ага колу жана жүрөгү менен берилсе, мүмкүнчүлүгү жеткенче ага баш ийсин. Эгер башка бирөө келип аны менен бийлик талашса, анда акыркысынын моюнун чапкыла».

Имам Такийюддин Ан-Набханий رحمه الله «Аш-Шахсия аль-Исламия» китебинин усулул-фикхке арналган үчүнчү бөлүгүндө мындай дейт:

«Алар бардык диндерде жана бардык шарияттарда сөзсүз сакталган деп эсептеген беш максат – динди сактоо, жанды сактоо, акылды сактоо, тукумду сактоо жана мал-мүлктү сактоо – коом үчүн коом катары зарыл болгон бардык нерселерди камтыбайт. Анткени мамлекетти сактоо, коопсуздукту сактоо жана адамдын кадыр-баркын сактоо да коомдун зарыл муктаждыктарына кирет. Демек, чындыгында зарурий максаттар беш эмес, сегиз».

Кандай болгон күндө да, бул зарурий максаттар беш болобу, алты болобу же сегиз болобу – маселе алардын санында эмес. Анткени шарият пенделердин кызыкчылыгын ишке ашыруу үчүн түшүрүлгөнү тууралуу жалпы пикир бар. Ал эми, кызыкчылыктарды кандайча бөлүштүрүү болсо өзүнчө маселе.

Андан кийин, Аль-Жувайний менен Аль-Газалийдин доорунан болжол менен үч кылым өткөн соң, шарияттын максаттары маселесин дагы кеңири өнүктүргөн аалым пайда болду. Ал – Имам Абу Исхак Аш-Шатыбий رحمه الله (790-х./1388-ж. к.). Ал өзүнүн «Аль-Мувафакат» китебинин экинчи бөлүгүн толугу менен шарият максаттары маселесине арнап, ага усулул-фикх илиминде абдан кеңири орун берген. Бирок Имам Аш-Шатыбийдин жана андан кийин Ислам тарыхында усул тармагында эмгектенген көптөгөн аалымдардын бул маселени канчалык кеңири баяндаганына карабастан, алардын бул иши бүгүнкү күндөгү көптөгөн «максатчылар» түшкөн деңгээлге эч качан алып барган эмес. Тактап айтканда, алар шарияттын максаттары бөлүмүн бурмалап, аны Аллахтын Китеби менен Пайгамбарынын ﷺ Сүннөтүндөгү тафсилий далилдердин ордуна шарият өкүмдөрүнүн кошумча булагына айлантышкан эмес. Башкача айтканда, Китеп менен Сүннөттү четке сүрүп, алардын ордуна шарияттын максаттарын мыйзамчылык булагы катары койгон эмес.

Азыркы доордогу шарият максаттары темасындагы адашуу

Азыркы доордогу шариятты бурмалоо, ал тургай анын мазмунун бошотуп, аны алмаштыруу жолуна түшкөн айрым адамдар мындай жүйөгө таянышты: шарият ушул максаттарды ишке ашыруу үчүн келген болсо, анда эми жүздөгөн жылдар бою Ислам аалымдары карманып келген салттуу усулул-фикхтин ордуна жаңы манхажды кабыл алууга болот. Алардын айтымында, эми аяттар менен хадистердеги тафсилий далилдерди изилдеп, алардан өкүм истинбат кылуунун, далилдердин айрымдарын башкаларынан артык (таржих кылуу) көрүүнүн, ъаам менен хосту, мутлак менен мукайядды, насих менен мансухту, мужмал менен мубайянды, насстын фахвасын, анын далалатын жана башка ушул сыяктуу усул маселелерин терең изилдөөнүн кереги жок. Мунун баарынан баш тартып, анын ордуна шарияттын максаттарын жаңы фикхти кура турган негиз катары кабыл алууга болот дешет. Маселенин эң коркунучтуу жагы да мына ушунда. Себеби бүгүнкү күндө «шарият максаттары манхажы» деп аталган ыкмага таянуу менен Аллах Таала эч кандай далил түшүрбөгөн фатвалар чыгарылып калды.

Ушул аркылуу башка элдердин мыйзам чыгаруучулары чыгарган көптөгөн мыйзамдар адалдай көрсөтүлдү. Ислам дүйнөсүнүн улуттук-аймактык мамлекеттерге бөлүнүшүн акташты. Батыш жашоосуна мүнөздүү болгон жалпы эркиндиктер туура деп көрсөтүлдү. Эл аралык түзүлүштү жана Бириккен Улуттар Уюмунун мыйзамдарын кабыл алууга негизделип, мусулмандар ошол түзүлүшкө аралаштырылды.

Ушундайча көптөгөн каталар жана чоң күнөөлөр «булар исламий шарияттын максаттарын ишке ашырууга алып келет» деген шылтоо менен акталды. Мунун баары өздөрүн ушул манхаждын, алардай ой жүгүрткөн жана ушул сыяктуу ураандардын өкүлдөрү тарабынан жасалды.

Иллет, шарият максаттары жана хикмат терминдерин тактоо

Усулул-фикх боюнча изилдөө жүргүзгөн айрым адамдар айрым түшүнүктөр менен терминдерди аралаштырып алышат. Ошондуктан бул түшүнүктөрдү тактап алуу зарыл.

Шарияттын максаттары өкүмдөр белгиленген жалпы максаттар жана эң жогорку максаттар болгону менен, бул эч качан аларды өкүм бар же жок болушун белгилеген иллеттин ордуна коюуга болот дегенди билдирбейт. Ошондой эле алардан түздөн-түз шаръий өкүмдөр истинбат кылынат дегенди да билдирбейт. Анткени бул экөөнүн ортосунда өтө чоң айырма бар. Ким бул теманы кеңири жана терең изилдөөнү кааласа, анда Имам Аль-Амидийдин (631-х.) «Аль-Ихкам фи Усул аль-Ахкам» аттуу китебине кайрылсын. Бул китепте жана ушул илимдин негизги эмгектеринде сабаб, иллет жана хикмат (Аллахтын даанышмандыгынан келип чыккан шарияттын максаты) деген терминдердин айырмасы кеңири жана так түшүндүрүлгөн.

Куллий максаттардан жузъий максаттарга чейин

Эгер усул аалымдары жана шарият максаттары боюнча аалымдар шарияттын зарурий куллияттары (беш, алты же сегиз) мыйзамчылыктын жалпы максаттары экенин айтышкан болсо, анда бул чоң максаттар бардык өкүмдөрдүн жузъий максаттары ишке ашмайынча жүзөгө ашпайт. Аалымдар буларды «хикмат» деп аташат. Көптөгөн Куран аяттары жана Пайгамбардын ﷺ хадистери көптөгөн жузъий өкүмдөрдүн хикматтарын жана максаттарын баян кылып келген. Мисалы: арак менен кумарды арам кылуу.

Аллах Таала мындай деди:

﴿إِنَّمَا يُرِيدُ الشَّيْطَانُ أَن يُوقِعَ بَيْنَكُمُ الْعَدَاوَةَ وَالْبَغْضَاءَ فِي الْخَمْرِ وَالْمَيْسِرِ﴾

«Ичкилик, кумар себептүү шайтан араңарга жек көрүү, душмандык салууну ошондой эле силерди Алланы эске алуудан жана намаз окуудан тосууну гана каалайт! Эми токтоорсуңар?!» (Маида: 91).

Бул аят арам кылуунун максатын жана хикматын баян кылды. Ал – адамдардын ортосундагы ынтымакты сактоо жана жек көрүүнүн тамырын кыркуу.

Намаз тууралуу өкүмдүн белгилениши

Аллах Таала мындай деди:

﴿إِنَّ الصَّلَاةَ تَنْهَىٰ عَنِ الْفَحْشَاءِ وَالْمُنكَرِ﴾

«Албетте, намаз бузукулук менен жамандыктан тосот. Акыйкатта, Аллага зикир кылуу-эстөө (бардык нерседен) улук. Алла кылып жаткан ишиңерди билип турат». (Анкабут: 45).

Бул насс намаздын максаттарынын жана хикматтарынын бири адамды бузукулуктан жана жаман иштерден кайтаруу экенин билдирет.

Орозонун парз кылынуусу.

Аллах Таала мындай деди:

﴿كُتِبَ عَلَيْكُمُ الصِّيَامُ كَمَا كُتِبَ عَلَى الَّذِينَ مِن قَبْلِكُمْ لَعَلَّكُمْ تَتَّقُونَ﴾

«Эй момундар, силерден мурдагыларга парз кылынганы сыяктуу, силерге да такыбаа болушуңар үчүн саналуу күндөрдө орозо кармоо парз кылынды».
(Бакара: 183).

Бул жерде такыбалык ушул ибадаттын максаты катары көрсөтүлгөн.

Эгер көптөгөн шаръий өкүмдөрдү карап чыксак, Даанышман Шарият Коюучу алардын хикматтарына жана максаттарына ар кайсы жерлерде көңүл бурганын көрөбүз. Дал ушул хикматтар өкүмдөрдүн максаты болуп эсептелет.

Иллет менен максаттын ортосундагы айырма

Өкүмдөрдүн жекече максаттарын негизги зарурий куллияттарга кайтаруу анык кабыл алынган маселе. Бирок усулул-фикх тармагында сөз кылган көптөгөн адамдар кетирген жаңылыштык – максатты, башкача айтканда мыйзамчылыктын хикматын иллет менен аралаштырып, экөөнү бир эле нерсе деп эсептөө. Чындыгында болсо алардын ортосунда бир нече жагынан негизги айырмачылыктар бар.

Усул терминологиясында иллет – бул өкүм байланган, ачык жана так аныкталуучу сыпат. Өкүм анын бар болушу менен бар болуп, жок болушу менен жок болот. Ошондой эле ал кыястын негизин түзөт. Мунун негизинде төмөнкү нерселерди так белгилөө зарыл. Иллет өкүмдүн аклий негизи эмес. Шаръий өкүмдөрдүн айрымдары иллет менен байланышкан, ал эми айрымдары андай эмес. Китептен же Сүннөттөн келген далил жана иллетти аныктоонун шарият кабыл алган жолдору аркылуу туура истинбат болмоюнча, ар бир өкүм үчүн жасалма аклий иллет издөө жаиз эмес. Шарият ээси кайсы өкүмдү иллет менен байланыштырса, аалымдар ага иллет жана кыяс өкүмдөрүн колдонушат. Ал эми кайсы өкүмдү иллет менен байланыштырбаса, ибадаттарда болобу же мамилелерде болобу, анда насстын далалаты менен гана чектелүү зарыл жана ага акылдан чыгарылган иллет издөө туура эмес. Ошондуктан мындай өкүмдөрдү башка өкүмдөргө кыяс кылына турган негиз кылууга болбойт. Бул өкүмдөр ибадаттарга тиешелүү болобу же мамилелерге тиешелүү болобу – айырмасы жок.

Өкүмдөрдү иллети бар жана тавкифий (шарият тарабынан гана белгиленүүчү, иллети жок өкүм) деп бөлүштүрүүдө мындай деп айтуу туура: ибадат өкүмдөрүнүн басымдуу көпчүлүгү иллет менен түшүндүрүлбөйт жана шаръий иллеттердин көбү мамилеге тиешелүү өкүмдөрдө кездешет. Бирок бул мамилеге тиешелүү өкүмдөрдүн ар бири сөзсүз иллет менен келет дегенди билдирбейт. Ошондуктан усул аалымы мамилелер бөлүмүнө киргендиги үчүн эле ошол бөлүмдөгү ар бир жузъий өкүмдү иллет менен келет деп эсептөөгө акысы жок. Себеби мамилеге тиешелүү фикхте да иллетсиз келген көптөгөн өкүмдөр бар. Ошондой эле көңүл буруу керек болгон нерсе – шаръий өкүмдөрдү ибадаттарга, мамилелерге, адептерге, жазаларга жана башка бөлүмдөргө бөлүү белгилүү бир шаръий далил менен бекитилген тавкифий бөлүштүрүү эмес. Тескерисинче, бул факихтер менен усул аалымдары китептерди тартипке келтирүүнү жана алардан пайдаланууну жеңилдетүү үчүн колдонгон истилахий бөлүштүрүү болуп саналат. Албетте, бул туура, пайдалуу жана фикхий изилдөөгө жардам берген бөлүштүрүү. Ал тургай ушул истилахий тартипти сактабастан фикхтин майда маселелерин талкуулоо жана алардан өкүм истинбат кылуу абдан кыйын. Бирок бул макулдашылган бөлүштүрүү айрым шаръий өкүмдөрдүн эки бөлүмдүн – ибадаттар менен мамилелердин – ортосунда орун алып, экөөнө тең окшош жактары болушун жокко чыгарбайт. Мисалы, зекет ибадаттар бөлүмүнө киргизилген. Бирок анын натыйжаларына жана өкүмдөрүнүн майда-чүйдөсүнө назар салсак, анын Исламдагы экономикалык жана каржылык түзүмдүн негизги түркүктөрүнүн бири экенин көрөбүз. Ал болсо мамилеге тиешелүү өкүмдөрдүн өзөгүнө кирет. Ошондой эле Аллах жолундагы жихадды айрым факихтер ибадаттар бөлүмүнө кошушкан. Бирок анын маңызы боюнча ал шаръий саясаттын, башкаруу түзүмүнүн жана Ислам мамлекетинин тышкы саясатынын негизги түркүктөрүнүн бири болуп саналат. Бул болсо мамилелер бөлүмүнө да кирет. Ошондуктан бул бөлүштүрүү тавкифий эмес жана ал өкүм истинбат кылуу манхажынын өзгөрүшүнө алып келбейт. Себеби шарияттагы истинбат манхажы бирөө гана. Далилдердин эрежелери жана иллетти аныктоонун жолдору бардык өкүмдөрдө бирдей колдонулат. Болгону, усулдук изилдөөнүн жыйынтыгында ибадат өкүмдөрүнүн көпчүлүгү иллет менен түшүндүрүлбөй турганы, ал эми иллети бар өкүмдөрдүн басымдуу бөлүгү негизинен мамилелер бөлүмүндө кездешери аныкталган.

Иллет менен шарият максаттарынын ортосундагы чоң айырма

Иллеттин чыныгы маңызын түшүндүрүп, аны максат менен аралаштырбоо үчүн, усул терминологиясында иллет менен максаттын ортосунда чоң айырма бар экенин баяндоо зарыл.

Иллет – бул өкүм менен байланышкан, ачык жана так аныкталуучу сыпат. Шарият ээси аны өкүмдүн белгиленишине себеп жана ага белги кылып койгон. Ошондуктан өкүм өзүнүн иллети менен бирге айланып турат: иллет бар болсо өкүм да бар болот, иллет жок болсо өкүм да жок болот.

Иллеттин негизги натыйжаларынын бири – анын кыяс бөлүмүнүн негизги түркүктөрүнүн бири болуп эсептелиши. Анткени кыяс – насс менен келген негизги өкүмгө, өкүмдүн иллети экөөндө тең болгондугу үчүн, насс менен келбеген жаңы маселени кошуу болуп саналат. Демек, иллет – шаръий өкүмдүн негизи. Башкача айтканда, өкүм иллеттен келип чыгат жана ага негизделет. Иллет жаңы өкүмдөн мурда бар болот. Тактап айтканда, алгач иллет бар болуп, андан кийин ага байланыштуу жаңы өкүм пайда болот.

Ал эми максат – бул өкүмдүн белгиленишинен келип чыгат. Ошондуктан өкүм башынан эле максатка негизделип курулбайт. Тескерисинче, максат өкүмдөн келип чыккан натыйжа жана ага ээрчиген нерсе болуп эсептелет.

Демек, иллети бар өкүм иллеттен келип чыкса, максат болсо өкүмдөн келип чыгып, ага байланыштуу болот. Мына ушул алардын ортосундагы негизги өзөктүк жана усулдук айырма болуп саналат.

Максат ишке ашпай калган учурда да өкүмдүн калышы жана иллеттин туруктуулугу боюнча амалий мисалдар

Бул айырманы түшүндүрүү үчүн төмөнкү шаръий мисалдарды келтиребиз.

Намаз маселесинде Аллах Таала мындай деди:

﴿إِنَّ الصَّلَاةَ تَنْهَىٰ عَنِ الْفَحْشَاءِ وَالْمُنكَرِ﴾

«Албетте, намаз бузукулук менен жамандыктан тосот. Акыйкатта, Аллага зикир кылуу (бардык нерседен) улук. Алла кылып жаткан ишиңерди билип турат». (Анкабут: 45).

Бул натыйжа – бузукулуктан жана жаман иштерден тосуу – шаръий өкүмдүн максаты жана натыйжасы болуп саналат.

Эми усул жагынан алып караганда, ушул максатты намаздын парз болушу анын бар-жогуна жараша боло турган иллет кылууга болобу? Жооп, албетте: болбойт. Анткени эгер аны иллет десек, анда намазы аны жаман иштерден кайтарбаган адамга намаз парз болбой калмак. Бул болсо аалымдардын ижмасы боюнча батыл пикир. Демек, максат айрым адамдарда же айрым учурларда ишке ашпай калышы мүмкүн. Бирок өкүм ошол бойдон кала берет. Себеби анын белгиленишине болгон буйрук жана анын себеби – убакыттын кириши жана жалпы таклиф нассы – өзгөрбөйт.

Орозо маселесинде Аллах Таала мындай деди:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا كُتِبَ عَلَيْكُمُ الصِّيَامُ كَمَا كُتِبَ عَلَى الَّذِينَ مِن قَبْلِكُمْ لَعَلَّكُمْ تَتَّقُونَ﴾

«Эй момундар, силерден мурдагыларга парз кылынганы сыяктуу, силерге да такыбаа болушуңар үчүн саналуу күндөрдө орозо кармоо парз кылынды». (Бакара: 183).

Бул жерде такыбалык – орозонун максаты. Бирок бардык фикхий мазхабдардын бир добуштуу пикири боюнча, такыбалыкка жетишүүнү орозонун парздыгы анын бар-жогуна жараша боло турган иллет кылууга эч качан болбойт. Ошондуктан орозо кармаганына карабастан такыбалык даражасына жетпеген адамдан орозонун парздыгы түшүп калбайт.

Аялдын кийими маселесинде Аллах Таала мындай деди:

﴿يَا أَيُّهَا النَّبِيُّ قُل لِّأَزْوَاجِكَ وَبَنَاتِكَ وَنِسَاءِ الْمُؤْمِنِينَ يُدْنِينَ عَلَيْهِنَّ مِن جَلَابِيبِهِنَّ ۚ ذَٰلِكَ أَدْنَىٰ أَن يُعْرَفْنَ فَلَا يُؤْذَيْنَ﴾

«Эй пайгамбар, жубайларыңа, кыздарыңа жана момундардын аялдарына айткын, үстүлөрүнө жамынчыларын жамынышсын! Мына ушул алардын (күң эмес, азат аялдар экендиктери) таанылып, азар тартпастыгы үчүн эң жакын (жол)». (Ахзаб: 59).

Бул аяттын мазмуну бул жердеги хикмат жана максат – эркин аялдарды күңдөрдөн айырмалап, аларга азар жетип калуудан сактоо экенин көрсөтөт. Эгер кимдир бирөө ушул айырмалоону өкүмдүн иллети деп эсептесе, анда азыркы заманда күңдөр жок болгондуктан, жилбабдын парздыгы да жок болду деген жыйынтыкка келмек. Бул болсо мусулмандардын эч бир аалымы айтпаган бузук пикир. Себеби усул аалымдарынын пикири боюнча иллеттин шарттарынын бири – анын өкүмгө чыныгы таасир этиши жана бардык учурларда туруктуу болушу. Ал эми бул жерде азат аял менен күңдү айырмалоо – жилбабдын парздыгы анын бар-жогуна жараша боло турган иллет эмес, болгону анын максаты жана хикматы болуп эсептелет.

Арак менен кумарды арам кылуу маселесинде Аллах Таала мындай деди:

﴿إِنَّمَا يُرِيدُ الشَّيْطَانُ أَن يُوقِعَ بَيْنَكُمُ الْعَدَاوَةَ وَالْبَغْضَاءَ فِي الْخَمْرِ وَالْمَيْسِرِ﴾

«Ичкилик, кумар себептүү шайтан араңарга жек көрүү, душмандык салууну ошондой эле силерди Алланы эске алуудан жана намаз окуудан тосууну гана каалайт! Эми токтоорсуңар?!» (Маида: 91).

Бул аят арам кылуунун хикматы жана максатын – душмандык менен жек көрүүнүн алдын алуу экенин ачык билдирет.

Эгер кимдир бирөө ушул максатты өкүмдүн иллети деп эсептесе, анда ал: «Мен мас кылбай турган аз өлчөмдө гана ичем. Ал душмандыкты да, жек көрүүнү да жаратпайт», – деп айтууга негиз тапмак. Бирок мындай жыйынтык шарият боюнча батыл.

Туруктуу иллетке мисал

Аллах Таала мындай деди:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِذَا نُودِيَ لِلصَّلَاةِ مِن يَوْمِ الْجُمُعَةِ فَاسْعَوْا إِلَىٰ ذِكْرِ اللَّهِ وَذَرُوا الْبَيْعَ﴾

«Эй момундар, качан Жума күнүндөгү намазга чакырылса (азан айтылса), дароо Алланы зикир кылууга-эскерүүгө баргыла жана соода-сатыкты токтоткула!» (Жума: 9).

Бул жерде соода кылуунун арам болушунун иллетипарз болгон жума намазын аткаруудан алаксып калуу. Бул өкүм өзүнүн иллети менен бирге болгондуктан, жума намазы парз болбогон адамдар үчүн соода кылуунун арамдыгы да жок болот. Мисалы: аял үчүн; мусаапыр үчүн; оорулуу адам үчүн, анткени алардын абалында бул иллет жок.

Мунун шаръий иллет болушунун натыйжасында ага кыяс кылуу да туура болот. Ошондуктан азан айтылган убакта жума намазынан алаксыткан бардык иштер – дыйканчылык, өндүрүш, соода, окуу жана башка иштер – милдеттүү жума намазынан алаксытуу деген жалпы иллет аркылуу соодага кыяс кылынат.

«Ар бир өкүмдүн өзүнчө кызыкчылыгы бар» деген көз карашты четке кагуу

Кимдир бирөө мындай каршы пикир айтышы мүмкүн: шарият өкүмдөрдү ушул иллеттер менен байланыштырган болсо, демек аларды кызыкчылыктар менен байланыштырган болот. Ошондуктан иллетти маслахат деп атаса болот. Буга жооп катары мындай дейбиз: эгер мындай аталыш шарият толугу менен кызыкчылык экенине болгон ишенимдин негизинде колдонулган жөн гана терминдик аталыш болсо, анда термин боюнча талаш жок. Бирок мындай терминди кабыл алсак да, биз аны кабыл албайбыз, ага таянып өкүм истинбат кылуунун жана усулдагы өкүмдөрдү алуу манхажынын өзгөрүшүнө эч качан жол берилбейт. Анткени усулдагы так изилдөөгө ылайык, биз иллетке мааниси так эмес болгон кандайдыр бир кызыкчылыктар катары эмес, тескерисинче, Шарият ээси Өз өкүмдөрүнүн себеби кылып белгилеген, ачык жана так аныкталуучу маанилер катары мамиле кылабыз. Ошондуктан алар – Китеп менен Сүннөттөн алынган шаръий далилдер. Негизи шаръий өкүм – «Шарият ээси пенделердин амалдарына байланыштуу кайрылуусу (хитобу)» болуп саналат. Демек, ээрчүү терминдерге эмес, дал ушул шаръий кайрылууга жана насска болот. Андан тышкары, ар бир жузъий шаръий өкүм өзүнчө каралган учурда өз алдынча кызыкчылыкты камтыйт деген пикир – далилсиз айтылган негизсиз жана үстүрт көз караш. Так жана шексиз белгиленген нерсе – исламий шарият өзүнүн бардык өкүмдөрүнүн жыйындысы жана алардын бири-бирин толуктап турушу аркылуу бүтүндөй алганда адамдардын бул дүйнөдөгү жана акыреттеги кызыкчылыгын ишке ашырат. Бул ар бир өкүм өзүнчө эмес, шарияттын бардык өкүмдөрү бир бүтүн болуп иштегенде ишке ашат.

Ибадаттардан мисал:

Намаздын өкүмдөрүн майда-чүйдөсүнө чейин алсак – рүкү, сажда, кыраат жана башка абалдары – алардын ар бирин өзүнчө бөлүп караганда, анын өз алдынча кызыкчылыгы толук көрүнбөшү мүмкүн. Бирок алардын баары биригип, бири-бирин толуктаганда гана шаръий максатка жеткирүүчү ибадат түзүлөт.

Экономикалык түзүмдөн мисал:

Исламдагы каржылык өкүмдөрдү алып карасак, эгер алардын айрымдары бүтүндөй системадан бөлүнүп, өзүнчө колдонулса, анда алардын түздөн-түз алып келе турган кызыкчылыгы ишке ашпай калышы мүмкүн. Бирок алардын баары биригип, бири-бирин толуктаганда гана пенделердин кызыкчылыгын ишке ашыруу көздөлгөн экономикалык түзүмдү курат.

Мисалы, бүгүнкү күндө исламий экономикалык түзүм толугу менен жок болгон шартта, коммерциялык камсыздандыруу келишимдеринен баш тарткан же сүткордукка негизделген бүтүмдөрдөн алыс болгон адам айрым жеке зыяндарга туш болушу мүмкүн. Ошентсе да ал аларды Аллах Таалага ибадат жана моюн сунуу катары таштайт. Бул тууралуу Расулуллах ﷺ мындай деген:

(يأتي على الناس زمان الصابر فيهم على دينه كالقابض على الجمر).

«Адамдардын үстүнө ошондой бир заман келет: алардын арасында дининде сабыр кылган адам чок кармап турган адамдай болот».

Жыйынтык

Жогоруда айтылгандардын негизинде, ар бир шаръий өкүм өз алдынча өзүнчө кызыкчылык болуп саналат деген көз караш жана өкүмдөрдү же фикхий иллеттерди жалгыз гана кызыкчылыкка же абстрактуу максатка негиздеп куруу – Исламды түшүнүүдө жана колдонууда туура усулий манхаждан четтөө болуп эсептелет.

Чыныгы жана такталган манхаж – шаръий өкүмдөрдү пенделердин амалдарына байланыштуу милдеттендирүүчү Аллахтын кайрылуусу катары кабыл алуу. Мусулмандар бул өкүмдөрдү аткарууга, өз иштерин, жашоосун жана коомдук мамилелерин Аллахтын буйруктары менен тыюуларына ылайык жүргүзүүгө буюрулган.

Эгер үммөт ушул толук моюн сунууга бекем турса, анда ушул амал аркылуу, Даанышман Шарият Ээси кепилдеген, шарияттын максаттары жана пенделердин кызыкчылыктары сөзсүз ишке ашат.

Пенде өзүнө жүктөлгөн милдет боюнча да, ага берилген уруксат боюнча да, вахий насстары көрсөткөн жолдон тышкары адам чыгарган каражаттар аркылуу шарияттын максаттарын ишке ашыруунун жолдорун издөөгө милдеттүү эмес жана мындайга уруксат берилген эмес. Анткени эгер адам өзүнүн пайдасын жана зарыл муктаждыктарын бир гана акылы менен, шарияттын жетекчилигисиз эле камсыз кыла алганда, анда пайгамбарларды жиберүүнүн, шарияттарды түшүрүүнүн жана амалий өкүмдөргө жеткирүүчү далилдерди кеңири баяндоонун эч кандай зарылдыгы болбой калмак. Ошондуктан Исламдын усулий түзүмү ээрчүүгө, наклга жана далилге таянган манхажды карманууга негизделген. Башкача айтканда, Китеп менен Сүннөттөгү шаръий кайрылуунун тилдик жана шаръий эрежелери аркылуу Шарият Ээсинин максатын түшүнүүгө жана ошол кайрылууну амал жүзүндө колдонууга негизделет.

Дал ушул моюн сунуу өзүнөн өзү эле кызыкчылыктарды ишке ашырууга кепил болот. Бул үммөт тарыхынын алгачкы кылымдарында болгон жана жүз берген көрүнүш. Анткени «шарияттын максаттары» тууралуу өзүнчө изилдөөлөр китептерге түшүрүлө электе эле, өкүмдөрдүн бардык майда-чүйдөсү менен колдонулушунун натыйжасында жашоо оңолуп, жаңы аймактар фатх кылынган.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button