Роя гезити

Европа экономикасы кайда баратат?

Европа экономикасы кайда баратат?

Европада азыр коюлуп жаткан суроо экономикалык өсүштүн темптерин кантип кайра калыбына келтирүү, инфляциянын деңгээлин кантип төмөндөтүү же энергетикалык кризистерди кантип ооздуктоо маселелерине гана чектелбейт. Тескерисинче, андан да терең суроо жаралды: континент өзүнүн өнөр жай потенциалын жоготпостон стратегиялык коопсуздугун кантип сактай алат? Өткөн ондогон жылдардагы гүлдөп-өнүгүүсүн камсыз кылган экономикалык моделден куру калбастан өз экономикасын дүйнөлүк атаандаштыктан кантип коргой алат?

Кансыз согуш аяктагандан бери Европа континенти өзүнүн экономикалык моделин үч негизги тирекке курган: арзан орус энергиясы, Кытай рыногу менен ачык соода жана коопсуздук жагынан Америкага таянуу. Бул модел өзгөчө Германияда европалык өнөр жайдын гүлдөп-өнүгүшү үчүн эң ылайыктуу шарттарды түзгөн. Анткени Германия арзан энергияны, кеңири тышкы рынокторду жана Америка камсыз кылган коопсуздук калканын айкалыштыра алгандыгы аркасында Европа экономикасынын локомотивине айланган. Бирок бул теңдеме акырындап ыдырай баштады. Андан соң Россия–Украина согушу менен анын бузулушу тездеди. Европа арзан энергиянын негизги булагынан ажырап, өндүрүш чыгымдары мурда болуп көрбөгөн деңгээлге чейин өстү. Ошол эле учурда Кытай менен болгон экономикалык мамилелер стратегиялык күмөн саноолор баскычына өттү. Муну менен катар Америка жөн гана коопсуздук боюнча союздаш болуудан чыгып, европалык инвестицияларды жана өндүрүштөрдү өз аймагына тартууга умтулган экономикалык атаандашка айланды.

Ушул өзгөрүүлөрдүн чордонунда Европанын коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн кайра куруу үчүн жаңы чакырык пайда болду. Анткени көп жылдар бою аскердик чыгымдардын кыскартылышы жана Түндүк Атлантика альянсына (НАТОго) таянуу көптөгөн европалык армияларды улам туруксуз болуп бара жаткан коопсуздук шарттарына туруштук берүүгө азыраак даяр абалда калтырды. Ошондуктан Европа өкмөттөрү коргонуу бюджеттерин көбөйтүүгө, армияларды жаңылоонун кеңири программаларын ишке киргизүүгө жана аскердик өнөр жайды кеңейтүүгө шашылыш киришти. Бирок бул коопсуздукка байланыштуу зарылдыктар өтө татаал экономикалык вакыйлыкка туш болду. Анткени континент бир эле учурда жарандык өнөр жайын сактап калуу, жашыл экономикага өтүүнү колдоо, технологияларды өнүктүрүү, инновацияларды күчөтүү жана Америка менен Кытайга каршы атаандаштык жөндөмүн сактап калуу үчүн ири көлөмдөгү инвестицияларга муктаж. Ресурстардын чектелүү болушу, мамлекеттик карыз деңгээлинин жогорулашы жана экономикалык өсүштүн жайлашы шартында коргонууга жана өнөр жайга кеткен чыгымдар бир эле каржылык булактар үчүн атаандаша баштады.

Ошентип, Европа ондогон жылдардан бери кездешпеген теңдемеге туш болду: коопсуздук күчтүү өнөр жайды талап кылат, ал эми күчтүү өнөр жай ири инвестицияларга муктаж. Ошол эле учурда аскердик чыгымдардын көбөйүшү жарандык экономиканы колдоого жеткиликтүү ресурстарды кыскартат. Мындан тышкары, континент Кытайдын алдында өз рынокторун толугу менен жаба албайт, анткени ал Кытайдын продукцияларына жана жеткирүү чынжырларына көз каранды. Ошондой эле ал өнөр жайларды өзүнө тартуу үчүн Америка сунуштап жаткан каржылык стимулдардын көлөмү менен теңтайлаша да албайт.

Бул карама-каршылык убактылуу каржылык кризис да эмес, Украинадагы согуштун түздөн-түз кесепети да эмес. Тескерисинче, бул дүйнөлүк экономикалык түзүлүштөгү терең өзгөрүүнүн чагылышы. Анткени атаандаштык эми соода көлөмү же өндүрүш чыгымдарынын төмөндүгү менен гана аныкталбай калды. Ал мамлекеттердин өз өнөр жайын коргой алуу, жеткирүү чынжырларынын коопсуздугун камсыз кылуу жана экономиканы геосаясий күчтүн куралдарынын бирине айландыруу жөндөмү менен өлчөнө баштады. Ушундан улам Европанын азыркы саясатын түшүнүү үчүн экономикалык чечимдерди стратегиялык чөйрөдөн өзүнчө карап чыгуу жетишсиз. Тескерисинче, Европа жаңы баскычка өткөнүн аңдоо зарыл. Ал ачык рынок экономикасынын логикасынан улуттук коопсуздук экономика логикасына өттү. Бул баскычта өнөр жай, энергетика, технология жана коргонуу чыгымдары эл аралык системада континенттин ордун кайра аныктоо үчүн жүрүп жаткан кеңири күрөштүн өз ара байланышкан шакектерине айланды. Ал эми бул эл аралык система барган сайын көбүрөөк уюлдашууга жана ири державалардын атаандаштыгына карай багыт алып барат.

Алдыдагы күндөр, айрыкча экономикалык жана геосаясий жактан, күтүлбөгөн окуяларга бай болот. Анткени алдыдагы өзгөрүүлөр сөзсүз түрдө азыркы эл аралык тартиптин жүзүн өзгөртөт. Бардык көрсөткүчтөр анын мыйзамдуулугу күндөн-күнгө алсырап бара жатканын көрсөтүүдө. Атүгүл анда карылыктын жана алсыздыктын белгилери байкала баштады. Жетекчилик кылууга жөндөмдүү башка бир мабда пайда болгондо, ал азыркы түзүлүштү жер жүзүнөн сүрүп чыгарат.

Муну ишке ашыра ала турган исламий мабдадан башка эч бир мабда жок. Анткени дүйнөнү аманчылык жээгине жетелеп чыгууга жана аны узак жылдар бою батып келген оор абалдан куткарууга бир гана ушул мабда кудуреттүү.

Бул мабда эл аралык майданга чыгып, өзүнүн нурун жана адилеттүүлүгүн жайышы үчүн Аллахка берген убадасына бек турган, исламий жашоону кайра баштоого жана Пайгамбарыбыздын ﷺ төмөнкү сүйүнчүсүн ишке ашыруу үчүн рошид Халифалык мамлекетин тикелөөгө чечкиндүү болгон чынчыл эр азаматтар керек:

«ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»

«Андан соң пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот».

Эй ислам үммөтүнүн жаштары! Бүгүн чечим силердин колуңарда. Эгер бекем арканды кармасак, бул саткын башкаруучуларды жана алардын жардамчыларын кулатсак, өлкөлөрүбүзгө жана байлыктарыбызга болгон Батыштын үстөмдүгүн үзсөк жана Халифалык мамлекетин тикелесек, анда Аллахтын уруксаты менен үммөттүн азиздиги жана даңкы жакын арада кайра кайтып келет. Ошондуктан келгиле, аны тикелөө үчүн биз менен бирге аракет кылгыла. Ошондо бул үммөткө да, бүтүндөй дүйнөгө да жакшылыктын келишин тездеткен болобуз.

Аллах Таала мындай деди:

﴿وَأَلَّوِ اسْتَقَامُوا عَلَى الطَّرِيقَةِ لَأَسْقَيْنَاهُم مَّاءً غَدَقًا﴾

«Албетте, эгер алар (Туура) Жолдо туруктуу тургандарында албетте мол жамгыр менен сугарган болоор элек (тактап айтканда аларга мол – көл ырыскы тартуу эткен болоор элек)».
(Жин: 16).

Роя гезити

Набил Абдулкарим

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button