Жарандык мамлекет жана вакыйлыктын чакырыктары

Жарандык мамлекет жана вакыйлыктын чакырыктары
Акыркы убактарда «жарандык мамлекет» деген термин пайда болуп, мусулман өлкөлөрүндөгү саясий чөйрөлөрдө кеңири колдонулуп калды. Бул демократия адамдардын аң-сезиминдеги мурдагы жаркын абалын жоготкондон кийин жана анын улуу Ислам акыйдасына, бейпилдик берүүчү өкүмдөрүнө каршы келери ашкере болгондон кийин болду. Каапыр колонизатор Батыш жана анын мусулман өлкөлөрүндөгү малайлары демократиялык фикратты жайылтып, аны үгүттөй албай калышты. Ошондуктан алар адаштыруу максатында «жарандык мамлекет» деген терминди алып келишти. Чынында болсо ал – өздөрү айткандай, эл өзү каалаган нерсе менен башкарат деген маанини билдирген ошол эле демократиялык башкаруу түзүмү.
Жарандык мамлекет бардык жарандардын тең укуктуулугуна, мыйзам үстөмдүгүнө жана бардык адамдардын укук-милдеттерде тең болушуна негизделген институттук саясий түзүм катары аныкталат. Бул улуттук же аймактык мамлекет түшүнүгүнө негизделет. Анын пайдубалы 1648-жылы католиктер менен протестанттардын ортосундагы отуз жылдык согуштан кийин өткөн Вестфалия конференциясында түптөлгөн. Натыйжада Европа мамлекеттери ар бир мамлекеттин өз чек арасы болушуна макулдашууга аргасыз болушкан. Бул көрүнүш ишенимдүү көрүнгөнү менен, өзүндө эле бузукулукту камтыйт. Бул үч тараптан көрүнөт:
Биринчиси: адамдар үчүн мыйзам чыгаруу укугун адамдардын Раббисине эмес, адамдардын өзүнө берүү. Бул вахийге негизделбеген ар кандай мабданын бузуктугунун түпкү негизи. Себеби адам өзүнүн ой-жүгүртүүсүнүн чектелүү болгондугунан улам мыйзам чыгарууга жарабайт. Ал кемчиликтүү, алсыз жана муктаж.
Экинчиси: жарандык мамлекеттин же демократияда мыйзамга баш ийүү мындайча түшүндүрүлөт: эгер мыйзамдын жообуна тартылбай турганыңа ишенсең, анда каалаган нерсеңди кыла бересиң. Каапыр Батыштагы коррупция тууралуу кабарлар, Эпштейн аралынын окуясы жана саясатчылар менен башкаруучулардын ашкереленген чуулгандуу иштеринин баары буга далил. Ал эми Исламда өкүмдөр эң оболу адамдын Аллахка болгон такыбалыгынын түрткүсү менен, андан кийин жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтарган коомдун таасири менен, андан соң мамлекеттин күчү жана султандыгы аркылуу ишке ашырылат.х
Үчүнчүсү: жер жүзүндө ар кандай улуттардан, түрдүү тектерден жана көптөгөн диндерден турган топтор жашабаган дээрлик бир да мамлекет жок. Жарандык мамлекет менен демократия алардын бир аймакта жашоосун жана өз ара ынтымакта бирге жашоосун чечүүгө жетише алган жок. Аз сандагы этносторду коргоо жана алардын укуктарын кепилдөө деген жүйө менен саясий турмушта пропорционалдуу өкүлчүлүк идеясын ойлоп чыгышып, ар бир топтун өзгөчөлүгүн эске алуу керек дешти.
Мусулман өлкөлөрүндө жарандык мамлекеттин алдында турган эң негизги чакырыктар:
Биринчиси: анын динге болгон мамилеси. Анткени ал Ислам акыйдасынан келип чыккан ар кандай мыйзамдарга жана мыйзам чыгарууга жол бербейт. Аллах Субханаху ва Таала мындай дейт:
﴿إِنِ الْحُكْمُ إِلَّا لِلَّهِ أَمَرَ أَنْ لَا تَعْبُدُوا إِلَّا إِيَّاهُ﴾
«Өкүм-Өкүмдардык Аллага гана таандык Ал Зат силерди жалаң Өзүнө гана сыйынууга буюрган». (Юсуф: 40).
Мына ушунун өзү мусулмандын аны четке кагышына себеп болот. Анткени Ислам дин гана эмес, мамлекетти жана жашоонун бардык түзүмдөрүн да камтыган мабда. Аллах Таала мындай дейт:
﴿وَنَزَّلْنَا عَلَيْكَ الْكِتَابَ تِبْيَانًا لِّكُلِّ شَيْءٍ﴾
«…жана сага бардык нерсени баян кылып берүүчү Китепти-Куранды түшүрдүк». (Нахл: 89).
Экинчиси: мусулман өлкөлөрүндө ар түрдүү улуттардын жана тектердин болушу. Ар бир өлкөдө ушундай көрүнүш бар, кээ бирлеринде болсо мазхабдык айырмачылыктар да кездешет. Анда жарандык мамлекет бул чакырыкка кандай мамиле кылды? Нидерландиялык ойчул Арент Лейпхарт салттуу демократияга альтернатива катары «консенсустук демократия» деп аталган түшүнүктү сунуштаган. Салттуу демократия көпчүлүктүн бийлигин билдирсе, ал мындай дейт: «Этникалык, диний жана мазхабдык жактан көп түрдүү коомдо бардык топтор өкмөттө пропорционалдуу өкүлчүлүккө, квоталык бөлүштүрүүгө ээ болушу керек жана азчылыктарга вето укугу берилүүгө тийиш».
Мунун натыйжасында мамлекеттик башкаруу аппараты ашыкча оорлоп, жогорку мамлекеттик кызматтарга жөндөмсүз адамдардын келишинен улам өкмөттөр ийгиликсиздикке учурады. Буга мисал катары Югославиянын жети мамлекетке бөлүнүп кетишин, ошондой эле Судандын эки мамлекетке ажырашын айтууга болот жана ал жерде бөлүп-жаруу процесси дагы эле уланып жатат.
Ал эми Ислам элдерди бириктирүү үчүн аракет кылат жана адамдар менен коомдун маселелерин улуттун, өң-түстүн, тектин же диндин маселеси катары эмес, адамзаттын маселеси катары карайт. Муну адамдардын каалоосуна эмес, вахийге негизделген мыйзамчылык аркылуу ишке ашырат.
Үчүнчүсү: саясий көп партиялуулукту кабыл алуу, диний негизде түзүлгөн партиялардан башка бардык партияларга уруксат берүү. Мусулман өлкөлөрүндө сөзсүз исламий партиялар жана жамааттар пайда болот. Бул болсо мабдаий кагылышууга алып келип, башкаруунун туруктуулугуна коркунуч туудурат, жарандык өкмөттүн ийгиликсиз болушуна себеп болот жана аскерлердин бийликти төңкөрүш аркылуу басып алышына кеңири жол ачат.
Төртүнчүсү: бийлик менен байлыкты коомдун курамындагы топтордун ортосунда бөлүштүрүү түшүнүгү. Натыйжада бийлик бөлүштүрүлө турган тортко, ал эми байлык саясатчы сөзсүз алышы керек болгон олжого айланат. Ал эми Ислам башкарууну жоопкерчилик, аманат жана адамдардын иштерине жакшы кам көрүү деп эсептейт. Ислам муну шаръий өкүмдөр аркылуу жөнгө салган. Байлык кандай табылары жана ал бардык адамдардын ортосунда кандай бөлүштүрүлөрүн түшүндүрүп берген. Башкаруучуга андан өзүнө компенсация катары алганынан башка эч нерсе адал эмес. Ошондой эле саясий ишмердүүлүк Аллахка болгон ибадат жана моюн сунуу болуп эсептелет, ал мансапка ээ болуу же оокат табуунун каражаты эмес.
Жыйынтыктап айтканда, жарандык мамлекетке чакыруу – Исламды жана анын түзүмдөрүн жашоодон четтетүүгө, Аллах Субханаху ва Тааланын шариятынын ордуна адамдар чыгарган мыйзамдарды коюуга чакыруу болуп саналат. Ошондуктан мындай түзүм менен башкарууга да, ага чакырууга да болбойт. Аллах Таала мындай дейт:
﴿فَلَا وَرَبِّكَ لَا يُؤْمِنُونَ حَتَّىٰ يُحَكِّمُوكَ فِيمَا شَجَرَ بَيْنَهُمْ﴾
«Жок (эй Мухаммад), Раббиңе ант болсун, тээ алар өз ортолорунда чыккан келишпөөчүлүктөрдө сени өкүмдар кылышмайынча эч качан момун боло алышпайт». (Ниса: 65)
Тескерисинче, Расулуллах ﷺ эскерткен жахилият өлүмүнөн сактануу үчүн Аллахтын шариятын Халифалык мамлекетинде өкүмдар кылууга чакыруу фарз болот.
Роя гезити
Устаз Насир Ридо




