Макала

Омск туңгуюгу: Токаевдин Украинадагы согушка карата позициясынын өзгөрүшү

Омск туңгуюгу: Токаевдин Украинадагы согушка карата позициясынын өзгөрүшү

2026-жылдын 25-июлунда Омск шаарында өткөн Владимир Путин менен Касым-Жомарт Токаевдин жолугушуусу алгач союздаштык дипломатиялык иш-чара катары кабыл алынган. Расмий маалымат каражаттарында да баары көнүмүш көрүнүштө, тагыраагы, жылмаюулар, кол алышуулар, бекем достук тууралуу сөздөр жана эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү өсүп жатканына байланыштуу салттуу билдирүүлөр катары чагылдырылды.

Путин көп жылдан бери калыптанып калган саясий стилинен жазбай, ишенимдүү маанайда сүйлөп, экономикалык көрсөткүчтөрдү мисал келтирүү менен кырдаал көзөмөлдө экенин жана «атайын аскердик операция» белгиленген нукта уланып жатканын көрсөтүүгө аракет кылды. Бирок сөз кезеги Казакстандын президентине келгенде, расмий дипломатиянын таянычтары урай түштү. Анын айткандары Кремль алдын ала даярдаган сценарий боюнча кетпегенин дароо байкалды.

Көнүмүш дипломатиялык билдирүүлөрдүн ордуна Токаев Украинадагы согуштук аракеттердин уланышын ачык жана кескин сынга алып, Москвадан фронттогу кырдаалды мүмкүн болушунча тез арада тоңдурууга чакырды. Бул билдирүү Путин карманып келген өзгөрбөс риторика менен Токаевдин учурдагы геосаясий шарттардан улам тандаган прагматикалык позициясынын ортосундагы олуттуу айырманы дароо ачыкка чыгарды.

Эмне үчүн Токаев дипломатиялык этияттыктан баш тартты?

Адатта ар бир сөзүн кылдат тандап, дипломатиялык этияттык менен сүйлөгөн Казакстандын президенти бул жолу таптакыр башка өңүттө сүйлөдү. Буга негизги себеп капиталисттик башкаруудан улам өлкөнүн экономикалык кызыкчылыктарына жаралган олуттуу коркунуч. Новороссийск шаарындагы Каспий куур консорциумунун (КТК) терминалы, учкучсуз учуучу аппараттардын кезектеги соккусунан кийин ишин токтотуп, натыйжада Казакстандын мунай экспортунун болжол менен 80 пайызы үзгүлтүккө учурады.

Астана үчүн бул жөн гана техникалык көйгөй эмес. Бул мамлекеттик бюджеттин туруктуулугуна, өлкөнүн экономикалык коопсуздугуна жана жалпы экономиканын туруктуу иштешине түздөн-түз коркунуч жараткан жагдай.

Ошентип, Токаев Кара деңиз аймагындагы согуштун уланышы Казакстандын экономикалык кызыкчылыктарына түздөн-түз зыян келтирип жатканын ачык билдирди. Андан да маанилүүсү, ал бул позиция Казакстандын гана эмес, казак мунай тармагына ири көлөмдө инвестиция салган Батыш мамлекеттеринин жана трансулуттук компаниялардын да кызыкчылыгын чагылдырарын мойнуна алды.

Токаев өз оюн дипломатиялык сылыктыкты сактап, маектешине болгон урмат-сыйды көрсөтсө да, бул сөздөрдүн артында так саясий ультиматум, башкача айтканда: Астана мындан ары Москванын геосаясий чечимдеринин экономикалык кесепеттерин өз мойнуна алууга даяр эмес жана мындай чыгымдарды көтөрүүнү каалабайт” деген билдирүү турду.

Ортомчулуктан баш тартуу

Жолугушуунун эң маанилүү учурларынын бири Токаевдин Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу маселесинде ортомчу болуудан ачык баш тартуусу болду. Эл аралык дипломатияда союздаш мамлекеттер, адатта чыңалууну жумшартуу же өнөктөшүнө аброюн сактап калууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн ортомчулук демилгесин көтөрүп чыгышат.

Бирок бул жолу Токаев мындай жоопкерчиликти өзүнө алуудан баш тартып, «улуу орус эли өз маселелерин өзү чечет» деди. Өз кезегинде Путин сүйлөшүүнүн айрым жагдайлары боюнча кийинчерээк жабык форматта кеңири маалымат берерин билдирди.

Бул дипломатиялык артка чегинүү эң маанилүү белги. Казакстан бул согуштун жайылышынан улам анын саясий жүгүн Кремль менен бөлүшүүгө эч кандай ниети жок экенин ачык түшүндүрдү. Башкача айтканда, Токаев Путиндин саясий жүзүн сактап калууга же Москванын тынчтык демилгелеринин элесин жаратуу максатында алдын ала даярдалган спектаклди ойноого келбегенин ачыктады.

Лидерлердин сүйлөшүүсүнүн ачык бөлүгү аяктагандан кийин дароо эле Дмитрий Песковдун оозу менен Кремлдин жообу айтылды. Анын фронтту тоңдуруунун кандай гана варианты болбосун кескин четке кагылышын билдирүүсү бир жагдайды тастыктады. Тагыраагы, бул телекамералардын алдында чындап эле жүз берген, жандуу жана өтө курч кызыкчылыктардын кагылышы экенин ачыктады.

Маалымат үчүн

Каспий куур консорциумунун (КТК) ишинин үзгүлтүккө учурашы Казакстандын экономикасына олуттуу сокку болуп эсептелет. Себеби өлкөнүн экспорттолгон мунайынын болжол менен 80 пайызы дал ушул Орусия аркылуу өткөн куур системасы менен дүйнөлүк рынокторго жеткирилет.

Жылына бул каттам аркылуу 50 миллиондон ашык тонна мунай ташылат. Дал ушул экспорттон түшкөн кирешелер мамлекеттик бюджеттин, Улуттук фонддун жана улуттук валютанын туруктуулугунун негизги булактарынын бири болуп саналат.

Мындан тышкары, Казакстандын негизги мунай кендерине америкалык жана европалык компаниялар миллиарддаган доллар инвестиция салышкан. Ошондуктан Кара деңиз аймагындагы согуштук тобокелдиктердин күчөшү Астана үчүн ички гана эмес, эл аралык экономикалык маселеге да айланды. Инвесторлор өз капиталын мындай тобокелдиктерден коргоо боюнча Казакстандын бийлигинен конкреттүү чараларды күтүп жатышат.

Бул көз карандылыктын стратегиялык коркунучун түшүнгөн Казакстан акыркы жылдары экспорттук каттамдарын диверсификациялоону тездетти. Альтернативдүү багыттардын ичинен негизги орунду Транскаспий эл аралык транспорттук каттамы ээледи. Анын алкагында мунай Каспий деңизи аркылуу танкерлер менен Бакуга жеткирилип, андан ары Баку Тбилиси Жейхан куур системасы аркылуу Түркияга жана Европа өлкөлөрүнө экспорттолот. Дагы бир маанилүү багыт Кытайга кеткен мунай кууру.

Бирок логистикалык жана техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн чектелүү болушуна байланыштуу бул каттамдардын бири да азырынча Каспий куур консорциумунун КТК мүмкүнчүлүгүн толук алмаштыра албайт. Алар Казакстандын экспорттук мунайынын салыштырмалуу аз бөлүгүн гана ташууга жөндөмдүү.

Дал ушул инфраструктуралык көз карандылык Токаевди Омск шаарындагы жолугушууда көнүмүш дипломатиялык этияттыктан баш тартууга жана маселени ачык көтөрүп чыгууга үндөдү. Анткени, Астана үчүн узакка созула турган жаңы экспорттук инфраструктураны курууга убакыт дээрлик жок.

Латыфул Расых

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button