Макала

“Учкун”: Кантип окуу китептеринин тартыштыгы бюджет каражаттарын жеңил өздөштүрүү ыкмасына айланды?

“Учкун”: Кантип окуу китептеринин тартыштыгы бюджет каражаттарын жеңил өздөштүрүү ыкмасына айланды?

«Билим күнүнө» карата айтылган кечеги куттуктоолордун жаңырыгы басыла электе, билим берүү системасындагы чыныгы көйгөйлөр кайрадан күн тартибине чыга баштады. Кыргызстан мектептериндеги китеп тартыштыгынын айланасындагы көйгөйлөрдү басуу аракеттери, бийликтин саясий айла-амалын иш-жүзүндө чагылдырууда. Башкача айтканда, бийлик түзүмдөгү коррупция маселесинин маңызын, элге техникалык көйгөй катары гана түшүндүрүүгө аракет кылууда.

Бул окуянын башаты парламентте көтөрүлгөн маселеге барып такалат. Анда депутаттар, анын ичинде тиешелүү комитеттердин деңгээлинде, олуттуу маселени ачыкка чыгарышты: мамлекеттик «Учкун» ишканасында эксклюзивдүү негизде басылып чыккан жана окуучуларга акысыз таратылышы керек болгон жаңы мамлекеттик окуу китептери борбордогу базарларда, анын ичинде «Дордойдо», кадимкидей эле сатылып жатканы айтылды.

Иш жүзүндө мамлекеттик мүлктү уурдоо жана аны көмүскөдө кайра сатуу аракети катталууда. Баса белгилей кетсек, «Учкун» мамлекеттик басмаканасы бир нече жыл мурда өлкөнүн жогорку жетекчилиги тарабынан мектептердеги окуу адабиятынын тартыштыгын толугу менен жоюу боюнча чоң убадалардын негизинде түзүлгөн.

Президенттин басма сөз кызматы, Аскат Алагөзов баш болуп көп күттүрбөстөн бул маслеге түшүндүрмө берүүгө шашылды. Бирок бул түшүндүрмө аркылуу Алагөзов коомчулукту кызыктырган негизги суроолорго, тагыраагы, окуучуларга акысыз берилиши керек болгон китептер базарга кантип чыгып кеткенине жана мындан ким пайда көрүп жатканына түз жооп берүүнүн ордуна, маселени техникалык көйгөйлөрдүн алкагына – басмаканалардын өндүрүштүк кубаттуулугунун жетишсиздигине, демографиялык өсүшкө, миграцияга жана 12 жылдык билим берүү системасынын зарылдыгына буруп жиберди.

Тез арада бийликтин беделин кайра калыбына келтирүү үчүн: «Президент Садыр Жапаров окуу китептеринин тартыштыгын толугу менен жоюу үчүн кошумча 7 миллиард сом бөлүп берүү чечимин кабыл алды» – деген катуу билдирүү жасалды.

Билдирүүдө коомчулуктун көңүлүн коррупцияга байланыштуу суроолордон башка жакка бурууга багытталган бир катар негизги тезистер, тагыраагы: «…окуу китептеринин жетишсиздиги бүгүн эле пайда болгон көйгөй эмес. Буга чейин бул багытта жыл сайын 100 миллион сомго жакын гана каражат бөлүнүп келген…» – деген сөздөр камтылган.

Бул жерде учурдагы маселенин себебин өткөн жылдарга шылтоо аркылуу көйгөйдү түшүндүрүү ыкмасы колдонулууда. Тагыраагы, бийлик мурдагы жылдары бюджеттен аз бөлүнгөн акчаларга шилтеме берип, учурдагы мамлекеттик түзүмдүн ийгиликсиздиктерин актоого урунууда. Бирок, президенттин басма сөз кызматы таңуулап жаткан бул түшүндүрмөдөгү каржылоо жетишсиздиги мамлекеттик казынанын эсебинен басып чыгарылган мындай китептер кантип коммерциялык сатыкка чыгып кеткенин жана мындан ким пайда көрүп жатканын түшүндүрбөйт.

Ал эми: «Бир дагы ата-эне мамлекет камсыз кылууга милдеттүү болгон окуу китебин издеп базарларды кыдырбашы керек… Ошондуктан Президент Садыр Жапаров кошумча 7 миллиард сом бөлүп берүү чечимин кабыл алды» – деген саясий сөз, иш жүзүндө ири махинацияларды иликтөө боюнча аракеттерди токтотууга жана элдин туйгусун “акчанын таасири” деген шылтоо менен басууга багытталган сөз. Башкача айтканда, уурулук жана китептердин сыртка чыгып кетүүсү, “бизге каражат жетишсиздик кылып жатат” деген тезис менен алмаштырылып жатат. Көйгөй менен элдин ортосунда: “коом китептердин уурдалып, андан соң сатылып кетишине себеп болгон аткаминерлерди тим коюп, бөлүнүп жаткан 7 миллиард сомго ыраазы болушу керек” деген адаштыруу көшөгөсү тартылууда. Ошондуктан администрациянын миллиарддаган сомду бөлүү жөнүндөгү ыкчам реакциясы, өрттү кудум май менен өчүрүп жаткандай көрүнүш.

Андыктан, акысыз таратылышы керек болгон окуу китептеринин базарларда кантип пайда болгону аныкталып, буга жооптуу адамдардын аты аталып, тиешелүү чара көрүлмөйүнчө, кошумча миллиарддарды бөлүү көйгөйдү чечүүнүн кепилдиги боло албайт. Тескерисинче, көзөмөл жана жоопкерчилик камсыздалбаса, жаңы каражаттар кайра эле ошол коррупциялык схемалардын арасында сиңип жок болуп кете берет. Ал эми мунун кесепетин мектептер менен ата-энелер тартып калат.

Хужжат Жамиа

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button