Макала

Дин мамлекеттин куралына айланганда

Дин мамлекеттин куралына айланганда

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте жол кырсыктарынын санын азайтуу жана айдоочулардын жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган профилактикалык иш-чараларды өткөрүүдө.

Бул өнөктүктүн алкагындагы кезектеги иш-чаралар Нарын жана Ысык-Көл облустарында уюштурулду. Муфтияттын өкүлдөрү менен жол милициясынын кызматкерлери айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин сактоонун мааниси тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, ылдамдык режимин бузбоого, мас абалында унаа башкарбоого жана жол кыймылынын башка катышуучуларына урмат-сый менен мамиле кылууга чакырышты.

Президент Садыр Жапаровдун билдиришинче, акыркы он жыличиндеКыргызстанда 75 миңгежакынжол-транспорт кырсыгыкатталып, анынкесепетинен 9 миңденашуунадамказаболуп, дагы 13 миңденашыгы ар кандайдеңгээлдегижаракаттардыалган.

Бул жагдайда, Муфтият менен Ички иштер министрлигинин биргелешкен акциясы жөн гана социалдык демилге катары эмес, мамлекеттин диний чөйрөгө карата жүргүзүп жаткан саясатынын мүнөзүн да чагылдырган көрүнүш болууда. Албетте, Ислам адам өмүрүнө эң жогорку баалуулук катары карайт жана ал Жаратуучунун алдындагы жоопкерчилик сезимин калыптандыруучу негизги фактор болуп саналат. Андыктан, эгер Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өзүнүн диний таасирин жол кыймылынын эрежелерин сактоого үндөө үчүн колдонуп жатса, анда эң оболу мусулмандардын негизги парздарынын бири болгон жашоонун бардык тармагында шарият өкүмдөрү менен башкарууга чакыруудан башташы туура болмок. Бирок бул өзүнчө талдоону талап кылган маселе. Аткени КМДБнын ишмердүүлүгүндө Аллахтын өкүмдөрүн жеткирүүдөн көрө, мамлекеттик саясаттын тапшырмаларын аткаруу басымдуулук кылат. Биз болсо бул жерде көңүлдү башка жагдайга бурабыз.

Акыркы жылдары мамлекет диний чөйрөнү көзөмөлдөөнү улам күчөтүп, диний ишмердүүлүккө коюлган талаптарды ырааттуу түрдө катаалдаштырып келет. Расмий түшүндүрмөлөрдө мындай саясат өлкөнүн светтик түзүлүшүн сактоо жана диндин коомдук-саясий процесстерге таасирин чектөө зарылдыгы менен негизделет. Бирок ошол эле учурда мамлекеттик органдар өздөрү мусулман коомчулугуна таасир этүүнүн эң натыйжалуу каражаттарынын бири катары диний таасирге кайрылып жатышат. Башкача айтканда, бир жагынан мамлекет диндин коомдук турмушка тийгизген таасирин чектөөгө аракет кылса, экинчи жагынан ошол эле таасирди өзүнүн социалдык жана административдик максаттарын ишке ашырууда пайдаланып жатат.

Дал ушул жерде табигый суроо жаралат: эгер мамлекет өзү демилгелеп чыккан учурда диний институттардын коомдук турмушка аралашуусу пайдалуу жана колдоого ээ деп бааланса, анда эмне үчүн ошол эле коомдук ишмердүүлүк диний уюмдардын же жарандардын өз демилгеси менен жүзөгө ашырылганда, «диндин коомдук турмушка кийлигишүүсү» кооптуулук катары бааланып, кээде иш укуктук куугунтукка чейин жетет? Мындай мамиле светтик принциптин кош стандарттуу колдонулуп жатканын көрсөтөт. Анткени бул учурда диндин коомдук турмушка аралашуусуна берилген баа анын мазмунуна же коом үчүн пайдалуулугуна жараша эмес, демилге ким тарабынан көтөрүлгөнүнө жараша аныкталып жатат.

Маселенин башка дагы бир маанилүү жагы бар. Мамлекет жол кыймылынын эрежелерин сактоого үндөөдө Исламдагы адеп-ахлактык баалуулуктарга жана диний насаатка кайрылуу аркылуу, иш жүзүндө Исламдын коомго тийгизген таасирин жана анын баалуулуктары адамдардын жүрүм-турумун калыптандырууда олуттуу рол ойношун моюнга алып жатат. Бул болсо коомдо туруктуу укуктук маданиятты жана тартипти калыптандыруу үчүн административдик чаралар, айып пулдар жана мыйзамдык чектөөлөр жетишсиз экенине ишарат кылууда. Коомдук тартипти сактоо үчүн адамдардын ички ишенимине жана баалуулуктарына таянган күчтүү адеп-ахлактык негиз да зарыл.

Бул жагдай адамдардын жүрүм-турумуна багыт бере алган күчтүү идеологиялык пайдубал керек экенин да ачыктоодо. Ал эми улутчулдукка карай багыт алган мамлекет, мындай милдетти толук аткара албайт. Жогорудагы көрүнүш жада калса, чоң капиталисттик мамлекеттерде да байкалат, ал эми улутчулдук вектор өзүн колдонууга жараксыз экенин эбак эле тастыктаган.

Ошол эле учурда бул демилге дагы бир маанилүү жагдайды айкын көрсөтүүдө. Эгер мамлекет социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө диний институттардын кадыр-баркына жана алардын коомго тийгизген таасирине таянууну зарыл деп эсептесе, анда бул Исламдын рухий, адеп-ахлактык баалуулуктары адамдардын аң-сезимин жана жүрүм-турумун калыптандырууда жогорку натыйжалуулукка ээ экенин кыйыр түрдө моюнга алуу болуп саналат. Дал ушул себептен адам өмүрүн ыйык сактоодо Аллах алдындагы жоопкерчилик, адилеттүүлүк, тартип, кичипейилдик жана жеке жоопкерчилик сыяктуу диний баалуулуктар күчтүү тарбиялык жөндөмгө ээ.

Ушул өңүттөн карай турган болсок, коомдук коркунучтарды алдын алууда рухий, адеп-ахлактык баалуулуктарга таянуу табигый көрүнүш болуп саналат. Бирок мамлекеттик саясаттын ырааттуулугу үчүн мындай баалуулуктардын натыйжалуулугун айрым учурларда гана пайдалануу жетишсиз. Эгер мамлекет алардын коомдук турмушка оң таасир бере аларын моюнга алса, анда бул мамиле конкреттүү саясий муктаждыктарга эле эмес, мамлекет менен диний мекемелердин өз ара мамилесин жөнгө салган так, ырааттуу жана бардыгына бирдей колдонулган принциптерге негизделиши керек.

Андыктан, секуляризмге жана убактылуу чараларга негизделген мамлекеттик саясаттын мындай айлакерлиги күткөн натыйжаны бере алабы? Же Ислам жеке инсан үчүн гана эмес, коом жана мамлекет үчүн да толук кандуу жашоо түзүм экенин моюнга алуу убактысы келип жеттиби? Аллах Таала айтат:

«…Же Китептин бир бөлүгүнө ишенип, бир бөлүгүн четке кагасыңарбы? Араңардан ким мындай ишти кылса, анын жазасы бул дүйнөдө кордук, ал эми Кыямат Күнүндө катуу азапка ташталат. Алла силердин кылып жаткан ишиңерден кабарсыз эмес» (Бакара, 2:85).

Абду Шүкүр

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button