Борбор Азия+Азербайжан Кеңешинин максаты эмне?

Борбор Азия+Азербайжан Кеңешинин максаты эмне?
31-июлда Ысык–Көлдө Борбор Азия жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын бейформал консультативдик жолугушуусу болуп өттү. Анда президенттер Чолпон-Ата декларациясына кол коюшту.
Жыйында президент Садыр Жапаров акыркы жылдары чек араларга байланыштуу тарыхый макулдашуулар жетишилгенин, бул өз ара ишенимдин чыңдалышына, аймактык кызматташтыкты сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыгарууга салым кошконун айтты.
Ал эми Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Борбор Азияда ири мунай иштетүүчү завод курууну сунуштады.
Өзбекстандын президенти өз сөзүндө Азербайжандын Консультативдик жолугушууларга кошулушу аймактын өз ара аракеттенүүсүн макрорегионалдык деңгээлге чыгара турганын билдирди. Ал Борбордук Азияны, Түштүк Кавказды жана Ооганстанды бириктирген бирдиктүү өнүгүү мейкиндигин түзүү боюнча тарыхый мүмкүнчүлүк ачылып жатканын кошумчалады.
2018-жылдан бери Борбор Азия башчылары гана катышып келген консультативдик кеңешке 2023-жылдан бери Азербайжан ардактуу конок катары катыша баштаган. Ал эми, 2025-жылы толук укуктуу мүчө макамына ээ болгон.
Борбор Азия+Азербайжан лидерлеринин жолугушуусу Жакынкы Чыгыштагы кырдаал жана Украина Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна жасаган дрон соккулары күчөп жаткан учурга туш келди. Бул жаңжалдар дүйнөдө анын ичинде региондо кара майдын кымбатташына алып келди. Мындай кризис Борбор Азияны башка аймактар менен байланыштырган коридорлордун маанисин дагы да жогорулатты. Маселен, учкучсуз учактардын соккуларынан улам Кара деңиз аркылуу өтүүчү мунай куурунун иши дээрлик үзгүлтүккө учурады. Казакстандын мунай экспортунун 80%га жакыны Кара деңизден өтөт. Бул болсо Казакстандын Ортоңку коридорду күчөтүүсүнө түрткү берүүдө. Мындай аракет табигый түрдө аймакты Орусиядан алыстатып, Азербайжан менен мамилени бекемдөөгө алып келет.
Ушул жерде буга чейин Азербайжан менен Кыргызстандын ортосунда тоңуп турган ири долбоорду эстетип өтүү да маанилүү. Буга чейин Кыргызстанда Азербайжандын SOCAR мамлекеттик компаниясы менен жылына 2 млн тонна күйүүчү май өндүргөн биргелешкен завод куруу макулдашылган. А бирок, Орусия өлкөнүн стратегиялык тармактагы монополиясын сактап калуу басымынан улам, долбоор ишке ашпай токтоп калган. Кечээ Азербайжан президентинин өлкөгө жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында, аталган долбоорду жандантуу аракеттери байкалды.
Демек, Борбор Азия + Азербайжан лидерлеринин жолугушуусу түпкүлүгүндө аймакты Россиядан алыстатуучу долбоорлордун бири. Бул Кеңеш Түрк мамлекеттер уюмуна кошумча күч берүүчү жыйын десек жаңылышпайбыз. Башкача айтканда, Американын аймактын байлыктарын өз көзөмөлүндөгү аймактарга тартып кетүү үчүн жасаган диверсификациялык аракеттеринин бири.
Жыйынтыктап айтканда, ири мамлекеттер Борбор Азия байлыктарына ээ болуу үчүн аймактагы стратегиялык жолдорду көзөмөлгө алууга кызыктар. Америка Борбор Азияны өз тарабына тартуу үчүн С5+Америка саммити, Түрк мамлекеттер уюму жана Борбор Азия+Азербайжан Кеңеши аркылуу аймактагы Россия менен Кытайдын таасирин алсыраткысы келет. Американын аймакты Россиядан алыстатуу аракеттери алдыга жылып жатканы менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн элиталарынын жана башкаруу аппаратынын олуттуу бөлүгүндө орустун таасири сакталып калган. Буга кошумча, орус тили дагы деле негизги байланыш куралы болуп саналат. Миграциялык көз карандылык, коргонуу тармагындагы кызматташтык да буга кошумча. Ал эми, Тажикстан менен Кыргызстандагы энергетикалык таасири акырындык менен алсырап барууда.
Кытай болсо экономикалык жана инфраструктуралык таасирин күчөтүп, соодадагы өз ара көз карандылыкты ырааттуу түрдө жогорулатып, насыя берүүнү кеңейтип, транспорт, энергетика тармагында алдыга жылууда.
Демек, Борбор Азия үчүн колонизатор мамлекеттердин таасир талашы келечекте мындан да артышы күтүлөт. Айрыкча, ресурстар үчүн күрөш күчөп жаткан мезгилде Борбор Азиянын мааниси дагы да артат. Андыктан, биз мусулмандар аймактагы стратегиялык жайларды, кен байлыктарыбызды бул державалардын айла-амалдары үчүн майдан кылып бербешибиз керек. Тескерисинче, Алланын өкүмүнө ылайык, каапырлардын биздин үстүбүздөн өкүм жүргүзүүсүнө жол бербөө үчүн биригип, мусулмандардын калканы болгон Халифалык мамлекетин тикелөөгө аракет кылышыбыз зарыл.
Акылбек Исаков




