Африканын көйгөйлөрүн Ислам гана чечет

Африканын көйгөйлөрүн Ислам гана чечет
2026-жылдын 21–22-июлунда, шейшемби жана шаршемби күндөрү Гананын борбору Аккра шаарында Cаламаттыкты сактоо боюнча Африка саммити болуп өттү. Саммит Cаламаттыкты сактоо тармагындагы эгемендүүлүктү бекемдөөгө, саламаттыкты сактоо кызматтары камтууга жетишүүгө, атап айтканда, 2030-жылга чейин СПИД менен кургак учукту жоюу боюнча континенттик аракеттерди тездетүүгө, ошондой эле энелердин өлүмүн азайтууга жана Африкада дары-дармектерди жергиликтүү өндүрүштүн көлөмүн кеңейтүүгө багытталды.
Бул тууралуу Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү чыгарган басма сөз баянатында мындай деп айтылды: саммитте талкууланган маселелерге назар салган адам алардын капиталисттик түзүмдүн табигый натыйжалары экенин көрөт. Бул Африкада жана башка жерлерде капиталисттик түзүмдүн колдонулушу жагынан да, ири капиталисттик мамлекеттердин Африка өлкөлөрүн колония кылышы жагынан да ушундай. Африка бул колониализмден башка аймактарга караганда көбүрөөк азап тартты. Анткени Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин, өзгөчө өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарынан тартып, ири капиталисттик мамлекеттердин Африка үчүн болгон колониалдык күрөшү күчөдү.
Басма сөз баянатында Африка континентинин байлыктары жана алар кантип ысырап болуп жатканы саналып, мындай деп айтылды: «Белгилүү болгондой, Африка дүйнөдөгү эң бай континенттердин бири. Айрыкча суу, айыл чарба, токойлор, баалуу жана стратегиялык кен байлыктар, ошондой эле мунай жана жаратылыш газы жагынан өтө бай. Бирок бул байлыктар анын элинин мүлкү болуунун ордуна колонизатор мамлекеттердин көз арткан олжосуна айланды. Натыйжада анын калктары дүйнөдөгү эң жакыр калктарга айланды. Мындан тышкары, Африка сабатсыздык көйгөйүнөн да жапа чекти, айрыкча Ислам өкүм жүргүзбөгөн өлкөлөрдө. Мунун натыйжасында Африка өз перзенттеринин миллиондогон өмүрүн колонизатор капиталисттик мамлекеттердин ортосундагы күрөштүн отуну катары курмандыкка берди».
Басма сөздө Африканын башына түшкөн көйгөйлөрдүн себеби дүйнөгө өз үстөмдүгүн таңуулап турган капиталисттик түзүм экени баса белгиленди: «Дүйнөдөгү балээлердин балээси — колонизатор капиталисттик түзүм. Ал Африканын жана башка өлкөлөрдүн байлыктарын тартып алды, ал жерлерде жеке эркиндиктерди ыйык тутууну калтырды жана өзүнө кызмат кылууга, өз пландарын ишке ашырууга тырышкан малайларды бийликке отургузду… Анын байлыктарды тартып алышы өтө оор жакырчылыкты пайда кылды. Жеке эркиндиктерди ыйык тутушу СПИД сыяктуу өлүмгө алып келүүчү ооруларды пайда кылды. Ал эми өз малайларын бийликке отургузушу саламаттыкты сактоонун начар болушуна, иштерге кам көрүүнүн начарлашына жана өтө оор жакырчылыкка алып келди».
Африка өзү башынан өткөрүп жаткан бул ачуу вакыйлыктан кутулушу үчүн мындай деп айтылды: Африканын бул ачуу вакыйлыктан кутулуусу үчүн туура мабданы кабыл алуудан башка жол жок. Жалгыз туура мабда — Ислам. Ислам менен мусулмандардын аң-сезими көтөрүлүп, колониализмден кутулат. Ислам менен туура ойгонууга жетишип, малай акимдерден кутулат. Ислам менен анын бардык көйгөйлөрү чечилип, талап-тонолгон байлыктарын кайтарып алат.
Соңунда басма сөздө мындай деп айтылды: Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү Африка калкына, андагы билимдүү адамдарга, пикир ээлерине жана таасирдүү адамдарга Ислам мабдасын сунуштайт. Анын акыйдасы адамдын акылын канааттандырган жана табиятына дал келген туура аклий акыйда, ал эми анын түзүмү ошол акыйдадан келип чыгат. Хизб аларды бул мабданы кабыл алууга, Африканын түрдүү өлкөлөрүндө ал жөнүндө жалпы пикирди пайда кылуу үчүн аракет кылууга жана туура, ар тараптуу ойгонууну жүзөгө ашырууга чакырат. Ошондой эле аларды ушул билдирүүнүн төмөн жагында көрсөтүлгөн веб-сайты, электрондук почтасы жана телефон номерлери аркылуу байланышууга чакырат. Бул аркылуу аларга ушул мабданын кеңири баянын жана анын адам көйгөйлөрүнө берген чечимдерин камтыган китептер менен басылмаларды берет.
Баянаттын соңунда Африкадагы мусулмандарга Аллах Табарака ва Тааланын төмөнкү сөзү эскертилди:
﴿فَإِمَّا يَأْتِيَنَّكُم مِّنِّي هُدًى فَمَنِ اتَّبَعَ هُدَايَ فَلَا يَضِلُّ وَلَا يَشْقَى * وَمَنْ أَعْرَضَ عَن ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنكاً﴾
«Анан, силерге Мен тараптан хидаят келгенде, ким Менин хидаятыма ээрчисе, жолдон адашпайт жана бактысыз болбойт. Ким Менин эскертмемден баш тартса, анда албетте, ал үчүн тар-бактысыз турмуш болот». (Таха: 123–124)
Роя гезити (Хизб ут-Тахрир)




