Роя гезити

Нетаньяху менен Кацтын Шейх тоосунун чокусундагы текебердигин Ислам аскерлеринин кошуундары гана токтотот

Нетаньяху менен Кацтын Шейх тоосунун чокусундагы текебердигин Ислам аскерлеринин кошуундары гана токтотот

Жөөттөрдүн премьер-министри Нетаньяху 2026-жылдын 9-сентябрында, келерки октябрь айына белгиленген Кнессетке шайлоо өнөктүгү менен бир убакта, оккупацияланган Сирия аймагындагы Шейх тоосуна өзүнүн үстөмдүгү жана текебердиги менен мактанып чыкты. Ал ошол жерде коргоочу күрмөсүн кийип тартылган видеодо: «Биз бул жерде, Шейх тоосунун чокусунда турабыз… Биз Шейх тоосунан Ярмук дарыясына чейин, андан ары Жер Ортолук деңизине чейин бүтүндөй аймакты көзөмөлдөп турабыз. Бул буга чейин болуп көрбөгөн толук көзөмөл», — деди. Ошондой эле «эч кандай террорчу армиянын биздин чек араларыбызда бекем орношуусуна» жол бербей турганын убада кылды.

Аны коштоп жүргөн Кац болсо: «Биз бул жерден Сириянын президентине — бул жерден 35 чакырым алыстыкта, Дамасктагы сарайында отурган президентке — абдан күчтүү жана ачык билдирүү жөнөтөбүз: биз бул жерде, Шейх тоосундабыз, биз коопсуздук аймагындабыз жана бул жерден кетпейбиз», — деди. Ал Сирияда өз күчтөрүнүн мындан ары да калышын «кандайдыр бир жихадий тараптан келүүчү коркунучтарга каршы туруу» максаты менен түшүндүрдү.

Буга жооп катары Сириянын Тышкы иштер министрлиги «Нетаньяхунун мыйзамсыз киришин жана Шейх тоосунда кыдырып жүрүшүн эң катуу сөздөр менен» айыптады. Министрлик бул аракетти «чагымчыл кадам, Сириянын эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана эл аралык укукту одоно бузуу» деп баалады. Ошондой эле яхудий күчтөрүнүн Сирия аймагына басып кирүүлөрү жана кол салууларынын уланышы аймактагы коопсуздук менен туруктуулукка коркунуч туудурган олуттуу эскалация экенин баса белгилеп, бул мыйзам бузуулардын кесепеттери үчүн оккупацияны толук жоопкерчиликтүү деп эсептеди. Андан соң (адаттагыдай эле) Бириккен Улуттар Уюмун, эл аралык уюмдарды жана таасирдүү мамлекеттерди бул кол салууларды токтотуу жана күчтөрдү ажыратуу жөнүндөгү келишимге кайтуу боюнча өз жоопкерчилигин аткарууга чакырды.

Шайбани: «Биз дипломатиялык чечим жолун карманабыз жана аны ишке ашыруу үчүн аракет кылып жатабыз», — деп билдирди. Ал Сирия эл аралык укукка жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставына ылайык жоопкерчиликтүү багытын улантарын жана өзүнүн улуттук укуктарын мыйзамдуу саясий жана дипломатиялык каражаттар менен коргой турганын баса белгиледи.

Ал эми Сириянын Адам укуктары боюнча кеңештеги өкүлү Ясир аль-Фархан: «Биз Кеңешти яхудийлердин колунда күч менен дайынсыз жоголгон сириялыктардын тагдырын жана алардын кайда экенин аныктоого көңүл бурууга, ошондой эле аларды бошотуу үчүн аракет кылууга чакырабыз», — деди.

Сириянын Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлү Ибрахим Олби болсо: «Сириянын уланып жаткан аймактык эскалацияга карата позициясы ачык болгон. Ал өзүнүн коңшуларынын эч бирине коркунуч туудурбай турганын бир нече жолу баса белгилеген», — деп айтты.

Ошондой эле Америка ортомчулук кылган яхудий мамлекети менен сүйлөшүүлөрдүн раунддары жана кеңири коопсуздук келишимине жетишүү аракеттеринин алкагында, ошол сүйлөшүүлөрдө чалгын маалыматтарын алмашуу механизмин түзүү боюнча макулдашылганы белгилүү.

Байкоочулар түздөн-түз максат — аймакта жаңы коопсуздук чараларына жетишүү боюнча кандай гана аракеттер болбосун тоскоол кылуу жана коопсуздук талаптарын Шейх тоосу сыяктуу стратегиялык жерде оккупацияны бекемдөө үчүн жамынчы катары пайдалануу экенин белгилешти. Ошондой эле байкоочулар оккупация бийлиги күчтүн тилинен башка тилди түшүнбөй турганын баса белгилеп, аны менен кандай гана келишимдер түзүлбөсүн, бул аны экспансиялык доктринасынан жана аймактагы оккупациялык ачкөздүгүнөн баш тарттыра албасын айтышты. Аналитиктердин пикиринде, Нетаньяхунун билдирүүлөрүнүн деңгээлин көтөрүп, географиялык карталарды көрсөтүүгө өтүшү — аскерий катышууну тарыхый жеңиш катары көрсөтүү аркылуу шайлоочуларды өзүнө тартуу аракети. Ал ички саясий абалы солкулдап турган учурда коркунуч факторун жана географиялык кеңейүүнү мөөнөтүнөн мурда башталган шайлоо үгүтү катары колдонууда.

Ал эми яхудийлердин тышкы иштер министри Гидеон Саар өз мамлекети Сирияда Түркиянын аскердик базаларынын болушун таптакыр кабыл албай турганын кайрадан билдирип, муну «кызыл сызык» деп атады.

Ал эми Исламга жана Шам революциясына каршы арамзалыгы жана кутумчулдугу менен белгилүү болгон Американын өкүлү Барак Шайбанинин аракеттерин жогору баалап, аны «ката кетирүүгө эч кандай орун жок аймакта чыңалууну басаңдатуу үчүн талыкпай жана олуттуу иштеп жаткан адам» деп мактады. Ошондой эле сабырдуулук менен диалог да күч көрүнүштөрүнүн бири экенин түшүнгөн өнөктөш бар экенине ыраазычылыгын билдирди.

Сириядагы саясий вакыйлыкты байкап жүргөн адам Нетаньяхунун жана анын коргоо министринин Сирия жеринде туруп алып мактанып, текебердениши жаңы нерсе эмес экенин түшүнөт. Бул кайра-кайра кайталанып жаткан көрүнүш, бирок ага каршы бул олуттуу окуянын деңгээлине татыктуу бир да намыстуу позиция көрсөтүлбөй келет. Алланын каарына калгандар Сириянын түштүгүндө эртели-кеч ээнбаштык кылып, каалагандай жүрүшөт: өлтүрүшөт, адамдарды уурдап кетишет, талкалашат, суракка алышат. Жер алардын жери, мекен алардын мекени сыяктуу мамиле кылышат. Анткени аларга берилген жооптун эң жогорку чеги — айыптоо, нааразылык билдирүү жана бул түзүмдүн ээнбаштыгы менен кылмыштарына шерик болгон эл аралык системага кор болуп арыздануу гана болуп калды. Эгер бийликте ага: «Эй, каапырдын уулу, жооп — укканың эмес, көргөнүң болот», — деп айта турган Ислам эр-азаматтары болгондо, бул ээнбаш өз билдирүүлөрүндө мынчалык текебердене алмак эмес. Кордукту, баш ийүүнү жана моюн сунууну көргөндөн кийин ал «буга уруксат берем, тигиге уруксат бербейм» деп күркүрөп, күүлөнүп жатат. Ошентип, ал чектен өтө катуу чыгып кетти. Эми ага өзүнүн чыныгы көлөмүн Аллахтын ихластуу пенделери гана көрсөтөт: алар үйлөрдүн арасына чейин кирип барып, аны жана анын кылмышкерлерин жок кылып, изин гана калтырышат.

Ошондой эле Сириянын өткөөл мезгилдеги башкаруусунун бул ээнбаштыкка жана кылмыштарга карата билдирүүлөрүнө кылдат назар салган адам яхудийлердин ар бир текебердиги жана кеңейүүсү учурунда кайталана берген, жадатма билдирүүлөр экенин көрөт. Алар ар бир кол салууда душмандардан кор болуп жардам суроодон ары өтпөйт. Момундарга карата туугандыкты да, келишимди да сактабагандар менен кандай мамиле кылуу керектиги тууралуу тарыхта түбөлүк калган позициянын ээси халифа Харун ар-Рашидди Аллах рахмат кылсын.

Биз муну көп жолу айтканбыз жана дагы кайталайбыз: яхудий түзүмү — жалаа жабуучу жана кыянатчыл коом. Алар өз кызыкчылыктарына кызмат кылган жана өздөрү да убактылуу экенин түшүнгөн түзүмүнүн жашап турушун бекемдеген нерседен башка эч нерсеге маани беришпейт. Алардын түзүмүнө коркунуч туудурган «экзистенциалдык коркунуч» тууралуу кайра-кайра айткан билдирүүлөрү — аларды жана алардын тарапкерлерин кайтып келгис кылып тамыры менен жулуп кете турган үммөттүн келе жаткан бороонун сезип жатканынын гана белгиси.

Алар менен кордукка толгон сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү — Трамп түртүп жаткан нормалдаштыруу кылмышына жана «Ибрахим келишимдерине» жол ачуу гана. Бул акыреттен мурда эле бул дүйнөдө кордукка, басынууга жана өкүнүчкө алып баруучу жол. Анткени Америка оорунун очогу жана балээнин башаты. Ал өз максаттарына, кызыкчылыктарына жана багыттарына кызмат кылуу үчүн биздин азаптарыбыз менен жараларыбызды узартып келет. Анын артынан ээрчиген акимдерге болсо жүзү кара болуу жана жаман акыбеттен башка эч нерсе тийбейт. Муну мурда ага көз каранды болуп, кызмат кылган Пакистан акимдеринин айрымдары да билдиришкен. Америка өзүнүн куралдары жана малайларынан келген кызыкчылыгы бүтөрү менен аларды колдонулган бут кийимдей таштанды челегине ыргытып жиберет. Биз дайыма айтып келгенбиз: Аллахтын ыраазылыгы менен Америка жана Батыштын ыраазылыгы — бири-бирине карама-каршы, эч качан бирикпей турган эки башка нерсе. Кеч болуп кала электе мындан сабак алуучу барбы?!

Ал эми кризиске баткан яхудий түзүмү менен болчу жалган тынчтык тууралуу сөз — суусаган адам суу деп ойлогон закым сыяктуу. Бул жолго үммөттүн жана анын революциясынын негизги принциптеринен четтеген, кыйроого бет алган адам гана түшөт. Ал принциптердин башында туткундарды жана Исра жерин бошотуп, мубарак Палестина жерин баскынчы душмандан жана анын ыйык жайларды булгоосунан тазалап, кайрадан толугу менен Ислам жери кылган мамлекеттин көлөкөсүндө Исламды өкүм кылуу турат.

Яхудий түзүмү — жерди басып алган коркок жана жүрөксүз түзүм. Ал биз менен дубалдардын артынан гана согушат. Мусулмандардын жетекчиси жана имамы жок болуп турган учурда ал каалагандай ээнбаштык кылууда. Ал эми мусулмандардын жетекчиси жердин чыгышында же батышында болсун, бир аялдын же баланын жардам сураган үнүнө жооп берүү үчүн аскерлерди аттандырат; мусулмандардын чачыраганын бириктирип, күчтөрүн бир бүтүн кылып, алардын кубатын Аллах менен Анын Расулун ыраазы кыла турган жана Аллахтын бардык душмандарын капа кыла турган нерсеге багыттайт.

Биз Аллах Ислам менен азиз кылган коомбуз. Эгер азиздикти андан башкадан издесек, Аллах бизди кор кылат. Ислам үммөтүнүн перзенттери, айрыкча анын күч ээлери, биздин кутулуубуз күчүбүздүн булагы болгон мамлекетибизди кайра тикелөөдө гана экенин түшүнмөйүнчө, биз адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы үммөт деген чыныгы даражабызга кайта албайбыз жана диндин азиздиги менен даңкы да кайтып келбейт. Анткени бул үммөттүн акыркысынын абалы анын алгачкысы оңолгон нерсе менен гана оңолот т.а. ишти ага татыктууларга тапшыруу, Ислам мамлекетинин көлөкөсүндө Ислам менен өкүм жүргүзүү жана Аллахтын душмандарынын мурдун жерге сүрүү менен гана оңолот. Ошондо фатх жана азаттык аскерлери кайрадан аттанып, Исламдын рисалатын жердин чыгышы менен батышына даъват жана жихад жолу менен чыныгы түрдө жеткирет. Ал күн, Аллахтын уруксаты менен, сөзсүз келет.

Мына ушул — кутулуу жолу жана анын эшигинин ачкычы. Ушундай улуу жакшылык үчүн аракет кылуучулар аракет кылышсын.

Роя гезити

Устаз Насир Шейх Абдулхай

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button