Макала

Жапаров Кытай менен “кызматташуудан” түшкөн пайданы ашыра көрсөтүүдө

Жапаров Кытай менен “кызматташуудан” түшкөн пайданы ашыра көрсөтүүдө

Садыр Жапаров Кытайдын Кыргызстандагы күндөн-күнгө күч алып жаткан таасирине байланыштуу күчөп жаткан нааразычылыктар тууралуу билдирүүсүн карап чыксак, анын Кытайга карата мамилесинен да, бул маселени коомчулукка кандай түшүндүрүп жатканы кызык көрүнөт.

Мамлекет башчысы чет элдик жумушчулардын санынын көбөйүшү, жер тилкелерин берүүнүн шарттары, мамлекеттик буйрутмалар, жергиликтүү бизнестин катышуусу жана инвестициялык келишимдердин ачыктыгы сыяктуу конкреттүү суроолорго жооп берүүнүн ордуна, маселени башка нукка буруп жатат. Анын айтымында, Кытай Кыргызстанга технология жана инвестиция алып келип жатат, ал эми буга байланыштуу нааразычылыктарды «ички жана тышкы күчтөр» атайылап күчөтүп жатышат.

Бул маселени түшүндүрүүнүн кыйла ыңгайлуу жолу. Бирок саясий жактан алганда, бул жерде негизги суроону башка нукка буруу жана эки башка нерсени бири-бирине байланыштыруу аракети көрүнүп турат.

Кытайдын инвестициясы, же анын Кыргызстандагы экономикалык таасири тууралуу суроо берип жаткан адамдардын баарын эле автоматтык түрдө Кытайга каршы күч катары кароого болбойт.

«Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолунун курулушун, энергетикалык объектилердин ишке ашырылышын жана өлкөгө жаңы технологияларды тартуу бирге, кыргыз компанияларынын мамлекеттик жана ири долбоорлордон үлүш алышын, кыргыз адистеринин жумуш менен камсыз болушун жана мамлекеттин мындай кызматташтыктан реалдуу, ачык-айкын жана өлчөнө турган экономикалык пайда көрүшүн талап кылуу орундуу.

Ал эми, «муну Кытайсыз өзүбүз кура алат белек?» деген суроонун коюлушунун өзү эле маселени башка нукка буруу болуп эсептелет.

Албетте, Кыргызстанда татаал жабдуулардын жана заманбап технологиялардын олуттуу бөлүгү өндүрүлбөй турганын моюнга алуу керек. Бирок мындан улам бүтүндөй курулуш ишин чет элдик компаниянын колуна тапшырып берүү керек деген жыйынтык чыкпайт.

Өлкөдө жок технологияларды жана жабдууларды сырттан сатып алуу же зарыл болгон учурда чет өлкөлүк инженерлерди тартуу башка маселе. Ал эми кыргызстандык курулуш компаниялары аткара ала турган иштерди да чет элдик подрядчыларга берүү таптакыр башка нерсе.

Дал ушул жерде: “колонизаторлордун капиталын зарылчылыкка жараша тартуунун чеги кайсыл жерден бүтүп, өлкөнүн өз өндүрүшүн сүрүп чыгаруу кайдан башталат?” деген негизги суроо жаралууда.

Кытайдын Кыргызстандагы иш алып баруусу өзүнөн-өзү эле көйгөй болуп саналбайт. Көйгөй инвестициялык долбоорлор чет элдик капитал, чет элдик башкы подрядчы, чет элдик жабдуулар жана чет элдик жумушчулар менен ишке ашкан учурда жаралат. Ал эми кыргыз тарапка жер, инфраструктура, салыктык жеңилдиктер жана келечектеги пайда деген куру убадалар гана калат.

Мындай учурда мамлекет Кытайдын технологиялык жактан канчалык өнүккөнү жана бул технологиялар Кытайдын өзүн кандай өнүктүрүп жатканы тууралуу эмес, алардын Кыргызстанга кандай пайда алып келери тууралуу түшүндүрүшү керек.

Дал ушул жерде президенттин Кыргызстан баарын «жүз пайыз өзүндө алып калат» деген жүйөсү өзгөчө күмөндүү угулат, анткени мындай билдирүү чыныгы абалга дал келбейт.

Өнүгүү үчүн технологияны өткөрүп берүү, бул импорттолгон жабдуулар менен иштөөгө бир нече операторду үйрөтүп коюу менен эле чектелбейт. Технология чындап өткөрүлдү деп кыргызстандык адистер аны өз алдынча тейлеп, оңдоп, жаңыртып, ал эми келечекте өздөштүргөн технологияны өздөрү кайра өндүрө алган учурда гана айтууга болот.

Демек, суроо «Кытай завод курдубу?» деп эмес, «Бул долбоор ишке ашкандан кийин Кыргызстан мурда жасай албаган эмнени өз алдынча жасай ала турган болду?» деп берилиши керек.

Көйгөйдүн эң негизги жагы анын саясий өңүтү.

Азыркы бийлик үчүн Кытайдын ири долбоорлору абдан ыңгайлуу. Анткени алар кыска убакыттын ичинде көзгө көрүнгөн натыйжаны көрсөтүүгө, тактап айтканда, жолдорду, заводдорду, энергетикалык объектилерди, логистикалык борборлорду жана темир жолдорду курууга мүмкүнчүлүк берет. Президент үчүн, айрыкча шайлоо жакындап калганын эске ала турган болсок, бул абдан чоң саясий капитал: коомчулукка «биздин тушубузда өлкө курулуп жатат, биз бийликте турганда инвестициялар келип жатат, Кыргызстан биз башкарып жаткан маалда изоляциядан чыгууда» деп көрсөтүүгө ыңгайлуу мүмкүнчүлүк.

Бирок ири чет элдик долбоорлор саясий жактан гана ыңгайлуу эмес. Алар жер бөлүштүрүү, мамлекеттик заказдарды берүү, жүк ташуу, логистика, уруксат кагаздарын алуу, субподряддарды бөлүштүрүү жана курулган объектилерди иштетүүгө байланышкан ири экономикалык пайда чөйрөсүн түзөт.

Дал ошондуктан бул багытта ачык-айкындуулук өзгөчө маанилүү.

Бул Жапаров Кытайдын долбоорлорунан жеке өзү пайда көрөт дегенди билдирбейт. Бирок бул жерде көзгө даана көрүнгөн системалык кызыкчылык бар: долбоорлор канчалык ири болуп, алардын шарттары канчалык жабык болсо, мамлекеттик чечимдерди кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар адамдардын колуна ошончолук көп каржылык ресурс топтолот.

Ал эми бул маселе түздөн-түз кыргыз бийлигинин азыркы башкаруу түзүмүнө барып такалат.

Тез арада пайда көрүү жагынан алганда, жүздөгөн көз карандысыз кыргыз ишкерлерине караганда бир ири чет элдик инвестор, аткаминерлер үчүн кыйла ыңгайлуу болушу мүмкүн. Бир ири өнөктөш менен мамлекеттик деңгээлде сүйлөшүп, келишим түзүп, андан соң коомчулукка даяр натыйжаны көрсөтүп коюу оңой.

Ал эми миңдеген жергиликтүү компаниялар менен иштөө үчүн атаандаштыкты камсыз кылган, ачык-айкын тендерлерди өткөргөн, баарына бирдей эрежелерди колдонгон, көз карандысыз сот системасына таянган жана чыныгы рыноктук шарттарды түзгөн институттар керек.

Башкача айтканда, жергиликтүү бизнести өнүктүрүү бийликтин түз көзөмөлүнө оңой баш ийбеген, эрежеси ачык жана атаандаштыкка негизделген институттарды түзүүнү талап кылат.

Ушундан улам:азыркы бийликтин капиталисттик түзүмү чындап эле көз карандысыз кыргыз ишкердигин өнүктүрүүгө кызыкдарбы?” деген дагы бир суроо жаралат. Же саясий жана административдик жактан алганда, ири чет элдик инвесторлорго жана алар менен байланышкан жергиликтүү өнөктөштөргө таянуу кыйла ыңгайлуубу?

Бирок мамлекеттик саясат «Кытайды колдоо» же «Кытайга каршы туруу» деген эки тандоонун бирине гана келип такалбашы керек. Ошондой эле Кытайдын өлкөдөгү таасирин ар кандай сындан коргоп, актап отуруу да туура эмес. Кыргызстан биринчи кезекте өз жарандарынын кызыкчылыгын коргоп, чет элдик инвесторлорго өзүнүн шарттарын так коюп, алардын аткарылышын талап кыла билиши керек.

Эгер Кыргызстанга кытай технологиялары керек болсо, анда технология менен кошо иш тажрыйбасын жана зарыл болгон билимди кыргыз адистерине чындап өткөрүп берүү келишимде так көрсөтүлүшү керек.

Эгер чет элдик адистерди тартуу зарыл болсо, алардын эмне себептен керек экени негизделип, бул зарылчылык документтерде ачык көрсөтүлүүгө тийиш.

Ал эми ири объект курулуп жаткан болсо, курулуш, подряд жана башка иштердин мүмкүн болушунча чоң бөлүгү кыргызстандык компанияларга берилиши керек.

Ошондуктан бүгүнкү күндөгү маселе «Жапаров эмне үчүн Кытайды жакшы көрөт?» деген суроодо эмес. Кытай Кыргызстан үчүн маанилүү өнөктөш болушу мүмкүн жана аны менен кызматташуу кайсы бир даражада чындап зарыл. Бирок маселенин өзөгү таптакыр башкада: эмне үчүн бийлик жарандарды Кытай менен кызматташуу зарыл экенин жүйө кылып, ошол кызматташуунун шарттарын түшүндүрүп берүүдөн өзүн качырууга аракет кылып жатат?

Жапаров үчүн азыркы саясатты улантуу бир эле учурда эки жагынан тең ыңгайлуу.

1.Саясий жактан ири долбоорлор кыска убакытта көзгө көрүнгөн натыйжа көрсөтүүгө, «куруучу президент» деген образды бекемдөөгө жана экономикалык жетишкендиктерди түздөн-түз өзүнүн бийлиги менен байланыштырууга мүмкүндүк берет.

2. Экономикалык жактан ири инвестициялардын айланасында жер бөлүштүрүү, мамлекеттик заказдар, подряддык иштер, инфраструктура жана мамлекеттик институттар аркылуу бөлүштүрүлүп же көзөмөлдөнгөн башка ресурстар топтолот. Долбоор канчалык ири болсо, аны бөлүштүрүүгө таасир эткен адамдар үчүн ыктымалдуу пайда да ошончолук чоң болот.

Мусулмандардын үстүнөн жеке пайданы чексиз көздөөгө жана өз бийлигин сактап калууга негизделген капитализм өкүм сүрүп турган чакта, башкаруучулардын диктатуралык системаны уламдан-улам бекемдөөгө болгон кызыкчылыгы да күчөй берет. Ошондо жарандардын ыңгайсыз суроолоруна да жооп бербей коюуга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Хужжат Жамиа

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button