Ливия майданындагы акыркы окуялар

Ливия майданындагы акыркы окуялар
Бир нече аптанын ичинде Ливия оор окуялардын туңгуюгуна кирди. Триполинин батышында жайгашкан Завия шаарындагы мунай иштетүүчү завод учкучсуз учуучу аппараттар менен соккуга кабылып, мунай сактоочу резервуарларда катуу өрт чыкты. Белгилүү болгондой, бул завод өлкөнүн батышындагы күйүүчү май керектөөсүнүн чоң бөлүгүн камсыздайт. Бул окуя болсо өлкө күйүүчү май кризисинен жапа чегип жаткан учурда болду. Андан соң электр энергиясы кризиси жана анын элге берилбей үзгүлтүккө учурашы дагы бир жаңы көйгөйдү кошту. Мындан тышкары, Ливиянын Борбордук банкынын башчысы отставкага кетти. Анын отставкасы азырынча кабыл алына элек, ал болсо анын себептерин «сезимтал» деп мүнөздөдү.
Дал ушул учурда Хафтардын аскерий чалгын кызматынын мүдүрү өлтүрүлдү. Андан эки апта мурда «конституциялык монархиялык түзүмдүн» жактоочулары деп аталгандардын айрым топтору, саны көп болбосо да, чогулуштарды өткөрүштү. Белгилүү болгондой, булар падыша Идрис ас-Санусинин доорундагы мураскер ханзааданын уулу Мухаммад Хасан ас-Санусини алдыга сүрөшүүдө. Мухаммад болсо өткөн кылымдын сексенинчи жылдарында Ливиядан чыгып кеткенден бери азыр Британияда жашайт.
Бул окуяларды талкуулай турган болсок, анда биз чоң суроону берүүгө акылуубуз: бул олуттуу окуялардын ортосунда байланыш барбы?!
Биз Ливиянын жөнгө салуу жолунан тездик менен алыстап баратканын көрүп турабыз. Алардын эң маанилүүсү Американын Массад Булос долбоору. Ал бул долбоорду эки ай мурда, Америка президенти Трамп тапшырган милдет менен Ливияга жасаган сапарынан кийин сунуштаган. Ошол учурда сапардын экономикалык мүнөзү ачык көрүнгөн эле. Бирок сапардан көп өтпөй ал кризисти жөнгө салуу боюнча өз долбоорун жөнөттү. Анын тексттери Министрлер кеңешине жана Мухаммад аль-Манфи төрагалык кылган Мамлекеттин Жогорку кеңешине жөнөтүлдү. Ошондой эле анын бир нускасы Хафтарга, дагы бир нускасы Акила Салихтин Өкүлдөр палатасына жөнөтүлдү. Акила Салихтин Өкүлдөр палатасы, Мамлекеттин Жогорку кеңеши, жергиликтүү айрым партиялар, учурдагы вакыйлыктан пайда көрүп жаткан аймактык таасирдүү адамдар жана айрым куралдуу бригадалар — бул тараптардын баары долбоорго каршы экенин билдиришти. Анткени алар муну өздөрүн четтетүүгө багытталган долбоор деп көрүштү.
Бул долбоор аксап, ага каршы күчтүү каршылыктар пайда болгондон кийин Ливиянын батышында күчтөр даярдыкка келтирилип, чыгышында болсо, өзгөчө Акила Салихтин Өкүлдөр палатасында долбоорду ишке ашыруу жайлады. Анткени алар бул долбоор өздөрүн бутага алып жатат деп эсептешти жана аны өзгөртүү боюнча сунуштар айтылды. Ушул окуялардан кийин монархияга чакырган топтордун чогулуштары болду. Андан соң электр энергиясы кризиси келип чыгып, өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүндө электр жарыгы өчтү. Жооптуу адамдар болсо бул үчүн бири-бирин айыптап, жоопкерчиликти бири-бирине оодарышты. Андан кийин Триполинин батышындагы мунай иштетүүчү завод бомбаланып, абалды ого бетер оорлотту.
Ошол эле учурда Ливиянын Борбордук банкынын башчысы отставкага арыз берди. Анын отставкасы азырынча кабыл алына элек, ал мунун себептерин «сезимтал» деп мүнөздөдү. Ошондой эле Хафтардын аскерий чалгын кызматынын башчысы генерал-майор Фавзи аль-Мансури өлтүрүлдү. Ал кризистин көпчүлүк сырларын билген жана окуялардын жүрүшүнө тиешеси бар адамдардын баарын — иш тапшырылган адамдар болобу же ага жакын тургандар болобу — жакшы тааныган адам эле. Ал Хафтарга жакын болуп, Ливиянын чыгышындагы коопсуздук түзүмүнүн эң маанилүү таянычтарынын бири болгон. Кылмыш Бенгазиде болгон, бул шаар болсо Хафтардын коопсуздук аймагы болуп саналат. Анда эмне үчүн ушундай учурда бул өлтүрүү кылмышы жасалды?!
Жыйынтыгында, бул удаалаш «атайылап жасалган» кризистерден жана тездик менен өнүгүп жаткан окуялардан кийин, ошондой эле өлкөнүн батышында каржыланып жаткан айрым аракеттерди эске алуу менен, мунун баары Ливия үчүн жүрүп жаткан курч эл аралык күрөштүн күчөп жатканын жана анын байлыктарына, өзгөчө Ормуз кысыгы жабылгандан кийин энергетикалык ресурстарына үстөмдүк кылуу үчүн жарыш жүрүп жатканын айтсак болот. Эми күрөш кайсы адамдарды алдыга сүрүүгө болоруна жетип келди. Бул жардыруулар жана окуялар карталарды аралаштыруу, өлкөнүн батыш жана түштүк бөлүктөрүн, ал жерлердеги мунай жана газ байлыктарын ээлеп алууга аракет кылуу үчүн жасалууда. Алар өлкөнүн байлыктары үчүн ошол эле өлкөнүн өз уулдарын пайдаланып күрөшүп жатышат!
Аллах Субханаху ва Таала мусулманга Аллахтан башкага валийлик кылууну арам кылган. Ал бизге катъий кабар берип мындай дейт:
﴿أَأَرْبَابٌ مُّتَفَرِّقُونَ خَيْرٌ أَمِ اللَّهُ الْوَاحِدُ الْقَهَّارُ﴾
«…чачыранды-түрлүү-түмөн «кудайлар» жакшыраакпы же болбосо жалгыз жана үстөмдүк кылуучу Аллабы?» (Юсуф: 39). Анда бул замандын кожоюндары Батыш мамлекеттеринен болгон адам кейпиндеги шайтандар болсо эмне дейбиз?!
Роя гезити
Устаз Ахмад аль-Мухаззаб




