Роя гезити

Йемендин батыш жээги – доомат менен чыныгы себептердин ортосунда!

Йемендин батыш жээги – доомат менен чыныгы себептердин ортосунда!

Йемендин өкмөттүк күчтөрү өткөн октябрь айынын башында, хусийлер басып алгандан бир айдай убакыт өткөн соң, Бабел-Мандеб кысыгындагы Зу-Баб жана Кахбуб тоолорундагы аймактарды кайрадан өз көзөмөлүнө алышты. Бул «Йемен таңы» деп аталган аскердик операциянын алкагында ишке ашырылган. Алардын айтымында, бул операция акыркы окуялар учурунда колдон чыгарылган, хусийлердин көзөмөлүндөгү аймактарды кайра кайтарып алууну, борбор калаа Санага чейин жетүүнү жана мамлекеттик мекемелерди кайрадан өз көзөмөлүнө алууну көздөйт. Бул окуялар Йеменде уланып жаткан аскердик кырдаал курчуп турган шартта болуп жатат. Бул 2022-жылдын апрель айында БУУнун ортомчулугу менен жарыяланган жарашуудан кийинки салыштырмалуу тынчтык аяктагандан берки эң кеңири масштабдагы аскердик чыңалуу болуп эсептелет.

2026-жылдын 15-ноябрында, жекшемби күнү, түштүктөгү «Амалик» бригадалары, Шабваны коргоо күчтөрү, «Саика» бригадалары жана башка күчтөр жээктеги Мудараба жана Расул-Ара аймактарынан Хор-Умайра жана Сукья аймактарына, Аден тарапка чегингенин жарыялашты. Бул чегинүү тууралуу жергиликтүү жана дүйнөлүк маалымат каражаттарындагы билдирүүлөр бири-биринен айырмаланды. Шаиъ Зинданийдин өкмөтүндө жакында маалымат министри болуп дайындалган Салим Сабит Авлакий муну согуштук жөндөмдүүлүктү жогорулатуу, маанилүү аймактарды бекемдөө жана камсыздоо жолдорунун коопсуздугун камсыз кылуу максатындагы аскердик күчтөрдү кайра жайгаштыруу катары сыпаттады. Ал бул кадамдын Таизди курчоодон чыгаруудагы маанисин белгилеп, бардык фронттордогу аскердик жана коопсуздук түзүмдөрү жетишилген ийгиликтерди коргоо, мамлекеттин бийлигин жана анын мекемелерин калыбына келтирүү, ошондой эле хусийлердин козголоңун токтотуу үчүн бирдиктүү сапта турганын, майдандагы өзгөрүүлөр алардын бекемдигин, уюшкандыгын жана туруктуулугун гана арттырарын айтты.

Ал эми йемендик аскердик жана стратегиялык эксперт, бригадалык генерал Сабит Хусейн Салих бул чегинүү хусийлерге майдандык, стратегиялык жана моралдык артыкчылыктарды алып келиши мүмкүн болгон аскердик артка кетүү деп эсептейт.

Бүгүнкү күн кечээги күнгө кандай гана окшош! Анткени бул биринчи тактикалык чегинүү жана күчтөрдү кайра жайгаштыруу эмес. Буга чейин да көптөгөн жана кайталанган чегинүүлөр болуп, алардын жүрүшүндө хусийлер өз көзөмөлүндөгү аймактарды кеңейтишкен.

Хусийлер тараптан Санадагы «Саба» маалымат агенттиги болуп өткөн окуяны «батыш жээктин толук бошотулушу» жана коалиция тарабынан колдоого алынган күчтөрдүн жеңилиши катары сыпаттады. Агенттик бул чегинүү Мударабадагы Хараз фронтунда ийгиликтүү жүргүзүлгөн айланып өтүү аскердик операциясынын натыйжасында болгонун, анын кесепетинен аталган күчтөр кысымга алынып, качууга аргасыз болгонун белгиледи.

«Рейтер» агенттиги бул чегинүүнү Сауд Арабиясы колдоп жаткан аскердик кампаниянын олуттуу ийгиликсиздиги, атүгүл жээкти кайра кайтарып алуу үчүн алты жума бою уланган каршы чабуулдун аякташы катары сыпаттады. Ошондой эле Батыштын маалымат каражаттары хусийлердин Бабел-Мандебди көзөмөлгө алышын Ирандын Ормуз кысыгындагы кеме каттамдарына тоскоолдук кылууну улантып жатканы менен байланыштырып, бул «кош тараптуу кысым» Булуңдагы мунай өндүрүүчү өлкөлөрдү Суэц каналына алып баруучу негизги жүк ташуу жолдорунан обочолонтуп жатканын белгилешти.

«Франс Пресс» агенттиги аскердик жана өкмөттүк булактарга таянып, хусий күчтөрү Аден шаарынан 60–80 чакырым алыстыкта жайгашканын, бул өкмөттүк күчтөрдү шаардын айланасына коргонуу курулмаларын курууга жана окопторду казууга түрткөнүн билдирди. Ал эми «Аль-Арабий аль-Жадид» жана «Аль-Кудс аль-Арабий» гезиттери аскердик булактарга жана талдоочуларга таянып, хусийлердин Лахждагы Хараз жана Хор-Умайра аймактарына көздөй илгерилешинен кийин Зу-Баб жана Бабел-Мандебдеги күчтөр курчоодо калуу коркунучуна туш болгонун, мунун натыйжасында Аденден келген камсыздоо жолдору үзүлүп калуу мүмкүн экенин билдиришти.

Сауд Арабиясынын жана араб өлкөлөрүнүн гезиттеринде, мисалы, «Аль-Жазира» гезитинде жарыяланган талдоолордо бул чегинүүнүн себептери жергиликтүү күчтөрдүн түзүмүндөгү бөлүнүп-жарылуудан келип чыккан ички көйгөйлөргө байланыштырылды. Алардын катарына жетекчиликтин көптүгү, согушуп жаткан түзүмдөрдүн ортосундагы координациянын начардыгы жана айлык акыларын үзгүлтүксүз алып турган башка түзүмдөргө салыштырмалуу фронттордо көп сандагы аскерлердин жоктугу кирет. Ал эми өкмөттүк күчтөрдүн, түштүк күчтөрүнүн жана Өткөөл кеңештин маалымат каражаттары муну «коргонуу тактикасы» деп аташты. Алар эң негизги артыкчылык борбор калаа Адендин жана түштүк провинциялардын коопсуздугун камсыз кылуу, Расул-Ара жана Мударабадагы коргонуу линияларын кайра уюштуруу экенин баса белгилешти. Ошону менен бирге, Таиз шаарын курчоодон чыгаруу үчүн Вазия жана Кахбуб сыяктуу башка фронттордо аскердик операциялар уланып жатканын белгилешти. Бул тууралуу «Аль-Жазира нет» да кабарлады.

Ал эми Моха изилдөө борбору бул чегинүү күтүүсүздүк жана башаламандык менен коштолгонун, жергиликтүү калк камакка алынуудан коркуп, Хоха тарапка көчүп кеткенин белгиледи. Бул Йемен өкмөтүнүн курамындагы тараптар менен коалициянын ортосунда жашыруун саясий келишпестиктердин бар экендиги тууралуу суроолорду жаратты. Ошондой эле бул чегинүү таасир аймактарынын бөлүштүрүлүшүн бекемдеп, Таизди курчоодон чыгаруу үмүтүн жокко чыгарышы мүмкүн деген кооптонууларды пайда кылды. Бул тууралуу Британиянын «Мидл Ист Ай» сайты да белгиледи.

Хизб ут-Тахрирдин амири, улуу аалым Ата ибн Халил Абу Рашта тарабынан 2026-жылдын 27-сентябрында чыгарылган «Йемендеги аскердик окуялардын өңүттөрү» аттуу суроо–жоопту терең ой жүгүртүп окуган адам анда төмөнкүлөр айтылганын көрөт:

«Йемендин батыш жээгиндеги хусилердин чабуулдары менен болгон жана болуп жаткан окуяларды жана хуситтер дээрлик бүт жээкке жакындап калганын эске алганда, Америка Адендеги Йемен өкмөтүнө жардам берүү үчүн эч кандай кадам таштаган жок. Ошондой эле Хуситтердин чабуулдары ага жеткенге чейин барса да Сауд Арабиясы буга каршы эч кандай кадам таштаган жок. Бул Омандын борбору Маскатта хуситтердин өкүлдөрүнүн америкалыктар менен жолугушууларына жана Аден өкмөтүнүн өтүнүчүнө карабастан, Американын Йемен батыш жээгиндеги хуситтердин чабуулдарына жооп кайтарууга кийлигишпөөсү жөнүндөгү жогоруда айтылган билдирүүлөргө кошумча. Мунун баары Йемендин батыш жээгинин көпчүлүк бөлүгүн хуситтердин басып алышы Америка менен Сауд Арабиясынын макулдугу менен болуп жатканын жана ал төмөнкү үч максатка туура келерин көрсөтүп турат:

Биринчиси: Йеменди башкарууга хуситтерди тартуу жана аларга башкаруудагы негизги ролду берүү, андан кийин акырындык менен Йемендеги британия малайларын бийликтен четтетүү. Айрыкча, Йемендеги Британ жолдоочуларынын баары жок кылынбагандыктан, алардын айрымдары Президенттик Кеңештин ичинде жана анын айланасында болушкандыктан, аларды четтетүү зарыл...».

Экинчиден: бул маселе Ирандагы режимди азгырып өзүнө тартуу жана Америкага карата жумшак позицияны ээлөөгө жол ачуу каражаты болуп саналат…

Үчүнчүсү: жоокер үчүн эс алуу маселеси, анткени Америка бир айдан кийин орто мөөнөттүү шайлоолорго туш болот…» Шайлоо процесси кырдаалды, айрыкча куралдуу кагылышууну шайлоо аяктаганга чейин тынчтандыруу керектигин талап кылат.

Көрүнүп тургандай, бул үч максат, өз-өзүнчө же жалпысынан, Америка менен Сауд Арабиясынын Йемендин батыш жээгин хуситтер басып алганына натыйжалуу жооп кайтарбагандыгынын артында турат. Ошондуктан хуситтер батыш жээгин оңой эле басып алды!

Ошентип, биз Йеменде англо-америкалык чыр-чатактын күчөп жатканын көрүп жатабыз, бирок ал аймактык жана жергиликтүү малай куралдар менен ишке ашууда. Анын эли бул чыр-чатактын отуну болуп саналат жана ондогон жылдар бою андан абдан көп жабыркап келет. Бул жергиликтүү куралдар элди эмес, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын ойлошот. Ошондуктан, Йемен үчүн согушуп жаткан колонизатор державалардын өз таасирин сактап калуусуна жана кеңейтүүсүнө мүмкүндүк берген бул малай куралдардан арылуудан башка эч кандай куткарылуу жок. Бул нерсеге Аллах убада кылган пайгамбарлык үлгүгө негизделген Туура Жолдогу Халифалыкты куруу менен гана жетишүүгө болот:

﴿وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنْكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُمْ فِي الْأَرْضِ﴾

{Аллах силердин араңардан ыйман келтирип, жакшы иштерди жасагандарга жер жүзүндө сөзсүз орун басар (халифа) кылам деп убада берди}. 

Аллахтын элчиси, ага Аллахтын салам-салаваттары болсун, бул тууралуу сүйүнчүлөп мындай деген:

«ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةٌ عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»

“Андан кийин пайгамбарлык үлгүгө негизделген Халифалык болот”. Ахмад, Ат-Таялиси жана Аль-Баззар риваят кылышкан. 

Аллахтын Элчиси, ага Аллахтын салам-салаваты болсун мындай деген:

«Силерге Йемен эли келди. Алардын жүрөктөрү назик, көңүлдөрү жумшак келет. Ыйман – Йеменде, даанышмандык (хикмат) да Йеменде» (аль-Бухари жана Муслим риваят кылышкан).

Пайгамбарыбыз мактаган Йемен элине кайрылабыз: Биз аларды бул улуу ишти ишке ашырууда Хизб-ут-Тахрирди колдоого чакырабыз, ошондо баарыбыз Кудуреттүү Аллахтын убадасын жана Анын Элчисинин, ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун, куш кабарын аткаруу үчүн биргелешип иштейбиз, ошондо биз эки дүйнөдө тең жеңишке жетебиз, бул улуу жеңиш.

Роя гезити

Устаз Хамдан Аль-Имраний – Йемен вилаяты

Back to top button