Роя гезити

Өзбекстандын Дүйнөлүк соода уюмуна мүчөлүгү: кызыкчылыктар, тобокелдиктер жана күтүлүүчү натыйжалар

Өзбекстандын Дүйнөлүк соода уюмуна мүчөлүгү: кызыкчылыктар, тобокелдиктер жана күтүлүүчү натыйжалар

Расмий маалыматтарга ылайык, Өзбекстандын 2026-жылдын акырына чейин Дүйнөлүк соода уюмуна кошулуу планы экспортту көбөйтүүгө, инвестицияларды тартууга жана экономиканын атаандаштык жөндөмүн жогорулатууга багытталган. Бирок бул билдирүүлөр элдин көз алдында вакыйлыкты кооздоп көрсөтүүдөн башка нерсе эмес. Анткени кандай гана ири экономикалык интеграция болбосун, ал мүмкүнчүлүктөрдү гана алып келбестен, олуттуу коркунучтарга да алып келиши мүмкүн. Албетте, Өзбекстандын айыл чарба тармагы бул өзгөрүүлөрдүн таасирин биринчи сезе турган тармактардан болот.

Көп жылдар бою Россия Өзбекстандын айыл чарба продукциялары экспорттолгон негизги базарлардын бири болуп келген. Бирок акыркы жылдары ал миграция жана тышкы соода куралдарын саясий басым көрсөтүүнүн каражаты катары колдонуп, мунун натыйжасында Өзбекстандын продукциялары чек араларда кармалып, сапаты төмөндөп, айрым ишкерлер чоң чыгымдарга учурап, атүгүл банкрот болушкан. Ошондуктан Ташкенттин альтернативдүү экспорттук базарларды издөө аракети бир эле учурда экономикалык зарылчылыктын жана геосаясий басымдардын натыйжасы болду.

Өзбекстан бюджеттин тартыштыгын жабуу, экспортту көбөйтүү жана инвестицияларды тартуу максатында ички дүң продукцияны көбөйтүүнү өзүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири деп эсептейт. Тышкы карыз 48 миллиард доллардан ашкандыктан, ал экономикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртууну кошумча тышкы каржылоону алуу мүмкүнчүлүгүн сактап калуунун жолу катары карайт. Болбосо бюджеттин тартыштыгын жабуу барган сайын кыйындай берет.

Акыркы жылдары Европада болуп өткөн фермерлердин нааразылык акциялары Өзбекстандагы мамлекет жана коом үчүн маанилүү сабак болушу мүмкүн. Франция, Германия, Польша, Нидерланд, Бельгия, Италия жана башка өлкөлөрдө фермерлер күйүүчү майдын жана жер семирткичтердин кымбатташына, салык жүгүнө, бюрократиялык талаптарга жана импорттук товарлар менен атаандаштыктын күчөшүнө каршы кеңири нааразылык акцияларына чыгышты. Алар Европа Биримдигинин айрым экологиялык саясаттары өндүрүш чыгымдарынын көбөйүшүнө жана жергиликтүү фермерлердин атаандаштык кылуудагы алсыроого алып келгенин баса белгилешти. Бул нааразылык акцияларынын натыйжасында айрым мамлекеттер салыктарды жеңилдетүүгө, кээ бир экологиялык талаптарды кийинкиге жылдырууга жана импорт саясатына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө аргасыз болушту.

Талкууланып жаткан дагы урбанизация маселеси бар. Урбанизация экономикалык өнүгүүнүн табигый бир бөлүгү катары көрсөтүлүүдө. Бирок эгер ал айылдарда жана кыштактарда адам ресурстарынын азайышына, жерлерди пайдалануунун натыйжалуулугу төмөндөшүнө жана азык-түлүк өндүрүшүнүн кыскарышына алып келсе, анда ал өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна терс таасир тийгизиши мүмкүн. Европа стандарттарына шайкеш келүү урааны бул процессти тездетүүнүн негизги жүйөлөрүнүн бири катары ортого коюлууда.

Ошол эле учурда август айынан тартып жаныбарларды милдеттүү түрдө каттоо, идентификациялоо жана ветеринардык көзөмөлдү күчөтүү иш-чаралары башталды. Расмий түшүндүрмөлөргө ылайык, бул система тартипке салууну жана көзөмөлдү жакшыртууга багытталган. Бирок бул система элдин канча мүлккө жана байлыкка ээ экенин аныктоо, салыктык кирешелерди көбөйтүү жана толук көзөмөл орнотуу үчүн колдонулушу мүмкүн. Ал эми Батыштын капиталисттик акулалары дагы көбүрөөк байлыкка жетүүнү көздөшөт.

Мамлекеттин бул багытта жүрүүнү улантышы Өзбекстандын айыл чарба тармагында ири чет элдик компаниялардын жергиликтүү дыйкандар менен фермерлерден үстөм болуп, алардын ошол гигант компанияларга көз каранды болуп калуу коркунучун жаратат. Мунун айрым көрүнүштөрү кытайлык компаниялар Өзбекстан базарына киргенде эле байкалды. Мындай багыт дыйкандар менен фермерлердин бул тармактан баш тартып, аны таштап кетишине алып келиши мүмкүн. Дал ушундай вакыйлыкты пайда кылуу Батыштын негизги максаты болуп саналат.

Анда бул чечимдердин жана талаптардын артында ким турат?

Батыштын капиталисттик чөйрөлөрү өздөрүнүн саясий жана экономикалык кызыкчылыктарын бекемдөө үчүн айрым демилгелерди жана эл аралык эксперттерди колдонушат. Буга Жеффри Сакстын ишмердүүлүгү жана Өзбекстан менен Борбор Азиядагы Туруктуу өнүгүү чечимдери тармагынын долбоорлору кирет. Бул ишмердүүлүктөр да ушул багыттын бир бөлүгү катары каралууда. Өзбекстан да бул реформаларды ишке ашырууга активдүү катышууда.

Билл Гейтстин билдирүүлөрүнө ылайык, анын инвестициялык тобу АКШда айыл чарба жерлеринин кеңири аянттарын сатып алууда. Бул жеке эле демилге эмес. Анткени ири инвестициялык фонддор жана пенсиялык фонддор акыркы он беш-жыйырма жыл ичинде айыл чарба жерлерин стратегиялык актив катары сатып алууда активдешти. Алардын арасында: КалПЕРС, Билл Гейтстин инвестициялык компаниясы, TIAA, Гарвард университетинин эндаумент фонду жана Фармленд LP бар. Бул фонддор жана компаниялар Америкада, Бразилияда, Австралияда, Канадада жана Жаңы Зеландияда айыл чарба активдерине инвестиция салышкан. Борбор Азия да келечектеги стратегиялык аймак катары каралып жаткан аймактардын бирине айланды.

Өзбекстандын Дүйнөлүк соода уюмуна кошулуусу жергиликтүү ишкерлердин, дыйкандардын жана өлкөнүн табигый байлыктарынын кызыкчылыктарынын эсебинен болбошу керек. Тескерисинче, мамлекет жергиликтүү өндүрүүчүлөргө атаандашууга мүмкүнчүлүк берген экономикалык чөйрөнү түзүп, стратегиялык байлыктардын көзөмөлсүз түрдө башкалардын колуна өтүп кетишине жол бербей турган таасирдүү укуктук кепилдиктерди орнотууга тийиш. Анткени өлкөнүн кызыкчылыгын коргоо ураандарда эмес, мына ушундай практикалык чечимдерде көрүнөт.

Өзбекстан эл аралык экономикалык системага интеграциялануудан мурда анын узак мөөнөттүү саясий жана экономикалык кесепеттери тууралуу терең ойлонуу эң маанилүү милдет болуп эсептелет. Анткени тышкы күчтөргө экономикалык көз карандылыктын бир түрүн экинчи түрүнө алмаштыруу элдин бакубат жашоосуна кепилдик бербейт. Адегенде Советтер Союзуна көз каранды болуу, андан кийин Россиянын таасиринде калуу, ал эми бүгүн Батышка көз каранды болуу өлкөнү эч качан өз алдынча өнүгүү жолуна алып барбайт.

Ал эми Ислам өлкөлөрү үчүн эң жогорку өлчөм — адамдар түзгөн экономикалык системалар эмес, Аллах Тааланын өкүмдөрү. Ислам экономикасы байлыкты аз сандагы адамдардын колуна топтоону эмес, аны адилеттүү бөлүштүрүүнү жана коомдун кызыкчылыгына кызмат кылууну көздөйт. Аллах Таала айтты:

﴿كَيْ لَا يَكُونَ دُولَةً بَيْنَ الْأَغْنِيَاءِ مِنْكُمْ﴾

«…тээ силердин араңардагы бай-дөөлөттүү кишилер ортосунда гана айланып жүрө бере турган нерсе болуп калбасын үчүн…» (Хашр: 7).

Роя гезити

Устаз Ислам Абу Халил — Өзбекстан.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button