Роя гезити

Өлкөлөрүбүздөн секуляризмди кантип түп-тамыры менен жулуп салабыз?

Өлкөлөрүбүздөн секуляризмди кантип түп-тамыры менен жулуп салабыз?

Британия колонизаторлугунун Суданга кийлигишүүсү 1882-жылы Мисирди басып алгандан кийин башталган. Ал эми 1896-жылы Махдий мамлекетин кулатуу үчүн Китченердин аскерий кампаниясы башталды.

1898-жылдын 2-сентябрында Умм Дурман согушу болуп, Махдий мамлекетинин борбору Британия колонизаторлугунун колуна өттү. Судан динди турмуштан ажыратуу акыйдасына негизделген түзүмдөр менен башкарылды. Бул нерсе жалпы турмушта жана мамлекетте бекем орнотулду. Саясий партиялар, ошондой эле армия да ушул негизде түзүлдү. Акыры «өз тагдырын өзү белгилөө укугу» деп аталган мезгил келип, 1956-жылы Британия колонизатору аймактан чыгып кетти. Бирок ал Судандагы түздөн-түз колонизаторлугун кыйыр колониализм менен алмаштырып, ошол эле жол менен жүрүшү үчүн Судан калкынан саясий катмарды жана акимдерди алып келди. Алар динди мамлекеттен ажыратууга негизделген республикалык түзүмдү колдонуп, Суданды өлкө калкынын кызыкчылыктарын эмес, Британиянын кызыкчылыктарын ишке ашыруучу функционалдык мамлекетке айлантышты.

Андан кийин англо-америкалык күрөш жүрүп, 1969-жылдын 25-майында Жаафар Нимейринин төңкөрүшү аркылуу Судан Американын таасири астына өттү. Бул абал 2019-жылдын декабрындагы элдик революция кулаткан Баширдин бийлигине чейин уланды.

Ушул күнгө чейин Судан секулярдык түзүм менен жүрүп келет. Аны башкарууда жарандык жана аскерий элиталар кезектешип келсе да, алардын айрымдары демократия ураанын, башкалары болсо исламий ураандарды көтөрүштү. Бирок суроо ошол бойдон калууда: саясий күчтөрдүн жана алардын артында турган колонизатор күчтөрдүн т.а. Америка менен Британиянын секуляризмди мынчалык күчтүү жана өжөрлүк менен көтөрүп чыгышындагы жаңы нерсе эмне? Бул Исламдын акыркы чептерин — эркек менен аялдын мамилесинде көрүнгөн ижтимаий түзүмдү — жок кылуу үчүнбү, же Исламдын башкаруу түзүмүнө — Халифалыкка — каршы күрөшүү, Халифалыкка болгон даъват күчөп, үммөттүн жана өлкө калкынын калың катмары ага бет алып жаткан соң, ага даъват кылууну жана аны тикелөө үчүн аракет кылгандарды кылмышкер деп жарыялоо үчүнбү?

Судандын тамыры улуу Ислам тарыхынын тереңине кетет. Судандын исламий фатхы рошид Халифа Усман ибн Аффан رضي الله عنه доорунда, хижрий 31-жылы болгон. Ал Мисирдеги валийине буйрук берип, Абдуллах ибн Абу Сархтын жетекчилигинде Ислам аскерин жөнөткөн.

Аббасий Халифа Маъмундун доорундагы Судан: айрым мусулмандар Нубиядан жер сатып алышканда, насронийлердин башчысы сооданын тууралыгына каршы чыгып: «Жерди саткан насроний менин калкыман, ал менин уруксатымсыз жерин сатууга укуктуу эмес, мен болсо уруксат бербейм», — деген. Ошондо маселе Халифа Маъмунга жеткирилип, ал аны казылыкка өткөргөн. Казылык жердин ээси насронийлердин башчысынын уруксатысыз эле өз жерине өзү ээлик кылып, ага тасарруф кылууга (алды-сатты ж.б.) укуктуу деп өкүм чыгарган. Анткени ал анын кулу эмес, ошондуктан аны өзүнө таандык мүлккө тасарруф кылуудан тыюуга болбойт. Мына ушул адилеттүү өкүм көп сандагы насронийлердин Исламга киришине себеп болгон. Анткени Ислам өз өкүмүндө эч кимге зулум кылбайт.

Усманийлер доорундагы Судан: 1821-жылы Судан Мисир менен бирге бир вилаятка айланган. Мунун баары Судан ар түрдүү доорлордо Халифалык мамлекетинин денесинин бир бөлүгү болгонун тастыктайт. Акыры кресттүү колониализм Халифалыкты кулатуу, анын вилаяттарын бөлүп-жаруу жана секулярдык улуттук-аймактык мамлекетти түзүү долбоору менен келди. Ал ушул аркылуу Ислам мамлекетинин биримдигин талкалоо жана Исламдын башкаруусун алыстатуу максатын жана умтулуусун ишке ашырды. Мунун айынан үммөт алсыздык, жакырчылык, фитналар жана ички согуштар «кан чек аралары» сыяктуу ачуу жемиштерди жыйнады.

Суданда жана башка мусулман өлкөлөрүндө секуляризмди түп-тамыры менен жулуп, жок кылуу — исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн Расулуллахтын ﷺ тарикаты менен өзгөрүүгө умтулуу жана аракет кылуу, Расулуллахтан ﷺ үлгү алып Ислам мамлекетин тикелөө аркылуу болот. Ал зат:

1. Сахабалардан уюшууну пайда кылды.

2. Ислам жана анын түзүмү тууралуу умумий райды пайда кылды.

3. Уруулардын күч-кубат жана коргоо ээлеринен нусрат талап кылды.

Ошентип, экинчи Акаба байъаты, хижрат жана мамлекеттин тикелениши жүз берди.

Мына, Хизб ут-Тахрир 1953-жылы түзүлгөндөн бери Расулуллахтан ﷺ үлгү алып иш жүргүзүп келет. Аллах Таала айтты:

﴿لَّقَدْ كَانَ لَكُمْ فِي رَسُولِ اللَّهِ أُسْوَةٌ حَسَنَةٌ لِّمَن كَانَ يَرْجُو اللَّهَ وَالْيَوْمَ الْآخِرَ وَذَكَرَ اللَّهَ كَثيرا﴾

«(Эй момундар), силер үчүн – Алла жана Акырет күнүнөн үмүткөр болгон, ошондой эле Алланы көп зикир кылган кишилер үчүн Алланын пайгамбарын (ыйман – ишеними жана кулк мүнөзүн) дө көркөм өрнөк бар». (Ахзаб: 21).

Хизб ут-Тахрир адамдарды даярдоо жана тартиптүү сакофат аркылуу исламий шахсияларды пайда кылуу, жамаий сакофат аркылуу умумий райды жана аң-сезимди пайда кылуу, ошондой эле мусулман өлкөлөрүндөгү армиялардан нусрат талап кылуу иштерин жүргүзөт. Чечим исламий жашоону кайрадан баштоого кайтууда жана фарз, важиб болгон Халифалыкты тикелөөдө жатат.

Абу Хазим риваят кылат: «Мен Абу Хурайра менен беш жыл бирге жүрдүм жана анын Пайгамбардан ﷺ мындай деп риваят кылганын уктум:

«كَانَتْ بَنُو إِسْرَائِيلَ تَسُوسُهُمُ الْأَنْبِيَاءُ، كُلَّمَا هَلَكَ نَبِيٌّ خَلَفَهُ نَبِيٌّ، وَإِنَّهُ لَا نَبِيَّ بَعْدِي، وَسَتَكُونُ خُلَفَاءُ فَتَكْثُرُقَالُوا: فَمَا تَأْمُرُنَا؟ قَالَ: «فُوا بِبَيْعَةِ الْأَوَّلِ فَالْأَوَّلِ وَأَعْطُوهُمْ حَقَّهُمْ فَإِنَّ اللَّهَ سَائِلُهُمْ عَمَّا اسْتَرْعَاهُمْ.

«Бану Исраилди пайгамбарлар башкарат эле. Качан бир пайгамбар дүйнөдөн кайтса, анын ордуна башка пайгамбар келчү. Менден кийин пайгамбар болбойт. Бирок халифалар болот жана алар көп болушат». Сахабалар сурашты: «Бизге эмнени буюрасыз, йа Расулулла?» Ал ﷺ: «Биринчисинин, биринчисинин байъатына бапаа кылгыла. Аларга өз акыларын бергиле. Анткени Алла Таала аларды кандай башкаргандыгы жөнүндө суракка алат», — деди.

Абу Саид Худрий Расулуллахтан ﷺ риваят кылат, ал айтты:

«إِذَا بُويِعَ لِخَلِيفَتَيْنِ؛ فَاقْتُلُوا الآخِرَ مِنْهُمَا»

«Эгер эки халифага байъат берилсе, алардын акыркысын өлтүргүлө».

Абдуллах ибн Амр ибн Ас Расулуллахтан ﷺ мындай дегенин уккан:

«مَنْ بَايَعَ إِمَاماً فَأَعْطَاهُ صَفْقَةَ يَدِهِ وَثَمَرَةَ قَلْبِهِ فَلْيُطِعْهُ»

«Ким имамга байъат берип, ага колун жана жүрөгүнүн жемишин берсе, ага итаат кылсын».

Абу Хурайра رضي الله عنه Набийден ﷺ риваят кылат, ал айтты:

«إِنَّمَا الْإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ»

«Имам — бул калкан. Анын артында туруп согушулат жана аны менен коргонулат».

Аллах Тааланын:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ ۖ وَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ يَحُولُ بَيْنَ الْمَرْءِ وَقَلْبِهِ وَأَنَّهُ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ﴾

«Эй момундар, Алла жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (динге) чакырган убактысында аны кабыл кылгыла жана билип койгула, албетте, Алла ар бир киши менен анын дилинин ортосун ээлеп турат жана Анын алдына топтолосуңар». (Анфал: 24) — деген сөзүнө жооп иретинде.

Бул нусустар сахабаларга, табииндерге жана алардан кийин келген Умавийлерге, Аббасийлерге жана Усманийлерге он үч кылым бою жол көрсөтүүчү болгон. Халифалык мусулмандарды коргоочу, алардын жерлерин жана ыйыктыктарын коргоочу, кандарын төгүлүүдөн сактоочу, иззаты менен кадыр-баркын сактоочу, адилеттикти ишке ашыруучу жана жакырчылыкты жоюучу болгон. Усманий Халифалыкта европалык саякатчылар тилемчилер жок экенине күбөлүк беришкен.

Бүгүн кордук, кемсинүү, бактысыздык жана бөлүнүү жашоосунан чыгышыбыз үчүн Халифалыкты кайра тикелөө үчүн аракет кылышыбыз жана аны тикелөө үчүн аракет кылып жаткандар менен бирге иштешибиз керек. Мына, өз элин алдабаган жол баштоочу Хизб ут-Тахрир Аллах Субханахунун убадасын жана сүйүктүү Мустафанын ﷺ сүйүнчүсүн ишке ашыруу үчүн Халифалыкты тикелөө жолунда күнү-түнү аракет кылууда. Аллах Таала айтты:

﴿وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُمْ فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَىٰ لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُم مِّن بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْناً﴾

«Алла силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум илгери өткөн (ыйман-ишенимдүү) заттарды (жер жүзунө) халифа өкүмдар кылгандай, аларды да жер жүзүнө халифа – орун басар кылууну жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин, үстөм-бекем кылууну, ошондой эле аларды (Меккеде көргөн) коркунучтарынан кийин, (Мадинада) тынчтык-бейпилдикке бөлөп койушун убада кылды». (Нур: 55).

Расулуллах ﷺ айтты:

«ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»

«Андан кийин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот».

Эй, Судан калкы! Бул сүйүнчүнү ишке ашыруу үчүн Судандан секуляризмди түп-тамыры менен жулуп салуу жолундагы аракетибизди тездетишибиз керек. Ошондо Судан Халифалык мамлекети үчүн таяныч чекити болуп, секуляризмдин караңгылыгы каптаган жер жүзүн Исламдын нуру менен жарык кылуу үчүн Исламды үммөттөргө жана элдерге алып чыгабыз.

﴿وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللَّهِ يَنصُرُ مَن يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ﴾

«Ошол күндө момундар Алла (румдуктарды) жеңишке ээ кылгандыгы себептүү шаттанышат. (Алла) Өзү каалаган кишисин үстөм кылат. Ал кудурет жана ырайым ээси». (Рум: 4–5).

Роя гезити

Устаз Абдуллах Хусейн (Абу Мухаммад аль-Фатих)

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button