Басма сөз

Американын элчиликтери — тыңчылыктын жана фитнанын борборлору.

Басма сөз баянаты

Американын элчиликтери — тыңчылыктын жана фитнанын борборлору. Американы Афганистандагы элчилигин кайра ачууга чакыруу — Ислам үммөтүнүн курмандыктарына кыянаттык жана шахиддердин канын кордоо

Афганистандын тышкы иштер министри жакында Кабулда «Нью-Йорк Таймс» гезитине берген маегинде Америка Кошмо Штаттарын өз элчилигин кайра ачууга жана Афганистандын инфраструктура жана кен байлыктары тармактарына инвестиция салууга расмий түрдө чакырып, мындай деди: «Биз согуш барагы жабылды деп эсептейбиз. Мындан ары өз ара урматтоого негизделген мамилелерди жана позитивдүү кызматташтыктын жаңы барагын баштоону каалайбыз».

Ислам үммөтүнө каршы жырткычтык согуш жүргүзүп жаткан мамлекет менен «согуш барагынын аякташы» жөнүндө сөз кылуу — стратегиялык ката жана четке кагууга болбой турган чындыкты көз жаздымда калтыруу болуп саналат. Америка куфрдун башы жана мусулмандардын негизги душманы. Азыркы учурда ал Афганистанда аскерий согуш жүргүзбөсө да, Ислам үммөтүнүн абалы анын дал ушул учурда мусулмандарга каршы бир нече фронтто согушуп жатканын жана бул кагылышуулардын башында турганын ачык көрсөтүүдө. Анын Йемендеги согушта жана Судандагы кандуу кризисте колу бар; Палестина жана Ливан элдерин кырып-жок кылуусу үчүн яхудий түзүмүнө чексиз аскерий жана саясий колдоо көрсөтөт, ошондой эле Иранга каршы согушуп, кысым жана санкция саясатын жүргүзүп келет. Бул окуялардан тышкары, Индиянын мусулмандарды кыйноо жана эзүү саясатын, Пакистан менен Афганистандын ортосундагы чыңалуунун күчөшүн, ошондой эле Афганистанга саясий, экономикалык жана коопсуздук жаатындагы кысымдардын жасалышын колдойт.

Исламда аль-вала ва аль-баранын (достук жана душмандык) өлчөмү колонизаторлор белгилеген чек аралар же улутчулдук түшүнүктөр менен аныкталбайт. Америкага болгон душмандык куфр менен Исламдын ортосундагы түпкү карама-каршылыкка негизделген. Улуттук кызыкчылыктарды шылтоо кылып, бул колонизатор күчтүн Ислам өлкөлөрүндөгү кылмыштарын көз жаздымда калтыруу — Ислам акыйдасынын принциптеринен чыгуу жана Исламдын бирдиктүү саясий көз карашын этибарга албоо болуп саналат. Мындан тышкары, Американын Афганистанга болгон душмандыгы эч качан аяктаган эмес. Американын аскерий күчтөрүнүн жоктугу согуштун аяктаганын же тынчтык орногонун билдирбейт. Тескерисинче, Америка өзүнүн услубун түздөн-түз аскерий согуштан экономикалык, саясий жана чалгындоо кысымына өзгөрттү. Борбордук банктын резервдериндеги миллиарддаган долларларды тоңдуруу жана конфискациялоо, экономикалык санкцияларды киргизүү, Афганистандын аба мейкиндигиндеги эгемендигин бузуу жана Исламий баалуулуктарга каршы кеңири масштабдагы пропагандалык кампания толугу менен уланууда. Ошондуктан Ислам шариятынын көз карашынан алганда, колу мусулмандардын канына булганган душман мамлекет менен кандайдыр бир дипломатиялык, саясий же экономикалык мамиле түзүү — батыл жана арам.

Экинчи жагынан, Американы жана анын компанияларын Афганистандагы кен байлыктарды казып алууга жана анын инфраструктурасын көзөмөлдөөгө чакыруу эки тараптуу апаатты камтыйт.

Биринчиден: Батыштын капиталисттик мамлекеттери алсыз өлкөлөргө дайыма олжо катары карап келишкен. Бул агрессивдүү саясат Украинага байланыштуу акыркы келишимдерде ачык көрүнүп, анда Американын жардамы минералдык ресурстарды, мунайды жана газды көзөмөлдөө жана башкаруу менен байланыштырылган. Бул, чындыгында, колонизатордук услубда байлыктарды ээлеп алуунун бир түрү болуп саналат.

Экинчиден: Ислам өлкөлөрүндөгү кен байлыктар жана табигый ресурстар үммөттүн умумий мүлкү болуп саналат жана алар үммөттүн кызыкчылыгы, күч-кубаты жана динди үстөм кылуу үчүн пайдаланылышы керек. Стратегиялык кен байлыктар ракета өндүрүшүндө, радар системаларында, коргонуу жана аскерий технологияларда өтө маанилүү роль ойногондуктан, бул маанилүү ресурстарды өткөрүп берүү Американын колонизатордук күчүн колдоо, мусулмандарды алсыратуу жана душмандын кылычын курчутуу менен барабар. Анткени Америка аларды кийин Газа, Ливан жана мусулмандардын башка зулум көргөн өлкөлөрүнүн элдерине таштала турган ракеталарды жана бомбаларды өндүрүүдө пайдаланат.

Афганистандын тышкы иштер министри буга чейин мындай деп билдирген: «Менин оюмча, президент Трамптын келишимдерди түзүү жөндөмү, анын практикалык мамилеси жана чечкиндүүлүгү — анын администрациясы менен конструктивдүү байланыш түзүүнү жеңилдеткен факторлор»! Америкалык саясатчылар, өзгөчө Дональд Трамп тууралуу мындай түшүнүк Исламий көз карашка толугу менен карама-каршы келет. Трамптын дүйнөгө болгон көз карашы — таза колонизатордук жана ээлик кылууга негизделген. Ал дагы эле Баграм авиабазасын көзөмөлгө алууга умтулууда, Палестинаны толугу менен басып алууну колдойт жана азыр болсо Ормуз кысыгын Америка аймагынын бир бөлүгү деп жарыялоо тууралуу уялбастан сөз кылууда.

Силер Исламга иш жүзүндө гана каршы согушпастан, ага болгон душмандыгын сөз жүзүндө да ачык жарыялаган адам менен тыгыз мамилеге кирүүгө дагы эле өжөрлүк менен умтулуп жатасыңарбы?! Трамп өзүнүн биринчи президенттик мөөнөтүндө ачык эле мындай деген: «Биз цивилизациялуу дүйнөнү радикалдуу исламий терроризмге каршы бириктиребиз жана аны жер жүзүнөн толугу менен жок кылабыз».

Ошондуктан Батыштын колонизатор күчтөрүнөн үмүт артып, алар менен келишимдерди түзүүнүн ордуна, силерди чыныгы даңктын булагы болгон Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөөгө чакырып жаткан мусулмандарга, силердин чыныгы досторуңарга бир туугандык колуңарды сунгула. Бул чыныгы чакырык, Батыштын прагматикалык саясатынан айырмаланып, соода же экономикалык келишим эмес; тескерисинче, бул Аллах Субханаху ва Таала менен болгон улуу келишим. Бул чакырыкка нусрат берүү дал Ислам чачыранды болгон жахилияттагы арабдарды тарыхтын четинен дүйнөгө жетекчилик кылуу жана үстөмдүк кылуу макамына көтөргөндөй, силерди да иззатка, күч-кубатка жана дүйнөгө жетекчилик кылуу макамына чейин алып барат.

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَتَّخِذُوا الْكَافِرِينَ أَوْلِيَاءَ مِن دُونِ الْمُؤْمِنِينَ أَتُرِيدُونَ أَن تَجْعَلُوا لِلَّهِ عَلَيْكُمْ سُلْطَاناً مُّبِيناً

«Эй момундар, момундарды коюп, каапырларды дос тутпагыла! Алла үчүн өзүңөргө каршы ачык далил берүүнү каалайсыңарбы?» (Ниса: 144).

Хизб ут-Тахрирдин Афганистан вилаятындагы маалымат бөлүмү

17.08.26

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button