Шайлоо аркылуу биз каалаган өзгөрүүгө жетише алабызбы?

Шайлоо аркылуу биз каалаган өзгөрүүгө жетише алабызбы?
Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленди. Мындай чечимди Жогорку Кеңеш 2026-жылдын 24-сентябрында кабыл алган. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону өткөрүүнүн календардык планын бекитти.
Кыргызстан жашап жаткан реалдуулук
Шайлоо Кыргызстанда биринчи жолу болуп жаткан иш эмес. Буга чейин да эл ар бир шайлоодон кийин өзгөрүүлөрдү, жашоонун оңолушун жана көйгөйлөрдүн чечилишин үмүт кылып келди. Ар бир шайлоодо жаңы талапкерлер, жаңы убадалар жана жаңы реформалар сунушталып, элге жакшы жашоого жетүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр бар экени айтылды. Бирок күтүлгөн нерселер эч качан толук орундалган жок. Кыргыз эли бүгүнкү күнгө чейин туруктуу өнүгүү жолуна түшө албай, саткындардын, коррупционерлердин, уурулардын жана капиталисттердин курмандыгы болуп келе жатат. Коомдо дагы деле көптөгөн элди сыздаткан көйгөйлөр чечилбей турат. Ал эми сунушталып жаткан чечимдер көйгөйлөрдүн түпкү себептерин жойбостон, көп учурда көйгөйдүн үстүнө көйгөй гана жаратууда.
Деги эле адамзаттын көйгөйлөрүн чечүүдө азыркы заманда эч бир жетекчи, эч бир мамлекет толук жана туура чечимдерди сунуштай алган жок. Анткени адамдын акылы чектелүү болуп, ал өзү жашап жаткан чөйрөнүн жана коомдук мамилелердин бардык сырларын толук камтый албайт. Ошого карабастан адамзат өзүнүн чектелүү акылына таянып, адамдардын жеке жана коомдук жашоосун уюштуруучу идеологияларды, мыйзамдарды жана долбоорлорду иштеп чыкты. Бирок турмуштун өзү бул чечимдердин натыйжасын көрсөтүп жатат: алар коомго туруктуу ынтымакты, бейпилдикти, тынчтыкты жана чыныгы бакубат жашоону алып келүүгө жараксыз экенин реалдуулук тастыктап жатат. Тескерисинче, мал-мүлктү эң жогорку баалуулукка айландырып, дене ырахаттарын максималдуу кандырууну адам баласынын эң жогорку максаты катары көрсөтүп берди. Мунун айынан ахлак төмөндөп, үй-бүлөлүк баалуулуктар алсырап, кан төгүү жана зордук-зомбулук күчөдү, аялдарыбыз ырахат алуу объектисине айланды, жакырчылык жоюлган жок, элдер карызга батып, капиталисттерге экономикалык жактан көз каранды кул болуп калды, баалардын өсүшү токтобой, кымбатчылык каптады. Бул — бүтүндөй дүйнөдө, ошондой эле Кыргызстанда өкүм сүрүп жаткан капиталисттик түзүмдүн табигый жемиштери.
Капитализм — адамдын чектүү акылынан келип чыккан, динди турмуштан ажыратуу деген негизге курулган идеология. Бул идеология адамдарга жашоодогу негизги максат катары дене ырахаттарын мүмкүн болушунча көбүрөөк кандырууну белгилеп берет. Мына ушул негизге бүткүл коомдун турмушу, мамлекеттин түзүмдөрү жана экономикалык мамилелер курулат. Диндин коомдук жашоодон ажыратылышы менен адам өзү үчүн мыйзамдарды өзү белгилөөгө укуктуу деп эсептелет. Ошентип, адамдын каалоосу жана кызыкчылыгы мыйзам чыгаруунун негизине айланат.
Эмне үчүн капитализм деп аталып калганына келсек, мүлк эркиндиги капиталды топтоого жана байлыктын ири бөлүгүн аз сандагы адамдардын колуна топтоого жол ачат. Байлык кимдин колунда болсо, экономикалык күч да алардын колунда болот. Экономикалык күч саясатка жана мыйзам чыгарууга таасирин тийгизет. Ошентип, мыйзамдар да капиталисттердин кызыкчылыктарына ылайык иштелип чыгат.
Кыргызстанда болуп жаткан көйгөйлөрдү терең жана ар тараптуу карап, изилдеп чыга турган болсок, алардын түпкү себеби капиталисттик түзүмгө такаларын байкайбыз. Жакырчылык, зордук-зомбулук, коррупция, ажырашуулар, төрөттүн азайышы, абийирсиздик жана башка көйгөйлөр — мунун баарын айрым адамдардын жеке кемчилиги менен гана түшүндүрүп коюу жетишсиз. Анткени бул көйгөйлөрдүн түпкү себебин айрым адамдардан эмес, коомдун өзү кандай негизде курулганынан издөө керек.
Кыргызстанда мамлекеттин түзүлүшү, коомдук мамилелер, экономикалык система, мыйзамдар жана кабыл алынып жаткан саясий-экономикалык чечимдер капиталисттик идеологиянын принциптерине таянат. Демек, коомдун ар бир тармагын камтыган ушул капиталисттик негиздер адамдардын жашоосуна түздөн-түз таасир берип, алардын муктаждыктарын, кызыкчылыктарын жана мамилелерин да ошол негизге ылайык калыптандырат. Ошондуктан Кыргызстандагы көйгөйлөрдү бир гана коррупционерлерден, айрым жетекчилерден же жеке адамдардын адепсиздигинен издөө — көйгөйдүн көрүнүп турган натыйжасын гана кароо болуп калат. Маселенин түпкүрүнө барсак, бул көйгөйлөрдү жаратып жаткан жана кайра-кайра өндүрүп жаткан негиз — коомду, мамлекетти жана экономиканы уюштуруп турган капиталисттик түзүмдүн өзү.
Кыргызстандагы көйгөйлөрдүн түпкү себептерин өлкөнүн ичиндеги коомдук, саясий жана экономикалык түзүлүштөн издөө менен гана чектелип калбашыбыз керек. Анткени Кыргызстан өзүнчө бөлүнүп, дүйнөлүк экономикалык системадан тышкары жашап жаткан мамлекет эмес. Ал капиталисттик дүйнөлүк экономикалык түзүлүштүн ичинде жашап, анын мыйзамдарына, экономикалык мамилелерине жана эл аралык байланыштарына көз каранды болуп турат. Ошондуктан капиталисттик түзүлүштүн таасири өлкөнүн ички турмушунда гана эмес, анын тышкы экономикалык мамилелеринде да көрүнөт. Дүйнөдө экономикалык жана саясий жактан алда канча күчтүү, ири капиталга ээ мамлекеттер бар. Алардын экономикасы да, эл аралык саясаты да өздөрүнүн экономикалык кызыкчылыктары менен тыгыз байланышта болгондуктан, кен байлыктары мол болгон Кыргызстан жана Борбор Азия сыяктуу Ислам өлкөлөрү алардын көз жаздымында калбайт.
Кыргызстан чакан, бирок жаратылыш байлыктарына ээ өлкө болгондуктан, колонизатор мамлекеттердин кызыгуусун жаратат. Бул колонизаторлук «инвестиция», «экономикалык кызматташтык», «өнүгүүгө жардам» сыяктуу кооз сөздөрдүн артында жашырылат. Чындыгында болсо аларда жакшылык кылуу, бизди өнүктүрүү ниети болбойт. Ошондуктан, кайсы гана адам президент болуп шайланып келбесин, ал коомдогу көйгөйлөрдүн түпкү себебин толук жоюп, алардын баарына түп-тамырынан чечим бере албайт. Анткени президент бийликке келгенге чейин эле коомдо белгилүү бир саясий, укуктук жана социалдык-экономикалык түзүлүш калыптанып калган болот. Ал ошол даяр турган түзүм менен башкарууга мажбур. Бул түзүлүш болсо адам тарабынан иштелип чыккан мыйзамдарга жана адамдын чектелүү акылына негизделет. Адамдын билими да, түшүнүгү да, келечекти толук көрө билүүсү да чектелүү болгондуктан, ал түзгөн мыйзамдар бардык доорлорго, бардык шарттарга жана адамзат жашоосунун бардык тармактарына толук жооп бере албайт. Мындай мыйзамдар убакыттын өтүшү менен өзгөрүп турган шарттарга, адамдын пайда, зыян жана кызыкчылык жөнүндөгү түшүнүгүнө жараша кайра-кайра оңдолууга, толукталууга же өзгөртүлүүгө муктаж болот. Демек, адам тарабынан түзүлгөн коомдук түзүлүш да туруктуу кемчиликсиз чечим боло албайт.
Бүгүнкү Кыргызстанда бул түзүлүштүн өзөгүн капиталисттик саясий жана социалдык-экономикалык принциптер түзөт. Президенттин жеке каалоосу же жакшы ниети анын негизги багытын өз алдынча өзгөртө албайт. Ал жакшы адам болушу мүмкүн, эл үчүн чын жүрөктөн кызмат кылууну каалашы мүмкүн, коррупцияны жоюуга, жакырчылыкты азайтууга жана элдин жашоосун жакшыртууга аракет кылышы мүмкүн. Бирок ал ошол эле капиталисттик түзүлүштүн, ошол түзүлүшкө негизделген мыйзамдардын жана коомдук мамилелердин алкагында иш алып барса, анын мүмкүнчүлүктөрү да ошол түзүм менен чектелет. Ошондуктан маселе бир гана президенттин ким экенинде эмес, президент башкарып жаткан коомдун кандай негизде курулганында. Президентти гана алмаштыруу менен коомдун түпкү багытын өзгөртүү мүмкүн эмес. Чыныгы өзгөрүү үчүн коомду уюштуруп турган негиздин өзү өзгөрүшү керек.
Ошондуктан, үмүттөрдү шайлоого байлап коюу туура эмес. Шайлоо биз каалаган чыныгы өзгөрүүлөрдү алып келе албайт. Себеби шайлоо аркылуу башкаруучулар гана алмашат, бирок башкаруунун негизин түзгөн система өзгөрбөйт. Ал эми система өзгөрбөсө, бир адамдын ордуна экинчи адамдын келиши менен көйгөйлөрдүн түпкү себеби жоюлбайт. Балким, бул бузук түзүмдүн өмүрүн гана узартат.
Эми ушул акыйкаттардан кийин президенттик шайлоого баруунун мааниси калдыбы? Ким адамзатка чыныгы туура өнүгүү жолун сунуш кыла алат? Ким адамзатты капитализмдин зулумунан жана анын караңгылыгынан чыгара алат?
Чыныгы өнүгүү — адамдардын көйгөйлөрү туура жана толук чечилиши менен болот. Адамзатка материалдык байлык гана эмес, адилеттикке, туура ахлакка, коопсуздукка, үй-бүлөнүн бекемдигине жана адамдын чыныгы бактылуулугуна алып бара турган туура система керек. Бул туура чечимдерди бүгүнкү күндө Ислам гана сунуштай алат. Капитализм сунуштаган чечимдер жараксыз, балким, бузуучу чечимдер экени айдан ачык көрүнүп турат. Анткени капитализмдин негизинде адамдын каалоосу жана пайда табуу биринчи орунга коюлса, Исламда адамдын Жаратуучусуна болгон кулчулугу жана Аллах Таала түшүргөн өкүмдөргө баш ийүүсү негиз болот.
Ислам сунуштап жаткан мамлекеттик-коомдук түзүлүш, экономикалык-социалдык түзүм капиталисттик түзүмдүн ордун баса турган жаңы альтернатива болуп саналат. Ал түзүм Халифалык мамлекети аркылуу жүзөгө чыгат. Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
تَكُونُ النُّبُوَّةُ فِيكُمْ مَا شَاءَ اللَّهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةٌ عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ، فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللَّهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ اللَّهُ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ مُلْكًا عَاضًّا، فَيَكُونُ مَا شَاءَ اللَّهُ أَنْ يَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ مُلْكًا جَبْرِيَّةً، فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللَّهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةٌ عَلَى مِنْهَاجِ نُبُوَّةٍ. ثُمَّ سَكَتَ.
«Силердин араңарда Аллах каалаганча пайгамбарлык уланат. Кийин Аллах каалаганда аны көтөрөт. Кийин пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот жана ал Аллах каалаганча турат. Кийин Аллах Өзү каалаганда аны көтөрөт. Кийин зордукчул падышалык болот жана ал Аллах каалаганча турат. Кийин Аллах Өзү каалаганда аны көтөрөт. Кийин жабыр көрсөтүүчү заалым падышалык болот жана ал Аллах каалаганча турат. Кийин Аллах Өзү каалаганда аны көтөрөт. Кийин пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот. Андан соң Пайгамбар ﷺ сүкүт кылды». Имам Ахмаддын «Муснады», 18406-сан.
Халифалык Куран жана Сүннөттү мыйзамдардын жалгыз булагы катары бекитет. Бардык мыйзамдар, мамлекеттик долбоорлор жана чечимдер адамдын каалоосуна же коомдун өзгөрмө кызыкчылыктарына эмес, Куран жана Сүннөттөн алынган шарий өкүмдөргө негизделет. Кожоюндук Аллахтыкы, бийлик үммөттүкү болот. Демек, Халифалык жөн гана башкаруу формасын өзгөртүү эмес. Бул мыйзам чыгаруунун негизин, бийлик түшүнүгүн жана коомдун жашоосун уюштуруучу принциптерди өзгөртүүнү билдирет.
Улуу Аллах Таала түшүргөн бул дин азыркы дүйнөнү каптап калган жана чечилбей жаткан кризистерди түп-тамырынан чечет. Халифалык мамлекети азыркы замандын талабы. Анткени, учурдагы эл аралык абал өзгөрүү алдында турат. Адамзат бир системадан экинчи системага өтүп, кайра эле ошол көйгөйлөргө кайтып келүүдөн тажады. Адамзат, көйгөйдүн көрүнүшүн эле эмес, анын түпкү негизин өзгөртүүгө муктаж.
Мусулмандардын шайлоого карата шарий позициясы кандай болуусу керек?
Аллах Таала Өз китебинде мындай дейт:
أَمْ لَهُمْ شُرَكَاءُ شَرَعُوا لَهُم مِّنَ الدِّينِ مَا لَمْ يَأْذَن بِهِ اللَّهُ
«Же болбосо, алар үчүн Аллах уруксат бербеген нерселерди дин катары мыйзамдаштырган шериктери барбы?» (Шуура сүрөсү, 21-аят).
Дагы мындай дейт:
وَأَنِ احْكُم بَيْنَهُم بِمَا أَنزَلَ اللَّهُ وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَاءَهُمْ وَاحْذَرْهُمْ أَن يَفْتِنُوكَ عَن بَعْضِ مَا أَنزَلَ اللَّهُ إِلَيْكَ
«Алардын арасында Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кыл. Алардын каалоолоруна ээрчибе жана алардын сени Аллах түшүргөн нерсенин айрым бөлүгүнөн буруп кетишинен сак бол».
(Мааида сүрөсү, 49-аят).
Бул аяттар Аллахтын мыйзамдарынан башка нерсе менен башкаруу арам экендигине ачык айкын далалат кылып турат. Исламда мыйзам чыгаруу укугу жалгыз Аллах Таалага таандык болуп, пенделерге мындан эч кандай насип жок. Анткени Аллах — Жаратуучу, ал эми адам — жаратылган пенде. Жаратуучунун пенделери үчүн эмне адал, эмне арам, эмне туура жана эмне туура эмес экенин белгилөө укугу эң оболу Жаратуучунун Өзүнө таандык. Ошондуктан мусулмандар Аллахтын мыйзам чыгаруу укугун адамдарга таандык кыла турган түзүмгө ыраазы болушу мүмкүн эмес. Мыйзам чыгаруу укугун элге таандык кыла турган түзүмгө президент болуп шайланып баруу же бирөөнү адам тарабынан чыгарылган мыйзамдар менен башкаруусу үчүн шайлоо да ачык–айкын шарий тексттердин негизинде тыюу салынган иш. Ошондуктан бул жерде мусулмандардын добуш берүүсү болобу, үгүт кылуусу болобу, шайлоого жардам берүүсү болобу — бардыгы арам.
Аллах Таала айтты:
وَتَعَاوَنُوا عَلَى الْبِرِّ وَالتَّقْوَىٰ ۖ وَلَا تَعَاوَنُوا عَلَى الْإِثْمِ وَالْعُدْوَانِ ۚ وَاتَّقُوا اللَّهَ ۖ إِنَّ اللَّهَ شَدِيدُ الْعِقَابِ
«Жакшылыкта жана такыбалыкта бири-бириңерге жардамдашкыла, күнөөдө жана душмандыкта бири-бириңерге жардамдашпагыла. Аллахтан корккула! Чындыгында, Аллахтын азабы катуу».
(Мааида сүрөсү, 2-аят).
Бул маселе «эки арамдын жеңилирэээгин тандоо» же «мусулмандардын кызыкчылыгы» деген эрежелерге түшпөйт. Анткени бул жерде арамдан тыйылуу мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми маслахат-кызыкчылыкка келсек, Аллах Таала ачык арам кылган нерседе момун адам үчүн маслахат-пайда жок. Маслаха-мурсаланы далил катары карманган аалымдардын шарттарына дал келбейт. Ал шартка ылайык:
Ал күмөндүү кызыкчылык болбошу керек;
Шарияттагы ачык далилге каршы келбеши керек;
Бул маселеде болсо ачык арам кылуучу текст бар. Кантип «кызыкчылык» деген шылтоо менен ачык аятты жокко чыгарууга болот? Эгер адам өзүнүн жеке түшүнүгүнө таянган «пайданы» ачык шарияттык тексттен жогору коюп баштаса, анда шариятты өлчөөчү өлчөм адамдын каалоосуна айланып калбайбы?
Ошондуктан мусулмандар саясий жашоосун арамга кирбестен, шарият менен чектелген абалда алып баруусу керек. Буга биздин Расулаллах ﷺ эң жаркын мисал болот. Анын саясаты кандай эле? Анын саясаты дүйнөдөгү каапырлыкты жана ширкти жок кылып, бүтүндөй жалгыз Исламды орнотуу эмес беле? Ал адамдардын каалоосуна ылайык Исламдын өкүмдөрүн өзгөрткөн жок. Качан Пайгамбарыбыз ﷺ ачык арамга ыраазы болуп, шериктеш болуп, аларга жардам берди эле? Тескерисинче, ал акыйкатты жеткирүүдө сабыр кылды, Аллахтын динин бекем кармады жана адамдардын кысымына карабастан өзүнүн миссиясынан баш тарткан жок.
Биз, мусулмандар, Пайгамбарыбыздын позициясында турушубуз керек. Ал позиция — Куран жана Сүннөттөн башкасынан баш тартуу, Исламды талап кылуу, аны жетекчиликке көтөрүп чыгуу, бул жолдогу сыноолорго сабыр кылуу, күч ээлеринен нусрат-жардам талап кылуу, Аллах Тааладан дуба кылып, Ага гана таянуу. Мына ушул — чыныгы Пайгамбарыбыздын жолу.
Эй, мусулман бир туугандар!
Жаратуучубуз Аллах Тааланын каарын келтирген түзүмгө шерик болуудан, ага ыраазы болуудан жана ага унчукпай карап отуруудан сиздерди эскертебиз! Аллахтын каалоосу жана өкүмү момундар үчүн жакшыраак жана пайдалуураак эмеспи?
أَفَحُكْمَ الْجَاهِلِيَّةِ يَبْغُونَ ۚ وَمَنْ أَحْسَنُ مِنَ اللَّهِ حُكْمًا لِّقَوْمٍ يُوقِنُونَ
«Алар жахилият доорунун өкүмүн издешеби? Айткын, ыйман ээлери үчүн Аллахтан да жакшыраак өкүм кылуучу ким бар?!». (Мааида сүрөсү, 50-аят).
Эй, мусулман бир туугандар!
Шайлоо сыяктуу убактылуу үмүттөр көйгөйдү чечпейт, анткени чыныгы өзгөрүү саясатчылардын алмашуусунда эмес, системанын өзүн Ислам негизинде өзгөртүүдө. Эгер бир системанын ичинде адамдар гана алмашып, бирок мыйзам чыгаруунун негизи, коомдук мамилелердин негиздери жана мамлекеттин негизи өзгөрбөсө, анда биз күткөн түпкү өзгөрүү ишке ашпайт. Чыныгы кутулуу — Исламдын мамлекеттик жана коомдук түзүлүшүнө кайтууда гана. Ал эми бул жолдогу ар бир салым, ар бир сөз жана ар бир позиция — Жаратуучу Рахмандын ыраазычылыгына жеткире турган эң улуу кадам. Өзгөрүүнү куру кыялдардан эмес, Аллахтын динин коомго алып келүүдөн баштайлы!
Хизб ут Тахрир Кыргызстан
09.10.2026




