Кабар

Батыштын чыныгы жүзү

Батыштын чыныгы жүзү

Дания парламенти 1960-жылдардын башынан 1991-жылга чейин Гренландия аралындагы калктын төрөлүү деңгээлин көзөмөлдөө максатында мажбурлап бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонууга дуушар болгон гренландиялык аялдарга 300 миң крон (46,73 миң доллар) өлчөмүндө компенсация төлөп берүүнү бекитти. Бул тууралуу «Ritzau» агенттиги билдирди.

Гренландиядан шайланган депутат Карсок Хёг-Дамдын айтымында, бул компенсация — «айсбергдин чокусу гана». «Бул — биз жасай ала турган эң аз нерсе», – деди ал.

1991-жылга чейин өзүнүн макулдугусуз мажбурлап бойго бүтүрбөөчү каражаттар коюлган гренландиялык аялдар ушул убакка чейин келтирилген зыян үчүн компенсация алышкан эмес. Аралдагы төрөлүү деңгээлин көзөмөлдөө максатындагы бул кампания 1960-жылдары башталган.

Контрацепция каражаттары жашы жете элек кыздарга жана төрөттөн же боюнан алдыруудан кийин аялдарга көп учурда алардын макулдугусуз же өздөрүнө айтылбастан орнотулган.

Бул процедурага дуушар болгон 143 аял Дания өкмөтүнө каршы доо арыз беришкен. Алар талап кылган компенсациянын жалпы суммасы 43 млн кронду (6,1 млн доллар) түзгөн.

Гренландиядагы окуя мындай учурлардын жалгыз мисалы эмес. Түпкү элдерге каршы багытталган башка да учурлар болгон.

Мисалы, АКШда евгеникалык мыйзамдар бийлик тарабынан тукум улоого «ылайыксыз» деп эсептелген адамдарды мажбурлап стерилизациялоого уруксат берген. XX кылымда өзгөчө аялуу топтордун арасында майыптыгы бар аялдар, афроамерикалыктар жана латын америкалыктар болгон. АКШда Экинчи дүйнөлүк согуштун аягына чейин болжол менен 60 миң адам мажбурлап стерилизацияланган.

Ал эми 1960–1970-жылдары АКШдагы мамлекеттик медициналык мекемелер түпкү калктын аялдарын стерилизациялаган учурлар болгон. Айрыкча жаш аялдарга операция медициналык зарылчылыктан улам жасалып жатканы айтылып, түпкүлүгүндө болсо алардын тукум улоо мүмкүнчүлүгү жок кылынган учурлар белгилүү. Бул көрүнүш көп учурда түпкү калктын төрөлүшүн көзөмөлдөөгө багытталган кеңири саясаттын бир бөлүгү катары каралат.

XX кылымда Канадада да түпкү калкка каршы ушундай практика болгон. Канадада мажбурлап стерилизациялоонун узак тарыхы бар. XX кылымда мыйзамдар жана мамлекеттик саясат түпкү элдердин, метистердин жана инуиттердин, ошондой эле кара түстүү жамааттардын төрөлүшүн чектөөгө багытталган. Мындан тышкары, жакырчылык, расалык өзгөчөлүк жана майыптык сыяктуу аялуу факторлорго байланыштуу адамдар да мындай саясаттан жабыркаган.

Бул ачык евгеникалык мыйзамдар жана саясаттар кийин жокко чыгарылганына карабастан, аларды жараткан расисттик жана басмырлоочу көз караштар Канада коомунда дагы деле кездешет. Ал эми мажбурлап стерилизациялоо учурлары бүгүнкү күндө да катталып келет.

2019-жылдан тартып Канаданын Сенатынын Адам укуктары боюнча туруктуу комитети өлкөдөгү адамдарды мажбурлап стерилизациялоонун масштабы жана мүнөзү боюнча изилдөө жүргүзгөн. Комитет бул маселе боюнча эксперттерди жана жарандык коомдун өкүлдөрүн угуп, далилдерди чогулткан.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button