Мамлекеттик жер эми кредиттин күрөөсүнө айланабы?

Мамлекеттик жер эми кредиттин күрөөсүнө айланабы?
Кыргызстанда ири инвесторлорго мамлекеттик жана муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугун кредит алуу үчүн күрөө катары пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүү сунушталууда.
Тиешелүү токтомдун долбоору Министрлер кабинети тарабынан коомдук талкууга чыгарылды. Сунушталып жаткан механизм жердин өзүн күрөөгө коюуну эмес, участокту убактылуу пайдалануу укугун күрөөгө берүүнү карайт.
Механизмди ишке киргизүү үчүн мамлекеттик жерлерди берүү боюнча колдонулуп жаткан эрежелерге өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Учурда мамлекеттик жер тилкесин убактылуу пайдалануу укугун ажыратууга, аны күрөөгө коюуга, субарендага берүүгө же үчүнчү жактардын укуктары менен чектөөгө тыюу салынган.
Эгер сунушталган өзгөртүүлөр кабыл алынса, айрым инвестициялык долбоорлор боюнча жерди пайдалануу укугун кредит алууда күрөө катары колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.




