Капитализм адамзатка жалаң гана кырсык алып келүүдө

Капитализм адамзатка жалаң гана кырсык алып келүүдө
БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш дүйнөдөгү куралдуу кагылышуулардын саны өсүп, заманбап согуштардын мүнөзү өзгөрүп жаткан шартта уюмдун тынчтык орнотуу системасын жаңыртуу планын Башкы Ассамблеяга сунуштады.
Гутерриштин айтымында, бүгүнкү күндө дүйнөдө 1945-жылдан берки эң көп согуштар болуп жатат. Ал эми акыркы беш жылда куралдуу кагылышууларда каза болгондордун саны 25 жылда курман болгондордун санынан ашты.
БУУнун башчысы чыр-чатактар барган сайын технологиялык мүнөзгө ээ болуп жатканын белгиледи. Куралдуу кагылышууларда учкучсуз учуучу аппараттар кеңири колдонулууда. Ошондой эле жасалма интеллектке негизделген өлүмгө алып келүүчү автономдуу куралдарды колдонуу мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу кооптонуу күчөп, ядролук куралды колдонуу коркунучу дагы эле сакталып турат.
Ошол эле учурда Гутерриштин баамында, кеңири көлөмдүү тынчтык келишимдери барган сайын сейрек түзүлүүдө. Чыр-чатактардын саясий жол менен жөнгө салынган үлүшү акыркы ондогон жылдардагы эң төмөнкү деңгээлге түшкөн.
“БУУга мүчө мамлекеттердин пикирлери тынчтыкка болгон кооп-коркунучтарга жооп кайтаруу маселесинде гана эмес, ошол коркунучтардын өзүн кандай түшүнүү керектиги боюнча да барган сайын айырмаланып баратат”, – деди Гутерриш.




