Йемен жана анын аймактагы окуялардан таасирлениши

Йемен жана анын аймактагы окуялардан таасирлениши
Йемендин Президенттик жетекчилик кеңешинин төрагасы Рашад аль-Алими мурунку шаршембиде өкмөт жаңы элдешүүнү да, ок атышууну токтотуу келишимин да колдобой турганын айтты. Анткени туруктуу тынчтык курал-жарак менен эгемендикти мамлекет гана өз колунда кармаган жана мамлекеттен тышкары куралдуу топтор болбогон мамлекетке негизделиши керек. Бул тууралуу ал Йемендин расмий жана жергиликтүү маалымат каражаттарынын жетекчилери жана өкүлдөрү менен өткөргөн кеңири жолугушууда билдирди. Ошондой эле аль-Алими хусийлер тобуна акыркы кайрылуусун жолдоп: «Куралды таштап, саясий партияга айланып, башка бардык йемендиктер менен тең укукта шайлоо урналары аркылуу атаандашууга мүмкүнчүлүк дагы эле бар», — деди.
Аль-Алиминин айткан сөздөрү, айрыкча дал ушул учурда айтылышы, саясий позициянын, ошондой эле аскерий позициянын өзгөргөнүн көрсөтөт. Саясий кайрылуунун тонунда мурдагыга караганда катуулук байкалды, ал эми аскерий жооп кубаттуурак болду. Анткени буга чейинки бир нече жылдан бери хусийлердин ар-Рувайк, аль-Муха, Мариб, ал тургай Сауд үй-бүлөсүнүн падышалыгынын түштүгүнө жасаган соккуларына жооп иретинде бардык фронттор бир убакта кыймылга келген эмес. Бул болсо Саудиянын колдоосу, ал тургай көрсөтмөсү менен ишке ашууда.
Американын саясаты аймакта бир же бир нече мамлекеттин үстөмдүк кылышына жол бербей турган аскерий тең салмактуулуктун түзүлүшүн талап кылды. Анткени мындай үстөмдүк Америкадан кайсы бир учурда андан кутулуу жана аны чектөө үчүн өзү каалабаган күч-аракетти талап кылышы мүмкүн. Буга бүгүнкү күндө Иранды чектөө үчүн жумшап жаткан аракетин мисал кылууга болот. Американын саясаты улам-улам ийгиликсиздикке учурашынын натыйжасында Американын кезектеги администрациялары Афганистанда, Иракта, Ливанда, Сирияда жана Йеменде Ирандан жардам суроого аргасыз болушкан. Мунун натыйжасында Иран аймакка түздөн-түз таасир эте баштады, андан соң Американын аймактагы пландары менен кызыкчылыктарына тоскоолдукка айланды. Ошондой эле яхудий түзүмү да, Американын көз карашында, андан ажырабашы керек, тескерисинче, Америка өз кызыкчылыктарын ал аркылуу ишке ашыра турган курал бойдон калууга тийиш. Ошондуктан Америка Саудия, Түркия жана Пакистан ортосунда өз ара коргонуу боюнча Мекке келишимин түздү.
Америка Мекке келишими менен гана чектелип калган жок. Ал Саудия жана Пакистан жетекчилик кылган 39 мамлекеттен турган дагы бир альянс түздү. Анын максаты — Иран колдогон хусийлердин деңиздеги коркунучтарына каршы туруу үчүн институтташкан коргонуу алкагын түзүү. Бул деңиз коопсуздугун бекемдөө, кеме каттамынын эркиндигин коргоо, ошондой эле эл аралык соода жолдорунун коопсуздугун камсыздоо жана Баб аль-Мандеб кысыгында, Кызыл деңизде жана Аден булуңунда энергия жеткирүү жолдору менен орток деңиз кызыкчылыктарын коргоо аркылуу ишке ашырылат. Мунун баары биринчи кезекте Американын кызыкчылыктары талап кылгандай жүргүзүлөт. Анткени Америка өткөн кылымдын жетимишинчи жылдарынан бери «Кызыл деңиздин коопсуздугу» деген аталыш астында Кызыл деңизди көзөмөлдөөгө жана ага өз таасирин жайылтууга аракет кылып келет.
Ал эми Иранга келсек, анын Афганистанда, Иракта, Сирияда жана башка жерлерде Америкага көрсөткөн бардык кызматтары ага пайда берген жок. Америка Иранда, Саудияда, Ливанда, Сирияда жана Йеменде бири-бирине каршы турган мазхабчыл борборлорду күчтөндүрүп, аларды Исламга каршы согушунда курал катары колдонгондон кийин да ушундай болду.
Сирияда Ирандын ролу Америка белгилегендей аяктады. Ошондуктан Америка андан артка чегинүүнү талап кылды. Чындыгында Иран Сириядан артка чегине баштап, өз күчтөрүн чыгарып кетти. Ошентип, Америка аймактагы өз таасирин жүргүзүп келген кылмышкер малайы Башарды Түркия аркылуу башка бир малайга алмаштырды. Ошондой эле Түштүк Ливанда Америка яхудий түзүмүнө Иран партиясынын жетекчилерин өлтүрүүгө, анын күчтөрүн жана инфраструктурасын талкалоого жашыл жарык берди. Мындан тышкары, Ливанга анын куралын алып коюу жана аны саясий партияга айландыруу үчүн басым жасалууда. Мунун ордуна өлкөнү кайра куруу, жер которгондордун кайтып келишине уруксат берүү жана акырында туруктуу тынчтык келишимине кол коюу каралууда.
Иракта болсо Америка Ирандын Нури аль-Маликини премьер-министрликке дайындоо аракетине бөгөт коюп, анын ордуна Али аз-Зейдини алып келди. Ал коррупция маселесин Ирандын союздаштарына каршы күрөштө катуу курал катары колдонду. Ошондой эле куралды мамлекеттин гана колуна топтоо жана бардык куралдуу топтордон саясий партияларга айланууну талап кылды.
Ал эми Йеменде Америка Саудия аркылуу Рашад аль-Алимиге басым жасап, Эмираттын күчтөрүн чыгарып кетүүгө мажбурлады. Андан соң аны Америка тарапка тартып, хусийлерге каршы акыркы аскерий операцияларда логистикалык колдоо көрсөттү. Айрыкча операцияларга учкучсуз учуучу аппараттарды киргизди. Мунун баары аймактагы Ирандын колдорун кыскартуу үчүн жасалууда. Америка муну менен өз максатына, башкача айтканда, Иранды анын орбитасында жүргөн мамлекет эмес, өзүнө көз каранды мамлекетке айлантууга умтулууда.
Өкүнүчтүүсү, Америка аймакты Пакистандагы, Саудиядагы жана Түркиядагы өз жан-жөкөрлөрүнө тапшырат. Анткени алардын саясаты Америкага байланышкан — алардын айрымдары ага көз каранды болсо, башкалары анын таасир чөйрөсүндө жүрөт. Алар болсо өз мамлекеттерин бириктирип, исламий өздүгүн кайра калыбына келтирген, Исламий жашоону кайрадан баштаган жана адам ресурстары, аскерий күчү, табигый байлыктары, кеңири географиялык аймагы жана жер шарындагы эң маанилүү кысыктарды көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү менен дүйнөдөгү бардык мамлекеттерден үстөм болгон бир улуу мамлекетке айландыруунун ордуна ушундай абалда калууда.
Байкалып тургандай, Америкага көз каранды болгон жана өлкөлөрүндө Ирандын колдору болгон же дагы эле бар өкүмдарларда орток бир жагдай бар. Ал — ошол өлкөлөрдүн режимдери коюп жаткан талаптар. Бул талаптар куралдуу топторго же алардын калдыктарына басым көрсөтүү үчүн колдонулат. Алардын катарына куралды тапшыруу жана аны мамлекеттин гана колуна топтоо, ошондой эле ал топтордун саясий партияларга айланышы жана шайлоо урналары аркылуу атаандашуусу кирет. Бул талаптардын булагы бир тарапты – Американы көрсөтөт. Натыйжада ал өлкөлөрдөгү бул топтор бирдей тагдырга туш болушат. Алардын арасында Йемен да бар, айырмасы болгону убакыт факторунда.
Аймактагы көрүнүш мына ушундай: мусулмандардын Америка жана баскынчы түзүм тарабынан өлтүрүлүшү уланып жатат жана токтобойт. Палестинада, Ливанда, Иракта, Сирияда, Иранда, ошондой эле Йеменде бомбалоо жана кыйратуулар жүрүп, бүтүндөй аймактагы инфраструктураны талкалоо эң жогорку чегине жетти. Мунун баары мусулман өлкөлөрүндө куфрдун жана анын ээлеринин долбоорлоруна кызмат кылуу, аларды Раббиси аларга жүктөгөн жакшылык жана адилеттик рисалатынан алыстатуу үчүн жасалууда. Дал ошол рисалат аларды жана алардан мурункуларды караңгылыктардан нурга чыгарган, кордуктан кийин азиз кылган жана алсыздыктан кийин күчтөндүргөн. Ал Аллахтын уруксаты менен сөзсүз келет жана орнойт. Бул Аллахтын динине жана Анын акыркы рисалатына өздөрүн арнагандардын аң-сезими, чечкиндүүлүгү жана курмандыгы менен ишке ашат. Ал — Исламдын жана мусулмандардын душмандары каалабаса да, пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык аркылуу болот. Ошондо зулумдук жана адилетсиздикке толгон жер жүзү адилеттик жана калыстыкка толуп, жер Раббисинин нуру менен жаркырайт:
﴿وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللَّهِ يَنصُرُ مَن يَشَاء وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ﴾
«Ошол күндө момундар Алла (румдуктарды) жеңишке ээ кылгандыгы себептүү шаттанышат. (Алла) Өзү каалаган кишисин үстөм кылат. Ал кудурет жана ырайым ээси».
(Рум: 4–5).
Роя гезити
Устаз Абдуллах аль-Кади




