Роя гезити

Саудия менен Судандын ортосундагы координация кеңеши — Суданды бөлүп-жаруу чынжырынын бир бөлүгү

Саудия менен Судандын ортосундагы координация кеңеши — Суданды бөлүп-жаруу чынжырынын бир бөлүгү

Саудия менен Судандын ортосунда жаңы координация жүрүп жатат жана Кызматташуу үстөлүндө 10 маселе бар. «Аш-Шарк аль-Аусат» гезити 2026-жылдын 18-августу, шейшемби күнү Саудия менен Судан эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын деңгээлин жогорулатуу максатында дүйшөмбү күнү Саудия-Судан координация кеңешин түзүү тууралуу документке кол коюшканын жарыялады.

Саудиянын «ВАС» маалымат агенттиги мындай деди: «Тышкы иштер министри, урматтуу ханзаада Файсал ибн Фархан ибн Абдуллах жана Судандын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Мухйиддин Салим Ахмад Ибрахим Эр-Рияддагы министрликтин имаратында Саудия-Судан координация кеңешин түзүү тууралуу документке кол коюшту». Ошондой эле: «Кеңештин түзүлүшү эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык жана координация деңгээлин жогорулатууга болгон умтулуусунан келип чыгууда. Ал эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн натыйжалуу институттук аянтча, ошондой эле эки тараптын тиешелүү мекемелерин демилгелер, долбоорлор жана так белгиленген максаттар аркылуу көзгө көрүнөрлүк натыйжаларга жетүү үчүн биргелешип иштөөгө бириктирген институттук алкак болот. Бул кызматташтык менен интеграцияны бекемдеп, боордош эки өлкөнүн жетекчиликтеринин жана элдеринин умтулууларын ишке ашырат», — деп кошумчалады.

Ал эми Судандын Тышкы иштер министрлиги «Икс» платформасында жарыялаган билдирүүсүндө: «Кеңеш Саудия менен Судандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди башкаруу жана өнүктүрүү үчүн жогорку жана кеңири тармакты камтыган институттук алкак түзүүнү, ошондой эле бул мамилелерди өз ара кызыкчылык туудурган ар түрдүү тармактарда координациялоо жана кызматташтыктын кыйла кеңири деңгээлине көтөрүүнү көздөйт», — деп билдирди.

Кеңеш саясий, экономикалык, инвестициялык, соода жана башка кызматташтык тармактарын камтыган он негизги маселени карайт. Бул көз караштарды бириктирүүгө, эки өлкөнүн ортосундагы расмий өнөктөштүктү бекемдөөгө жана экономикалык-инвестициялык кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле кеңеш биргелешкен долбоорлор менен программаларды ишке ашырууну жеңилдетүүгө, өнүгүү жана туруктуулук аракеттерин колдоого, өз ара кызыкчылыктарды бекемдөөгө салым кошору күтүлүүдө. Бул Судан-Саудия мамилелеринин өзгөчөлүгүн жана эки өлкөнүн жетекчилигинин аларды институттук жана туруктуу түрдө өнүктүрүүгө болгон умтулуусун чагылдырат.

Билдирүүнүн соңунда: «Келишимге кол коюу Хартум менен Эр-Рияддын ортосундагы өнүгүп жаткан мамилелердин жана өз ара кызыкчылыктарга, ошондой эле кыйла туруктуу жана өнүккөн келечекке карата орток көз карашка негизделген стратегиялык кызматташтыктын жаңы этабына өтүү боюнча орток умтулуулардын шартында ишке ашууда», — деп айтылды.

Бул билдирүү Суданда 2023-жылдан бери уланып келе жаткан согуш төртүнчү жылынын бешинчи айына кирген учурда жарыяланды. Айрым эсептөөлөр боюнча, бул согуш 200 миңден ашуун адамдын өлүмүнө алып келди. Ошол эле учурда Эр-Рияд бул согуштан Американын талаптарын ишке ашырууга аракет кылуу үчүн өзүнүн таасирин колдонду.

Судандагы окуяларга жакындан көз салган адам ал жердеги иштин тизгинин кармап турган Америка экенин көрөт. Ал согушту тутантып, ансыз да бөлүнгөн Суданды дагы бөлүп-жарууну, ансыз да бытыранды болгон өлкөнү өз уулдарынын колу менен дагы майдалоону каалайт. Ал эми Саудия болсо анын колдорунун бири гана. Биз анын Жидда платформасына кийлигишкенине күбө болдук. Ал платформа согуш башталгандан бери эки тараптын сүйлөшүүлөрүн өткөрүүдө чоң роль ойноду, бирок эч нерсеге жетишкен жок. Тескерисинче, Америка каалаган нерсесине жетишүүгө мүмкүнчүлүк алышы үчүн, анын көрсөтмөсү менен согуштун мөөнөтүн узартты.

Биз бул берекелүү өлкөдөгү элибизге Саудия жана анын артында турган Америка, ошондой эле бүтүндөй кафир Батыш силерге жакшылык каалабай турганын баса белгилейбиз. Тескерисинче, алар силердин көрүнгөн жана жер астындагы байлыктарга бай өлкөңөргө көз артышат. Ошондой эле армиядагы ихластуу уулдарыбызга айтабыз: Хизб ут-Тахрирге нусрат бергиле, ал Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелесин. Ошондо Халифалыктын жоктугунан улам мойнубуздагы улуу күнөөнү кетиребиз. Буга Расулуллахтын ﷺ төмөнкү сөзү далил: «وَمَنْ مَاتَ وَلَيْسَ فِي عُنُقِهِ بَيْعَةٌ مَاتَ مِيتَةً جَاهِلِيَّةُ» — «Ким мойнунда байъат болбогон абалда өлсө, жахилият өлүмү менен өлгөн болот».

Биз силерди мына ушундай жакшылыкка чакырабыз; иззаттын күнү кайрадан жаркырап чыксын! Анткени биз фатх кылуучулардын урпактарыбыз, Ислам үчүн чоң кызматтарды кылган султан Али Динардын урпактарыбыз. ﴿لِـمِثْلِ هَذَا فَلْيَعْمَلِ الْعَامِلُونَ﴾

«Мына ушундай нерсе үчүн амал кылуучулар амал кылышсын». (Саффат: 61).

Роя гезити

Устаз Майсара Яхя Мухаммад Нур

Хизб ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы Маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button