Макала

Кытайдын стратегиялык көз карашына жана анын эл аралык саясатындагы өзгөрүүгө сереп

Кытайдын стратегиялык көз карашына жана анын эл аралык саясатындагы өзгөрүүгө сереп

Мунажи Мухаммад

Кытайда болуп жаткан ири стратегиялык өзгөрүүлөрдү түшүнүү үчүн, Кытайдын эл аралык аренада ири күч катары пайда болушунун артында жаткан себептерге, шарттарга, стратегиялык жана геостратегиялык мүмкүнчүлүктөргө, ошондой эле анын экономикалык, аскерий, технологиялык жана саясий күчүнүн өсүшүнө жана эл аралык амбициясына токтолуу зарыл. Бүгүнкү күндө Кытай эл аралык абалга жана эл аралык саясатка өзгөчө таасир тийгизе турган деңгээлге жетти. Жакында, 2026-жылдын 17-июнунда Кытайдын Мамлекеттик кеңешине караштуу Маалымат кеңсеси «Адилеттүүрөөк жана калысыраак глобалдык башкаруу системасын куруу: Кытайдын принциптери, сунуштары жана чаралары» деген аталыштагы ак китепти жарыялады. Анда Кытайдын келечектеги дүйнөгө болгон стратегиялык көз карашы чагылдырылган.

Кытайдын эл аралык күчкө айланышы эл аралык чөйрөдөн, эл аралык абал башынан өткөрүп жаткан геосаясий шарттардан жана Батыш-Америка эл аралык системасынын курч кризистеринен обочолонгон окуя болгон жок. Тескерисинче, бул күч тарыхтагы бурулуш учурлар аркылуу өсүп, топтолуп келди. Алардын эң негизгилери – “Кансыз согуштун” аякташы, Советтер Союзунун кулашы жана Американын бир уюлдуу дүйнөсүнүн пайда болушу. Советтер Союзун жеңгенине мас болгон учурда Американын негизги иши жана стратегиялык камы империя куруу жана дүйнөнү үстөмдүк кылган жалгыз уюл катары башкаруу үчүн гегемония куралдарын көзөмөлгө алуу эле. Ал куралдар болсо энергия булактары, чийки заттар жана алгачкы табигый ресурстардан башка нерсе эмес болчу. Исламий география, анын байлыктары, мунай жана газ, ошондой эле кайрадан стратегиялык жандуулугун калыбына келтирген, терең тамыр жайган жашыруун Ислам Американын негизги иши жана стратегиялык камы болду. Ошондуктан Американын Булуңдагы, Ооганстандагы жана Африка мүйүзүндөгү согуштары анын империясын куруу жана бир уюлдуу үстөмдүгүн бекемдөө үчүн жүргүзүлгөн стратегиялык согуштар болду. Америка муну «жаңы дүйнөлүк тартипти түзүү» деп жайылтты. Мына ушул өзгөчө эл аралык шарт Кытай үчүн тарыхый стратегиялык мүмкүнчүлүктөрдү жана шарттарды түздү.

Америка өз империясын куруу авантюралары менен алек болуп турган маалда Кытай экономикасын тынч жана туруктуу түрдө курду, инфраструктурасын жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрдү. Билим берүү системасын өркүндөтүү, изилдөө, сыноо жүргүзүү жана инновация борборлорунун мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүп, күчөтүү аркылуу технологиялык базасын түздү. Бул тарыхый учур Американын үстөмдүк кылган учуру болуп көрүнгөнү менен, Кытайга Американын ооздуктоо саясаты менен санкцияларынан тышкары таза стратегиялык ийгиликтерге жетүү үчүн ылайыктуу тышкы чөйрөнү камсыз кылды. Буга ушул этапта Бээжиндин Кытайдагы заманбап реформалардын архитектору Дэн Сяопиндин: «Мүмкүнчүлүктөрүңдү жашыр жана өз убагыңды күт», – деген сөзүнөн шыктанган этият мамилени карманышы да жардам берди. Мунун максаты үстөмдүк кылган Америка күчү менен түз кагылышуудан качуу эле.

Андан тышкары, коммунисттик системанын жеңилиши, Чыгыш Европа блогундагы мамлекеттердин ыдырашы жана “Кансыз согуштун” аякташы менен Америка өтө жаңылыш стратегиялык баалоого таянды. Ага ылайык, социалисттик Элдик Кытай Республикасынын тагдыры Европадагы социалисттик блоктогу мамлекеттердин тагдырындай болуп, Кытайдын башкаруу системасын жана социалисттик мамлекетин да ыдыроо камтыйт деп эсептелген. Мында Кытайдын гибриддик системасы коммунисттик системадагы мамлекеттик социализмге караганда капиталисттик мамлекеттик социализмге көбүрөөк жакын экени жөнүндөгү чындык, ошондой эле Кытай Чыгышы менен Европа Чыгышынын ортосундагы маданий жана цивилизациялык айырмачылыктар толугу менен эске алынган эмес.

Андан соң Советтер Союзунун кулашы жана коммунисттик тоскоолдуктардын жоюлушу менен экономикада, саясатта жана турмушта капиталисттик үстөмдүк менен гегемонияны кайра калыбына келтирүү үчүн либералдык шарттар түзүлдү. Бул эски-жаңы либерализмдин т.а. «неолиберализмдин» натыйжаларынын бири катары Батыштын либералдык моделин глобалдаштыруу, бардык чектөөлөрдү жокко чыгаруу жана дүйнөлүк сооданын (капиталисттик компаниялардын соодасынын) алдындагы бардык тоскоолдуктарды алып салуу болду. Мунун иш жүзүндөгү көрүнүшү 1995-жылы түзүлгөн ГАТТ келишими жана Дүйнөлүк соода уюму болду.

Бул экономикалык глобалдашуунун натыйжасында дүйнө эл аралык сооданын болуп көрбөгөндөй кеңейишине жана өнөр жай өндүрүшүнүн чыгымы азыраак, чектөөлөрү жеңилирээк аймактарга көчүшүнө күбө болду. Кытай бул толкундан чет элдик инвестицияларды тартуу, өзүнүн өнөр жай мүмкүнчүлүктөрүн, жөндөмдөрүн жана техникалык тажрыйбасын өнүктүрүү аркылуу пайдаланды. Кытайдын дүйнөлүк экономикадагы ролу улам өсүп, ал тургай «дүйнөнүн фабрикасы» деп сыпаттала баштады.

Бул көрүнүш ал 2001-жылы Дүйнөлүк соода уюмуна кошулушу менен дагы да бекемделди. Андан кийин 2003–2008-жылдар аралыгында анын өнөр жай экспорту эки эсеге көбөйүшү менен бул абал дагы терең тамыр жайды. «Кытай — дүйнөнүн фабрикасы» деген сөз айкашы эл аралык уюмдардын баяндамаларында жана экономикалык гезиттерде кеңири колдонулуп, популярдуу боло баштады. Ошентип, Кытай Батыштын капиталисттик өндүрүш чынжырындагы четки мамлекеттердин биринен дүйнөлүк экономиканын чынжырларындагы негизги борбордук мамлекетке айланды.

Кытайдагы бул секирик менен экономикалык салмак борбору Азияга карай жыла баштады. Бул Азиянын дүйнөлүк өндүрүшкө жана соодага кошкон салымынын өсүшү аркылуу ишке ашты. Кытай мындан эң көп пайда көргөн өлкөлөрдүн бири болду. Буга анын саясий жетекчилиги, эбегейсиз ички рыногу, кеңири өнөр жай базасы, инфраструктурага, билим берүүгө жана технологияга салган ири жана интенсивдүү инвестициялары көмөк көрсөттү.

Андан соң үчүнчү миң жылдык башталып, Батыш-Америка эл аралык системасынын эскиргенинин белгилери, алсыроосу жана Батыш капиталисттик системасынын кризистеринин курчушу көрүнө баштады. Бул кризистердин арасында 2008-жылдагы дүйнөлүк каржы кризиси стратегиялык бурулуш чекити болуп, Кытайдын стратегиясында терең өзгөрүүгө алып келди. Кытайдын дүйнөлүк экономикадан, анын механизмдеринен жана институттарынан дээрлик обочолонуп турушу аны 2008-жылдагы Батыштын каржылык карыз кризисинин кыйратуучу кесепеттеринен коргоду. Ошондой эле буга анын эбегейсиз валюта резервдери, мамлекет үстөмдүк кылган банк сектору, ички топтомдордун жогорку деңгээли, мамлекеттик инвестицияларды кеңири мобилизациялоо жана ички суроо-талапты стимулдаштыруу мүмкүнчүлүгү жардам берди. Ошондуктан Кытай 2008-жылдагы кризиске жөн гана оор экономикалык сыноо катары эмес, Батыштын каржы моделинин чектерин ачып берген учур катары карады. Бул кризис Кытай элитасынын өз моделинин туруктуулугуна т.а. мамлекеттин каржыны, өндүрүштү жана сооданы борборлоштурулган түрдө көзөмөлдөө жөндөмүнө болгон ишенимин күчөттү. Ошондой эле ал Кытайды эл аралык системага интеграциялануу стратегиясынан аны кайра калыптандырууга катышуу жөнүндө олуттуу ойлонууга түрткөн бурулуш чекити болду.

Ошентип, 2013-жылы Кытай «Бир алкак — бир жол» демилгесин ишке киргизип, бул анын экономикалык күчтөн глобалдык геосаясий оюнчуга айлана баштаганын билдирген белги болду. Ошондой эле Америка мамлекетинин саясий, стратегиялык жана аскерий кризиси да буга көмөк көрсөткөн фактор болду. Буга капиталисттик бөлүнүү жана анын саясий-маданий кесепеттери, Америкадагы ички поляризациянын күчөшү жана анын мамлекетке жана эл аралык саясатка тийгизген таасири себеп болду. Андан соң Американын аскерий күчүнүн артка кетүүсү анын мүмкүнчүлүгү менен күчүнүн чектерин жана жалгыз өзү үстөмдүктү сактап калуу мүмкүнчүлүгүнүн чектелүү экенин көрсөттү.

Кийин Трамптын администрациясы келип, анын Батыштагы Америка жетекчилигинин жагымдуулугун талкалашы менен Бээжин Американын кризисинен пайдаланып, өзүнүн өнөр жай, технологиялык жана каржылык базасын, ошондой эле эл аралык мамилелерин кеңейтти. Ал экономикалык салмагын геосаясий таасирге айландырып, Батыштын эл аралык системасынан пайда көргөн күчтөн анын эрежелерин кайра калыптандыруу үчүн атаандашкан күчкө айланды.

Муну санариптик жана технологиялык революция дагы да күчөттү. Санариптик экономиканын өсүшү менен күч эми өнөр жай өндүрүшү менен гана эмес, жасалма интеллект, байланыш, маалыматтар жана жарым өткөргүчтөр менен да өлчөнө баштады. Кытай келечектеги атаандаштык технологиялар жана стандарттар жаатында болорун эрте түшүндү. Ошондуктан, өзгөчө сезимтал тармактарда чет өлкөлүк технологияларга болгон көз карандылыкты азайтуу үчүн өзүнүн технологияларын өнүктүрүү максатында илимий изилдөөлөргө инвестицияларды көбөйттү жана ошол технологиялары менен дүйнөлүк рынокторго кирди.

Кытайдын көтөрүлүшү анын өз күчүнүн гана натыйжасы болгон жок. Ал ошондой эле Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, андан соң “Кансыз согуш” аяктагандан кийин Америка негиздеп, жетектеп келген эл аралык системанын акырындык менен эскиргенинин натыйжасы болду. Анын таянычтары Батыштын экономикалык үстөмдүгү, анын башында Америка экономикасы, Американын жетекчилиги астындагы аскерий үстөмдүк, системага кызмат кылган эл аралык институттар жана андан соң экономикалык глобалдашуу эле.

Ондогон жылдар бою бул элементтер бири-бирин бекемдеп келди. Аскерий күч Америка менен Батышка коопсуздук калканын камсыз кылды, эл аралык институттар эл аралык экономикалык мамилелердин чоң бөлүгүн жөнгө салып, мажбурлоонун жана Батыштын үстөмдүгүн таңуулоонун жумшак куралдарын түздү, ал эми глобалдашуу дүйнө мамлекеттеринин экономикаларынын Батыш экономикасы менен болгон байланышын дагы да бекемдеди. Бирок акыркы ондогон жылдарда Батыштын эл аралык системасынын таянычтарын алсыраткан өзгөрүүлөр болду. Азия экономикаларынын көтөрүлүшү менен дүйнөлүк экономикадагы Батыштын салыштырмалуу үлүшү азайды, технология жана өнөр жай тармактарындагы атаандаштык күчөдү, өз чечимдеринде көбүрөөк көз карандысыз болгон аймактык күчтөр пайда болду. Ошондой эле айрым эл аралык институттар өкүлчүлүк жана легитимдүүлүк маселелери боюнча сынга кабылды, көп уюлдуулук тууралуу сөздөр күчөдү. Ошол эле учурда глобалдашуу кыйла татаал баскычка өттү. Ал Батыш экономикасына көз карандылыкты тереңдеткен курал болуунун ордуна, Батыш менен атаандашуунун да куралына жана майданына айланды. Бул жеткирүү чынжырларын, технологиялык коопсуздукту, маанилүү ресурстарды жана тышкы көз карандылыкты кайра карап чыгууга түрткү берди. Глобалдашуу, анын философиясы жана эрежелери көйгөй жана талаш-тартыштын предметине айланып, анын ордуна протекционисттик саясаттар, санкциялар жана бажы тарифтери согушу сунуштала баштады. Бул геосаясий факторлорду кайрадан дүйнөлүк экономиканын өзөгүнө алып келди.

Батыштын эл аралык системасынын таянычтары солкулдашы менен күч түшүнүгүндө да өзгөрүү пайда болду. Мурда таасир негизинен аскерий жана каржылык мүмкүнчүлүк менен байланыштуу болсо, эми технология, анын жабдуулары жана маалыматтары, жарым өткөргүчтөр, жасалма интеллект, техникалык стандарттар жана санариптик инфраструктура эл аралык атаандаштыктын негизги куралдарына айланды. Ал эми киберсогуш мамлекеттердин стратегиялык иштеринин алдыңкы сабына чыкты.

Бул өзгөрүү менен XX кылымдын ортосунда түзүлгөн эрежелер көптөгөн жаңы маселелерди чечүүгө жетишсиз болуп калды. Натыйжада аларды жаңылоо же кайра иштеп чыгуу тууралуу кеңири талкуу башталды. Ошентип, Батыш-Америка системасын азыркы калыбында кармап калуу же аны өзгөртүп, кайра калыптандыруу маселесинин айланасында саясий тирешүү жана поляризация башталды. Америка болсо аны сактап калууга, ошол эле учурда реформалап, жаңы өзгөрүүлөргө ылайыкташтырууга чакырууда.

Ал эми Кытай башында турган экинчи тарапта эл аралык системанын институттарынын ичиндеги таасирди кайра бөлүштүрүү же дүйнөлүк экономикадагы өзгөрүүлөрдү жана күчтөрдүн жаңы тең салмагын чагылдырган жаңы алкактарды түзүү жөнүндө сөз боло баштады. Бул Кытайдын Батыштын эл аралык системасына интеграцияланууга умтулган мамлекеттен аны кайра калыптандырууга умтулган мамлекетке айланган стратегиялык өзгөрүүсүндө көрүндү. Кытайдагы бул стратегиялык өзгөрүү жөн гана жаңы экономикалык күчтүн көтөрүлүшү катары эмес, Кытайдын өзү, эл аралык системадагы жана эл аралык абалдагы орду жөнүндөгү көз карашынын акырындык менен топтолгон стратегиялык өзгөрүүсү катары каралат.

2008-жылдагы дүйнөлүк каржы кризиси Кытайдын стратегиялык ой жүгүртүүсүндө бурулуш чекити болду. Бээжин Батыш модели “Кансыз согуштан” кийин ээ болгон фикрий жана экономикалык үстөмдүгүнө эми ээ эмес деген тыянакка келди. Ошондон тартып Кытай эл аралык системанын артыкчылыктарынан пайдалануу менен гана чектелбестен, көз карандысыз таасир куралдарын түзө баштады. Алардын арасында «Бир алкак — бир жол» демилгеси, жаңы каржы институттары (БРИКС банкы), технологиялык катышуусун жана таасирин кеңейтүү, Глобалдык Түштүктө (Африкада, Латын Америкасында, Азия өлкөлөрүндө…) геостратегиялык таасирин күчөтүү бар. Бул кадамдар Кытайдын интеграциялануудан таасир этүүгө өтүшүнүн көрүнүшү болду. Андан кийин Батыштын эл аралык системасын кайра калыптандырууга аракет кылуу баскычы келди.

Бул он жылдыктын башталышы Кытайдын стратегиялык өзгөрүүсүндөгү бурулуш учуру болду. 2020-жылдан тартып Кытайдын стратегиялык көз карашын чагылдырган ак китептер биринин артынан бири жарыяланып, Бээжин эл аралык системага интеграциялануу баскычынан аны башкаруу жана анын эрежелерин кайра калыптандыруу үчүн альтернативдүү көз карашты иштеп чыгуу баскычына өткөнүн көрсөттү. Кытай эми учурдагы системанын ичинде көбүрөөк үлүш талап кылуу менен гана чектелбестен, Батыш моделине атаандаш болгон, өзүнүн стратегиялык көз карашын жана Кытай маданиятынын өзгөчөлүктөрүн чагылдырган стандарттарды, эрежелерди, институттарды жана түшүнүктөрдү сунуштай баштады.

2021-жылдагы «Кытай: ийгиликтүү демократия» аттуу ак китепте Бээжин демократияны Батыштын либералдык моделинен тышкары кайрадан аныктоо киргизип, өзү «толук процесстеги демократия» деп атаган түшүнүктү сунуштады. Бул дегени, системанын элдин кызыкчылыктарын ишке ашыруу, өнүгүүгө жана туруктуулукка жетишүү жөндөмү. Бул Америка менен Батыштын нормативдик үстөмдүгүнө каршы чыгуунун башталышы болду.

2023-жылдагы «Адамзаттын жалпы келечек коомчулугу: Кытайдын сунуштары жана иш-аракеттери» аттуу ак китепте Бээжин эл аралык система тууралуу өзүнүн көз карашын дагы да ачык жарыялады. Анда учурдагы эл аралык система сынга алынып, “Кансыз согуштан” кийин ушул система негизделген фикрий негиздин легитимдүүлүгүнө күмөн салынды.

Ал эми 2023-жылдагы «Бир алкак — бир жол» боюнча ак китепте Кытай өз демилгесин дүйнөгө жөн гана инфраструктуралык долбоор катары эмес, дүйнөлүк соода, каржылоо жана байланыш тармактарын Кытайдын көз карашына ылайык кайра калыптандырган геостратегия катары сунуштады.

Ошондой эле 2025-жылдагы «Жаңы доордогу улуттук коопсуздук» аттуу ак китепте Бээжин Америка жетекчилик кылган жана анын эл аралык системасына ылайык түзүлгөн дүйнөнү башаламан жана туруксуз деп сыпаттоого басым жасады. Ал Кытайдын коопсуздугун Кытайдын көтөрүлүү жолун коргоо үчүн эл аралык система дуушар болушу керек болгон түзүмдүк өзгөрүүлөр менен байланыштырды. Ошондой эле Америка жана Батыш менен болгон көйгөй убактылуу жөнгө салууга боло турган жагдайлык пикир келишпестикте эмес, мамилелердин түзүмүндө жана системанын эрежелеринде экенин белгиледи.

Ал эми ушул 2026-жылдагы акыркы ак китептер Кытайдын эл аралык системаны кайра калыптандырууга болгон умтулуусун эң ачык түрдө чагылдырат. Анда ички өнүгүү жана коопсуз аймактык чөйрө тууралуу сөз кылуу менен гана чектелбестен, Кытай глобалдык башкаруу системасын куруу, глобалдык коопсуздук, глобалдык өнүгүү, глобалдык цивилизация жана адамзат үчүн жалпы келечекти көздөгөн коомчулукту куруу жөнүндө сөз кылды.

Кытай өзүнүн стратегиялык өзгөрүүсүндө түшүнүктөрдү маданий жактан кайра калыптандырууга, ошондой эле стандарттар менен эрежелерди өзүнүн көз карашына жана кызыкчылыктарына ылайык эл аралык системаны калыптандырууга кирүүчү жол кылып кайра түзүүгө умтулууда. Ал күч жана коопсуздук түшүнүктөрүнүн борборун алардын катуу аскерий күч менен байланышынан жылдырып, күч жана коопсуздук түшүнүгүн технологияны, маалыматтарды, өнөр жай жана санариптик стандарттарды, кибер мүмкүнчүлүктөрдү да камтый тургандай кеңейтүүгө умтулууда. Анткени булар күчтүн, коопсуздуктун жана ооздуктоонун куралдары болуп эсептелет.

Андан соң Кытайдын дүйнөнүн коопсуздугуна тиешелүү бул маселелерде глобалдык салмак борбору катары ээлеген ордуна жана макамына басым жасалууда. Бул болсо аны эрежелер менен стандарттарды иштеп чыгууга жана эл аралык системаны анын ичиндеги геосаясий оюнчу катары кайра калыптандырууга катышуучу тарап болууга ылайыктуу кылат.

Кытай эл аралык чөйрөнү кайра калыптандырууну системаны кайра калыптандыруудагы чечүүчү фактор деп эсептейт. Мында күчтөрдүн жаңы тең салмагы эрежелердин өзгөрүшүнүн табигый натыйжасы болуп калат. Бул түшүнүк Батыш теориялары менен түшүндүрүлгөндөн мурда, Кытайдын маданий мурасынан көбүрөөк таасир алат. Анткени Кытай өзүнүн маданиятына таандык түшүнүктөрдү заманбап тил менен кайрадан колдонууда. Генри Киссинжер өзүнүн акыркы талдоолорунда бул маселеге көңүл буруп, Кытай эл аралык система тууралуу башкача түшүнүктөн келип чыгарын жана өзүнүн стратегиялык көз карашын Азия тарыхындагы тең салмак идеясына негиздей турганын белгилейт. Ага ылайык, бир күч өз эркин баарына таңуулабашы керек.

Кытайдын саясий тарыхы биринин артынан бири келген императордук династиялардын башкаруусуна негизделет. Ал эми Кытайдын саясий маданияты биздин заманга чейинки VI кылымда Конфуций негиздеген фикрий, ахлакый жана саясий система болгон конфуцийчиликтен негиз алып, тамыр жайган. Конфуцийчилик эки миң жылдан ашуун убакыт бою Кытай мамлекетинин, коомунун жана маданиятынын маданий, саясий жана идарий негизи болуп келген. Анын таасири 1912-жылы династиялык башкаруу кулап, республика түзүлгөндөн жана мамлекет социалисттик системаны кабыл алгандан кийин да Кытайдын маданиятында, саясатында жана идарасында бүгүнкү күнгө чейин ачык көрүнүп турат.

Демек, Кытайдын стратегиялык ой жүгүртүүсү өзүнүн саясий тарыхы жана Кытайдын саясий маданияты менен терең сугарылган. Кытайдын маданий, цивилизациялык жана саясий өзгөчөлүгүн эске албоо Кытай маселесин талдоодогу кемчиликтердин бири болуп саналат.

Кытайдын заманбап стратегиясындагы эң ачык таасирлердин бири «Сунь Цзынын» согуш философиясы. Ал Кытай тарыхындагы эң белгилүү аскерий теоретик болуп, ал Кытайдын аскерий, стратегиялык жана саясий ой жүгүртүүсүнө эң көп таасир тийгизген китептердин бири болгон «Согуш өнөрү» китебинин автору. Ал согушту күчтүн сыноосу катары эмес, акылдын сыноосу катары карайт. Анын белгилүү: «Согуштун эң жогорку даражасы — душманды согушпастан баш ийдирүү», – деген сөзү кагылышуудан качууга чакырык эмес, тескерисинче, түздөн-түз тирешүүнү зарыл кылбай тургандай стратегиялык чөйрөнү кайра калыптандырууга чакырык. Бүгүнкү Кытай стратегиясынын философиясы да ушундай.

Кытайдын стратегиялык ой жүгүртүүсүнө анын маданий тек-жайы жана өзүнө таандык саясаты активдүү таасир этип, багыт берип турат. Ал өз максаттарына кызмат кылган эл аралык чөйрөнү калыптандыруу үчүн вакыйлыктагы элементтерди кайра ирээтке келтирүү жөнүндө ойлонот. Натыйжада ал каалаган максат окуялардын өнүгүшүнүн табигый жыйынтыгына айланат.

Ошондуктан Кытай ири жеңиштерди жарыялоого азыраак кызыкдар болуп, чөйрөнү жана узак мөөнөттүү багыттарды калыптандырууга көбүрөөк көңүл бурат. Ал Америка Кошмо Штаттарын кантип жеңүү керек деген суроого караганда, дүйнөлүк экономиканын түзүмүн, соода, технология жана каржы тармактарын салмак борборун Азияга жана Кытайга өтүшү табигый натыйжа боло тургандай кылып кантип өнүктүрүү керектигине көбүрөөк көңүл бурат.

Ушундан улам акыркы ак китептерди – үстөмдүк кылган күч менен стратегиялык кагылышууга арналган документтерге караганда – эл аралык системанын эрежелерин кайра аныктоо жана калыптандыруу документтери катары кароого болот. Анткени бул китептер глобалдык башкаруу системасын кайра курууга, Глобалдык Түштүктүн ролун кеңейтүүгө, жергиликтүү валюталарды колдонууну күчөтүүгө, көп тараптуу институттарды өнүктүрүүгө, технология жана санариптик экономика тармагында жаңы стандарттарды иштеп чыгууга басым жасайт. Булардын баары бир максатка — учурдагы Батыш эл аралык системасын камтып турган чөйрөнү кайра калыптандырууга жана өзгөртүүгө багытталган.

Эл аралык чөйрөнү кайра калыптандырууга болгон умтулуусунун алкагында жана Батыш эми калктын саны жагынан да, экономикалык жактан да көпчүлүктү түзбөй калды деген Бээжиндин ишенимине таянып, Кытай Азия, Африка жана Латын Америкасы мамлекеттерине келечектеги системанын негизги өнөктөшү катары кайрылууда. Анын кайрылуусу идеологиялык эмес жана талаштуу маданий маселелерди козгоого таянбайт. Тескерисинче, Кытай кеңири кызыкчылыктар блогун түзүү үчүн өз экономикасынын мүмкүнчүлүктөрүн жана ашыкча ликвиддүүлүгүн инвестиция, каржылоо, инфраструктура, технология жана соода тармактарында пайдаланууда. Мунун натыйжасында Кытайдын таасири Глобалдык Түштүк мамлекеттеринин экономикалык өнүгүүсүнүн бир бөлүгүнө айланат. Андан соң бул блок Кытайдын стратегиясына кызмат кылуу үчүн эл аралык чөйрөнү кайра калыптандырууда пайдаланылат.

Ушул көз караштан алганда, Кытайдын инфраструктурага, жеткирүү чынжырларына, өнөр жай стандарттарына, жасалма интеллектке, байланыш тармактарына жана жаңы каржы институттарына инвестиция салууга багыт алышын түшүнүүгө болот. Булар экономикалык куралдар гана эмес, Кытай аларды эл аралык күч аракеттенген чөйрөнү кайра калыптандыруунун каражаттары катары да көрөт. Кытай өзүнүн стратегиялык көз карашында эл аралык системаны өзгөртүү үчүн үстөмдүк кылган күчтү кулатуу шарт деген божомолдон чыкпайт. Тескерисинче, кыйла татаал жана комплекстүү божомолго таянат: эгер системанын иштөө стандарттары жана эрежелери өзгөрсө, анын табигый натыйжасы системанын борборунун жылышы жана өзгөрүшү болот. Демек, эрежелерди өзгөртүү институттарды өзгөртүүдөн мурда турат.

Кытай учурдагы стандарттар менен эрежелерди солкулдатуу үчүн көргөн чаралардын арасында Америка долларынын негизин солкулдатуу максатында соодада жергиликтүү валюталарды колдонууну кеңейтүү, «SWIFT» системасынын үстөмдүгүн солкулдатуу үчүн параллелдүү төлөм жана эсептешүү тармактарын түзүү, Батыштын Дүйнөлүк банкы менен Эл аралык валюта фондунун үстөмдүгүн солкулдатуу үчүн жаңы өнүктүрүү банктарын түзүү, Батыштын стандарттардагы монополиясын солкулдатуу үчүн техникалык стандарттарды иштеп чыгуу жана Батыштын санариптик монополиясын солкулдатуу үчүн көз карандысыз санариптик тармактарды өнүктүрүү бар.

Кытай инвестиция жана каржылоо аркылуу бул практикаларды кеңири жайылтууга аракет кылууда. Муну менен эл аралык институттарды ага ыңгайлашууга мажбур кылган параллелдүү чөйрө түзүлөт. Натыйжада эрежелерди өзгөртүү талапка жана табигый натыйжага айланып, башкаларды анын жаңы системасынын алкагында иштөөгө мажбур кылат. Эрежелерди кайра калыптандырууга кызмат кылган дал ушул чөйрөнү Кытай жеткирүү чынжырлары, инфраструктура, технология, каржылоо, Кытайдын өнөр жай, санариптик жана кибер стандарттары, ашыкча ликвиддүүлүк жана каржылык жактан кызыктыруу аркылуу курууга аракет кылууда.

Кытай дүйнөлүк салмак борборунун акырындык менен өзгөрүп баратканынын белгилерин көрүүдө: сооданын борбору Азияга өтүп жатат, өндүрүштүн борбору Азияда болуп калды, экономикалык өсүштүн борбору Азияны көздөй багыт алууда, технологиялык инновациялардын улам өсүп жаткан бөлүгү Азиядан чыгууда жана Азияга болгон геостратегиялык кызыгуу күчөп жатат. Ошентип, Кытай эл аралык чөйрөнү өзүнүн эрежелер менен стандарттарга сунуштаган өзгөртүүлөрү системаны бузуу эмес, аны реформалоо катары көрүнгөндөй кылып даярдоого умтулууда.

Демек, Кытайдын стратегиялык логикасы жана стратегиялык пландоосу стратегиялык теңдемени чечүүгө, башкача айтканда, Кытайдын көтөрүлүшү системанын эрежелеринин логикалык жана табигый натыйжасына айлана тургандай кылып системанын эрежелерин кантип кайра калыптандырууга жана түзүүгө багытталган. Кытай өзүнүн стратегиялык иши катуу күч майданында эмес, дүйнөлүк салмак борборун кайра багыттап, өзгөртүү үчүн эл аралык чөйрөнү кайра түзүү аркылуу эрежелерди, стандарттарды жана институттарды кайра калыптандырууда деп эсептейт. Муну менен бирге башкаларды өзү кайра калыптандырган эрежелеринин, стандарттарынын жана институттарынын алкагында, өзүнүн кызыкчылыктары жана көз карашы менен толук шайкештикте иштөөгө тартууга умтулат. Анын ак китептери өзүнүн эл аралык системага болгон көз карашынын стратегиялык негиздери болуп эсептелет. Ошол эле учурда Кытай бул жаңы системанын жөн гана уюлдарынын бири эмес, анын эң көрүнүктүү архитекторлорунун бири болууга умтулууда. Бул Кытайдын узак мөөнөттүү үстөмдүгүнө негиз салуу болуп саналат.

Бул стратегия Кытайга таандык өзгөчө көз караш бойдон калууда жана анын чектүүлүгү менен кемчиликтери тууралуу талашууга болот. Бирок көз жаздымда калтырууга же көңүл сыртында калтырууга болбогон негизги маселе стратегиялык аракеттердин баары, чындыгында, маданий системанын максаттарын жана түпкү максаттарын кантип ишке ашыруу керектиги тууралуу аклий изденүү болуп саналат. Ал маданий система болсо философиянын жана түзүмдүн тамыры болуп эсептелет. Стратегия канчалык маанилүү болбосун, маданий фикраттын максаттарын жана түпкү максатын ишке ашыруучу практикалык каражат гана. Бул жердеги фикрат — Батыштын либералдык капиталисттик фикраты.

Ал эми Кытай фикрат деңгээлинде жаңы нерсе түзүп жаткан жок жана жаңы нерсе алып келген жок. Анын конфуцийчилик маданиятынын изи каражатка жана стратегиялык планга байланыштуу айрым практикалык чаралардын чегинен чыкпайт. Ал маданий системанын өзөгү болгон капиталисттик фикрат деңгээлине чейин жетпейт. Ал фикрат болсо баалуулуктарды жаратуучу, көз караштар келип чыгуучу, системалар пайда болуучу жана маани, максаттар менен түпкү максаттар аныкталуучу цивилизациялык чөйрө болуп саналат.

Стратегия фикратка баш ийип, анын максаттарына жана түпкү максаттарына кызмат кылат, анткени ал фикраттын аткаруучу куралы. Кытай өзүнө таандык маданий көз карашты алып чыгып жаткан жок. Тескерисинче, ал өткөн кылымдын башынан, 1912-жылы республика түзүлүп, башкарууда социализм кабыл алынгандан, андан соң ага капиталисттик экономика кошулгандан бери Батыштын маданий-саясий көз карашына аралашып, аны карманып келет. Кытай өзүнө таандык маданий жана цивилизациялык долбоорду алып жүрбөйт жана ага чакырбайт.

Бүгүнкү дүйнөнүн көйгөйү стратегия менен стратегиялык ой жүгүртүүнүн чегинен чыгып, адамга, анын тагдырий маселелерине, жашоо системаларына жана бактысына байланыштуу маданий системага барып такаларын эске албаганында. Бүгүн адамзаттын акылынын алдына коюлган суроо — Батыштын светтик капиталисттик маданий системасына, анын кыйратуучу натыйжаларына жана цивилизациялык трагедиясына альтернатива издөө. Маселе ошол эле уулуу жана кыйратуучу либералдык капиталисттик натыйжалар менен түпкү максаттарга жетүүнүн башка жолун ойлоп табуучу стратегияны издөөдө эмес.

Демек, маселе Батыштын светтик капиталисттик маданий системасынын, анын вужуд жөнүндөгү философиясынын, жашоо системаларынын жана адамгерчиликсиз максаттары менен түпкү максаттарынын кризисинде. Бул система өзүнүн жашоо себебин жоготуп, бардык максаттарын түгөттү жана толук нигилизмге, бүтүндөй жырткычтыкка, капиталисттик тобунун чектен чыгуусуна жана бул топтун өзүнүн ыплас мүдөөсү үчүн жерди жана анын үстүндөгүлөрдүн баарын өрттөөгө даяр болушуна барып жетти.

Ошондуктан маселе Европа-Америка капиталисттик тобун Кытайдын капиталисттик тобуна б.а. Кытай коммунисттик партиясы жана анын мамлекетине алмаштырууда эмес. Уулуу капиталисттик фикрат ошол эле бойдон калат: аны Европа алып жүрөбү, Америкабы же Кытайбы — анын кыйратуучу натыйжалары өзүнүн маданиятынын жана системаларынын табиятынан келип чыгат. Капиталисттик система, анын көз караштарынан ташып чыккан жырткычтыгы жана цивилизациясынын жапайылыгы трагедиянын очогуна жана кыйратуучу долбоорго айланды.

Кытай маданий деңгээлде жаңы нерсеге негиз салбайт, жаңы нерсе түзбөйт жана өзүнө таандык альтернативдүү маданий-цивилизациялык долбоорду көтөрүп чыкпайт жана ага чакырбайт. Кытайдын бул багыттагы эң жогорку кадамы — эрежелерди өзгөртүү стратегиясы аркылуу капитализмдин кыйратуучу балтасын Американын колунан тартып алып, аны өз колуна өткөрүү жана муну менен капиталисттик салмак борборун жана үстөмдүктү Батыштан Кытай Чыгышына көчүрүү.

Капиталисттик система адамзаттык апааттын себеби болуп турганда, адамзаттын көйгөйү да, трагедиясы да кала берет. Чечим системанын жок болушунда, анын биринчи мамлекети Американын чиришинде, ал тургай анын көмүлүшүндө же капиталисттик салмак борбору менен үстөмдүктүн Кытайга өтүшүндө эмес. Тескерисинче, чечим — дүйнөнү Европа жана Америка Батышы дүйнөгө азап жана өзүн-өзү жок кылуу катары алып келген бул сокур жахилияттын караңгылыктарынан куткара турган маданий, цивилизациялык жана саясий альтернативада.

Албетте, бул альтернатива Кытай болбойт. Анткени ал Батыштын зулум жахилиятынын Кытай версиясындагы уландысы. Чындыгында, ал андан да айлакер жана ачуу. Тескерисинче, кутулуу жана нажат — бардык махлуктардын Роббисинин рисалаты, өзгөчө Ислам цивилизациялык долбоору жана анын кайталангыс, өзгөчөлөнгөн рошид Халифалыгы менен болот. Анда Ислам перзенттери куфрдун бардык өң-түстөрүн жана түрлөрүн кулатуу үчүн кадамдарын тездетип, Исламдын имаратын жана түзүмүн — Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты — Аллахтын жериндеги пенделерине нур, хидаят, адилеттик жана рахмат катары тургузушпайбы?!

﴿الر ۚ كِتَابٌ أَنزَلْنَاهُ إِلَيْكَ لِتُخْرِجَ النَّاسَ مِنَ الظُّلُمَاتِ إِلَى النُّورِ بِإِذْنِ رَبِّهِمْ إِلَىٰ صِرَاطِ الْعَزِيزِ الْحَمِيدِ﴾ ﴿الَّذِينَ إِنْ مَكَّنَّاهُمْ فِي الْأَرْضِ أَقَامُوا الصَّلَاةَ وَآتَوُا الزَّكَاةَ وَأَمَرُوا بِالْمَعْرُوفِ وَنَهَوْا عَنِ الْمُنْكَرِ وَلِلَّهِ عَاقِبَةُ الْأُمُورِ﴾

“Алиф, Лам. Ра. (эй Мухаммад, бул Куран) Биз сага адамдарды Жараткандын ызны-ыктыяры менен караңыгылыктардан нурга — кудурет жана алкоо, мактоо ээси болгон Заттын жолуна алып чыгышың үчүн түшүргөн Китеп. Аллах асмандар жана жердеги бардык нерсе Ага таандык болгон Зат. Кафирлер үчүн катуу азап — өлүм болсун”. (Ибрахим: 1-2).

﴿وَاللَّهُ غَالِبٌ عَلَى أَمْرِهِ وَلَكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لا يَعْلَمُونَ﴾

“Аллах Өз ишинде үстөмдүк кылуучу, бирок адамдардын көпчүлүгү (муну) билишпейт”. (Юсуф: 21).

Аль вай 403-сан

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button