Түркмөнстандагы Борбор Азия + Азербайжан саммити

Түркмөнстандагы Борбор Азия + Азербайжан саммити
Президент Садыр Жапаров 8-октябрда Түркмөнстанга иш сапар менен барды. Жапаров Борбор Азия жана Азербайжан мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун сегизинчи жыйынына катышты.
Жолугушууда саясий диалогду мындан ары чыңдоо, соода-экономикалык жана транспорттук-логистикалык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле энергетика жана экология тармактарындагы маселелер талкууланды.
Жапаров өз сөзүндө Борбор Азия жана Азербайжандын бирдиктүү электрондук соода аянтчасын жана жалпы туристтик мейкиндикти түзүүнү сунуштады.
Комментарий:
Белгилей кетсек, 2018-жылдан бери Борбор Азия башчылары арасында түзүлгөн консультативдик кеңешке Азербайжан 2025-жылы мүчө болуп кошулган. Өткөн жылы Азербайжан менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн соода байланышы 50 өстү. Дүйнөдө чыңалуу күчөп жаткан чакта айтмакты байланыштырган Ортоңку коридордун мааниси артып барууда. Бул багыт аркылуу соода байланыш өткөн жылы 10 пайыз көбөйсү, үстүбүздөгү жылдын 8 айында 20 пайызга өскөн. Мындай аракет табигый түрдө аймакты Орусиядан алыстатып, Азербайжан менен мамилени бекемдөөгө алып келүүдө.
Демек, Борбор Азия + Азербайжан лидерлеринин жолугушуусу түпкүлүгүндө аймакты Россиядан алыстатуучу долбоорлордун бири. Бул Кеңеш Түрк мамлекеттер уюмуна кошумча күч берүүчү жыйын десек жаңылышпайбыз. Башкача айтканда, Американын аймактын байлыктарын өз көзөмөлүндөгү аймактарга тартып кетүү үчүн жасаган диверсификациялык аракеттеринин бири. Американын аймакты Россиядан алыстатуу аракеттери алдыга жылып жатканы менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн элиталарынын жана башкаруу аппаратынын олуттуу бөлүгүндө орустун таасири сакталып калган. Буга кошумча, орус тили дагы деле негизги байланыш куралы болуп саналат. Миграциялык көз карандылык, коргонуу тармагындагы кызматташтык да буга кошумча. Ал эми, Тажикстан менен Кыргызстандагы энергетикалык таасири акырындык менен алсырап барууда.
Кытай болсо экономикалык жана инфраструктуралык таасирин күчөтүп, соодадагы өз ара көз карандылыкты ырааттуу түрдө жогорулатып, насыя берүүнү кеңейтип, транспорт, энергетика тармагында алдыга жылууда.
Демек, Борбор Азия үчүн колонизатор мамлекеттердин таасир талашы келечекте мындан да артышы күтүлөт. Айрыкча, ресурстар үчүн күрөш күчөп жаткан мезгилде Борбор Азиянын мааниси дагы да артат. Андыктан, биз мусулмандар аймактагы стратегиялык жайларды, кен байлыктарыбызды бул державалардын айла-амалдары үчүн майдан кылып бербешибиз керек. Тескерисинче, Алланын өкүмүнө ылайык, каапырлардын биздин үстүбүздөн өкүм жүргүзүүсүнө жол бербөө үчүн биригип, мусулмандардын калканы болгон Халифалык мамлекетин тикелөөгө аракет кылышыбыз зарыл.
Мумтаз Маверанахрий




