Комментарий

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук кантип азаят?

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук кантип азаят?

Кыргызстанда 2026-жылдын 10 айында (январь айынан октябрга чейин) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 23 миң 414 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2025-жылдын алгачкы 10 айына салыштырганда 28,3% же 5160 фактыга көп.

Укук бузуу жөнүндө кодекстин “Үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси менен 7432 протокол түзүлүп, соттордун кароосуна жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгында 3901 адам камакка алынып, 2362 киши коомдук ишке тартылган. Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен 31 кылмыш иши козголгон.

Ал эми, 2024-жылы 2023-жылга салыштырмалуу 32,1% көп үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган.

Комментарий:

Үй-бүлөлүк зомбулуктун көбөйүшүн бейөкмөт уюмдар, айрым аткаминерлер аялдардын укугу жетиштүү корголбогону менен байланыштырууда. Мындан улам, Батышта тажрыйбадан өткөн мыйзамдарды сунуштап жатышат. Ал эми, мамлекет мындай зомбулуктарды жоюуга милдеттүү болсо да, бирок, зомбулукту токтотууга алсыздык кылып келүүдө.

Түпкүлүгүндө, Батыштын өзү бул көйгөйдүн чордонунда жана андан кутулуунун аргасын таба албай келет. Анткени, Кыргызстандагыдай эле, Батыш өлкөлөрү да адам акылынан чыккан демократиялык мыйзамдар менен башкарылат. Ошондуктан, аялдарга карата зомбулуктар азайгандын ордуна көбөйүп барууда.

Батыш бизге таңуулап жаткан “эркиндик” беткабы менен кирип келген “баалуулуктар” аялдардын кордолушуна себеп болууда. Анткени, демократия аялдарды эркектер менен тең укуктуу кылам деген шылтоо менен, табиятынан алсыз болгон аялдын мойнуна эркектер менен бирдей милдеттерди жүктөдү. Аялдарды эркектерге көз карандысыз, өз алдынча кылуу шылтоосу менен (гендердик теңдик) аларды аялдардын орду болбогон тармактарга да аралаштырды. Натыйжада, үй-бүлөдө туруктуулук жоголду. Эркектер да аялдар да өз милдетин унуткан абалда, үй-бүлөдө жаңжалдар көбөйүүдө. Демек, жогорудан белгилүү болгондой, капитализм (демократия) системасы аялдар туш болгон зомбулукту жоё албайт. Тескерисинче, бул көйгөйлөр ушул идеология себептүү пайда болууда жана аялдар Батыштын дал ушул “эркиндигинен” корголууга муктаж.

Мунун каршысында, зомбулук Ислам коомунда эң өөн учураган көрүнүш. Айрыкча, бизге ар намыс катары берилген аялдар менен келечек урпак катары берилген балдарга карата зомбулук кылуу кабыл алынгыс кылмыш эсептелет. Алла Таала айтат:

وَعَاشِرُوهُنَّ بِالْمَعْرُوفِ

“Алар менен жакшы мамиледе жашагыла” (Ниса: 19). Алланын Элчиси мусулмандарды жубайларына зомбулук кылуудан кайтарып ушундай деген:

لَا يَجْلِدُ أحدُكم امْرَأَتَهُ جَلْدَ الْعَبْدِ ثُمَّ يُجَامِعُهَا في آخِرِ الْيَوْمِ

“Силердин араңардан кимдир бирөө жубайын кул сыяктуу уруп, кечкисин аны менен жыныстык алака кылбасын!” (Бухарий риваяты).

Ислам аялга үй бекеси жана корголушу шарт болгон ар намыс катары карайт. Ушул дүйнө караштан келип чыгып, эркек өз жубайы менен махрамдарын коргойт. Муну менен катар шариат үй бүлөдөгү эркек менен аялга табиятына ылайык укук жана милдеттерин белгилеп берген. Аял үй бүлөдө бала төрөө, аны эмизүү, аларды тарбиялоо сыяктуу табигый жоопкерчилигин аткарат. Мына ушул жоопкерчиликтерин аткаруу үчүн убактысын, эмгегин сарптайт. Ушул багытта түшкөн өкүмдөрдү үйрөнүп, колунан келишинче ишке ашырууга аракет кылат. Бул өкүмдөрдү карманууда келген сыноолорго сабыр кылат. Ал эми, эркектин табияты күчтүү жана жумуш кылууга жөндөмдүү болуп, үй бүлө мүчөлөрүнүн күнүмдүк муктаждыктарын камсыздоого милдеттүү. О.э коомдук иштерден убактысы артканда үй иштеринде жубайына жардам берүүсү мандуб. Демек, гендердик теңдик шылтоосу менен эркектин милдеттерин аялга жүктөө бүгүнкү күндөгүдөй башаламандыкка жана көйгөйлөрдүн көбөйүшүнө гана алып келет. Маселен, аял мамлекет башкаруу менен үйдө кожойкелик милдетин алып баруусу мүмкүн эмес. Анткени, ар бир иштин өзүнө тиешелүү өзгөчөлүктөрү бар. Буга байланыштуу Алланын элчиси ушундай деген:

كُلُّكُمْ رَاعٍ وَكُلُّكُمْ مَسْؤول عَنْ رَعِيَّتِهِ الإِمَامُ رَاعٍ وَمَسْؤولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ وَالرَّجُلُ رَاعٍ فِي أَهْلِهِ وَهُوَ مَسْؤولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ وَالْمَرْأَةُ رَاعِيَةٌ فِي بَيْتِ زَوْجِهَا وَمَسْؤولَةٌ عَنْ رَعِيَّتِهَا

“Силердин ар бириңер башчысыңар жана кол алдыңардагылардан жоопкерсиңер. Имам башчы жана ал өз жарандарынан жоопкер. Эркек киши өз үй-бүлөсүнө башчы жана ал үй-бүлөсүнөн жоопкер. Аял киши өз эринин үйүндө башчы жана ал ошол үйдөгү иштерден жоопкер…”.

Мына ушул жоопкерчиликти аткарганына жараша Алла алардын ар бирине сыйлыгын убада кылды. Абдуррахман ибн Авфтан риваят кылынат:

إِذَا صَلَّتِ الْمَرْأَةُ خَمْسَهَا وَصَامَتْ شَهْرَهَا وَحَفِظَتْ فَرْجَهَا وَأَطَاعَتْ زَوْجَهَا قِيلَ لَهَا ادْخُلِي الْجَنَّةَ مِنْ أَيِّ أَبْوَابِ الْجَنَّةِ شِئْتِ

“Аял беш убак намазын окуп, Рамазан орозосун тутуп, намысын коргоп, эрине итаат кылса, ага ушундай делет: Кайсы эшиктен кирүүнү кааласаң Бейишке ошол эшиктен кир” (Ибн Хиббан “Сахих” китебинде Абу Хурайрадан келтирген).

Аял кишинин негизги иши үй кожойкеси жана энелик жоопкерчилиги болсо да, шариат ага инсан катары эркектер менен катар илим талап кылуу, байлыгынан зекет берүү, даават кылуу сыяктуу өкүмдөрдү да жүктөгөн. Ошондой эле, өзү үчүн жеке жана коомдук жайда иштөөсүн, соода кылуусун ж.б. жайиз кылган. Шарият бул иштерден тыйбайт жана алар анын үй кожойкеси болушуна же энелик ролду аткарышына зыян жеткирбейт. Ислам мамлекети бүгүнкү күндөгүдөй пайданы эмес, арам жана адалды өлчөө кылат. Ошондуктан, аял кишилердин арасында иштөөнү каалагандарга ылайыктуу саатта иштөөсүнө шарт түзүп берет.

Мындан маалым болгондой, Исламдын аялга карата үй бекеси жана корголуучу ар намыс катары дүйнө карашы алардын экономикалык активдүүлүгүнө зыян жеткирбейт. Тескерисинче, кандай абалда болбосун бакубат жашоосун кепилдеп берет.

Статистикалык маалыматтар көрсөткөндөй, үй-бүлөдө чыр-чатактын 70 пайызы ичимдик ичип алгандан улам чыгарын жана аялдарга карата зомбулуктун көбү да ушуга байланыштуу. Бирок, мунун каршысында, зордук-зомбулукту азайтуунун бир жолу катары мас кылуучу ичимдиктерге тыюу салууну сунуштаган бир да тарап чыга элек. Белгилүү болгондой, Ислам мас кылуучу ичимдиктерди ичүүгө тыюу салат. Аллахтын ага тыюу салган аятын тадаббур кыла турган болсок, аракка тыюу салынышы аялзатына карата зомбулукту кыйла азайтып жиберери да айкын болот. Демек, Исламдагы ар бир өкүм жашоодо колдонулушу менен зомбулук жана үй-бүлөлүк көйгөйлөр көркөм көрүнүштө чечилет.

Жыйынтыктап айтканда, Ислам үй бүлөнүн бекемдигине коомдун бакубаттыгы үчүн ар дайым өзгөчө көңүл бурган. Демек, аялдардын, жалпы эле коомдун бакубат жашоосу Исламдын турмушта колдонулушуна байланыштуу.

Акылбек Исаков

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button