Комментарий

Пробация адилетсиз соттолгондордун көйгөйүн чечеби?

Пробация адилетсиз соттолгондордун көйгөйүн чечеби?

Жогорку Кеңештин депутаты Айсаракан Абдибаеванын зордук-зомбулукка каршы мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушу кыргыз коомчулугунда кызуу талкууланып жатат.

Буга чейин Абдибаева “Зордуктоо” жана “16 жашка чыга элек өспүрүмгө карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоо” беренелерине пробациялык көзөмөлдү киргизүүнү сунуштаган.

Ал арада депутат өзүн мандаттан ажыратууну талап кылгандардын үстүнөн арыз жазганын билдирди. Депутатты мандаттан ажыратуу боюнча петицияга 30 миңден ашуун киши кол койгон. Буга депутаттын жогорудагы сунушу себеп болгон.

Ал эми депутат Рустамбек уулу Советбек  “зордуктады” деп жалаа жаап, арыз жазган кыздарды дагы жазага тартуу керектигин айтты.

Комментарий:

2016-жылы Кыргызстанда никеге туруунун расмий курагы – 18 жаш деп мыйзам менен бекитилген. Бул мыйзамды бузгандарга үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жаза чарасы каралган. 2019-жылдын июнь айынан тартып Кыргызстанда имамдар баш кошкон жарандарды нике журналына каттай баштаган. Бүгүнкү күнгө чейин жүздөгөн жаштар бул мыйзамдын курмандыгына айланышты. Тактап айтканда, балагатка жетип нике аркылуу үйлөнгөн жаштар, жубайы 18 жашында көз жарган учурда автоматтык түрдө камакка алынууда. Мунун каршысында 18 жашка чейин никесиз жүргөндөр бузукулуктарын эркин улантып келишет.

Демек, бул көйгөй нике аркылуу 18 жашка чейин үйлөнгөндөрдү пробациялык жаза колдонуу аркылуу чечилбейт. Анткени, Салянованын мыйзам долбоору Ислам шариятына каршы кабыл алынган. Шариятта жубайлар турмуш курушу үчүн шарият өкүмдөрү жүктөлө турган куракка толушу жетиштүү. Ал эми, балагатка 18 жашта толот деген эреже эч бир жерде жок. Тескерисинче, балагатка жеткен пенде кем акыл болбосо эле, анда ал никеге жарактуу эсептелет.

Мындан тышкары, бүгүнкү күндө мектеп курагында 6-класстан тарта кыз-балдар зынага барып жаткан фактылар жүздөп саналат. Демек, жогорудагы мыйзам мындай бузукулукту токтотууну максат кылган эмес. Тескерисинче, никесиз байланыштын көбөйүүсүн камсыздап жатат. Ал эми, шариятка ылайык куракта нике кыйып жашагандар, а түгүл өз милдетин өтөп нике кыйган мусулмандар кылмышкерлерге айланууда. Анткени, демократиялык түзүмдө пайда гана өлчөө болуп, адал-арамды белгилөө алсыз адамдардын акылына ташталган. Натыйжада бул мыйзамдар коомдун бузукулукка батышына негизги себеп болууда.

Мунун каршысында, Исламда ар бир адамдын табиятын эске алган шарий мыйзамдар коомдун бакубат жашоосун кепилдеп берет. Анткени, бул мыйзамдардын булагы инсандын табиятын эң көркөм түстө жараткан Алланын өкүмдөрү болуп эсептелет. Андыктан, биз мусулмандар буга окшогон коомду бузуучу көрүнүштөргө каршы туруп, мусулмандардын камалышына жол бербешибиз керек. Муну менен катар, нике кыюуну имамдарга гана таштап койбостон, бул өкүмдү ишке ашыра ала турган ар бир мусулман аткара алат. Анткени, Аллах Таала үй-бүлө куруунун шарты катары нике бүтүмүн белгилеген. Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты:

«إِذَا أَتَاكُمْ مَنْ تَرْضَوْنَ دِينَهُ وَخُلُقَهُ فَأَنْكِحُوهُ، إِلاَّ تَفْعَلُوا تَكُنْ فِتْنَةٌ فِي الأَرْضِ وَفَسَادٌ كَبِيرٌ. قَالُوا: يَا رَسُولَ اللَّهِ، وَإِنْ كَانَ فِيهِ؟ قَالَ: إِذَا جَاءَكُمْ مَنْ تَرْضَوْنَ دِينَهُ وَخُلُقَهُ فَأَنْكِحُوهُ. ثَلاَثَ مَرَّاتٍ»

«Эгер силердин алдыңарга дини жана адеп–ахлагынан силер ыраазы боло турган киши келсе, аны никелеп койгула. Эгер мындай кылбасаңар, жер жүзүндө фитна жана чоң бузукулук болот». «Я Расулулла, эгер анын теңи болбосо дагыбы?» дешкенде: «Эгер силердин алдыңарга дини жана адеп–ахлагынан силер ыраазы боло турган киши келсе, аны никелеп койгула», – деп үч жолу айтты. Абу Хотим ал–Мазанийден риваят кылган.

Ал эми, аталган мыйзамды зомбулукка каршы чара катары көрсөтүү шылтоодон башка нерсе эмес. Чыныгы зомбулук Ислам коомунда эң өөн учураган көрүнүш. Айрыкча, бизге ар намыс жана келечек урпак катары берилген балдар менен аялдарга карата зомбулук кабыл алынгыс кылмыш эсептелет. Алла Таала айтат:

وَعَاشِرُوهُنَّ بِالْمَعْرُوفِ

“Алар менен жакшы мамиледе жашагыла” (Ниса: 19).

Жыйынтыктап айтканда, Ислам үй бүлөнүн бекемдигине, коомдун бакубаттыгы үчүн ар дайым өзгөчө көңүл бурган. Ажырашуу жайиз иштердин эң жаманы катары каралган. Демек, бүгүнкү күндө кыргыз коому туш болуп жаткан үй бүлөлүк көйгөйлөрдү чечүүнүн жападан жалгыз жолу Исламды жана анын ижтимаий өкүмдөрүн жашоого алып келүү!

Нурдин Асаналиев

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button