Кыргызстандын энергетикасына дагы миллиарддар

Кыргызстандын энергетикасына дагы миллиарддар
Алдыдагы үч жылда Кыргызстан энергетика тармагына 28,26 миллиард сом багыттоону пландап жатат. Каражат гидроэнергетикалык объектилерди модернизациялоо жана калыбына келтирүү, ошондой эле электр тармактарын жаңылоого багытталган долбоорлорду аяктоого жумшалат.
Каржылоонун негизги бөлүгү буга чейин башталган долбоорлорду бүткөрүүгө каралат. Бийлик бул каражаттар энергетикалык системаны бекемдеп, өлкөдөгү электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатаарын күтүп жатат.
Комментарий:
Узак жылдардан бери энергетика тармагына ири каражаттар жумшалып, тышкы карыздар тартылып келе жатканына карабастан, мурунку алынган каражаттардын натыйжалуулугу боюнча суроолор дагы деле ачык. Себеби, алынган жалпы кредиттердин дээрлик жарымы ушул тармакка жумшалган. Бирок, үлкөн көлөмдөгү каражаттар бөлүнүп жатса да, энергетика тармагы модернизацияга муктаж боюнча калууда. Бул долбоорлор кайрадан жаңы кредиттерди алууга каратылганы талашсыз. Ошол эле маалда, мамлекеттик карыз жана аны тейлөөнүн көлөмү да өсүп, Кыргызстан карызга барган сайын көбүрөөк көз каранды болуп баратат. Ал эми олуттуу көлөмдөгү кредиттер багытталып жаткан энергетика тармагы өлкөдөгү эң көйгөйлүү тармактардын бири бойдон калууда.
2026-жылдын 31-июлуна карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 10,16 миллиард долларды, же 888,2 миллиард сомду түзгөн. Анын 5,19 миллиард доллары тышкы карызга, 4,96 миллиард доллары ички карызга туура келет. Ошол эле учурда бул карыздарды тейлөөнүн наркы да өсүүдө. 2027-жылы мамлекеттик карызды тейлөөгө 135,2 миллиард сом, 2028-жылы дээрлик 149,8 миллиард сом, ал эми 2029-жылы болжол менен 144,5 миллиард сом бөлүү пландалууда.
Бул жөн гана сандар эмес. Бул каражаттар экономиканы өнүктүрүүгө, инфраструктурага, билим берүүгө, саламаттыкты сактоого жана бизнести колдоого жумшалышы мүмкүн эле.
Ал эми, 2027–2029-жылдары энергетика тармагын өнүктүрүүгө дагы 28,26 миллиард сом бөлүү каралууда. Бирок, жылдар бою миллиарддаган кредиттер тартылганына карабастан, бул тармак дагы деле кризистик абалда. Бул көрүнүш жалпы экономикага олуттуу сокку урушу мүмкүн. Карызды тейлөөгө канчалык көп каражат кетсе, өлкөнү өнүктүрүүгө ошончолук аз акча калат. Ошол эле маалда, кредиторлорго көз карандылык күчөй берет.
Харун Абдулхак




