Сакофий

Сүннөттүн Куран аятын насх кылуу маселеси

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Сүннөттүн Куран аятын насх кылуу маселеси

Абу Малик Хамдуниге.

Ассламу алейкум уа рахматулоохи уа баракаатуху урматтуу амирибиз, Аллах сизди коргоп, ишиңизге ийгилик берсин.

Менин суроом мындай: Куран аятынын өкүмүн насх кылган (жокко чыгарган) сүннөт маселеси боюнча мужтахид же усул аалымдарынын арасында пикир келишпестиктер барбы? Үй бүлөлүү зынакор эркекти же зынакор аялды таш бараңга алуу балак уруу жазасын жокко чыгарат деген маселе боюнча имам Шафинин сөзү барбы? Алардын далилдери кайсылар?

Жооп:

Уа алейкум ассалам уа рахматуллооху уа баракаатуху.

Сиздин сурооңуздун жообу исламий шахсия китебинин үчүнчү бөлүмүндө – Куран аятынын өкүмүн насх кылуу жөнүндөгү бөлүмдө кеңири түшүндүрүлгөн. Мен аны сиз үчүн цитата кылып келтирем:

“Куран аятынын өкүмүн Куран аяты менен насх кылуу жаиз, анткени алар аны билүү жана ага амал кылуу даражасында бирдей. Курандын насх кылуучу аяты жана мансух (өкүмү жокко чыгарылган) аят экөө тең лафз жана маани жагынан түзмө түз Аллахтан вахий менен түшүрүлгөндүктөн, аятты аят менен насх кылуу жаиз. Буга (күйөсү өлгөн аялдын идда маселесиндеги) бир жылдык иддасын (күтүү мөөнөтүн) төрт ай он күндүк иддага алмаштыруу мисал болот. Пайгамбар менен (жеке жашыруун) сүйлөшүүдөн мурун садака кылуу өкүмү Аллахтын төмөнкү сөзү менен насх кылынган: ﴾ ﴿أَأَشْفَقْتُمْ “…силер пайгамбар менен сырдашууну – сүйлөшүүнү кааласаңар…”. Согушта бир мусулмандын он каапырга туруштук берүү өкүмү бир мусулман адамдын эки каапырга туруштук берүү өкүмү менен насх кылынды. Бул тууралуу Аллах Таала айтты: الْآنَ خَفَّفَ اللَّهُ عَنْكُمْ “Эми Аллах силердин жүгүңөрдү жеңилдетти”. Бул Куран аяты менен куран аятынын өкүмдөрүн насх кылуунун далили. Шарьий далилдин болушу шарьий далил боюнча жаиздигинин эң ачык далили болуп саналат. Аяттын өкүмүн насх кылуу – бул аятты ибтол (жараксыз кылды) деп айтылбайт жана бул Куранга карата жаиз эмес, анткени Аллах Таала мындай дейт:

﴿لَا يَأْتِيهِ الْبَاطِلُ مِنْ بَيْنِ يَدَيْهِ وَلَا مِنْ خَلْفِهِ﴾

“Ага алдынан да, артынан да (эч кандай) бекерден болуу-туура эместик келбейт (Куран-Каримдин эч кайсы тарабынан эч бир китеп же күбөлүк келип аны жокко чыгара албайт”. (Фуссилат: 42). “Эгер Курандын айрым аяттары насх кылынса , ал батыл (жараксыз) болуп калат” деп айтууга болбойт, анткени бүтүндөй Куран ибтол кылынбайт. Ошондуктан Курандын баарын насх кылууга болбойт, бирок анын айрым аяттарынын өкүмдөрү насх кылынышы мүмкүн. Башкача айтканда, бул китептен мурун да аны батыл кылган эч кандай китеп келген эмес, андан кийин да аны батыл кылган эч нерсе келбейт. Куран толугу менен насх кылынган эмес, тескерисинче, анын айрым аяттарынын өкүмдөрү гана насх кылынган. Аяттардын өкүмү насх кылынышы аяттардын тилаватын (окулушун) насх кылбайт, болгону анын өкүмү ордуна башка өкүм келгендигин гана билдирет. Ал эми андагы өкүмдөрдү алып салуу, башкача айтканда, анын айрым өкүмдөрү насх кылынышына келсек, бул жаиз, анткени мунун чындап болгону сабит болгон. Ошондой эле, аятта өкүмдү насх кылуу ага келбейт деп айтылган эмес, тескерисинче, батыл (жалган) ага келе албайт деп айтылган. Өкүмдүн ибтол кылуу (жокко чыгаруу) менен батылдын (жалгандын) ортосунда айырма бар. Ибтол кылуу – бул өкүмдү жокко чыгаруу, ал эми батыл чындыктын карама-каршысы. Куран аяты, албетте, Куран аятынын өкүмүн насх кыла алуусу шексиз.

Ал эми Куранды сүннөт менен насх кылууга келсек, бул жаиз эмес жана мындай болгон эмес. Анын жаиз эместигинин себеби… Анткени Аллах Таала:

﴿وَأَنْزَلْنَا إِلَيْكَ الذِّكْرَ لِتُبَيِّنَ لِلنَّاسِ مَا نُزِّلَ إِلَيْهِمْ﴾

“Сага болсо адамдарга түшүргөн нерселерди (шарият өкүмдөрүн) баян кылып беришиң үчүн жана балким ойлонушар, деп бул эскертмени – Куранды түшүрдүк”, – деп айтты. (Нахл: 44).

Бул аятта Пайгамбар баян кылуучу катары сыпатталган, ал эми насх кылуучу бул баян кылуучу эмес, жокко чыгаруу болуп саналат. Жокко чыгаруучу баян кылуучудан айырмаланат. Аллах Таала айтты:

﴿مَا نَنْسَخْ مِنْ آيَةٍ أَوْ نُنْسِهَا نَأْتِ بِخَيْرٍ مِنْهَا أَوْ مِثْلِهَا﴾

“Биз бир аятты бекер кылсак (насх) же эсиңден чыгарсак, андан жакшысын же ага окшошун келтиребиз”. (Бакара: 106). Бул аятта жакшыраагын же окшошун алып келүүчү бул Кудуреттүү Аллах экени баяндалды, анткени ат атооч Аллахка кайтып жатат. Ошондуктан айрым аяттардын өкүмүн жокко чыгаруучу насс бул бир гана куран аяты экендигин көрсөтүп турат. Аллах мындай дейт:

﴿أَلَمْ تَعْلَمْ أَنَّ اللَّهَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ﴾

“Чынында Алла бардыгына кудуреттүү Зат экенин билбедиңби?” (Бакара: 106).

Бул аят жакшыраагын же ага окшошун алып келүүүчү – кемчиликсиздикке, камил кудуретке ээ болушу керектигин туюнтуп жатат жана мындай сыпатка Пайгамбарлар ээ боло алышпайт, ошондуктан Сүннөт тарабынан куран аятынын өкүмү насх кылынбайт. Анткени сүннөт Пайгамбар тарабынан келтирилген. О.э. сүннөт Куран сыяктуу эле Аллах Таала айткандай Аллахтын вахийи аркылуу түшүрүлгөн болсо да:

﴿وَمَا يَنْطِقُ عَنِ الْهَوَى * إِنْ هُوَ إِلَّا وَحْيٌ يُوحَى﴾

“Жана ал (силерге келтирип жаткан Куранды) өз жеңил-ой каалоосу менен сүйлөбөйт. Ал (Куран) жалгыз (Алла тарабынан пайгамбарга) вахий кылынып жаткан (түшүрүлүп жаткан) бир вахий-кабар”. (Нажм: 3-4), сүннөт сөзү менен эмес, мааниси жагынан вахий аркылуу алынат жана аны тилават кылуу менен ибадат кылбайбыз. Куран болсо сөзү жана мааниси жагынан да түзмө-түз Аллахтан алынат, ал тилават кылынат жана биз аны тилават кылуу менен ибадат кылабыз. Аллах Таала:

﴿وَإِذَا بَدَّلْنَا آيَةً مَكَانَ آيَةٍ﴾

“Эгер Биз бир аяттын ордуна башка бир аятты алмаштырсак” (Нахл: 101), – деп айткан, демек Ал бизге бир аяттын ордуна сүннөт эмес, башка бир аят берерин айтты. Алла Таала мындай деди:

(قَالَ الَّذِينَ لَا يَرْجُونَ لِقَاءَنَا ائْتِ بِقُرْآنٍ غَيْرِ هَذَا أَوْ بَدِّلْهُ قُلْ مَا يَكُونُ لِي أَنْ أُبَدِّلَهُ مِنْ تِلْقَاءِ نَفْسِي إِنْ أَتَّبِعُ إِلَّا مَا يُوحَى إِلَيَّ)

“Бизге жолугууну үмүт кылбай турган кишилер: «Бул Курандан башка бир Куран алып кел же муну өзгөрткүн» – дешти. Айткын: «Мен үчүн аны өз тарабыман өзгөртүү ылайык эмс. Мен жалаң өзүмө вахий кылынган аяттарга гана ээрчиймин”. (Юнус: 15) Бул Куран аятынын өкүмүн Куран аятынан башка эч нерсе насх кыла албастыгынын далили. Буга далил мушриктер бир аятты экинчисине өзгөртүүнү талап кылышканда:

﴿إِنَّمَا أَنْتَ مُفْتَرٍ﴾

“Сен болгону ойдон чыгаруучусуң”, – деп айтышканы далил болот. Ошондуктан Аллах Таала алардын бул күмөнүн жок кылып:

﴿قُلْ نَزَّلَهُ رُوحُ الْقُدُسِ مِنْ رَبِّكَ﴾

“(Эй Мухаммад, аларга) айткын: «Аны (Куранды) Рухул-Кудус (Жабрайил) Раббиң тарабынан чындык менен түшүрдү”, – деп айткан. Андыктан куран аятынын өкүмүнүн насх кылынышы бир гана Рухул-Кудус түшүргөн нерсе, башкача айтканда, ﴿نَزَلَ بِهِ الرُّوحُ الْأَمِينُ﴾

“…аны (Куранды) Рухул-Амин – Жабраил түшүрдү”. (Шуара: 193).

Жыйынтыктап айтканда, Куран да, Сүннөт да вахий аркылуу түшүрүлгөнү менен, сүннөт пайгамбарга таандык болгондуктан, Хадис Кудсиден башка жерде “Алла айтты” деп айтылбайт, “Алланын элчиси айтты” деп айтылат, хадис Аллахка таандык кылынбайт. Сүннөт Аллахтан маани жагынан келген, ал эми Куран лафз (сөзмө–сөз) жана маани жагынан да Аллахтан келген. Сүннөт ибадат катары окулбайт, ал эми Куран ибадат катары окулат. Мунун баары Куранды сүннөт насх кыла албайт дегенди билдирет. Мындан тышкары, эки насх кылуу аятынын нассы насх кылуучу аяттын өзү экенин көрсөтүп турат. Биринчисинде мындай деп айтылат:

﴿مَا نَنْسَخْ مِنْ آيَةٍ أَوْ نُنْسِهَا نَأْتِ بِخَيْرٍ مِنْهَا أَوْ مِثْلِهَا﴾

“Биз бир аятты бекер кылсак (насх) же эсиңден чыгарсак, андан жакшысын же ага окшошун келтиребиз”. (Бакара: 106). Мындан аяттын насх кылуучу аят экени түшүнүктүү, анткени аяттын окшошу же жакшыраагы хадистерде эмес, аяттарда гана бар. Экинчисинде:

﴿وَإِذَا بَدَّلْنَا آيَةً مَكَانَ آيَةٍ

“Эгер Биз бир аяттын ордуна башка бир аятты алмаштырсак” (Нахл: 101) деп айтылат. Бул аятта өкүмдү алмаштыруу бир аяттын ордуна экинчисин коюу менен ишке ашаары айтылды, ошондуктан өкүмдү насх кылуучу аят болушу керек дегенди билдирет. Ошондуктан, Куран аятынын өкүмүн насх кыла турган жалгыз нерсе – бул Куран аятынын өзү. Мунун баары Куранды Сүннөт жокко чыгара албастыгынын далили, ал бир нече риваятчылар (мутаваатир жолу) чынжыры аркылуу же бир риваятчы (ахад жолу) тарабынан жеткирилгенби айырмасы жок.

Ал эми вакыйлыкта Куран аятынын өкүмү сүннөт тарабынан насх кылбагандыгына келсек…

Курандын эч бир аятынын өкүмүн насх кылуучу болуп эч бир сүннөт келген эмес. Ал эми айрымдар Сүннөт тарабынан насх кылынаган деп айтып жаткан өкүмдөргө келсек, алардын айрымдары Куран аяты тарабынан насх кылынган, айрымдары болсо насх кылуу эмес, өкүмдү тахсис кылуу (чектеп коюу) үчүн болгон. Алар: “Ата-энеге жана туугандарга кылынуучу осуят Куранда келген” – деп айтышты.

﴿كُتِبَ عَلَيْكُمْ إِذَا حَضَرَ أَحَدَكُمُ الْمَوْتُ إِنْ تَرَكَ خَيْراً الْوَصِيَّةُ لِلْوَالِدَيْنِ وَالْأَقْرَبِينَ بِالْمَعْرُوفِ حَقّاً عَلَى الْمُتَّقِينَ﴾

“Силерден кимдир бирөө өлүм келсе, (өзүнөн кийин) дүйнө байлыкалтырып жатса, адилет-тууралык менен ата-энесине, тууган-урукка осуят кылуу парз кылынды. (Мындай керээз-осуят) Алладан коркуучулардын мойнундагы милдет”. (Бакара: 180).

Бул Пайгамбардын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун):

«لاَ وَصِيَّةَ لِوَارِثٍ»

“Мураскорго осуят кылынбайт”. (Ахмад риваят кылган) , деген сөзү менен аяттын өкүмү насх кылынат деп айтышты. Мунун жообу: жогорку аят мурас жөнүндөгү төмөнкү аят менен насх кылынган:

﴿يُوصِيكُمُ اللَّهُ فِي أَوْلَادِكُمْ﴾

“Алла перзенттериңерге (тийиштүү мурас) жөнүндө амир- буйрук кылат”. (Ниса: 11, аяттар).

Алар зынаа үчүн балак уруу жазасы улуу Жараткандын сөздөрүндө айтылганын айтышты:

﴿الزَّانِيَةُ وَالزَّانِي فَاجْلِدُوا كُلَّ وَاحِدٍ مِنْهُمَا مِائَةَ جَلْدَةٍ﴾

“Зынаакер аял жана зынаакер эркек – алардын ар-бирине жүз балактан ургула”. (Нур: 2). Бул аяттын өкүмү Сүннөттө келген таш бараң кылуу жазасы менен насх кылынган дешти. Буга жооп мындай: “балак уруу жазасы насх кылынган эмес, тескерисинче, ал ошол бойдон калган. Тагыраагы, зынаа кылган бойдокторду балак уруу менен жазалоо, ал эми үй-бүлөлүү (мухсон) зынаакерлерди таш бараңга алуу менен жазалоо сүннөт тарабынан баяндалып аяттын өкүмү тахсис кылынган (чектелген). Бул өкүмдү тахсис кылуу болуп саналат, ал өкүмдү насх кылуу болуп саналбайт. Куран аятынын өкүмүн сүннөт менен тахсис кылуу жайиз. Анткени Аллах сүннөттү аятта ﴿لِتُبَيِّنَ﴾ “баян кылып беришиң үчүн” деп айтты. Ошондуктан сүннөт аяттын өкүмүн насх кылуучу эмес, тескерисинче ал аяттын өкүмүн баяндоочу–түшүндүрүүчү болуп саналат. Буга кошумча, бул эки хадис: “Мураскорго осуят кылынбайт” жана таш бараңга алуу жөнүндөгү хадистер ахад кабарлар. Эгерде биз Куран Сүннөт менен насх кылынат дей турган болсок да, хабар ахад менен Куран аятынын өкүмүн насх кылууга болбойт. Анткени Куран (катьий субуут) Аллахтан экени так кесе далилденген, ал эми хабар ахад (зонний субуут) Аллахтан экени күмөндүү далилденген, ал эми катъий далилди зонний далил менен насх кылууга болбойт. Анткени, насх кылуу ибтол болуп саналат, ошондуктан катъий далил менен бекитилген өкүм, зонний далил менен бекитилген өкүм менен жокко чыгарылбайт. Бул алардын келтирген мисалдарынын туура эмес экендигин дагы тастыктайт. Сүннөт тарабынан Куран аятынын насх кылынуусу эч качан вакыйлыкта болбогондуктан, мындай окуянын жоктугунун өзү эле анын жаиз эмес экендигин көрсөтүүгө жетиштүү. Анткени, бул жерде аклий эмес, шаръий жаиздик жөнүндө сөз болуп жатат. Ошо сыяктуу эле, Куран сахабалардын бир пикири (ижмасы) менен да, салыштыруу (кыяс) менен да жокко чыгарылбайт; Анткени экөө тең Пайгамбардын (ага тынчтык жана береке болсун) доорунан кийин болгон жана сахабалар бул маселе боюнча эч кандай карама-каршы пикирде болбостон, Пайгамбардан кийин шариятты насх кылууга тыюу салууга бир добуштан макул болушкан.

Сиздин сурооңуздун жообу, эки жагынан тең, ушундан айкын көрүнүп турат:

1.Куранды сүннөт насх кыла албайт. Аны жаиз деп айткандар жаңылышат.

2.Зынакор аялды жана зынакор эркекти балак менен уруу жөнүндөгү аят үйлөнбөгөндөргө гана хос (тиешелүү). Бул өкүм Аллахтын Элчисинин, ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун, зынаа кылган эркекти жана зынаа кылган аялды таш бараңга алуу жөнүндөгү хадисине негизделген. Куран аятынын өкүмү сүннөт менен тахсис кылынат, анткени буга далилдер бар.

Бул жетиштүү, Аллах билүүчү жана өкүмдар.

Боордошуңар Ато бин Халил Абу Рашта.

1448-х, 24-робиул аввал.

2026-ж, 6-октябрь.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button