Сакофий

Алтын жана күмүштү казып чыгаруу

Алтын жана күмүштү казып чыгаруу

Суроо: 1. «Экономикалык кризистер» аттуу китепчеде келген маалыматтардын негизинде мамлекеттин акча чыгаруу саясатына түшүндүрмө берип коюуңузду суранабыз. Эгер мамлекеттин көзөмөлүндөгү кендерден ири көлөмдө күмүш же алтын табылса, алтын менен күмүштү казып алып, аларды акча катары чыгарууга мамлекет жооптуубу? Ошондой эле мамлекет валюта курсунун туруктуулугун бузгусу келбегендиктен, алтын менен күмүштү казып албоо чечимин кабыл ала алабы?

2. Халифалык иш жүзүндө алтын жана күмүш стандартына кантип көзөмөл жүргүзө алат? Мисалы, алтын менен күмүш аз болгон өлкөдө Халифалык бул маселени кантип башкарат? Учурдагы кагаз акча менен катар алтын жана күмүш менен камсыздалган жаңы акча чыгарылабы? Же акчаны толугу менен алтын жана күмүш аркылуу камсыздоого жетиштүү көлөмдө алтын жана күмүш табылганга чейин кагаз акча башка активдер менен камсыздала турган болобу?

Жооп:

1. Алтын менен күмүштү казып алууну мамлекет өз мойнуна алышы керек. Бул шаръий акча алтын менен күмүшкө негизделгендиги үчүн гана эмес, алар жер астындагы умумий мүлк болуп эсептелген кен байлык болгондугу үчүн ушундай.

Мамлекет алтынды акчага жана керектөөгө болгон муктаждыгына жараша казып алат. Ал эми шаръий өкүмдөр төмөнкү факторлордун таасири аркылуу тең салмактуулукту камсыз кылат:

Акча — бул алтын жана күмүш… Бааларды белгилөөгө тыюу салынган… Эгер мамлекеттин кайсы бир вилаятында баа кымбаттаса, мамлекет башка вилаяттардан товар алып келип, базарларда анын көлөмүн көбөйтүү аркылуу, иштерди башкаруу милдетинин алкагында, бааны кадимки абалына кайтарышы керек… Ихтикарга (монополияга) тыюу салынган… Мамлекеттин зарылчылык негизинде өнөр жай өндүрүшүнө болгон муктаждыгы… жана башкалар.

Бул факторлордун бардыгы алтын менен күмүштү казып алуу процессин автоматтык түрдө тартипке салат. Натыйжада бааларда инфляция болбойт. Анткени алтын жана күмүш акча системасында баалардын өсүү деңгээли өтө аз болгондуктан, дээрлик нөлгө барабар болот. «Экономикалык кризистер» китепчесинде мындай деп келген:

«Бул система ички жана тышкы деңгээлде туруктуулукту камсыз кылып, акча бирдигинин наркын туруктуу кармап келген. Буга далил — 1910-жылы алтын менен эсептелген баалардын индекстери болжол менен 1890-жылдагы деңгээлде болгон». Цитата бүттү.

2. Ал эми мамлекет алтын менен күмүш аз болгон өлкөдө курулат деген божомол вакыйлыкка туура келбейт. Анткени мамлекет курулушу күтүлүп жаткан мусулман өлкөлөрүндө алтын жана күмүш кендери көп. Ошондой эле бул өлкөлөрдө башка мамлекеттер муктаж болгон мунай жана газ сыяктуу байлыктар бар. Мамлекет аларды дүйнөгө алтын жана күмүшкө же товар алмашуу жолу менен гана сатат. Мындан тышкары, ошол мамлекеттердин банктарында биздин кагаз акча түрүндөгү каражаттарыбыз бар. Биз аларды товар түрүндө кайтарып алабыз…

Андан тышкары, биздин өлкөлөр негизги товарлар жагынан өзүн-өзү камсыздай алат. Ошондуктан алар бизге бойкот жарыялашса да, бул бизге таасир этпейт. Тескерисинче, анын таасири аларга алда канча оор жана күчтүү болот… Ошондой эле биздин банктарда чет элдик валюталар — евро, доллар жана фунт стерлинг бар. Биз аларды товарларга алмаштыруу же ушул сыяктуу жолдор менен пайдаланабыз.

Сен билсең керек, Хизб аймактардан өлкөлөрдөгү алтын, күмүш жана башка кен байлыктарынын запастары, ошондой эле борбордук банктардагы алтын, күмүш жана чет элдик валюталар боюнча статистикалык изилдөө жүргүзүүнү талап кылган. Натыйжада Аллах айрым мусулман өлкөлөрүнө мол өлчөмдө байлык тартуулаганы бизге белгилүү болду…

Ошондуктан кабатыр болбо, көңүлүң ток болсун жана Аллах Субханахудан нусратты тездетүүсүн сурап дуба кыл. Чындыгында, Ал Улуу жана Кудуреттүү.

14.01.2013

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button