Саясий Ислам: жеңиш элеси менен ийгиликсиздиктин акыйкаты ортосунда

Саясий Ислам: жеңиш элеси менен ийгиликсиздиктин акыйкаты ортосунда
Ваил Султан
Ислам — Аллах Таала Мухаммад ﷺ пайгамбарга түшүргөн дин. Ал адамдын көйгөйлөрүн чечүү жана анын үч түрдүү алакасын: Роббиси менен болгон алакасын, башка адамдар менен болгон алакасын жана өзү менен болгон алакасын тартипке салуу үчүн түшүрүлгөн. Ошондуктан Ислам мамлекетти да, жашоонун бардык тармактарын да өз ичине камтыган дин. Ал өзүнө ыйман келтиргендер үчүн ибадатка жана ахлакка тиешелүү өкүмдөрдү белгилеген дин, ошондой эле адамдардын иштерин камкордукка алып, алардын ортосунда Ислам менен өкүм жүргүзгөн, башка мамлекеттер менен Ислам өкүмдөрүнө ылайык мамиле кылган жана Ислам рисалатын бүткүл дүйнөгө жеткирген мамлекет.
Ушул жерден маанилүү суроо туулат: башкаруу, коом жана коомдук алакалар маселелерин камтыган Исламды «саясий Ислам» деген аталыш менен классификациялоо заманбап пикирде качан башталган? Бул классификация пайда болгонго чейин эмне бар эле?
Ислам XX кылымда «саясий» болуп калган эмес. Тескерисинче, заманбап саясат таануу жана социология илимдеринде саясий Исламды өз алдынча көрүнүш катары классификациялоо кийинчерээк пайда болгон. Мунун натыйжасында Ислам жана ага таянган кыймылдар саясий чөйрөдө жаңы терминологиялык алкактын ичине киргизилген.
Бул терминдин бизге белгилүү болгон эң алгачкы документтештирилген академиялык колдонулуштарынын бири — америкалык изилдөөчү Мартин Крамердин (Martin Kramer) 1980-жылы жарык көргөн «Political Islam» («Саясий Ислам») аттуу китебинде келген. Бирок бул терминдин заманбап адабияттарда пайда болушунун өзү эле Исламий пикир аны туура түшүнүк катары кабыл алганын же мусулмандар буга чейин «Ислам» менен «саясий Исламды» бири-биринен айырмалап келишкенин билдирбейт. Анткени терминдин бар болушу жана жайылышы бул бир маселе, ал эми ошол термин билдирген түшүнүктүн тууралыгы башка маселе.
Ушул жерден көйгөйлүү маселе келип чыгат: эгер Ислам өзүнүн жалпы түшүнүгүндө адамдын жеке жана коомдук иштерин камтып, башкаруу, сот, экономика, эл аралык алакалар жана башка маселелерге тиешелүү өкүмдөрдү өз ичине алса, анда Исламдын бул тарабын «саясий» деп сыпаттоо эмнени билдирет? Бул термин Исламды «диний Ислам» жана «саясий Ислам» деп экиге бөлүүгө алып келбейби? Мындай бөлүү саясат Исламга заманбап доордо кийинчерээк кошулган бөтөн элемент сыяктуу түшүнүк жаратпайбы?
Андан соң бул сыпаттама берилген кыймылдарга өткөнүбүздө, суроонун мааниси ого бетер артат. Эгер «саясий Ислам» заманбап термин болуп, анын мааниси так аныкталбаган болсо, анда анын ийгилиги же ийгиликсиздиги жөнүндө сөз кылганда эмнени түшүнөбүз? «Исламий кыймылдын» парламентке өтүшү, өкмөт түзүшү же бийликтин эң жогорку баскычына жетиши эле Исламдын жеңиши деп эсептелиши үчүн жетиштүүбү?
Же бул болгону учурдагы саясий түзүмдүн ичинде иш алып барган кыймылдын саясий ийгилиги болуп, ал кыймыл ишке ашыруу үчүн келгенин айтып жүргөн долбоорунун ийгиликке жеткенин билдирбейби?
Мына ушул жерден эң маанилүү суроону изилдөө башталат: айрым «Исламий кыймылдардын» заманбап саясий түзүмдүн мекемелерине жетиши Исламдын жеңиши болдубу же негиздери өзгөрбөгөн түзүмдүн ичинде ийгиликке жете алган саясий кыймылдардын жеңиши болдубу?
«Саясий Ислам» термини мусулман аалымдары башкаруу жана саясат маселелерин талкуулоодо колдонгон термин болгон эмес. Алар бул маселелерди имамат, халифалык, шаръий саясат жана башкарууга тиешелүү өкүмдөр түшүнүктөрүнүн алкагында карашкан.
Маселен, Маварди өзүнүн «Аль-Ахкам ас-Султания» китебинде имамат, анын милдеттери, динди сактоо, өкүмдөрдү ишке ашыруу жана адилеттүүлүктү камсыз кылуу жөнүндө сөз кылган.
Ал эми Ибн Таймия: «Адамдардын иштерин башкаруу — диндин эң улуу важибдеринин бири. Ансыз дин да, дүйнө да дурус болбойт», – деген.
Ибн Халдун болсо халифалыкка: «Динди коргоодо жана дүйнө иштерин дин менен башкарууда Шариат ээсинин ордун басуу», – деп аныктама берген.
Ошентип, мусулман аалымдары башкаруу менен саясатты Исламга кийинчерээк кошулган тармак катары да, ибадат жана ахлакка тиешелүү Исламга карама-каршы турган «Исламдын бир түрү» катары да карашкан эмес. Тескерисинче, алар бул маселелерди Ислам түзүмүнүн өзүнүн ичинде, имамат, халифалык, шаръий саясат жана башкарууга тиешелүү өкүмдөр деген аталыштардын алкагында изилдешкен.
Анда заманбап доордо эмне өзгөрдү? Эмне үчүн биз Исламды башкарууда колдонууга чакырган кыймылдарды «саясий Ислам» деген аталыш менен классификациялоого муктаж болуп калдык?
Халифалыктан заманбап мамлекетке карай
Азыркы доордо мусулмандар туш болгон эң чоң өзгөрүү — халифалык, имамат жана Шариаттын жалпы алкагы мамлекет жөнүндөгү түшүнүктө орун алган саясий вакыйлыктан, өз алдынча саясий чек аралары, конституциялары, мекемелери жана заманбап укуктук түзүмдөрү бар улуттук мамлекеттер калыптанган жаңы вакыйлыкка өтүшү болду. Муну менен бирге мусулмандарды бириктирген саясий негиздин ролу да төмөндөдү.
1924-жылдын 3-мартында Усманий Халифалыктын жоюлушу бул өзгөрүүдөгү чечүүчү учур болду. Түркиянын Улуттук жыйыны Халифалык кызматын жойду, ошол эле учурда жаңы светтик түзүмгө багытталган институттук түзүмдөр түзүлдү. Бул өзгөрүүнүн таасири Түркия менен гана чектелген жок. Анткени Усманий мамлекет кулагандан кийин Ислам дүйнөсү ар биринин өзүнө таандык саясий жана укуктук түзүмү бар көптөгөн улуттук же аймактык мамлекеттерге бөлүндү. Бул болсо Исламий саясий фикх боюнча жазылган байыркы китептерде каралган саясий алкактан айырмаланган жаңы вакыйлык эле.
Ушундай шартта заманбап Исламий кыймылдар бул жаңы вакыйлыкка жооп катары пайда болду. Мунун эң көрүнүктүү мисалдарынын бири — Хасан аль-Банна 1928-жылы, башкача айтканда, Халифалык кулагандан төрт жыл өткөндөн кийин Египетте негиздеген «Ал-Ихвануль муслимин» жамааты. Академиялык булактарда бул жамаат заманбап диний-саясий кыймылдардын эң алгачкыларынын бири катары сыпатталат. Ал өз ишмердүүлүгүн реформалоо жана даъват долбоору менен баштап, кийинчерээк анын ишмердүүлүгү барган сайын саясий чөйрөгө багыттала баштаган.
Индия субконтинентинде да ушул эле шартта Абул Аъла Маудудинин долбоору пайда болду. Ал 1941-жылы «Жамаатуль Исламия» уюмун негиздеп, улутчулдукка жана заманбап мамлекетке каршы Исламий мамлекет түшүнүгүн кайрадан калыптандыруунун үстүндө иш алып барган. Адистештирилген изилдөөлөр көрсөткөндөй, Маудудинин долбоору Халифалык жөнүндөгү байыркы теорияны сөзмө-сөз кайра калыбына келтирүү гана болгон эмес. Тескерисинче, ал заманбап мамлекеттин вакыйлыгында иш алып барууга жөндөмдүү Исламий мамлекетти калыптандыруу аракети болгон.
Жеңиш элеси
Эгер заманбап Исламий кыймылдар жаңы саясий вакыйлыкта пайда болгон болсо, анда өзүнөн-өзү туулган суроо бул кыймылдар бийликке кантип жете алышканында эмес, тескерисинче, алар башынан эле эмнеге жетүүнү көздөшкөнүндө жатат.
Исламды жөн гана ибадаттар менен ахлактан турбаган, тескерисинче, жашоонун бардык тармактарын камтыган түзүм деп эсептеген жана башкаруу Ислам акыйдасынын негизинде болушу керек деген түшүнүктөн чыккан кыймыл өз долбоорунун ийгилигин жөн гана башкаруу мекемелерине жетүү менен өлчөй албайт. Анткени бийликке жетүү максат эмес. Тескерисинче, максат бул бийлик эмне кыларына жана кандай негизге таянарына байланыштуу.
Мына ушул жерде көңүл бурууга арзый турган көйгөй келип чыкты. Айрым Исламий кыймылдар учурдагы саясий түзүмдөрдүн ичинде иш алып барууга умтулушту. Алар шайлоолорго жана парламенттерге катышып, ар кандай саясий күчтөр менен союз түзүштү. Андан соң бийлик куралдарына ээ болуу кийинчерээк Исламды башкарууга алып келүүгө мүмкүнчүлүк берет деген негизде өкмөткө же мамлекет башчылыгына жетүүгө аракет кылышты. Бирок бул жол негизги суроону туудурат: эгер учурдагы түзүм кыймыл негиз кылып алган түшүнүккө карама-каршы келген негиздерге жана түшүнүктөргө таянса, анда ошол түзүмдүн эрежелерин жана механизмдерин кармануу аркылуу аны өзгөртүүгө болобу? Же бул эрежелерди кармануу кыймылдын өз долбоорунун өзгөрүшүнө алып келбейби?
Көйгөй шайлоого же парламентке катышуунун өзүндө, алардын каражат болушунда эмес, көйгөй каражаттын максатка айланып кетишинде жана добуштарга, депутаттык орундарга, кызматтарга ээ болуудагы ийгилик Исламий долбоордун күчүн өлчөөчү критерийге айланып калышында. Мына ушул жерден жеңиш элеси башталат: кыймыл бийликке жетип, Исламды башкарууга алып келдик деп ойлойт. Бирок чындыгында бийликке жеткен нерсе негиздери да, мыйзам чыгаруудагы таянган булагы да өзгөрбөгөн саясий түзүмдүн ичинде иш алып барган Исламий кыймыл гана болушу мүмкүн.
Ошондуктан эки нерсени бири-биринен айырмалоо зарыл: кыймылдын саясий жактан ийгиликке жетиши жана кыймыл ураан кылып көтөргөн долбоордун ийгиликке жетиши.
Кыймыл шайлоодо жеңишке жетиши, парламентте көпчүлүк орундарды алышы, өкмөт түзүшү, а түгүл мамлекет башчылыгына жетиши мүмкүн. Ооба, мунун баары саясий ийгилик. Бирок бул сөзсүз түрдө Ислам жеңишке жетти дегенди билдиреби? Жооп берилиши керек болгон суроо мына ушул. Аны «Кыймыл канча депутаттык орун алды? Канча министри болду? Бийликтин эң жогорку баскычына жеттиби?» деген суроолор менен алмаштырууга болбойт.
Эгер максат Исламга негизделген башкарууну орнотуу болсо, анда ийгиликтин критерийи кыймылдын учурдагы саясий түзүмдүн ичинде канчалык ийгиликке жеткенине эмес, ошол максаттын канчалык деңгээлде ишке ашканына байланыштуу болушу керек.
Ушунун баарынан кийин, жеңиш элеси Исламий кыймылдардын саясий чөйрөгө киришинде же айрым башкаруу мекемелерине жетишинде эмес. Тескерисинче, жеңиш элеси — кыймыл өзү башында өзгөртүү үчүн түзүлгөн вакыйлыктын бир бөлүгүнө айланып калганына карабастан, анын ошол мекемелерге жетишинин өзү эле Исламдын жеңишине жетиштүү эместигинде.
Кыймыл учурдагы вакыйлыкка ыңгайлашып, өз долбоорун анын шарттарына жана чектөөлөрүнө ылайык кайра калыптандырып, аны өзгөртүүгө умтулуунун ордуна ошол түзүмгө аралашып кеткенде, анын бийликке жетүүдөгү ийгилиги өзү желегин көтөргөн Исламдын ийгилиги эмес, саясий уюм катары кыймылдын ийгилиги болуп калат.
Ал эми бул жердеги ийгиликсиздиктин чыныгы маңызы шайлоодо утулуп калууда да, парламенттеги орундарынан айрылууда да, бийликтен кетүүдө да эмес. Тескерисинче, Аллах Таала Ислам үчүн белгилеген негизге каршы чыгууда. Ал негиз — Исламдын үстөм болушу, бардык нерсеге өкүм жүргүзүшү, башка эч бир манхажга баш ийбеши жана ага аралашып кетпеши.
Аллах Таала айтат:
﴿هُوَ الَّذِي أَرْسَلَ رَسُولَهُ بِالْهُدَىٰ وَدِينِ الْحَقِّ لِيُظْهِرَهُ عَلَى الدِّينِ كُلِّهِ وَكَفَىٰ بِاللَّهِ شَهِيدًا﴾
«Ал (Аллах) Өз пайгамбарын Туура Жол жана Чындык дин менен, ал (дин)ди бардык (дин)дерге үстөм кылуу үчүн жиберген Зат. Аллахтын Өзү (ушул убадасынын жүзөгө ашуусуна) жетээрлик күбө». (Фатх: 28).
Ислам башка бир түзүмдүн курамдык бөлүктөрүнүн бири болуу үчүн келген эмес. Ошондой эле өзүнүн негиздерине каршы келген түзүмдүн ичинен орун алып, андан соң муну Исламдын жеңиши деп атоо үчүн да келген эмес. Тескерисинче, Ислам манхаждар менен түзүмдөр өлчөнө турган негизги булак болуу үчүн келген. Башка манхаждарга жана түзүмдөргө ыңгайлаша турган нерсе Ислам болбошу керек.
Ошондуктан Исламий кыймылдардын ийгилиги жөнүндө сөз болгондо туура суроо: алар бийликке жетиштиби? Канча депутаттык орун алышты? Бийликте канча жыл турушту? деген суроолор эмес. Тескерисинче, туура суроо мындай болушу керек: алар өз максатын сактап калыштыбы? Өз жолунда Исламдын манхажына ылайык жүрүштүбү? Алардын бийликке жетиши Исламды үстөм кылуу жолундагы кадам болдубу же өздөрү вакыйлыкты өзгөртө электе эле вакыйлык аларды өзгөртүп, ага аралашып кетиштиби?
Анткени бийликке жетүү кайсы бир кыймылдын жеңиши болушу мүмкүн. Көпчүлүк орундарга ээ болуу саясий ийгилик болушу мүмкүн. Өкмөт түзүү партиялык жетишкендик болушу мүмкүн. Бирок ар бир саясий ийгилик Исламдын жеңиши боло бербейт. Ошондой эле ар бир саясий жеңилүү Исламий долбоордун ийгиликсиздигин билдире бербейт. Мына ушул жерден жеңиш элеси менен ийгиликсиздиктин чыныгы маңызынын ортосундагы айырма айкын болот.
Аль вай журналынын 481-санынан




