Кыргызстанда президенттик шайлоого даярдык кандай жүрүп жатат?

Кыргызстанда президенттик шайлоого даярдык кандай жүрүп жатат?
1. Бийликтин түзүлүшү жана ички тең салмак
Кыргызстанда 2027-жылдагы президенттик шайлоого даярдык азыртадан кызуу жүрүп жатат. Шайлоо президенттик бийлик үстөмдүк кылган «супер президенттик» башкаруу моделинин шартында өтмөкчү. Мындай түзүмдө бийликтин вертикалы жана негизги саясий процесстердеги башкаруу, президенттик мекемеге жана күч түзүмдөрүнө көбүрөөк таянат. Башкача айтканда, түзүм саясий күчкө жана белгилүү бир идеологияга негизделбейт.
2020-жылдан тартып Кыргызстандагы бийлик түзүмүндө Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин тандемине негизделген кош бийликтин чечим кабыл алуу модели калыптанган. Садыр Жапаров президент катары мамлекеттик бийликтин расмий жетекчиси, улуттук долбоорлордун негизги жүзү жана өлкөдөгү туруктуулуктун кепили катары чыкса, Камчыбек Ташиев УКМКны жетектеп, күч түзүмдөрүнө, коррупцияга каршы күрөш саясатына жана укук коргоо органдарындагы кадрдык чечимдерге олуттуу таасир эткен.
Ташиевдин саясий салмагы анын кызматтык ыйгарым укуктары менен гана чектелбестен, башкаруу ресурстары, өзүнүн кланы жана аймактагы жарандардын колдоосу менен кубатталып турган.
Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин саясий өнөктөштүгү, ушул жылдар бою топтолуп келген карама-каршылыктар менен таанылып, акыры бул достуктун баш-аягы бийликтеги эки ача таасир борборунун дээрлик толук жоголушу менен аяктады.
Андан кийин сот жараяны өтүп, Ташиевге жана анын тарапташтарына бийликти басып алууга даярдануу боюнча кылмыш иши козголгон. Соттун чечими менен эркинен ажыратуу жазасы эки жылдык пробациялык көзөмөлгө алмаштырылган. Бул чечим Ташиевдин мамлекеттик кызматтарды ээлөөсүнө жана 2027-жылдагы шайлоого катышуусуна укуктук жактан бөгөт койду.
2026-жылдын жазынан октябрь айына чейин УКМКнын мурдагы төрагасынын каржылык жана күч түзүмдөрүндөгү таянычын алдын ала көрүлгөн чаралар аркылуу алсыратуу иштери жүргүзүлдү. Анын бир тууганы Шайырбек Ташиевге («Кыргызнефтегаз» ишине байланыштуу) кылмыш иши козголуп, натыйжада Ташиевдердин каржылык таянычына сокку урулду.
Мындан тышкары, бир нече күн мурун Аскер прокуратурасы УКМК төрагасынын мурдагы орун басарлары Курванбек Авазовду, Тимур Шабданбековду жана Даниэль Рысалиевди камакка алды. Муну менен Ташиевдин азыркы административдик-бийлик системасындагы таянычы жок кылынды. Ошондой эле, Ташиевге лоялдуу болгон акимдерди, чиновниктерди жана ички иштер органдарынын аймактык жетекчилерин кызматтан четтетүү аркылуу анын тарапташтарынын бийлик түзүмүндөгү таасирин толук жоюу аракеттери көрүлдү. Ошондуктан, 2027 жылы өтө турган шайлоо баштала элек жатып, “эки достун” мамилеси иш жүзүндө жок токтотулду десек болот. Ташиевдин мурдагы орун басарларынын камакка алынышы, күч түзүмдөрүндөгү бийликке баш ийбей коюшу мүмкүн болгон кадрлардан биротоло тазалануу аракети жүрүп жатканын көрсөтөт.
Кадрдык таянычын бекемдөө үчүн Жапаров акыркы жылдары район акимдерин, шаар мэрлерин жана облустук ички иштер башкармалыктарынын жетекчилерин ырааттуу түрдө алмаштырды. Бул аракеттер аркылуу кадрдык өзгөрүүлөр көздөлүп, жергиликтүү кландык-үй-бүлөлүк байланыштардын таасирин алсыратуу максатталууда.
Бийлик шайлоо башталган учурга карата жер-жерлерде борбордук бийликке толук көз каранды жана жоопкер болгон кадрларды жайгаштырып, административдик аппаратты толук көзөмөлдөөгө умтулууда.
2. Садыр Жапаровдун шайлоого даярдык көрүү аракеттери
Азыркы мамлекет башчысы шайлоого даярдыктын укуктук-нормативдик баскычынан активдүү саясий аракеттер баскычына өттү. Бул иштер үч негизги багытка таянат.
А. Экономикалык жана инфраструктуралык популизм
Курулуш долбоорлорун көрсөтүү аркылуу саясий упай топтоо. Жапаровдун шайлоодогу негизги жүйөлөрүнүн бири – бул «акыркы 30 жылда болбогон масштабдуу иштердин» жыйынтыктарын көрсөтүү. Алардын катарына «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушун баштоо, «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолун ишке киргизүү, аймактардагы аэропортторду жаңылоо жана мектеп, оорукана, бала бакчалар сыяктуу социалдык объектилерди куруу кирет.
Социалдык төлөмдөр жана бюджеттин кирешелери. Салык жана бажы төлөмдөрүн чогултууну катуу көзөмөлгө алуу, анын ичинде көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) киргизүү жана контрабандага каршы күрөштү күчөтүү аркылуу мамлекет мугалимдердин, дарыгерлердин жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин айлык акыларын бир аз жогорулатууга, ошондой эле пенсияларды жана социалдык жөлөкпулдарды көбөйтүүгө жетишти. Бул чаралар калктын кеңири катмарынын арасында экономикалык жана социалдык туруктуулуктун белгилүү бир деңгээли камсыз болуп жатат деген түшүнүктү калыптандырууда.
Б. Шайлоонун мыйзамдуулугу жана административдик ресурс тууралуу жарлык
Эркин шайлоону камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө жарлык. Жапаровдун сентябрда чыгарган, мугалимдерди, дарыгерлерди, студенттерди жана муниципалдык кызматкерлерди үгүт иштерине катышууга же кол топтоого мажбурлоого тыюу салган жарлыгы чыкты. Бир жагынан, бул жарлык Кыргызстанда көчө нааразылыгына буга чейин да себеп болуп келген көрүнүштү, тагыраагы, административдик ресурстун массалык колдонулушуна болгон нааразылыктын чыгышын алдын алууга багытталган. Экинчи жагынан, ал аймактык жетекчилерге ашкере үгүт көрсөтпөө керектигин эскертет. Анткени алардын ашыкча аракеттери шайлоонун жыйынтыгынын мыйзамдуулугуна шек жаратышы мүмкүн.
В. Патриоттук жана мамлекеттик күн тартиптеги темаларды монополия кылуу
Бийлик эгемендик, мамлекеттик символдорду жаңылоо, мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо сыяктуу маселелерди өзүнүн саясий күн тартибинин негизги багыттарына айландырып, бул темалар боюнча демилгени өз колуна алды. Буга Өзбекстан жана Тажикстан менен чек ара маселелерин жөнгө салуу боюнча жетишилген макулдашуулар да кирет.
Ал эми, көз карандысыз активисттердин же оппозициянын бул процесстерге карата айткан сын-пикирлери бийлик тарабынан кырдаалды курчутууга жана улуттук коопсуздукка шек келтирүүгө багытталган аракет катары чечмеленүүдө.
3. Оппозиция жана мүмкүн болуучу саясий атаандаштар
Президенттикке талапкер болууну көздөгөн саясатчылар азыр татаал кырдаалда турушат. Садыр Жапаров экинчи мөөнөткө президент болууга ниеттенип жатканын расмий билдирген. Азырынча ага атаандаш болууга жана саясий кырдаалды сынап көрүүгө даяр экенин билдирген он талапкер шайлооого катышуу ниетин билдиришти. Алардын катарында оппозициялык маанайда мурдагы финпол жетекчиси Сыймык Жапыкеев, экс-депутаттар Исхак Масалиев, Бактыбек Калмаматов жана жогорку соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова бар.
Көмүскө саясий чөйрө: Саясий сахна аркасында жана аймактык элиталар арасында саясий системада өз орду бар, тажрыйбалуу саясатчыларга карата талап сакталып келүүдө. Алардын катарында туруктуу солчул шайлоочуларга таянган Исхак Масалиев бар. Ал шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган Адахан Мадумаров баштаган оппозициялык топтун өкүлү катары катышууда.
Батышчыл либералдык оппозициянын чачырандуулугу: Оппозициядагы негизги партиялардын таратылышынан же алсырашынан, ошондой эле бир катар маалымат каражаттарынын жабылышынан жана ишмердигинин чектелишинен кийин либералдык оппозиция бирдиктүү кыймыл түзүмүнөн жана маалыматтык аянтчасынан дээрлик ажырады.
Системалык жана укуктук тоскоолдуктар (БШКнын чыпкалары)
Электрондук кол топтоо. Мамлекеттик «Түндүк» системасы аркылуу кыска мөөнөттө 30 миңден 60 миңге чейин кол топтоо талабы бул процессти бийликтин толук көзөмөлүнө өткөрүүгө шарт түзөт. Бийликке баш ийбеген талапкерди колдогону тууралуу санариптик из калтыруудан жарандар чочулап турган шартта, оппозиция үчүн кол топтоо өтө кыйын болушу мүмкүн. Мындан тышкары, санариптик система аркылуу добуштарды бөлүштүрүүдөгү техникалык мүмкүнчүлүктөр да белгисиз бойдон калууда.
Каржылык жана соттук көзөмөл. Шайлоо күрөөсү жана үгүт фондунун каражаттарынын мыйзамдуу булактардан түшүшүнө коюлган катуу талаптар ири бизнестин каржылык колдоосуна таянган талапкерлердин шайлоого катышуусуна тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Себеби ишкерлер УКМК жана Мамлекеттик салык кызматы тарабынан салыктык текшерүүлөргө же күч түзүмдөрүнүн басымына кабылып калуудан чочулашат.
4. Көзгө илинбей жаткан диний фактор
Диний фактор, бийликтин көз жаздымында калган багыттардын бири болуп, күтүлбөгөн натыйжаларга себеп болушу мүмкүн. Башкача айтканда, диний фактор татаал жана саясий тобокелдиги жогору болгондуктан бийликтин көзөмөл кылуу мүмкүнчүлүгү чектелүү. Кыргызстанда диний фактор эч качан убактылуу мүнөзгө ээ көрүнүш эмес. Мунун айкын мисалы катары 2005-жылдагы парламенттик шайлоону алсак болот. Өзүнүн программасын Ислам негиздерине ылайык түзгөн Турсунбай Бакир уулу, ошол кезде эле баскынчыларды жана алардын жергиликтүү тарапташтарын таң калтырган деңгээлде шайлоочулардын колдоосуна ээ болгон.
Андан кийинки шайлоолордо да мусулмандардын кызыкчылыгын көздөгөн талапкерлер саясий майданга чыгып келди. Убакыттын өтүшү менен Ислам багыты айкын болгон партиялардын, мисалы, «Ыйман Нурунун» Жогорку Кеңешке өтүшү же өзүн Ислам менен байланыштырып көрсөтүп келген саясатчылардын шайлоого катышуусу адаттагы көрүнүшкө айланган. Бул болсо светтик мекемелерге болгон ишеним солгундай баштаган соң, шайлоочулар Ислам адеп-ахлагынын принциптерине таянган талапкерлерге көбүрөөк үмүт арта баштаганын билдирет.
Мына ушул жагдайды эске алуу менен, бийлик Исламга касташкан колонизаторлордун көмөгү аркылуу Борбор Азиянын бүткүл аймагында, анын ичинде Кыргызстанда да, диний жана саясий ишмердикти чектеген мыйзамдык тоскоолдуктарды күчөттү. Мындай саясаттын айкын мисалы катары 2025-жылдын 21-январында кабыл алынган «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзамды алсак болот. Аталган мыйзам диний ишмердикти жөнгө салган талаптарды кыйла катаалдатты.
Алардын айрымдары төмөнкүлөр:
Мечиттерде, медреселерде жана намазканаларда шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө, саясий мүнөздөгү иш-чараларды өткөрүүгө жана диний тематикага байланышкан маалыматтарды үгүт максатында колдонууга тыюу салынган.
Блогерлерге, теологдорго жана имамдарга мамлекеттик кызматка орношууда жана шайлоого талапкерлигин коюуда диний ишмердигин толук токтотуу жана белгилүү мөөнөт өткөндөн кийин гана катышуу талабы коюлган.
Чет өлкөдөгү диний билим берүү жана даават иштерин алып барууга катуу көзөмөл орнотулган.
Бийликтин анализиндеги ката эмнеде?
Президенттин администрациясы менен атайын кызматтар, мечиттерди саясий үгүт үчүн пайдаланууга мыйзам аркылуу тыюу салынса эле диний фактор саясаттан дароо четтетилет деген түшүнүккө таянышат. Бирок иш жүзүндө такыр башка көрүнүштөр жүз берүүдө:
Талапкерлер үчүн эми мечитте үгүт жүргүзүүнүн деле кажети жок болуп калды. Мусулман шайлоочу талапкердин Ислам баалуулуктарга берилгендигин кыйыр белгилер аркылуу баалайт. Алардын катарына шайлоонун алдында умрага же ажылыкка баруу, Исламга ылайык жашоо образын ачык көрсөтүү, кайрымдуулук иштерине жана садака берүүгө катышуу, ошондой эле «Батыштын таасирине» каршы айтылган сөздөр кирет.
Көмүскө нааразылык маанайындагы шайлоочулардын калыптанышы
Акыркы 20 жылда Кыргызстанда диний талаптарды карманган, коомдук ынтымагы бекем жана зарыл учурда тез уюшуп, биргелешип аракеттене алган миңдеген мусулмандардан турган жамаат калыптанды.
Исламга карата административдик басымдын күчөшү, анын ичинде сырткы келбетке коюлган чектөөлөр жана диний насааттарды көзөмөлдөө мусулмандар тарабынан үммөттүн кызыкчылыктарын чектөө катары кабыл алынууда.
Батышчыл оппозиция алсырап, саясий мейкиндиктен сүрүлүп жаткан шартта диний өздүк бийликке нааразы болгон күчтөрдү табигый түрдө бириктире турган негизги борборго айланып барууда.
Күтүүсүз талапкердин пайда болуу коркунучу
Бийлик салттуу саясий атаандаштар, тагыраагы мурдагы аткаминерлер, депутаттар жана ишкерлер менен күрөшүүгө даярданууда. Бирок 2027-жылдагы шайлоодо бийлик үчүн эң күтүүсүз жагдай катары саясий системанын ичинен чыккан талапкердин пайда болушу мүмкүн. Ал дин тутуу эркиндиги жөнүндөгү мыйзамдарды түздөн-түз бузбастан, коомдогу нааразылыкты, баалардын өсүшүн, инфляцияны жана коррупцияны калктын басымдуу бөлүгүнө түшүнүктүү болгон «адилеттик», «тазалык» жана «такыбалык» түшүнүктөрү аркылуу чеберчилик менен чагылдыра алышы мүмкүн.
5. 2027-жылдын январына карата божомолдор жана күтүүлөр
Негизги сценарий: Калыптанып калган бийлик түзүмү Садыр Жапаровдун биринчи турда жеңишке жетишин камсыз кылуу үчүн административдик, күч түзүмдөрүн жана укуктук механизмдеринин бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланат. Буга маалымат мейкиндигиндеги үстөмдүк, ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке киргизүү аркылуу жетишкендиктерди көрсөтүү, ошондой эле негизги атаандаштарды оюндан чыгаруу, шайлоодон четтетүү аракеттери жардам бериши мүмкүн.
Альтернативдүү сценарий: Экономикалык нааразылыктын күчөшү (баалардын өсүшү, энергетика тармагындагы көйгөйлөр) менен динге кысым көрсөтүлүп жаткан фактор биригип, бири-бирин күчөткөн кырдаал жаралышы ыктымал. Мындай шартта диний баалуулуктарды карманган жана бийликке нааразы болгон шайлоочулар бирдиктүү, бирок азырынча анча таанымал эмес же саясий көз карашы бейтарап талапкердин айланасына биригүүсү мүмкүн. Бул бийликтин шайлоо маалындагы жана добуштарды эсептөө процессине карата алдын ала түзгөн пландарын өзгөртүп коюшу ыктымал.
Бийлик шайлоого канчалык жигердүү даярданып, күч түзүмдөрүндөгү өз таасирин бекемдеп, административдик ресурсту канчалык катуу көзөмөлгө албасын, өлкөдө күтүүсүз массалык нааразылык жаралып, анын натыйжасында эл майдандарда козголуп кезектеги бийлик алмашып кетүү коркунучун эсептен чыгарбоо керек.
Айрыкча, шайлоо маалындагы ар кандай ачык адилетсиздик сезими менен коштолгон басым, кырдаалды кескин өзгөртүшү мүмкүн. Кыргызстандын тарыхы көрсөткөндөй, мындай шартта калыптанып калган бийлик түзүмү канчалык катуу тамыр жайган болсо да, бир нече сааттын ичинде эле олуттуу солгундап, ал тургай кыйрап калышы толук ыктымал.
Латыфул Расых




