АКШ Америка армиясы менен кызматташкан оогандыктарды депортациялоону пландап жатат

АКШ Америка армиясы менен кызматташкан оогандыктарды депортациялоону пландап жатат
АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Ооганстандагы 20 жылдык согуш учурунда америкалык аскерлер менен кызматташкан ооган жарандарын өлкөдөн чыгаруу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Депортацияга кабылгандардын арасында АКШнын мурунку союздаштарынын жакындары да бар.
“Associated Press” жана “Reuters” агенттиктеринин маалыматына ылайык, Америка бийлиги айрым ооган мигранттарын Пакистандын аймагы аркылуу мекенине кайтаруу механизмин иштеп чыгууда. Кеп 150дөн ашык Ооганстандын жараны жөнүндө болуп жатат.
Бул адамдардын көбү жыйырма жыл бою Америка армиясына жардам берип келишкен. Алар котормочу болуп иштеп, аскерлерди коштоп жүрүшкөн, чалгындоо маалыматтарын берип, башка милдеттерди аткарышкан. 2021-жылдын августунда «Талибан» бийликке кайтып келгенден кийин, бул адамдардын көбү өлкөдөн чыгып кетишкен.
Учурда болсо өздөрү кызмат кылган колонизатордун кыянаттыгына туш болууда. Аллах Таала алардын абалы тууралуу кандай гана туура аткан!
Ниса сүрөсү 139-аят:
﴿الَّذِينَ يَتَّخِذُونَ الْكَافِرِينَ أَوْلِيَاءَ مِنْ دُونِ الْمُؤْمِنِينَ أَيَبْتَغُونَ عِنْدَهُمُ الْعِزَّةَ فَإِنَّ الْعِزَّةَ لِلَّهِ جَمِيعًا﴾
«Алар момундарды коюп кафирлерди дос тутушат, алар ошол кафирлердин алдынан күч-кудурет издешеби?! (Убара болушат!) Анткени, бардык күч-кудурет Аллахтыкы».
Бакара сүрөсү 120-аят:
﴿وَلَنْ تَرْضَى عَنْكَ الْيَهُودُ وَلَا النَّصَارَى حَتَّى تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمْ﴾
«Сен яхудийлердин же христиандардын динине кирмейинче, алар сенден эч качан ыраазы болушпайт».




