Мамлекеттик карыз 10,4 миллиард долларга жетти

Мамлекеттик карыз 10,4 миллиард долларга жетти
Кыргызстандын мамлекеттик карызы 2026-жылдын 30-сентябрына карата 907 миллиард сомду же 10 миллиард 371,6 миллион долларды түздү. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, мамлекеттик карыздын ИДПга карата үлүшү 38,55 пайызды түзөт.
Жалпы мамлекеттик карыздын 50,9 пайызы тышкы карызга туура келет. Анын көлөмү 5 миллиард 275,2 миллион долларды түзөт. Негизги кредиторлордун катарында Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы, Азия өнүктүрүү банкы жана Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы бар. Кытай банкынын алдындагы карыз 1 миллиард 367,7 миллион долларга жеткен.
Ал эми ички мамлекеттик карыз 5,1 миллиард долларды түзүп, жалпы карыздын 49,1 пайызын ээлейт. Анын басымдуу бөлүгү мамлекеттик казыналык облигациялардан турат.
Ички карыздын ИДПга карата үлүшү 2025-жылдын аягындагы 15,8 пайыздан 18,94 пайызга чейин өскөн. Бул ички карыздын көлөмү көбөйүп жатканын көрсөтөт.




