Эй, Эрдоган! Палестина жана анын Газа аймагы тынчтык келишимдерине жана айыптоо билдирүүлөрүнө эмес, азат кылууга муктаж!

Эй, Эрдоган! Палестина жана анын Газа аймагы тынчтык келишимдерине жана айыптоо билдирүүлөрүнө эмес, азат кылууга муктаж!
Түркиянын президенти Эрдоган Түркия да кол коюуга салым кошкон Газадагы тынчтык келишими аткарылбай жатканын жана эл аралык мамилелердин негизи болуп эсептелген келишимдерге берилгендик принциби сакталбай жатканын айтты. Ошондой эле ал оккупацияланган Батыш жээкте отурукташкандардын террордук аракеттери күчөп бара жатканын эскертти. Бул тууралуу ал жума күнү Стамбулда англис тилдүү Түркиянын «ТРТ Уорлд» телеканалынын форумунун онунчу чыгарылышынын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
Комментарий:
Эрдоган бүткүл аймак үчүн борбордук маселе болуп эсептелген бул маселе тууралуу журналист же жөн гана байкоочу сыяктуу сүйлөөдөн уялбайт. Ал өзү 2026-жылдагы «Глобал Файрпауэр» рейтингине ылайык, аскерий мүмкүнчүлүктөрү боюнча дүйнөдө тогузунчу орунду ээлеген мамлекеттин президенти болуп саналат. Анын армиясы НАТО альянсында аскердик күчү жагынан экинчи орунда турат жана анын курамы бир миллиондон ашуун адамды түзөт.
Бул түзүмдүк күч кургактыкта 2284 согуштук танкты жана 98 000ден ашуун брондолгон техниканы камтыган эбегейсиз чоң арсеналынан көрүнөт. Ал эми аба күчтөрү 1101 аскерий учактан турган заманбап флотко ээ болуп, алардын арасында 200дөн ашуун F-16 үлгүсүндөгү согуштук учактар бар. Деңиздерде болсо анын деңиз күчтөрү 192 кемеден турган флотту башкарат. Алардын катарына 17 фрегат жана 14 суу астындагы кеме кирет. Бул күчтөрдү чабуул коюучу кеме жана жергиликтүү өндүрүштөгү учкучсуз учуучу аппараттарды ташуучу «ТЖГ Анадолу» кемеси колдоп турат.
Мындай зор аскерий күч 51,4 миллиард долларга жеткен коргонуу бюджети аркылуу камсыздалат. Ал өнүккөн өнөр жай базасына таянат. Бул база «Байрактар TB2» жана «Акынжы» сыяктуу алдыңкы учкучсуз учуучу аппараттарын ондогон мамлекеттерге экспорттоого жетишкен. Натыйжада Түркия өз алдынча стратегиялык тең салмактуулукка жана аймактык, ошондой эле эл аралык деңгээлде олуттуу тоскоолдук кылуучу күчкө ээ болгон.
Ошого карабастан, сөз Расулуллах ﷺ Исрага барган жер жана мусулмандардын биринчи кыбыласы болгон Палестина жөнүндө болгондо, Эрдоган дагы эле айыптоо жана нааразылык билдирген сөздөр менен гана чектелүүдө. Мындай сөздөр эч нерсе кыла албаган алсыз адамдан гана чыгышы мүмкүн. Ал эми бүтүндөй Палестинаны бир күндө же бир нече күндө азат кылууга кудуреттүү мамлекеттин президентинен мындай сөздөрдүн чыгышы — чыккынчылыктын дал өзү. Айрыкча, биз анын иш жүзүндөгү позицияларын жана армиясын башка өлкөлөргө жөнөтүп жатканын көрүп турабыз. Ал армиясын түздөн-түз согуштук кагылышууларга, «терроризм» деп аталган нерсеге каршы күрөшүү операцияларына же Бириккен Улуттар Уюму менен НАТОго караштуу тынчтыкты сактоо миссияларынын алкагында Сирия, Ливия, Ирак, Азербайжан, Түштүк Корея, Сомали, Катар, Сауд Арабиясы, Афганистан, Албания, Босния жана Герцеговина, Косово, Мали, Түштүк Судан жана башка өлкөлөргө жөнөтүп келет.
Мунун баары Эрдогандын билдирүүлөрү элдин арасында колдонуу жана маалымат каражаттарында өзүн көрсөтүү үчүн гана жасалып жатканын, Палестинага болгон сүйүүнү же үммөткө жана анын маселелерине болгон камкордукту чагылдырбай турганын далилдейт.
Чындыгында, Палестина «тынчтык долбоору» деген аталыштагы баш тартуу жана кыянаттык долбооруна эмес, азат кылынууга муктаж. Бул долбоорду ишке ашырууга кудуреттүү тарап — үммөттүн армиялары, алардын башында султан Абдулхамид экинчи, Мухаммад Фатих жана Сулайман Канунинин урпактары болгон Түркия армиясы турат. Анткени ал Палестинаны азат кылууга жана яхудийлерди ал жерден кор болгон, басынтылган абалда кууп чыгууга кудуреттүү. Аллах Таала айтты:
﴿فَإِذَا جَاء وَعْدُ الآخِرَةِ لِيَسُوؤُواْ وُجُوهَكُمْ وَلِيَدْخُلُواْ الْمَسْجِدَ كَمَا دَخَلُوهُ أَوَّلَ مَرَّةٍ وَلِيُتَبِّرُواْ مَا عَلَوْاْ تَتْبِيراً﴾
«Анан, качан кийинки (бузукулуктун) убакты – сааты келгенде, жүздөрүңөрдү кара кылуулары, абалкы ирээт киргендери сыяктуу Масжид (ал-Аксага басып) кирип, (аны тебелеп тепсөөлөрү) үчүн ошондой эле ээлеп алган (бардык) жерлерди ойрон кылуулары үчүн (дагы душмандарыңарды силердин үстүңөргө жиберебиз)». (Исра: 7).
Саид Фадл




