Европадагы бороон Германияга жетти

Европадагы бороон Германияга жетти
Германиянын ар кайсы аймактарында он миңдеген жаштар демонстрацияга чыгышты. Бул Европада саясий элитага жана жашоо шарттарына нааразы болгон Z муунунун жаштары башында турган нааразылык акцияларынын акыркы толкуну болду. Демонстрациялар учурунда айрым зомбулук аракеттери жана полиция менен кагылышуулар да орун алды. (Германиянын «Дойче Велле» маалымат агенттиги, 31.10.2026).
Комментарий:
Европадагы 2026-жылдын күзү араб өлкөлөрүндөгү 2010-жылдын кышына окшош! Анткени демонстрациялар жана нааразылык акциялары бир өлкөдөн экинчи өлкөгө жайыла баштады. Франциядагы студенттердин нааразылык акциялары бийликке жана элитага каршы көтөрүлүшкө айланып, андан соң Бельгияга, Италияга жана Испанияга өттү. Эми болсо кезектеги аялдамасы болгон Германияга жетти.
Z мууну деп аталган, башкача айтканда, жаштар жана интернет мууну Европадагы окуялардын алдыңкы сабына чыкты. Алар Араб жазы болгон Тунис, Египет, Сирия жана башка өлкөлөрдө да окуялардын алдыңкы сабында турушкан эле.
Батыштын айла-амалдары Араб жазын өздөрүнүн абалына жана Батыштын малайлары башкарып жаткан өлкөлөрүнүн абалына каршы көтөрүлгөн бейкүнөө адамдардын башына ок жана жарылуучу бочкалар жааган оор кышка айландырууда ийгиликке жеткенден кийин, Батыш мурдагы акимдерден да жаман акимдерди кайра бийликке алып келүүгө жетишти.
Бүгүн болсо сыйкыр сыйкырчынын өзүнө каршы бурулууда. Анткени каардануу толкундары Европаны узунунан да, туурасынан да каптай баштады. Алардын айрымдары, Франциядагыдай, зомбулук менен коштолду. Камакка алуулар, өрттөр жана кан төгүү көрүнүштөрү Европа өкмөттөрү мусулмандардын арасында уюштуруу үчүн аракет кылып келген көрүнүштөрдү кайрадан эске салды.
Бүгүн чыдамдын чеги түгөндү. Европа өкмөттөрүнүн, айрыкча Франция, Германия жана Британиянын казыналары Украинадагы согуштун, Иранга каршы согуштан кийин энергия бааларынын кымбатташынын жана Кытай менен экономикалык атаандаштыктын күчөшүнүн айынан банкрот абалга кептелди. Ошондуктан алар нааразычылык билдиргендердин талаптарын аткара албай жатышат. Бирок европалык жаштар демократия оюну мындан ары муктаждыктарды канааттандыра албай калганын түшүнө башташты.
Анда бул европалыктарга алар «агартуу» деп атаган караңгылык системасынын ордуна туура жолду, адилеттүүлүктү жана нурду алып келе турган жолду ким көрсөтөт? Анткени бул системанын чыныгы жүзү ачылып, анын геноцид, согуштар, диктатуралык режимдерди колдоо жана авратын жапкан кызга каршы күрөш экени белгилүү болду. Ал тургай, адамдар Аллах алар үчүн каалаган нурга жана туура жолго түшүп кетишинен коркуп, Исламга тиешелүү болгон бардык нерсеге каршы согуш жүргүзүп жатканы ашкереленди.
Билал Ат-Тамими




