Жүрөгүбүздөгү ачууну ким басат

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Жүрөгүбүздөгү ачууну ким басат
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
عَنْ سَهْلِ بْنِ مُعَاذٍ، عَنْ أَبِيهِ، أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: «مَنْ كَظَمَ غَيْظًا وَهُوَ قَادِرٌ عَلَى أَنْ يُنْفِذَهُ، دَعَاهُ اللَّهُ عَزَّ وَجَلَّ عَلَى رُءُوسِ الْخَلَائِقِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ حَتَّى يُخَيِّرَهُ اللَّهُ مِنَ الْحُورِ الْعِينِ مَا شَاءَ» قَالَ أَبُو دَاوُدَ: «اسْمُ أَبِي مَرْحُومٍ: عَبْدُ الرَّحْمَنِ بْنُ مَيْمُونٍ» (سنن أبي داود)
Сахл бин Муаздын атасынын риваятына ылайык, Аллахтын Элчиси, ага Аллахтын салам-салаваттары болсун, мындай деген: “Кимде-ким ачуусун чыгарууга күчү жетип туруп ачуусун баса алса, анда Аллах Таала аны Кыямат күнү бардык жаратылгандардын алдында чакырат жана ага бейиштин сулуу кыздарынын ичинен каалаганын тандоого чейин мүмкүнчүлүк берет”. (Сунан Абу Давуд).
Эң жакшы сөз – бул Улуу Аллахтын сөзү, ал эми эң жакшы жол – бул Анын Пайгамбары, ага Аллахтын салам-салаваттары болсун, Мухаммаддын жолу.
Бул хадисте бүгүнкү күндө сейрек кездешүүчү адамдар жөнүндө сөз кылынды. Чындыгында, алар тарыхта да аз гана кездешет. Мына, биздин урматтуу Элчибиз, ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун, такыба жана сак- саламат жүрөктүү сахабаларын бул касиетке ээ болууга үндөп жатат. Аларга Ыйык Куран түшүрүлүп, аларды улуу адеп-ахлакка, башкача айтканда, ачууну басууга үндөдү. Мына, биз сахабалар доорунан көп убакыт өткөндөн кийин, бул дүйнөнүн бардык оорулары арабызда бар. Арабызда ушунчалык алсыздык жана басынуу бар болгондуктан, жахилият (караңгылык доору) мурунку даңкын жана күчүн кайтарып алды. Бизди бири бирибизге карата келишпестик толгон абалда табасың.
Биринчи жагынан, жүрөгүбүз эң жакын адамдарга карата каарга толгон абалда. Бул асыл хадисте айтылган нерсе, ыйман жана дин бириктирип турган мусулмандардын ортосунда болгон ачуулануу, аны баскан адамга бейиштин үлкөн сыйлыгы болгон сыйлык берилет, ал эми бул касиетке күнү-түнү аракет кылгандар гана жете алышат. Ал Кыямат күнү бардык жаратылгандардын алдында чакырылат жана Аллах Таала жараткан хурилердин арасынан өзү каалаган нерсесин тандоо укугуна ээ болот. Ачуусун чыгаруу күчү жетип туруп ачуусун баскан адамдын ээ боло турган улуу даржасы мына ушундай…
Экинчи жагынан, биз душмандарыбыздын кысымынан жана кемсинтүүсүнөн улам абалыбыздын кандайча начарлаганын көрүп жатабыз, бул биздин жүрөгүбүздө Аллахтын өкүмү жана мыйзамы элге колдонулбай калгандан кийин алсыздыктан, басынуудан жана кемсинүүдөн улам ачуубузду чыгара албаган абалда калдык. Бул ачуу күн сайын күчөп баратат, Аллахтын душмандары арабызда кыйроо жана бузукулуктарды кылып жатышат, биз каарыбызды төгүп, ачуубузду чыгарып, аларды кууп чыгууда Кудуреттүү Аллахтын бизге убада кылган жеңилдигин жана нусратын күтүүдөн башка– эч кандай күчкө ээ эмеспиз.
Биз Аллахтан жүрөгүбүздөгү ачууланууну чыгара турган бирөөнү тезирээк жөнөтүшүн жана Аллах жана Анын урматтуу Элчиси, ага Аллахтын салам-салаваты болсун, үчүн ачууну басууга жардам бере турган бирөөнү камсыз кылышын суранабыз. Бул Аллах үчүн кыйын эмес.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1448-х, 5–жумаадил саани.
2026-ж, 15-ноябрь.
