Пайгамбарыбыздын (С.А.В) асыл сабактарынан

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Пайгамбарыбыздын (С.А.В) асыл сабактарынан
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
عَنْ عَائِشَةَ زَوْجِ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: «يَا عَائِشَةُ إِنَّ اللَّهَ رَفِيقٌ يُحِبُّ الرِّفْقَ وَيُعْطِي عَلَى الرِّفْقِ مَا لَا يُعْطِي عَلَى الْعُنْفِ وَمَا لَا يُعْطِي عَلَى مَا سِوَاهُ». صحيح مسلم برقم 2593
Айша энебиздин (р.а) риваят кылышынча, Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) мындай деген: “Эй Айша, Аллах жумшак жана жумшактыкты жакшы көрөт, ал жумшактык үчүн катаалдыкка же башка нерсеге бербеген нерсени берет”. (Сахих Муслим, № 2593).
Урматтуу бир туугандар:
Жумшактык – адам жаратылган жаратылыш менен шайкеш келген кооз кулк мүнөз. Ошондуктан, Ислам бул кооз кулк мүнөзгө ээ болууга үндөгөн. Кимде-ким бул асыл сапатты өзүнө камтып, мүнөзүнө сиңирип алса, ал адамдарды сүйөт жана адамдардын сүймөнчүлүгүнө айланат. Ал алардын жүрөктөрүнүн түпкүрүндө орун алып, алар менен бирге бакытка жетет. Пайгамбарыбыз, ага Аллахтын салам-салаваттары болсун, бизге жөн гана сөз менен эмес, иш-аракет менен үлгү болууну үйрөткөн. Ал бүткүл адамзатка жумшактыктын кандай болуусун сахабалар күбө болгон бир бедуин менен болгон окуя аркылуу үйрөткөн.
Риваят кылынышынча, бир бедуин мечитке кирип, анын бир капталына заара ушатып коёт. Сахабалардын эч бири муну карап тура алган жок. Алар анын жийиркеничтүү иши үчүн сабап салуу үчүн ага жабыла жөнөштү. Бирок сүйүктүү Пайгамбар, ага Аллахтын салам-салаваттары болсун, аларды токтотуп:
“دعوه وأريقوا على بولِه ذنوباً من ماء” وبعد أن انتهى الأعرابيّ سأله النبي صلى الله عليه وسلم: “ما حملك على هذا الفعل؟” فقال له: “والذي بعثك بالحق، ما ظننتُ إلا أنه صعيد من الصعدات فبِلْتُ فيه”، فقال له: “إن هذه المساجد لا تصلح لشيء من هذا البول والقذر، إنما هي لذكر الله والصلاة وقراءة القرآن“،
“Аны жайына койгула, анын заарасына бир чака суу төгүп салгыла”. Бедуин ишин бүтүргөндөн кийин, Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) андан сурады: “Мындай иш кылууга сени эмне түрттү? Ал: “Сени чындык менен жиберген Затка ант болсун, мен аны жөн гана ачык жердин бир бөлүгү деп ойлогон үчүн жасадым”, – деп жооп берди. Ал Зат ага: “Бул мечиттер мындай нажас менен кирге ылайыктуу эмес. Алар Аллахты зикир кылуу, намаз окуу жана Куран окуу үчүн гана”, – деди.
Ооба, бул биздин элчибиздин, ага Аллахтын салам-салаваты болсун, ааламдарга жөнөтүлгөн ырайымдын бул жийиркеничтүү ишке карата жообу болчу. Ошол учурда бедуин колдорун асманга көтөрүп: Оо, Аллах, мага жана Мухаммадга ырайым кыл, бизден башка эч кимге ырайым кылба, деп дуба кылды.
Эй мусулмандар:
Мындай жумшактыктан биз канчалык алыспыз? Мындай ырайымдуулукка биз канчалык жакынбыз? Биздин урматтуу Пайгамбарыбыз, ага Аллахтын салам-салаваттары болсун, бул жакшы мүнөзгө абдан ынтызар болгон. Анын жумшактыгы адамдарга да, жаныбарларга да тиешелүү болчу. Ооба, ал бизге өз ара мамиле кылуу боюнча үлгүлөрдү иш жүзүндө көргөзүп берди. Бирок бүгүнкү күндө биз башыбыздан өткөрүп жаткан зордук-зомбулук жана ырайымсыздык үммөт үчүн маанилүү суроону жаратат. Эмне үчүн жүрөктөрдөн ырайым алыстап калган? Эмне үчүн коомдордо зордук-зомбулук басымдуулук кылган мүнөзгө айланган? Ал тургай университеттер жана колледждер бул кулк мүнөздү окутууга курстарды жана темаларды арнай башташты. Ал мугалимдерди жана окуучуларды тынчсыздандырып, “Зомбулукка жол жок” деген ураан ар бир айылда, шаарда жана конушта көтөрүлүп күнүмдүк көрүнүшкө айлана баштады.
Коомго таңууланган капиталисттик система адамдардын ортосундагы мамилелерди материалдык пайда жана кызыкчылыктын негизинде орноткондугу шексиз. Ошондуктан, жашоо жийиркеничтүү үлгүгө негизделди, аны бактысыз каапырлар билишкен жок. Пайгамбарыбыздын, ага Аллахтын салам-салаваты болсун, бир гана сабагы алардын бардык материалдары жана сабактары үчүн жетиштүү. Эгер Халифалык кайрадан орноп, Ислам кайрадан жашоодо ишке ашырылса, анда берилүүчү сабактар кандай болот?
Оо, Аллах, бизге мусулмандарды бириктирип, азап-тозоктон арылтуучу, пайгамбарлык үлгүгө ээрчиген туура жолду көрсөткөн Халифалыкты курууну тездет. Оо Аллах, жер жүзүн Өзүңдүн даңазалуу жүзүңдүн нуру менен жарык кыл.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1448-х, 1-жумаадил саани.
2026-ж, 11–ноябрь.
