Асыл хадис

Жалган сүйлөө жана ага ылайык иш кылуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Жалган сүйлөө жана ага ылайык иш кылуу

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

حَدَّثَنَا أَحْمَدُ بْنُ يُونُسَ، حَدَّثَنَا ابْنُ أَبِي ذِئْبٍ، عَنِ المَقْبُرِيِّ، عَنْ أَبِيهِ، عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ، عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: «مَنْ لَمْ يَدَعْ قَوْلَ الزُّورِ وَالعَمَلَ بِهِ وَالجَهْلَ، فَلَيْسَ لِلَّهِ حَاجَةٌ أَنْ يَدَعَ طَعَامَهُ وَشَرَابَهُ» (صحيح البخاري 5733)

Бизге Ахмад ибн Юнус Абу Хурайрадан р.а. риваят кылды: Пайгамбар ага Аллахтын салам-салаваттары болсун айтты: “Ким жалган сөздү, ага амал кылууну жана наадандыкты (жахилдикти) таштабаса, Аллах анын тамак-ашын жана суусундугун ташташына муктаж эмес” (Сахих аль-Бухари 5733).

Эң жакшы сөз – бул Улуу Аллахтын сөзү, ал эми эң жакшы жол – бул Анын Пайгамбары, ага Аллахтын салам-салаваттары болсун, Мухаммаддын жолу:

Бул асыл хадис бизди мусулмандарга жана адамдарга эң чоң зыян келтирүүчү күнөөлөрдүн биринен эскертет. Бул – жалган чындыкты жеңиши үчүн жана акыйкат ээлерине жалган аркылуу зулум кылуу үчүн калп айтуу. Ошондой эле ал жахилдиктен сак болууну эскертет. Бул жерде жахилдик дегенде диний маселелерде жана мусулмандын жашоосунда эмне талап кылынарын билбегендиги, ошондой эле аны жалган айтуу сыяктуу күнөөгө түрткөн нерселер жөнүндө сөз болуп жатат. Жалган сүйлөө Аллахты аны кылган адамга карата ачуулантат жана адамдарды андан алыстатат. Анткени эч ким өзүнө зулумдукту кабыл албайт жана бул адамдардын табиятында жок, ал тургай Аллах да муну өзү үчүн жактырган эмес. А түгүл, каапыр адам да өзүнө карата зулумдан качат.

Хадисте ким бул күнөөнү таштабаса, Аллах анын орозосуна муктаж эместиги жана орозо кармоо Аллахтын алдында эң таза жана эң жакшы амалдардын бири болсо да Аллах анын орозосун кабыл албастыгын баяндады. Негизинен кандай болгон күндө да, Аллахтын адамдын эч бир иш-аракетине муктаждыгы жок. Мусулман адам акыйкатты сүйүүчү адам болушу керек, жалган сүйлөбөшү жана ага амал кылбашы керек, адамдарга адилеттүү болушу жана аларга зулумдук кылбашы керек.

Биз Аллахтан чындыкты айтууга жардам берүүсүн, өзүбүз жана башкалар үчүн пайдалуу билим алууну жеңилдетүүсүн жана бизди жалгандан жана анын элин алыстатуусун суранабыз. Аамиин.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1448-х, 12–жумаадил саани.

2026-ж, 22–ноябрь.

Back to top button