Улгайган адамдын ажылык кылуусу жана акыйкат жана мажаз тууралуу

Улгайган адамдын ажылык кылуусу жана акыйкат жана мажаз тууралуу
Хамид Кашуга (Hamed Qashou)
Биринчи суроо:
Сүйүктүү амирибиз, Аллах сизди сактап, коргосун жана сиздин колуңуз менен жеңиш берсин.
Ассаламу алейкум ва рахматуллахи ва баракатух.
Абдуллах ибн Зубайрдан риваят кылынат, ал айтты:
«Хасъам уруусунан бир киши Аллахтын Элчисине ﷺ келип, мындай деди:
إنَّ أَبِي أَدْرَكَهُ الْإِسْلَامُ وَهُوَ شَيْخٌ كَبِيرٌ لَا يَسْتَطِيعُ رُكُوبَ الرَّحْلِ، وَالْحَجُّ مَكْتُوبٌ عَلَيْهِ أَفَأَحُجُّ عَنْهُ؟ قَالَ: أَنْتَ أَكْبَرُ وَلَدِهِ؟ قَالَ: نَعَمْ، قَالَ: أَرَأَيْتَ لَوْ كَانَ عَلَى أَبِيكَ دَيْنٌ فَقَضَيْتَهُ عَنْهُ أَكَانَ يُجْزِي ذَلِكَ عَنْهُ؟ قَالَ: نَعَمْ، قَالَ: فَاحْجُجْ عَنْهُ
«Менин атам Исламды кабыл алганда, өтө карып калды жана улоого минип жүрүүгө кудурети жетпейт. Ажылык кылуу болсо ага фарз кылынган. Мен анын ордуна ажылык кылсам болобу?». Аллахтын Элчиси ﷺ: «Сен анын эң улуу баласысыңбы?» — деп сурады. Ал: «Ооба», — деди. Аллахтын Элчиси ﷺ: «Айтчы, эгер атаңдын карызы болуп, сен аны анын ордуна төлөп берсең, бул анын карызын өтөгөн болуп эсептелмек беле?» — деди. Ал: «Ооба», — деди. Ошондо Аллахтын Элчиси ﷺ: «Анда анын ордуна ажылык кыл», — деди». (Ахмад жана Насаи ушул мааниде риваят кылышкан).
Бул хадистен уулунун атасынын ордуна ажылык кылуусу важиб экендиги түшүнүлөбү же бул уулунун атасына жакшылык кылуусу катарыбы?
Анткени, ал киши Пайгамбарга ﷺ атасынын өтө карып калганын жана улоого минип жүрүүгө кудурети жетпей турганын баяндаган.
Белгилүү болгондой, ажылык кылуу материалдык жана дене-бой жагынан кудурети жеткен адамга важиб. Ал эми биз билгендей, кудурети жетпеген адамдан фарзды аткарбагандыгы үчүн күнөө сакыт кылынат (түшүрүлөт).
Экинчи суроо:
Аллах Тааланын төмөнкү сөзүндөгү «يُحْيِ الْعِظَامَ» (сөөктөрдү тирилтет) деген сөз мажаз бабынанбы? Анткени, бул жерде бир бөлүк айтылып, бүтүн көздөлгөн эмеспи?
﴿قَالَ مَنْ يُحْيِ الْعِظَامَ وَهِيَ رَمِيمٌ﴾
«Чирип бүткөн сөөктөрдү ким тирилте алсын?» (Ясин: 78).
Мен бул суроону ушул теманын астында берген элем.
Аллах сизге жакшылык менен сыйлык берсин жана сизди улуу Ислам Үммөтүнүн таянычы жана тиреги катары түбөлүк кылсын. Ошондой эле Аллах Субханаху тарабынан сизди чечкиндүү жеңиш менен колдосун.
А. Хамза
Жооп:
Ва алейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатух.
Урматтуу бир тууганым, биринчи сурооңузга жооп:
Сиз келтирген хадиске келсек, Юсуф ибн Зубайр Абдуллах ибн Зубайрдан риваят кылат, ал айтты:
«Хасъам уруусунан бир киши Аллахтын Элчисине ﷺ келип, мындай деди:
إِنَّ أَبِي شَيْخٌ كَبِيرٌ، لَا يَسْتَطِيعُ الرُّكُوبَ، وَأَدْرَكَتْهُ فَرِيضَةُ اللَّهِ فِي الْحَجِّ، فَهَلْ يُجْزِئُ أَنْ أَحُجَّ عَنْهُ؟ قَالَ: «آنْتَ أَكْبَرُ وَلَدِهِ؟» قَالَ: نَعَمْ، قَالَ: «أَرَأَيْتَ لَوْ كَانَ عَلَيْهِ دَيْنٌ أَكُنْتَ تَقْضِيهِ؟» قَالَ: نَعَمْ، قَالَ: «فَحُجَّ عَنْهُ».
«Менин атам Исламды кабыл алганда, өтө карып калды жана улоого минип жүрүүгө кудурети жетпейт. Ажылык кылуу болсо ага фарз кылынган. Мен анын ордуна ажылык кылсам болобу?». Аллахтын Элчиси ﷺ: «Сен анын эң улуу баласысыңбы?» — деп сурады. Ал: «Ооба», — деди. Аллахтын Элчиси ﷺ: «Айтчы, эгер атаңдын карызы болуп, сен аны анын ордуна төлөп берсең, бул анын карызын өтөгөн болуп эсептелмек беле?» — деди. Ал: «Ооба», — деди. Ошондо Аллахтын Элчиси ﷺ: «Анда анын ордуна ажылык кыл», — деди». (Бул хадисти Насаи риваят кылган). «Сен анын эң улуу баласысыңбы?» деген сөздү жалгыз Юсуф ибн Зубайр келтирген. Ошондуктан айрым мухаккиктер ушул себептен улам ал жөнүндө сын-пикир айтышкан. Ал эми хадистин калган бөлүгү көпчүлүк мухаккиктердин назарында сахих болуп эсептелет. Ошондой эле хадисти «эң улуу баласы» деген сөзү менен кошо сахих деп эсептегендер да бар. Ошого карабастан, бул хадис Ибн Аббастан «эң улуу баласы» деген сөз айтылбастан риваят кылынган.
أخرج ابن حبان في صحيحه عن سُلَيْمَانُ بن يسار قال: حَدَّثَنِي عَبْدُ اللَّهِ بْنُ عَبَّاسٍ، أَنَّ رَجُلًا سَأَلَ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَقَالَ: يَا رَسُولَ اللَّهِ إِنَّ أَبِي دَخَلٍ فِي الْإِسْلَامِ وَهُوَ شَيْخٌ كَبِيرٌ، فَإِنْ أَنَا شدته عَلَى رَاحِلَتِي، خَشِيتُ أَنْ أَقْتُلَهُ، وَإِنْ لَمْ أَشُدَّهُ، لَمْ يَثْبُتْ عَلَيْهَا، أَفَأَحُجُّ عَنْهُ؟ فَقَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «أرأيت لَوَ كَانَ عَلَى أَبِيكَ دَيْنٌ فَقَضَيْتَهُ عَنْهُ أَكَانَ يُجْزِئُ عَنْهُ؟» قَالَ: نَعَمْ، قَالَ: «فَاحْجُجْ عن أبيك».
Ибн Хиббан өзүнүн «Сахих» китебинде Сулайман ибн Ясардан риваят кылган, ал айтты: «Мага Абдуллах ибн Аббас мындай деп айтып берди:
«Бир киши Аллахтын Элчисинен ﷺ сурап, мындай деди: «Оо, Аллахтын Элчиси! Менин атам Исламга киргенде өтө карып калган эле. Эгер мен аны улоомо бекем байлап койсом, аны өлтүрүп аламбы деп корком. Ал эми байлабай койсом, ал улоонун үстүндө отура албайт. Мен анын ордуна ажылык кылсам болобу?». Ошондо Аллахтын Элчиси ﷺ: «Айтчы, эгер атаңдын карызы болуп, сен аны анын ордуна төлөп берсең, бул анын карызын өтөгөн болуп эсептелмек беле?» — деди. Ал: «Ооба», — деди. Аллахтын Элчиси ﷺ: «Анда атаңдын ордуна ажылык кыл», — деди».
Мындан көрүнүп тургандай, Аллахтын Элчиси ﷺ улоонун үстүндө отура албаган кары адамдын ажылык кылбаганын анын мойнундагы карыз деп эсептеген. Башкача айтканда, карып, алсырап калгандыгынан улам улоого минүүгө кудурети жетпесе да, ажылык кылуу ага важиб болуп эсептелет.
Факихтер бул хадис жөнүндө сөз кылышканда, Аллах Субханаху ва Таала ажылыктын фарз болушун кудуреттүүлүккө байланыштырганын эске алышкан. Аллах Таала айтат:
﴿وَلِلَّهِ عَلَى النَّاسِ حِجُّ الْبَيْتِ مَنِ اسْتَطَاعَ إِلَيْهِ سَبِيلًا﴾
«Ошондой эле жолго чамасы жеткен кишилердин мойнунда Алла үчүн мына ошол үйдү ажы-зыярат кылуу милдети бар». (Аали Имран: 97).
Ошондуктан айрым факихтер кары адам жөнүндөгү хадисти ошол суроо берген кишиге гана хос деп эсептешкен. Башка адамдарга тиешелүү эмес дешкен. Мунун себеби — хадис аятта айтылган кудуреттүүлүк шартына карама-каршы келбеши үчүн.
Ал эми ошол абалдан башка учурларда уулунун кудурети жетпеген атасынын ордуна ажылык кылуусу важиб эмес, бирок ата-энеге жакшылык кылуу бабынан болот. Анткени, бул өкүм ошол суроо берген кишиге гана хос деп эсептелет.
Бул курмандыкка бир жашка чыга элек эчкини чалуу маселесиндеги Абу Бурдага гана хос болгон өкүм сыяктуу. Бул хадисти Бухарий Бара ибн Азибден риваят кылган, ал айтты:
فَقَالَ أَبُو بُرْدَةَ بْنُ نِيَارٍ خَالُ البَرَاءِ: قَالَ: يَا رَسُولَ اللَّهِ، فَإِنَّ عِنْدَنَا عَنَاقًا لَنَا جَذَعَةً هِيَ أَحَبُّ إِلَيَّ مِنْ شَاتَيْنِ، أَفَتَجْزِي عَنِّي؟ قَالَ: «نَعَمْ وَلَنْ تَجْزِيَ عَنْ أَحَدٍ بَعْدَكَ».
«…Ошондо Баранын таякеси Абу Бурда ибн Нияр мындай деди: «Оо, Аллахтын Элчиси! Бизде бир жашка чыга элек ургаачы улак бар. Ал мен үчүн эки койдон да сүйүктүүрөөк. Ал мен үчүн курмандык катары жарайбы?». Аллахтын Элчиси ﷺ: «Ооба, бирок сенден кийин эч кимге жарабайт», — деди».
Бир жашка чыга элек эчки курмандыкка жарабайт. Бирок бул өкүм Абу Бурдага гана хос болгон.
Хос өкүмгө өтүүдөн мурда хадис менен аяттын ортосун жамдоо (бириктирип экөөнө тең амал кылуу) мен таржих кылган пикир болуп саналат. Анткени, негизинен, шаръий өкүмдөр бардык адамдарга багытталган. Алардын кайсы бирин хос өкүмгө буруу үчүн сөзсүз түрдө буга далил болгон насс келиши керек. Мисалы, Абу Бурданын окуясындагыдай. Аллахтын Элчиси ﷺ ага мындай деген:
.«نَعَمْ وَلَنْ تَجْزِيَ عَنْ أَحَدٍ بَعْدَكَ»
«Ооба, бирок сенден кийин эч кимге жарабайт».
Же болбосо, аят менен хадистин ортосун жамдоо мүмкүн болбогон учурда гана хос өкүмгө өтүлөт… Ал эми бул жерде хос экендигин билдирген насс жок. Ошондой эле аят менен хадистин ортосун жамдоо да үзүрлүү эмес. Демек, аларды төмөнкүдөй жамдоого болот: ажылык кылуу мал-мүлк жана дене-бой жагынан кудурети жеткенде гана важиб болот. Бирок мындан уулунун атасына байланыштуу абалы мустасна кылынат (чыгарылат). Эгер уулунун кудурети жетип, атасынын кудурети жетпесе, анда уулу атасынын ордуна ажылык кылууга милдеттүү. Анткени, Аллахтын Элчиси ﷺ мындай абалда атасынын ордуна ажылык кылууну уулу атасынын ордуна төлөөгө милдеттүү болгон карыз сыяктуу деп эсептеген.
Ушуга ылайык, эгер сенин атаңдын ордуна ажылык кылууга кудуретиң жетсе, атаңдын өзү ажылык кылууга кудуретсиз болсо да, же ажылык кылбастан дүйнөдөн кайткан болсо да, сен анын ордуна ажылык кылууга милдеттүүсүң. Анткени, ажылык атанын мойнундагы карыз сыяктуу болуп эсептелет. Аны төлөө уулуна, андан кийин мураскорлоруна бул бабдагы шаръий өкүмдөргө ылайык важиб болот.
Ал эми өзүң ажылык кылууга да, башка бирөөгө акы төлөп ажылык кылдырууга да кудуретиң жетпесе, анда Аллах эч бир жанга анын кудуретинен ашыкча милдет жүктөбөйт. Качан буга кудуретиң жетсе, Аллахтын уруксаты менен аны аткарасың.
Экинчи сурооңо жооп:
Хакикий (түз) маанини колдонуу мүмкүн болбогон учурда гана мажазга (өтмө мааниге) өтүлөт. Мисалы, Аллах Тааланын төмөнкү сөзүндө:
﴿يَجْعَلُونَ أَصَابِعَهُمْ فِي آذَانِهِمْ مِنَ الصَّوَاعِقِ حَذَرَ الْمَوْتِ﴾
«…чагылган жаркылдаганынан коркуп, манжаларын кулактарына тыгып алган абалда өлүмдөн качмакчы болгон адамдын абалын элестетет». (Бакара: 19).
Бул жерде «أَصَابِعَهُمْ» (манжаларын) деген сөз манжалардын учтары маанисинде мажаз болуп саналат. Анткени, манжаларды хакикий маанисинде, башкача айтканда, толугу менен кулакка салуу мүмкүн эмес. Тескерисинче, кулакка манжалардын учтары гана салынат.
Ушул сыяктуу эле, Аллах Тааланын төмөнкү сөзүндө:
﴿وَدَخَلَ مَعَهُ السِّجْنَ فَتَيَانِ قَالَ أَحَدُهُمَا إِنِّي أَرَانِي أَعْصِرُ خَمْرًا﴾
«Зынданга ал менен бирге дагы эки жигит түшкөн эле. Алардан бири (тактап айтканда, мурун акимдин суусундук даярдоочу кызматчысы болгон жигит): «Мен түшүмдө шарап даярдап жаткан экемин», деди». (Юсуф: 36).
Бул жерде «خَمْرًا» (шарап) деген сөз жүзүм маанисинде мажаз болуп саналат. Анткени, шарапты хакикий маанисинде сыгуу мүмкүн эмес. Тескерисинче, шарап жасала турган жүзүм сыгылат…
Ал эми хакикий маанини колдонуу мүмкүн болсо, анда мажазга өтүлбөйт. Аллах Субханаху ва Тааланын төмөнкү сөзүндө:
﴿وَضَرَبَ لَنَا مَثَلًا وَنَسِيَ خَلْقَهُ قَالَ مَنْ يُحْيِ الْعِظَامَ وَهِيَ رَمِيمٌ﴾
«Ал бизге: «Чирип бүткөн сөөктөрдү ким тирилте алсын? – деп мисал келтирди-го, (бирок) өзүнүн (бир тамчы суудан) жаралганын унутуп койду». (Ясин: 78).
Бул жерде Аллах Субханаху ва Таала үчүн сөөктөрдү хакикий маанисинде тирилтүү мүмкүн эмес болуп саналбайт. Ошондуктан биз «يُحْيِ» (тирилтет) деген сөз хакикий маанисинде колдонулган, мажаз маанисинде эмес. Мындан өлгөн адамдын сөөктөрү да өлүк болуп эсептелерин түшүндүк.
14.05.2013




