Фикхий

Халифа жок учурдагы жума намазынын өкүмү 

Халифа жок учурдагы жума намазынын өкүмү 

Суроо:

Бир адам менен талкуу болуп калды. Ал беш убак намазын окуйт… Бирок жума намазын адамдар менен бирге окубайт, тескерисинче аны бешим намазы кылып окуйт. Мен муну туура эмес деп айтканымда, ал: «Жума намазынын сахих болушу үчүн халифанын болушу шарт», — деди. Факихтердин арасында ушундай пикирди айткандар барбы? Бул маселеде хизбдин пикири кандай? Аллах сиздерге жакшылыктарды берсин. 

Жооп:

Жума намазы халифа бар болсо да, жок болсо да фарз. Мунун далилдери белгилүү. Алардын арасында Аллах Субханахунун төмөнкү сөзү бар:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آَمَنُوا إِذَا نُودِيَ لِلصَّلَاةِ مِنْ يَوْمِ الْجُمُعَةِ فَاسْعَوْا إِلَى ذِكْرِ اللَّهِ وَذَرُوا الْبَيْعَ ذَلِكُمْ خَيْرٌ لَكُمْ إِنْ كُنْتُمْ تَعْلَمُونَ﴾

«Эй момуңдар, качан Жума күнүндөгү намазга чакырылса (азан айтылса), дароо Алланы зикир кылууга-эскерүүгө баргыла жана соода-сатыкты токтоткула! Эгер биле турган болсоңор мына ушул (тактап айтканда, Алланы зикир кылууга Жума намазын окууга шашылуу) өзүңөр үчүн жакшыраактыр». (Жума: 9).

Ошондой эле Хаким «Мустадрак» китебинде Абу Мусадан, ал Пайгамбардан ﷺ риваят кылат:

«الجمعة حق واجب على كل مسلم في جماعة إلا أربعة: عبد مملوك، أو امرأة، أو صبي، أو مريض».

«Жума намазы жамаат менен ар бир мусулманга важиб болгон акы. Төртөө гана мындан тышкары: кул, аял, бала жана оорулуу». 

Хаким: «Бул хадис Шейхайндин (Бухари жана Муслим) шарты боюнча сахих, бирок экөө аны риваят кылышкан эмес», — деген.

Ошондой эле Насаи Ибн Умардан, ал Пайгамбардын ﷺ жубайы Хафса энебизден риваят кылат. Пайгамбар ﷺ айтты:

.«رَوَاحُ الْجُمُعَةِ وَاجِبٌ عَلَى كُلِّ مُحْتَلِمٍ»

«Жума намазына баруу балагатка жеткен ар бир адамга важиб». 

Бул далилдерде жума намазы имамдын (халифанын) болушу менен чектелбегени ачык көрүнүп турат.

Үч мазхабдын ээлери Малик, Шафии жана Ибн Ханбал да ушундай пикирде.

Ал эми ханафийлер жума намазынын шарттарынын арасында төмөнкүлөрдү айтышкан:

«Буга султандын уруксаты болушу, же султандын өзү катышуусу, же анын расмий өкүлүнүн катышуусу шарт. Анткени Расулуллахтын ﷺ доорунда жана рошид халифалардын доорунда ушундай болгон. Бул жума намазы өткөрүлүп жаткан шаарда имам же анын өкүлү бар болгон учурга тиешелүү. Эгер алардын экөө тең өлүм, фитна же ушуга окшогон себептерден улам жок болуп, жума намазынын убактысы кирсе, анда адамдар өз араларынан бир адамды алдыга чыгарып, анын имамдыгында жума намазын окушса болот».

Султандын уруксатын шарт кылуу жогорудагы далилдерден улам, биздин пикирибизде маржух (алсыз) пикир.

Жыйынтык: жума намазы — фарз. Халифа бар болсо да, халифа жок болсо да жума намазы фарз бойдон калат.

19.07.2012

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button