Кыргызстан Европадан 1 млрд еврого чейин кредит алат

Кыргызстан Европадан 1 млрд еврого чейин кредит алат
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы алкактык келишимдин долбоорун жактырды. Бул тууралуу Финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов комитеттин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, башында келишимдин алкагында 400 миллион евро тартуу каралган. Бирок жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында каржылоонун көлөмүн 2,5 эсеге көбөйтүп, 1 миллиард еврого чейин жеткирүү мүмкүн болгон.
Алына турган кредиттер өлкөдөгү муниципалдык жана туруктуу инфраструктураны өнүктүрүүгө жумшалат. Анын ичинде ичүүчү суу менен камсыздоо, канализация системаларын жакшыртуу, саркынды сууларды тазалоо, ирригация, транспорт жана энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.
Комментарий:
Акыркы жылдарда мамлекеттик карыз кескин көбөйүп барууда. Учурда анын көлөмү 10 млрд доллардан ашты. 2021-жылы бул көрсөткүч 5 млрд доллардан ашыгыраак эле. Ошентип, 5 жылдан бери мамлекеттик карыз эки эседен ашыкка көбөйдү.
Ошону менен бирге, мамлекеттик карызды тейлөөнүн көлөмү да өсүп бара жатат. Маселен, 2027-жылга карата бюджеттин долбоорунда көрсөтүлгөндөй, 2027-жылы мамлекеттик карызды тейлөөгө 135 миллиард 209,7 миллион сом бөлүү каралган. Документке ылайык, кийинки жылдары да бул багыттагы чыгымдар жогору бойдон калат. Тактап айтканда, 2028-жылы мамлекеттик карызды тейлөөгө 149 миллиард 799,1 миллион сом жумшоо пландалууда.
Учурда мамлекеттик карыз өлкөнүн ички дүң продукциясынын (ИДП) 38,55 пайызына барабар болду. Ал эми, президент мамлекеттик карыздын ИДПга карата үлүшүн 50 пайыздан ашырбоо зарылдыгын айткан. Демек, кредит алуу дагы уланат. Бул өз кезегинде мамлекеттик карызды тейлөөнүн көлөмүн көбөйтүп, элдин желкесине оор жүк болууда, тагырак айтканда элге салынган айып пул жана салыктардын көлөмү да, түрлөрү да арбып жатат.
Алынып жаткан карыздар көбүн эсе инфраструктурага, бюджеттин “тешиктерин” жабууга жумшалып жатат. Бул каражаттар экономикалык өнүгүүнүн негизин түзгөн индустриялык же технологиялык завод-фабрикаларды курууга багытталган эмес. Андай болушу да мүмкүн эмес. Анткени, колонизаторлор эч убакта өнүгүүгө жол ачкан андай долбоорлорго каражат беришпейт. Ошондуктан, канча көлөмдө кредит алынары, кайда жумшалары колонизаторлор менен алдын ала келишилгенден кийин гана акча бөлүнөт. Арийне, бийликтин кредиттерди өнүгүүгө жумшап жатабыз дегени чындыкка туура келбейт. Кредиттер колонизаторлор белгилеген өлкөнү көз карандылыкка алып барчу долбоорлорго гана жумшалат.
Андыктан, мамлекеттик карызды көбөйтүп жаткан кредиттерди жөн гана сүткордук катары кароо үстүртөн пикирлөө болуп саналат. Себеби, кредиттерди берип жаткан тараптар өздөрүнүн саясий, колониялык, идеологиялык кызыкчылыктарын ишке ашырууда ушул берип жаткан каражаттарынан пайдаланат. Мындан улам, алынган карыздардын саясий өңүтү андан да кооптуу.
Харун Абдулхак




