Судан согушундагы акыркы өзгөрүүлөр

Судан согушундагы акыркы өзгөрүүлөр
Судан армиясы Хартум, Жазира, Сеннар, Ак Нил, Түндүк жана Чыгыш вилаяттарын бошотконун жарыялады. Учурда Батыш, Борбор, Түштүк жана Чыгыш Дарфур вилаяттарында Ыкчам жардам күчтөрү (Rapid Support Forces – RSF) көзөмөлүн улантууда. Алар үчүн акыркы калган маанилүү шаар Фашер. Бул шаарда биргелешкен күчтөр жайгашкан жана Ыкчам жардам күчтөрү тарабынан бир нече айдан бери курчоодо. Эгерде алар бул шаарды ээлеп алышса, анда Дарфурдагы эң маанилүү куралдуу кыймылдар Суданды бошотуу кыймылы жана Адилеттүүлүк жана теңчилик кыймылы үчүн оор сокку болот. Анткени бул кыймылдар азыркы тапта Дарфурда дал ушул Фашерге гана таянып турушат. Эгер бул жерден да сүрүлүп чыкса, анда бул кыймылдар таркап кетиши толук мүмкүн.
Европага жакын бул Дарфур кыймылдар Ыкчам жардам күчтөрүнүн максаты Дарфурду толук көзөмөлгө алуу экенин түшүнүшөт. Бул көзөмөл аркылуу алар кийин саясий жана куралдуу оппозицияны түзүп, зарыл болгон учурда тагыраагы, АКШнын кызыкчылыгы талап кылган учурда, Түштүк Судан сыяктуу эле Дарфурду бөлүп-жарып, өз алдынча мамлекет кылууга жол ачат. Анткени Ыкчам жардам күчтөрү АКШнын кызыкчылыгына иштеген түзүм катары белгилүү. Азыртадан эле алар Дарфурда бөлүнүү үчүн жагдай жаратып жатышат.
Бул күчтөр 2025-жылдын март айында Хартум жана Жазирадан сүрүлүп чыккан соң, Дарфурдагы таасирин сактап калуу максатында узак аралыктагы дрон чабуулдарын башташкан. Алар армия көзөмөлүндөгү Чыгыш Судандагы шаарларды, айрыкча стратегиялык мааниге ээ Борт Судан шаарындагы объекттерди бутага алып жатышат. Бул аркылуу алар армияны Фашерден алаксытып, чыгышты коргоого мажбур кылууну көздөшөт.
Ыкчам жардам күчтөрүнүн Курдуфандагы аскерий аракеттери
«Ыкчам жардам» күчтөрү (RSF) азыркыга чейин Курдуфан аймагында, башкача айтканда, армия көзөмөлүндөгү аймактар менен Дарфурдун ортосундагы буфердик зонада аскерий операцияларын улантууда. Алар негизинен Нухуд, Хуэй, Дубайбат, Казгиль жана башка шаарларга басым жасашууда. Мындан тышкары, алар Түндүк Курдуфандын борбору болгон Эл-Убайид шаарына тынымсыз чабуул коюп жатышат.
Аскердик кырдаалга байланыштуу, Хамидти (Ыкчам жардам күчтөрүнүн лидери) Судан армиясына мындай деп кайрылган: “Эгер Эл-Убайид шаарын Дарфур менен Курдуфанды бомбалоонун баштапкы базасы катары пайдаланууну ойлосоңор, биз силерге барып, өзүбүз жооп беребиз”. (Аль-Жазира Нет, 2025-жылдын 3-июну).
Ал ошондой эле шаар тургундарын үйлөрүндө калууга, дүкөндөрүн жабууга жана аскердик объекттерге жакындабоого чакырган. 2025-жылдын 6-июнунда Анадолу агенттиги маалымдагандай, Судан армиясы мындай билдирүү тараткан: “«Ыкчам жардам» күчтөрү Эл-Убайид шаарындагы чоң базарды, өнөр жай зонасын жана башка жайларды дрон аркылуу аткылап, 5 карапайым тургунду өлтүрдү”.
Ошондой эле “Индепендент Арабия” 2025-жылдын 6-июнунда билдиргенине караганда, “долбоорлор” күчөтүлүп жатат. «Ыкчам жардам» күчтөрү Дарфурдан аскерий жетекчилерин жана ири жоочулар топторун Батыш жана Түндүк Курдуфанга жиберип жатат. Мунун максаты армиянын кайра алга жылуусуна бөгөт коюу, анткени жакында армия Дубайбат, Хаммади жана Хуэй шаарларынан сүрүлүп чыккан. Түндүк Курдуфанда болсо, «Ыкчам жардам» күчтөрү шаардын түндүк жана батыш бөлүктөрүн, анын ичинде Эл-Убайиддин спорт стадионун дрон менен бомбалап жатат.
Армиянын жооп аракети: Ниялага аба чабуулдары
Мунун алкагында Судан армиясы да артта калбай, Дарфурдун эң чоң шаары болгон Ниалага абадан чабуулдарды күчөтүүдө. Айрыкча шаардын аэропорту бутага алынган. Себеби бул шаар «Ыкчам жардам» күчтөрүнүн стратегиялык бекемделген борбору болуп саналат.
2025-жылдын май айынын башында, Ниала аэропортуна конуп жаткан «Ыкчам жардам» күчтөрүнүн жоокерлерин камсыздоочу жүк учагына ок атылганын аскерий булактар билдиришкен. Бирок бул чабуулдар эл аралык сынга кабылды. “Human Rights Watch” уюму 2025-жылдын 4-июнунда “ал-Бурхан күчтөрүнүн Ниаладагы турак жай жана соода кварталдарына туш келди аба соккулары” боюнча билдирүү таратып, аларды айыптаганын “Ал-Кудс ал-Араби” басылмасы маалымдады.
АКШ армия жетекчилигиндеги жана «Ыкчам жардам» күчтөрүнүн башчылыгындагы өз кишилерине көрсөтмө берип, бул каргашалуу согушту тутантты. Максаты, англиялык таасирдеги адамдарды (мисалы, Хамдук жана анын командасын) четтетүү, Европага баш ийген куралдуу кыймылдарды жок кылуу же алсыздандыруу жана Судандагы саясий сахнада жалгыз үстөмдүк кылуу. Бул максатта АКШ кээде билдирүүлөр чыгарат, бирок булар кризисти чечүү үчүн эмес, бул маселени өзүнүн көзөмөлүндө кармап жатканын далилдөө үчүн жасалат. Соңку билдирүү 2025-жылдын 3-июнунда АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү тарабынан жарыяланды. Анда мындай делет: “АКШ Мамкатчысынын орун басары Кристофер Ландо жана Африка боюнча башкы кеңешчи Масад Булус Судандагы кагылышуу боюнча АКШдагы «төрттүк топ» элчилери менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууга БАЭнин элчиси Юсуф ал-Утайба, Сауд Арабиянын элчиси Рима бинт Бандар, Египеттин элчиси Мутаз Зухран да катышты… Жолугушууда АКШ жаңжалды аскерий жол менен чечүү мүмкүн эмес экенине ишенерин белгилеп, тараптарды согуш аракеттерин токтотууга жана сүйлөшүүгө чакыруу зарылдыгын белгиледи”.
Бирок бул билдирүүдөн кийин АКШ эч кандай реалдуу чечим механизмин ишке киргизген жок. АКШ бул согушту атайылап узартып жатат, анткени анын агенттери ар ким өз көзөмөл аймагында таасирин бекемдеши үчүн убакыт талап кылынат. Анан шарт түзүлгөндө Дарфурду бөлүп-жаруу планы ишке ашырылат. Бул учурда АКШ адаттагыдай эле «айыптоо» жана «күйүп-бышкан билдирүүлөр» менен гана чектелет.
АКШ Судан маселеси менен ойноп жатат. Мисалы, 2025-жылдын 26-январындагы Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө, Трамп кол койгон буйрукка ылайык, гуманитардык жардамдар убактылуу токтотулганы жарыяланган. Бирок ошол эле учурда, АКШ өзүнүн тышкы саясат максаттарына кызмат кылган жардамдарды бул токтотуудан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн да калтырган. Трамп мындай деп так айткан: “АКШ каражаттарды көзөмөлсүз жана пайдасыз тарата бербейт. Америка элинин кызыкчылыгына бөлүштүрүлөт”.
Бул АКШ жүргүзүп жаткан жолдун Судан элинин пайдасына эмес экенин айкын көрсөтүп турат. Судан эли кеч боло электе кырдаалды колго алышы керек! Экөөнүн тең — армиянын да, «Ыкчам жардам» күчтөрүнүн да — аракетин токтотуу зарыл. Алар акыйкатка мажбурланышы керек жана эл Хизб ут-Тахрирге жардам берип, нубувват жолундагы Раашид Халифалыкты тикелөөгө көмөктөшүшү зарыл. Ушунда гана Исламдын жана мусулмандардын урматы калыбына келет, капырлар кор болот, жана Аллахтын ыраазычылыгына жетүүгө жол ачылат.
﴿إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَذِكْرَىٰ لِمَن كَانَ لَهُ قَلْبٌ أَوْ أَلْقَى السَّمْعَ وَهُوَ شَهِيدٌ﴾
«Албетте мында (билгич) жүрөк ээси болгон же өзү күбө болуп жаткан абалда (тактап айтканда, чын жүрөктөн) кулак туткан киши үчүн эскертме-үлгүлөр бар». (Каф сүрөсү, 37-аят).
Устаз Якуб Ибрахим
Роя гезити