Роя гезити

Яхудийлердин Батыш жээкти аннексиялоосу жана эгемендүүлүктү таңуулоо

Яхудийлердин Батыш жээкти аннексиялоосу жана эгемендүүлүктү таңуулоо

Яхудийлердин Батыш жээкти аннексиялоосу жана ага эгемендүүлүгүн таңуулоо боюнча пландары жаңы маселе же кокустук эмес. Бул пландар 1948-жылы Палестинаны басып алган учурдан тартып эле алардын аң-сезимине жана жан дүйнөсүнө сиңип калган. Алар бул пландарды 1967-жылы июнь айындагы согуш театрынан кийин Батыш жээкти басып алуу менен тажрыйбалык түрдө жүзөгө ашырууга киришкен.

Бул жерде окуялардын тарыхый жүрүшүнө 1947-жылдан тартып кыскача көз чаптыруу пайдалуу болмокчу. Яхудийлер башынан эле Палестина жерин анын эли менен бөлүшүүнү четке каккан, тактап айтканда, 1947-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган 181-резолюцияны четке кагышкан жана ага баш ийишкен эмес. Британия аларга АКШ жана анын эл аралык уюму кийлигишкенге чейин мүмкүн болушунча көп аймактарды басып алууга шарт түзүп берген. Натыйжада, 1948-жылы аталган уюм “ок атышууну токтотуу чек арасын” расмий бекитип берген, кийин ал “жашыл сызык” деп аталып калган. Ал сызык Палестинаны расмий түрдө жана эл аралык деңгээлде экиге бөлүп салган. Анын бир тарабы яхудий түзүмү, экинчи тарабы Батыш жээк жана Газа тилкеси.

Андан кийин, яхудийлер “эки мамлекет чечими” деп аталган чечимге каршы туруу үчүн 1967-жылдын июнунда Батыш жээкти, Газа тилкесин, Голан дөңсөөсүн жана Синай жарым аралын басып алышкан. Бул араб өлкөлөрүнүн ачык көмөгү менен, өзгөчө Иордания (Батыш жээк менен Куддусту берип жиберген), Сирия (Голан дөңсөөсүн берген) жана Египеттин (Синайды коргой албаган) ишке ашкан.

1967-жылдын июнь согушунан кийин БУУнун Коопсуздук кеңеши 242-резолюцияны кабыл алып, Батыш жээк менен Чыгыш Куддусту “оккупацияланган аймактар” деп жарыялаган. Бирок яхудийлер дароо Батыш жээкти жана Куддусту аннексиялоо боюнча практикалык кадамдарды башташкан. Алар “кнессет” аркылуу Куддустун эки бөлүгүн бириктиргенин жарыялап, Батыш жээктин бардык бурчтарында мыйзамсыз отурукташуу курулуштарын башташкан.

Ал эми 1981-жылы яхудийлербугачейинаталган эл аралыкмыйзамдардытебелеп-тепсеп, Голан дөңсөөсүн аннексия кылганынжарыялашкан.

Бул маалыматтардын негизинде төмөнкү нерселер ачык көрүнөт. Яхудий түзүмүндөгү «адилет министри» деп аталган Ярив Левин сыяктуу адамдардын Батыш жээкке эгемендүүлүк таңуулоо зарылдыгы тууралуу билдирүүлөрү жеке пикир эмес жана убактылуу сөз да эмес. Окуяларды байкап жүргөн киши үчүн булар так көрүнүп турат. Яхудий өкмөттөрү бири-бирин алмаштырганы менен, илгертен кабыл алынган аннексия чечимин ар дайым иш жүзүндө жүзөгө ашыруу багытында кадамдарды жасап келишет. Бул өзгөчө, АКШ тарабынан мүмкүн болчу каршылыктарды четке кагып жасалууда. Мындан тышкары, яхудийлер бул максатка жетүү үчүн бир нече багыттан турган толук кандуу стратегияны колдонуп келишет. Анын негизги элементтери төмөнкүлөр:

“Болуп бүткөн иш” саясаты жана жер бетин өзгөртүү. Отурукташкан конуштарды, аларды айланта курулган инфраструктураны, жолдорду жана алардын жээгин, палестиналыктар жашаган аймактарды курчап бөлүп-жаруу, жерлерди тартып алуу жана аннексиялоо. Булардын бардыгы ушул саясаттын бир бөлүгү.

Эл аралык мыйзам деп аталган нерселерден качуу жана аларды айланып өтүү. Яхудий түзүмү “эл аралык мыйзамга” баш ийбестен, керек болсо ага ачык каршы чыгып келет. Бул АКШнын ар кандай администрациялары таңуулоого аракет кылган милдеттенмелерден да качууну камтыйт.

“Эки мамлекет” чечимин ишке ашыруу мүмкүн болбогон долбоорго айлантуу. Яхудийлер бул идеяны ишке ашпаган, “өлгөн” долбоор кылып көрсөтүүгө аракет кылышууда.

Батыш жээктин бардык тармагын яхудий түзүмүнө тыгыз байлоо. Муну ишке ашыруу үчүн алардын армиясына баш ийген «жарандык башкаруу» органы жана Палестина администрациясы пайдаланылууда. Бул байланыш коопсуздук, экономика жана финансы (импорт-экспорт чынжырларын көзөмөлдөө, яхудий акчасын колдонуу, банктарга көзөмөл), административдик тармактар (курулушка уруксат, турак жайларды уюштуруу, жолдор жана өткөрмө бекеттер, жеке документтерди берүү, окуу программаларын аныктоо) сыяктуу бардык тармактарды камтыйт. Жада калса мындан да кеңири болуп, палестиналыктарга берилчү “эркиндик” деген нерсе муниципалитет деңгээлинен ашпаган же андан да төмөн структуралар болуп калды.

Батыш жээкти, Куддусту жана Газа тилкесин жашоого жараксыз аймактарга айлантуу. Бул жергиликтүү элди мажбурлап көчүрүүгө даярдык. Бул тема тууралуу мурун «Роя» гезитиндеги бир макалада кеңири сөз болгон.

АКШ администрацияларын, айрыкча Трамптын администрациясын ынандыруу. Яхудий түзүмүнүн жашоосу Батыш жээкти аннексия кылып, толук көзөмөлгө албастан мүмкүн эместиги тууралуу көз карашты таңуулоого аракет кылышкан.

Бул соңку пунктка байланыштуу учурдагы америка администрациясынын жогорку даражалуу жетекчилеринин билдирүүлөрүн карасак, бул администрация аннексия жана көзөмөл орнотуу планын толук колдой турганы ачык көрүнүп турат. Трамптын Газа тилкесин көзөмөлгө алуу, элди көчүрүү жана яхудий түзүмүнүн аймагы өтө чакан болгондуктан, аны кеңейтүү керектиги тууралуу билдирүүлөрү да муну ырастап турат. Ошондой эле АКШ Конгрессинин Тышкы иштер комитетинин төрагасы Брайан Масттын Батыш жээкти “Яхуда жана Шомрон” деп атаган расмий нускамалары яхудийлерге аннексия долбоорун улантууга берилген жашыл жарык болуп саналат.

Ал эми мусулман өлкөлөрүндөгү режимдер болсо яхудий түзүмүнө Батыш жээкти аннексиялап, ага көзөмөл орнотуу планын ишке ашырууга шарт түзүүдө. Алар бирде “эки мамлекет чечими” деп аталган нерсеге жармашып, сүйлөшүүлөр жолу менен тынчтык орнойт деп самап, бирде яхудий түзүмү менен ачык нормалдашууга кирип, бирде баарын АКШ администрациясынын эркине байлап салышууда. Алардын көз карашында, яхудийлердин пландарын токтотууга аз да болсо тоскоол боло турган чечкиндүү бир иш жок. Мисалы, элчини өлкөдөн чыгаруу же болбосо катуу айыптоо сыяктуу. Тескерисинче, бул режимдер мурда болуп көрбөгөн деңгээлге чейин түшүп кетти. Яхудийлер Газада геноцид жүргүзүп, Батыш жээктеги лагерлерди көчүрүп, талкалап жатканына жөн гана байкоо салып отурушат. Жада калса, Палестина элине болгону тилектештик билдирген үндөрдү да кысымга алышууда.

Акырында айтаарыбыз, вакыйлык яхудийлердин Батыш жээкти аннексиялоо, ага толук көзөмөл орнотуу, ал тургай калкын көчүрүү багытында толук форматтагы планын ишке ашырып жатканын көрсөтүп турат. Бул планды эч качан сүйлөшүүлөр, ортомчулук, айыптоолор, БУУ сыяктуу уюмдарга чуркоо же АКШдан жардам тилөө менен токтотууга болбойт. Ага каршы Мухаммад үммөтүнөн көтөрүлүш керек. Бул көтөрүлүш Сайкс-Пико чектерин кайтарган рувайбиза акимдерди кулатып, армияларын кайра өз көзөмөлүнө алып, чек араларды жоготуп, тоскоолдуктарды талкалап өтүшү зарыл. Мунун максаты жөн гана аннексияны токтотуу эмес, Палестинанын бүтүндөй жерин азат кылуу болушу керек. Анткени темирди темир гана кыйратат, ал эми бириккен күчтү бириккен күч гана жеңет.

Амир Абу ар-Риш Палестина

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button