Асыл хадис

Жеп-ичүү адеби жана өкүмдөрү

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Жеп-ичүү адеби жана өкүмдөрү

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Сахих Муслимдин түшүндүрмөсү ан-Нававиде “Жеп-ичүүнүн адептери жана алардын өкүмдөрү” бөлүмүндө айтылат:

حدثنا محمد بن المثنى العنزي حدثنا الضحاك، يعني أبا عاصم عن ابن جريج أخبرني أبو الزبير عن جابر بن عبد الله ،أنه سمع النبي صلى الله عليه وسلم يقول:” إذا دخل الرجل بيته فذكر الله عند دخوله وعند طعامه قال الشيطان: لا مبيت لكم ولا عشاء، وإذا دخل فلم يذكر الله عند دخوله قال الشيطان: أدركتم المبيت، وإذا لم يذكر الله عند طعامه قال: أدركتم المبيت والعشاء

Мухаммад бин Аль-Мусанна Аль-Анзи бизге айтты, Жабир бин Абдулла риваят кылат. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Эгерде кимдир бирөө үйүнө кирип, киргенде жана тамактанып жатканда Аллахты эстесе, шайтан: Силердин жата турган жериңер да, кечки тамагыңар да жок дейт. Эгер кирсе жана киргенде Аллахты эстебесе, шайтан: Коноорго жер таптыңар дейт. Эгер тамактанып жатканда Аллахты эстебесе, шайтан: Коно турган жайды да, кечки тамагыңарды да таптыңар” дейт.

Мунун мааниси, Шайтан бир туугандарына, жардамчыларына жана шериктерине айтканы. Ошондуктан үйгө киргенде жана тамак ичээрде Алла Тааланы зикир кылуу (эстөө) сунушталат.

Урматтуу бир туугандар:

Бул асыл хадис бизге Шайтан менен болгон согушубузду, Шайтандын Адам баласы менен күрөшүн баштаган негизги согушун эске салат. Ал согушту күн сайын, саат сайын, көз ирмем сайын жашап жатканыбызда кантип эстебей коёбуз? Шайтан бизди айланчыктап башкарууга умтулган сайын, бул согушту бизге каршы багыттаган сайын ушунчалык кыйналып жатканыбызда, муну кантип эстебей коё алабыз? Ооба, мусулмандар, шайтанды жеңгенди үйрөнбөсөк, биздин абалыбыз ушундай. Кимдир бирөө: Биз муну кантип жеңебиз? деп сурашы мүмкүн. Биз: Бир гана сөз менен ишке ашса болот: “каргыш тийген шайтандан Аллахка баш калкалайм” деп айтабыз. Ушул сөз менен гана ал айдалып, жолдон чыгарылат. Бирок, көптөгөн мусулмандар шайтандын жаман жолдорун жана ыкмаларын билбегендиктен, сабатсыздыктан, аны менен кандай мамиле кылууну билишпейт. Кээ бирлери аны сөксө, кээ бирлери тилдеп, наалат айтышат, кээ бири ага каршы эч кандай позицияны карманбайт. Чындыгында кээ бирөөлөр аны көрө албагандыктан анын бар экенине такыр эле ишенишпейт.

Эй мусулмандар!

Мусулмандар өздөрүнүн исламий түшүнүктөрүнө кайтып келип, шайтан адамды төрөлгөндөн өлгөнгө чейин коштоп жүргөнүн үйрөнмөйүнчө, бул чындыкты ар бир адам так түшүнө албайт.

ورد عن الرسول صلى الله عليه وسلم قوله: “ما من مولود يولد إلا نخسه الشيطان فيستهل صارخا من نخسة الشيطان إلا ابن مريم وأمه” رواه ابو هريرة،

Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) мындай дегени кабарланган: “Мариямдын уулу менен анын энесинен башка, ар бир төрөлгөн наристе, ага шайтан тийип, ал шайтандын азгырыгынан кыйкырып ыйлайт. (б.а. мени азгырып жатат деп кыйкырып ыйлайт) Абу Хурайра риваят кылган.

وورد عنه صلى الله عليه وسلم قوله: ” وأعوذ بك أن يتخبطني الشيطان عند الموت

Ага Аллахтын тынчтыгы, салаватты жана мактоо дубасы болсун: “Өлүм учурунда шайтандын кармоосунан Сага паана кылам”, – деп айтканы кабарланган.

Намаз окуганда, базарда, үйгө киргенде, тамак ичкенде, уктап жатканда шайтандын ар кандай кырдаалдарда адамдарга каршы кандай айла-амалдарды жасаганы тууралуу көптөгөн хадистер бар.

Суроо туулат, мусулмандар дининин бул бөлүгүн качан түшүнүшөт? Алар намаз, зекет, нике, талак, сатып алуу-сатуу өкүмдөрүн же керек болсо бардык диний өкүмдөрдү качан түшүнүшөт?

Буга жооп: Мусулмандар Ислам сакофаты – шайтандын кулайын деген сакофаты менен алмаштырылган өкүмдарлыгына каршы чыгышмайынча бул өкүмдөрдү ишке ашыра алышпайт. Бүгүнкү күндө намаздын негиздерин өздөштүрбөгөн сексендеги карыяны көрүү таң калычтуу эмес, бул үммөттө Исламдын башка өкүмдөрүнө көңүл бурмак турсун, намазга да маани бербегендердин көбүн көрүү таң калычтуу эмес. Бул акимдер бул доордо үммөттү азапка салган жана ал тартып келе жаткан оорунун түпкү себеби жана балээнин булагы. Муну үммөт түшүнбөйбү? Өзгөртүү жана өзгөрүүгө карай иштөөнүн фарздыгын түшүнбөйбү?

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1447-х, 10-сафар.

2025-ж, 4-август.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button