Асыл хадис

Куш кабардын негизи амал

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Куш кабардын негизи амал

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

عَنْ مَعْقِلِ بْنِ يَسَارٍ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صلى الله عليه وسلم: «لَا يَلْبَثُ الْجَوْرُ بَعْدِي إِلَّا قَلِيلًا حَتَّى يَطْلُعَ، فَكُلَّمَا طَلَعَ مِنَ الْجَوْرِ شَيْءٌ ذَهَبَ مِنَ الْعَدْلِ مِثْلُهُ، حَتَّى يُولَدَ فِي الْجَوْرِ مَنْ لَا يَعْرِفُ غَيْرَهُ، ثُمَّ يَأْتِي اللَّهُ تَبَارَكَ وَتَعَالَى بِالْعَدْلِ، فَكُلَّمَا جَاءَ مِنَ الْعَدْلِ شَيْءٌ ذَهَبَ مِنَ الْجَوْرِ مِثْلُهُ، حَتَّى يُولَدَ فِي الْعَدْلِ مَنْ لَا يَعْرِفُ غَيْرَهُ». رواه أحمد برقم 19834

Маъкил ибн Ясар айтты: Аллахтын элчиси, ага Аллахтын салам-салаваттары болсун айтты: “Бейпилдик менден кийин көпкө чейин узабайт, аздан соң ал кайра көтөрүлөт. Зулумдук канча күчөгөн сайын адилетүүлүк ошончолук жок болуп бара берет, зулумдуктан башка эч нерсе билбеген коомго айланга чейин уланат. Анан Аллах Таала адилеттүүлүктү алып келет. Адилетүүлүк канчалык орногон сайын, зулумдук ошончолук жок болуп бара берет, адилетүүлүктөн башка эч нерсе билбеген коомго айланга чейин уланат. (Ахмад риваят кылган, № 19834).

Урматтуу бир туугандар:

Ислам үммөтү пайгамбардын доорунан тартып, Ислам өкүм сүргөн акыркы күнгө чейин басып өткөн беш аялдама же баскыч бар. Биринчи этап – бул Пайгамбардын, ага Аллахтын салам-салаваттары болсун, башкаруу этабы. Ал адилеттүүлүк менен өкүм жүргүзүп, Исламды толук ишке ашырган доор. Экинчи этап – адилетүүлүктүн ордуна зулумдуктун пайда болушунун башталышы жана ал пайгамбарлыктан жана туура жолдогу халифалардан кийинки мезгил. Биз муну Умавиялар доорунан Усманий халыифалыктын аягына чейинки мезгил деп эсептейбиз. Бул учурда бийлик атадан балага өтүп турган. Ал эми үчүнчү баскычка келсек, ал адилетсиздиктин жана эзүүнүн күчөшү жана жайылган этабы болуп саналат. Бул бүгүнкү күндө үммөт башынан кечирип жаткан турмуш чындыгы жана ал ашынган заалим тирандык бийлик деп аталат. Төртүнчү этапка келсек, бул адилеттүүлүк кайра тикелене баштаган этап жана Ин шаа Аллах биз анын жакынкы аралыкта ишке ашуусунун босогосунда турабыз. Андан кийин бешинчи этап башталат, анда Ислам дини Туура жолдогу халифтер тарабынан кандай колдонулса, ошондой эле толук жана ар тараптуу ишке ашырылат.

Эй мусулмандар:

Бул биздин урматтуу Элчибиздин, ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун, хадиси. Бул силерге Аллахтын вахий . Жалган ага (хадиске) алдынан да артынан да даай албайт. Ал мактоого татыктуу болгон өкүмдар зат тарабынан аян кылынып түшүрүлгөн. Жер бетинде келечек жөнүндө айтып бере ала турган бирөө барбы? Аллах Таала силерге баян кылган нерсени силерге түшүндүрүп бере ала турган бирөө барбы? Эй, келечекте эмне болоорун билүүнү жакшы көргөндөр, аны өз каалоолоруңар менен эмес, өз диниңер аркылуу билгиле, аны элчиңер, ага Аллахтын тынчтыгы жана береке болсун, аркылуу билгиле. Аллахка ант болсун, бул силер үчүн куш кабар, жана бул куш кабардын негизинде амал кылынат.

Оо, Аллахым, бизге мусулмандарды бириктирип, азап-тозоктон арылтуучу, пайгамбарлык үлгүгө ээрчиген туура жолду көрсөткөн Халифалыкты курууну тездет. Оо, Аллахым, жер жүзүн Өзүңдүн улуу жүзүңдүн нуру менен жарык кыл. Аамиин.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1448-х, 10–жумаадил уула.

2026-ж, 21–октябрь.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button