Ислам үммөтүн эки чоң балээ каптап турат: бузук өкүмдарлар жана бузук түзүм. Бул экөөнү тең бир убакта алмаштыруу зарыл

Басма сөз баянаты
Ислам үммөтүн эки чоң балээ каптап турат: бузук өкүмдарлар жана бузук түзүм. Бул экөөнү тең бир убакта алмаштыруу зарыл
2025-жылы 26-июлда Куала-Лумпур шаарында мурда болуп көрбөгөн элдик нааразылык акция болуп өттү. Акцияда Малайзиянын премьер-министри Датук Сери Анвар Ибрахимдин отставкага кетиши талап кылынды. Бул нааразылык элдин каарын жана үмүтсүздүгүн чагылдырды. Анткени бийлик реформа убадасын аткарбастан, тескерисинче, салыкты жогорулатуу, электр энергиясынын тарифтерин көтөрүү жана негизги керектөө товарларынын кымбатташы аркылуу элдин нааразылыгын ого бетер күчөткөн.
Элдин нааразычылыгын күчөтүп жаткан дагы бир нерсе – Анвардын эки жүздүүлүгү. Ал коррупцияны жоёбуз деп убада берген, бирок, тескерисинче, коррупционерлерди коргоп, алардын кызмат орундарын көтөрүп жатат. Андан тышкары, анын чет өлкөлөргө үзгүлтүксүз жана кымбат, көбүнчө миллиарддаган долларлык түз инвестицияларды алып келебиз деген жүйө менен акталган сапарлары, бош куру ураандар бойдон калууда, реалдуу жыйынтык бербеди.
Оппозиция бул элдик нааразылыкты колдонуп, нааразылык акциясын уюштурганга жетишти. Бирок алар бийликтеги адамга реалдуу альтернатива сунуштай алышкан жок. Эгер Анвар чындап эле кызматтан кетсе, анын ордуна ким келери так айтылган эмес. Бүгүнкү күндө көңүл Анварды кызматтан кетирүүгө гана бурулуп, андан аркы ишенимдүү жол көрсөтүлгөн жок. Тилекке каршы, эл дагы деле саясий сабаттуулук менен ой жүгүртүүнүн ордуна, эмоцияга жетеленүү менен көчөгө чыгууда. “Маселе Анвар Ибрахимде” деген үстүртөн караган түшүнүк элди адаштырууда. Чыныгы көйгөй жалгыз эле өкүмдарда эмес, көптөн бери колдонулуп келаткан түзүмдүн өзүндө экенин эл аңдай албай жатат.
1957-жылы эгемендүүлүк алган күндөн бери Малайзияда он премьер-министр алмашып, ар кандай саясий партиялар бийликке келген: Улуттук фронт, Үмүт коалициясы, Улуттук коалиция, азыр болсо Мадани өкмөтү. Калктын кичинекей бир бөлүгү гана жыргал жашоо кечирип жатканы менен, калган көпчүлүк экономикалык оор сыноолордон улам күн өткөн сайын кыйналып келишет. Коомдук көйгөйлөр болсо барган сайын кооптуу абалга жетип жатат. Ошондой эле билим берүү тармагында да туруктуу түрдө маселелер уланып келүүдө. Кылмыштуулук деңгээли төмөндөйт деген үмүт жок, тескерисинче, ал өтө коркунучтуу деңгээлге жетти, анын ичинде полиция мекемелеринин ичинде да кылмыштар орун алууда. Саясий майдан болсо дайыма жаңжалдар, жемкорлук, аманатка кыянаттык, бийлик үчүн күрөш жана ар кандай мыйзам бузуулар менен булганып турат. Алардын баарынан эң чоң жапа чегүүчү дайыма эл болууда.
Кыскача айтканда, өкүмдарлар алмашып турса да, эл чыныгы тынчтык менен өсүп-өнүгүүнүн даамын тата элек. Ар бир башкаруу доорунда эл өкмөттүн зулумдугуна каршы чыгууда жана өз укуктарын талап кылууда. Доктор Махатхир Мухаммаддын (биринчи) доорунан бери премьер-министрлер өз партияларынан жана сырткы күчтөрдөн улам кызматтан кетүүгө мажбур болууда. Бирок ар бир жаңы премьер-министр дайындалганда, эл үмүт кылган өзгөрүүлөр ишке ашпай калууда. Өзгөрбөй келе жаткан жалгыз нерсе — бул өлкөнүн эгемендүүлүгүн шарт катары таңуулаган колонизатор күчтөр киргизип кеткен демократиялык түзүм.
Каантип ислам өкүмдөрүнө таптакыр каршы келген, кафирлер түзгөн бир түзүм ислам үммөтүнө чыныгы чечимдерди сунуш кыла алат?! Мусулмандар бул негизги чындыкты түшүнүүсү абзел: премьер-министрди алмаштыруу менен эле чектелип, түзүмдү алмаштырбаса, үммөт азап чеккен түпкү көйгөйлөр эч качан чечилбейт.
Бул абал бир гана Малайзияга тиешелүү эмес. Ислам дүйнөсүнүн башка бурчтарында да ушундай эле көрүнүш өкүм сүрүүдө: Тунистен, Мисирден, Йеменден жана Ливиядан баштап көптөгөн өлкөлөрдө Араб жазында өкүмдарлар кулатылган, бирок башкаруучу түзүм ошол бойдон калып элдердин азап-тозогу улана берген. Ошондой эле Судан, Түркия, Пакистан, Бангладеш, Индонезия жана башка көптөгөн ислам өлкөлөрүндө да башкаруучулар бир нече жолу алмашты, бирок колонизатордук мурас болгон секулярдык түзүмдөр сакталып калды. Натыйжада үммөттүн абалы түп-тамырынан өзгөргөн жок.
Үммөт мындан ары ошол эле тешиктен кайра-кайра чактырбашы керек экенин аңдоосу зарыл. Бирок тилекке каршы, Малайзия эли бул тешиктен бир же эки эмес, кайра-кайра чактырууда. Демократиялык түзүмдүн алкагында бийликке келгендер – исламды колдонууга жөндөмсүз гана эмес, аны каалабагандар экени кайра-кайра далилденүүдө. Ошондой эле демократия – бул колонизаторлуктун мурасы болуу менен катар, исламга каршы, аны турмуштан атайылап ажыратуу максатында түзүлгөн система. Башкача айтканда, бул түзүм исламды колдонууга жол бербөө үчүн атайын түзүлгөн идеология.
Мына ушул бузук өкүмдарлар жана бузук түзүм бүгүнкү күндө мусулман үммөтүн каптаган каргаша. Экөөнүн тең бузук экени эч кандай күмөн жаратпайт.
Бузук түзүмдөр дайыма бузук өкүмдарларды пайда кылат. Ал эми бул өкүмдарлар өз кезегинде ошол бузук түзүмдөрдүн сакталып калышына кызмат кылышат. Коммунизм коммунист өкүмдарларды чыгарып, алар ошол түзүмдү сактаган сыяктуу эле, капитализм да капиталисттик жетекчилерди пайда кылып, алар аркылуу өзүн бекемдейт. Дал ушундайча демократия да өзүнө кызмат кылуучу жана аны коргоочу өкүмдарларды чыгарып, өзүнүн өмүрүн улантат. Башкаруучу жана башкаруу түзүмү бири-биринен ажырагыс, өз ара бекемделген тыйындын эки жагы сыяктуу.
Ошондуктан үммөт бул балээден кутулууну кааласа, мунун чечими өкүмдар менен кошо түзүмдү да бир убакта өзгөртүү. Исламда шаръий башкаруучу — бул халифа, ал эми түзүм менен мамлекет — бул халифалык. Хизб ут-Тахрир дал ушул максатты жүзөгө ашыруу үчүн дүйнөнүн бардык бурчтарында аракет кылууда. Биздин үммөткө болгон чакырыгыбыз да мына ушул: пайгамбарлык минхажындагы рашид Халифалык мамлекетин кайрадан тикелөө үчүн биз менен кол кармашып иш алып баргыла.
Абдулхаким Усман
Хизб ут-Тахрирдин Малайзиядагы расмий өкүлү
30.07.2025