«Израил» армиясы ичинен ирип жатат

«Израил» армиясы ичинен ирип жатат
Баскынчы «Израилдин» коргоо министрлиги аскерлердин саламаттыгы өтө оор абалда экенин билдирди. Расмий маалыматтарга ылайык, учурда аскерий операцияларда ар кандай жаракат алган 80 000ден ашуун аскер дарыланып жатышат. Алардын 26 000и психикалык бузулуудан, депрессиядан жабыр тартууда. Андан тышкары, жөөт аскерлеринин арасында өз жанын кыйган учурлар абдан курч маселеге айланды. 2025-жылы кызматын өтөп жаткан аскерлердин арасында өз жанын кыйган 17 учур катталган, ал эми 2023-жылдын октябрынан бери 56 аскер өз жанына кол салган. «Израил» маалымат каражаттары бул абалды «аскерий системага коркунуч жараткан кризис» деп аташууда.
Аль-Имран сүрөсү 139-140-аяттар:
﴿وَلَا تَهِنُوا وَلَا تَحْزَنُوا وَأَنْتُمُ الْأَعْلَوْنَ إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ * إِنْ يَمْسَسْكُمْ قَرْحٌ فَقَدْ مَسَّ الْقَوْمَ قَرْحٌ مِثْلُهُ وَتِلْكَ الْأَيَّامُ نُدَاوِلُهَا بَيْنَ النَّاسِ وَلِيَعْلَمَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا وَيَتَّخِذَ مِنْكُمْ شُهَدَاءَ وَاللَّهُ لَا يُحِبُّ الظَّالِمِينَ﴾
«(Эй, момундар, куфрга каршы күрөштө) суздашпагыла жана капаланбагыла. Эгер (чыныгы) ыйман ээлери болсоңор, силер үстөмсүңөр. Эгер силерге жараат жеткен болсо, ал коомго да кудум ошондой жараат жеткен жана Аллах чыныгы ыйман келтирген кишилерди билиши, араңардан шейиттерди тандап алышы үчүн бул күндөрдү (т.а. жеңиш жана жеңилүү күндөрүн) адамдар арасында айлантып турабыз. Аллах залим кимселерди сүйбөйт».