Роя гезити

Жахилият түзүмүнүн Шам жерине терең киришине карата шаръий көз караш

Жахилият түзүмүнүн Шам жерине терең киришине карата шаръий көз караш

Мусулмандар он үч кылым бою бир желектин жана бир мамлекеттин алдында жашашкан. Бул мамлекет кээ бир мезгилдерде артка кетүү жана төмөн түшүү учурларын башынан өткөргөнүнө карабастан, шариат өкүмдөрү дайыма ага байланган. Бул өкүмдөрдүн башында жихад өкүмү турган, ал болсо Аллахтын сөзүн жогору көтөрүү жана даъватты жайылтуу үчүн кафирлер менен согушту биринчи баштоону билдирет. Бирок мусулмандар кээ бир алсыздык мезгилдерин башынан өткөрүшкөн, анда Пайгамбарыбыз ﷺ  жана анын сахабалары башынан өткөргөн Ухуд жана Хандак согуштары сыяктуу кафирлер мусулман жерлерине кирип келишкен.

Ошондуктан, табигый түрдө, жихаддын төмөндөгүдөй 2 түрү пайда болгон:

  • Талап жихады (جهاد الطلب) – анда имамдын уруксаты талап кылынат жана анын шарттары, өкүмдөрү бар, алардын башында күч жана мүмкүнчүлүк турат.
  • Коргонуу жихады (جهاد الدفع) – шариат анда өзгөчө шарттарды койгон эмес, жана имамдын уруксаты талап кылынбайт.

Мындай учурда эркек, аял, ал тургай балдар да мүмкүнчүлүгүнө жараша согушка чыгышат. Бул маселе амалий түрдө моңголдордун Багдатка кол салуусунда жана Андалус аймактарына насраний-кресттүүлөрдүн мусулмандар тайпаларга бөлүнүп кеткенден кийинки чабуулунда жүзөгө ашкан. Анда мусулмандардын баары өз мүмкүнчүлүгүнө жараша согушкан. Анткени коргонуу жихадынын максаты – кафирлердин Дарул Исламга кол салуусун жана алардын зыяны мусулмандардын өлкөсүнө киришинен тосуу болуп саналат. Бул иште имамдын уруксаты жөнүндө ойлонуу мүмкүн эмес, анткени коргонуунун пайдасы уруксат, уюштуруу жана кечиктирүү менен колдон чыгып кетет. Айрыкча, кафирлер Дарул Исламды басып алып жаткан учурда.

Бул маселе боюнча негизги далил Аллах Тааланын:

﴿فَاتَّقُوا اللهَ مَا اسْتَطَعْتُمْ﴾

«Аллахтан колуңардан келгенче корккула» – деген аяты, жана Пайгамбарыбыз ﷺдын:

«…وَإِذَا أَمَرْتُكُمْ بِأَمْرٍ فَأْتُوا مِنْهُ مَا اسْتَطَعْتُمْ»

«Силерге бир ишти буйрусам, мүмкүнчүлүгүңөр жеткенин аткаргыла» (Бухари, Муслим) деген хадиси.

Демек, бул абалда, башкача айтканда кафир Ислам жерине кол салган учурда жихад фарз-айн болот жана талап жихадынын шарттарына каралбайт. Эгер Ислам жеринин бир карышы басып алынса же кафир мусулман өлкөгө кол салса, жихад дароо милдеттүү болот.

Бизди бул сөздү айтууга түрткөн нерсе, яхудий түзүмүнүн Шам жерине карай туруктуу терең кириши жана бул аймакта яхудий түзүмү таңуулап жаткан согуштарга тартылбоону шылтоо кылган айрым коркок үндөрдүн көбөйүшү. Дал ушул коркоктук аларды сокку жана маскарага калтырууда. Шариат өкүмү болсо, Сайкс-Пико бөлүнүүлөрүнө ылайык болсо да, аларга өлкөсүн жана жерин мүмкүнчүлүгүнө жараша коргоону фарз кылат. Демек, яхудий түзүмүнүн терең киришин мүмкүнчүлүккө жараша аскерий жооп гана токтото алат.

Сирия алсыз өлкө же ал яхудий түзүмүнө каршы тура албайт деген сөз кабыл алынбайт, анткени бул туура эмес. Шариат аларга өлкөсүн жана отуруп алып көрүүчү болууну эмес, жерин коргоону парз кылат. Алардын чоңдору болсо, Шам жерине жасалган бул ачык агрессия бардык эл аралык келишимдерди жана дипломатиялык мамилени бузат, жана аймактагы тынчтыкты кечеңдетет деп жарыялоодо! Биз андан абалды сүрөттөп берүү эмес, аны дарылоо үчүн чечим күтөбүз! Абалды сүрөттөп берүүнү аялдар да, карыялар да билишет. Бирок, асылында «калкан» болуп, артында туруп душман менен согушууга тийиш болгон өкүмдардан ушул нерселер күтүлгөн беле?!

Азыркы Сирия өкүмдарлары Шам элин ушунчалык кордоп, жүдөттү дейсиң, эгерде эл ичинде чыныгы эрлер болгондо яхудийлер эч качан батына албаган натыйжага алып келмек. Алардын Сувейда жана анын элине болгон кол салуулары, алардын өзүмбилемдиктери, Коргоо министрлигин жана президенттик сарайды бомбалоолору ишке ашып жатат. Мына, Газалыктар тарыхка өз ысымдарын улуу инсандардын катарына жазышты, алар душмандары ээ болгон нерсенин ондон бирине да ээ эмес. О.э Шам өкүмдарлары ээ болгон күчтүн ондон бирине да ээ эмес.

Осмон мамлекети XVIII жана XIX кылымдарда алсырап калганда, анын ички ишине кийлигишүү аны каптаган көптөгөн алсыздык себептеринин бири болуп калды. Бул айрым жерлерин жоготуу же колонияга айландыруудан кем эмес кооптуу болгон. Орусия «азчылыктарды коргоо» деген шылтоо менен православдарды колдоого киришсе, Франция марониттерди колдоду. Бул болсо, бүгүн яхудий түзүмү Сувейдада друздарды колдойбуз деген шылтоо менен жасап жаткан ишине окшош. Мындай кийлигишүү мамлекеттин кадыр-баркын жана аброюн түшүрүп, акыры мусулман өлкөлөрүнө түздөн-түз аскерий кийлигишүүгө шылтоо болуп калды.

Шам өкүмдарлары дүйнө Шамды өз абалына коёт деп ойлобосун, анткени Шам миңдеген жылдар бою күрөштөр жүрчү жер болуп келген. Ал же улуу болот, же кор болгон бойдон калат, ортоңку жол жок. Эгер Шамдын абийирдүү адамдары тез арада чара көрбөсө жана алардын ичиндеги акмактардын колунан кармап тыйбаса, анда Шам яхудий түзүмү үчүн Батыш жээк сыяктуу болуп калат. Алар өзүмбилемдик кылып, өлтүрүп, адамдарды киргизип жашатып калат, бийлигиңер болсо дал эле Аббастын жана анын коопсуздук түзүмдөрүнүн бийлигиндей, өлгөндөрдү саноо жана өкүмдарга күзөтчүлүк кылуу менен гана чектелет.

Пайгамбарыбыз ﷺ  айткандай, бул чындык:

«إِذَا تَبَايَعْتُمْ بِالْعِينَةِ، وَأَخَذْتُمْ أَذْنَابَ الْبَقَرِ، وَرَضِيتُمْ بِالزَّرْعِ، وَتَرَكْتُمْ الْجِهَادَ، سَلَّطَ اللهُ عَلَيْكُمْ ذُلًّا لَا يَنْزِعُهُ حَتَّى تَرْجِعُوا إِلَى دِينِكُمْ»

«Силер ийна (харам соода ыкмасы) менен соода кылсаңар, уйдун куйругун кармап (мал артынан түшүп), дыйканчылыкка ыраазы болсоңор жана жихадды таштасаңар, Аллах силерге бир кордукту үстүңөргө коёт жана аны силер диниңерге кайтмайынча кетирбейт» (Абу Дауд риваяты).

Ислам мамлекети тарыхында «диний, улуттук же мазхабдык азчылык маселеси» деген маселе болгон эмес. Мамлекеттин жарандыгын алган ар бир адам анын бир бөлүгү болуп саналган, жана мусулмандар бул маселени чеберчилик жана күч менен башкара билишкен. Бүгүн дүйнө «азчылык» деп атап жаткан адамдар мусулмандардын жеринде жана башкаруусунда кылымдар бою жашашкан, мусулмандардын башкаруусунан же зулумунан улам топ-топ болуп көчүп кеткен эмес. Тескерисинче, алар мамлекет чегинен тышкары өз динин туткан адамдарга кайрылып, өздөрүнө кошулууга чакырышкан, анткени алар мусулмандардын адилеттигин жана ынсаптуулугун көрүшкөн.

Ал эми азыр, «өкүмдар сымал» адамдардын заманында, мусулмандардын жерлери жер жүзүндөгү бардык жырткычтар үчүн жайлуу жайыт болуп калды. Алардын аймактары тарып, кафирлер ар кандай шылтоолор менен Ислам өлкөлөрүнө кийлигишүүдө жана түркүн аталыштар астында өзбилемдик кылууда. Алардын көңүлүн көтөргөн нерсе — бул өкүмдарлар алардын кол алдында иштеп, такка алардын жардамы менен жеткенине милдеттүү болушу.

Шам да башка мусулман өлкөлөрүнөн артык эмес. Анын өкүмдары яхудий түзүмүнүн чабуул коюп, эркин жүрүп, өлтүрүп, бомбалоосун көрүп туруп, абалды сүрөттөөдөн жана айыптоодон башка эч нерсе кылбады. Ал болсо кечээ жакында, такка отура электе, кафирлерди жихад жана согуш менен коркутуп сүйлөчү. Бүгүн болсо, ал да, кафирлер да Шам элине каршы согушуп жатат. Буга анын Сувейдадагы аскерлерди жана коопсуздук күчтөрүн чыгарып кетип, элди өздөрүнөн саны жана курал-жарагы жагынан үстөм куралчан бандалардын колуна таштап коюшу айкын далил. Ал бул кылганы үчүн Кыямат күнүндө жооп берет жана ошол суроого даяр жообу болушу керек!

Устаз Абу Муъттаз Биллах аль-Ашк

Роя гезити

 

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button