Арак баардык жамандыктын ачкычы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Арак баардык жамандыктын ачкычы
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
Ас-Синдинин Сунан Ибн Маажага жазган тафсиринде “Шарап бардык жамандыктын ачкычы” бөлүмүндө айтылат.
حَدَّثَنَا الْحُسَيْنُ بْنُ الْحَسَنِ الْمَرْوَزِيُّ حَدَّثَنَا ابْنُ أَبِي عَدِيٍّ ح وَحَدَّثَنَا إِبْرَاهِيمُ بْنُ سَعِيدٍ الْجَوْهَرِيُّ حَدَّثَنَا عَبْدُ الْوَهَّابِ جَمِيعًا عَنْ رَاشِدٍ أَبِي مُحَمَّدٍ الْحِمَّانِيِّ عَنْ شَهْرِ بْنِ حَوْشَبٍ عَنْ أُمِّ الدَّرْدَاءِ عَنْ أَبِي الدَّرْدَاءِ قَالَ: أَوْصَانِي خَلِيلِي صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ لَا تَشْرَبْ الْخَمْرَ فَإِنَّهَا مِفْتَاحُ كُلِّ شَر.ّ
Аль-Хусейн ибн аль-Хасан аль-Марвази бизге, Абу ад-Дардадан риваят кылды. Ал мындай деген: “Досум, ага (Аллахтын салам-салаваты болсун) мага арак ичпөөнү насаат кылды, анткени ал бардык жамандыктын ачкычы”.
فإنها مفتاح كل شر “Анткени ал бардык жамандыктын ачкычы” Анткени ал акылдан тайдырат. Ошондуктан ал эч нерсеге маани бербей калат. Натыйжада, акылды кишендер менен жабып турган бардык жамандык эшиктери ачылат.
Урматтуу бир туугандар:
Бул орунда адамга үч нерседен тандоо берилгени айтылат: зына кылуу, же адам өлтүрүү, же арак ичүү. Ал ойноштуктун чоң күнөө экенин көрүп, аны кылган эмес. Ал ошондой эле адам өлтүрүү андан да чоң экенин көрүп аны кылбайт, анан арак ичкенди оңой көргөн. Ал арак ичкенден кийин арак анын башын тегеретип, кадырлуу бир жанды өлтүрүп, анан зынаа да кылат. Анткени ал акылынан айнып калганда башка күнөөлөрдү жеңил жана адал сезет. Демек, эй мусулмандар, арак ичүү эң оор күнөөлөрдүн бири. Пайгамбар (саллаллаху алейхи васаллам) спирт ичимдиктерин, аны сатканды жана ичкенди да каргаган. Буга карабастан, анын мусулман өлкөлөрүндө бар экенин көрүп жатабыз. Мусулман өлкөлөрүндө мусулман эмес өлкөлөрдө болуп жаткандай ичилип, эч тоскоолдуксуз аны менен соода кылгандарды көрүп жатабыз. Андан да жаманы жана олуттуусу, акимдерибиз аны жарнамалап, арак ичилген барлардын ачылуусуна шарт түзүп, ичимдик саткан жерлерди көрүү мусулман өлкөлөрүндө кадимки көрүнүшкө айланган. Бул мамлекеттин ичиндеги болуп жаткан жаман мункар иштер. Мусулман өлкөлөрү аны жок кылууга эмес, тескерисинче, аны мусулмандар арасында пайда кылуу үчүн аракет кылышат. Ошондуктан “ важиб эмне менен ишке ашса ал дагы важиб” деген шарьий эреженин негизинде бул мамлекеттерди жана аларда өкүмдар болгон акимдерди кулатуу парз.
Ошондуктан, эй мусулмандар, биз сиздерди, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бизге убада кылган Ислам мамлекети, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи халифалык аркылуу жер бетинде Аллахтын бийлигин калыбына келтирүүгө аракет кылгандар менен бирге аракет кылууга чакырабыз.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1447-х, 19-сафар.
2025-ж, 13-август.